Дареги: Бишкек шаары, Б. Юнусалиев көчөсү 166/3, Тел.: (0709), (0559), (0776) 501509, www.bookhouse.kg


Book House” тармактык китеп дүкөнүнүн

АЧЫЛЫШЫ

“Book House” тармактык китеп дүкөндөрүнүн экинчиси Бишкек шаарынын 7-кичи районунда ачылды. 24-май күнү саат 12:00дө дүкөндүн расмий ачылыш аземи болмокчу.

Китеп дүкөндө кыргыз тилинде жарыяланган көркөм-адабий китептерден баштап, илимий-публицистикалык жыйнактар, орус, англис тилдериндеги дүйнөлүк бестселлер китептерге чейин ар кандай тематикадагы китептерди табууга болот. Дүкөн заманбап стилде жасалгаланып, жагымдуу маанай тартуулайт. Окурмандар кофе ичип олтуруп, китептерди барактап таанышуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Китеп – жан дүйнөнүн азыгы. Китеп окуган кишинин дили таза болот. Дили таза адамдын жашоосу максаттуу, ырааттуу, ырахаттуу өтөт. Бул жалпы коом үчүн да, мамлекет үчүн да, ошол мамлекетте жашаган ар бир жаран үчүн да өтө маанилүү. Демек, китеп жазуу, басып чыгаруу, таратуу, окутуу да ошончолук зарыл.

Эскерте кетчү нерсе дүкөндүн  расмий ачылышында китептер 50 сомго чейин арзандатуулар менен сатылмакчы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.