АҢГЕМЕ

Самолёт көпкөк асманда бир чекит болуп көпкөк деңиздин үстүнөн кургак жерге өтө берерде Имаштын баятадан бери түйүлүп, куушурулуп келген жүрөгү бир аз жеңилдегендей бошошо түштү.

Негедир океан үстүндө аны бир ой чырмап, такыр жанын тынч койбой, эстебейин десе да, түрмөктөлүп, дилин жанчып кайра-кайра эсине келе берди. Жүрөгү ошондон го, айтор, ээсине баш бербей, өзүнчө туйлап туруп алды. Ал ой – кокус самолёт бир нерсе болсо, ушул чексизден чексиз, орду-түбү жок мухиттин ичинен анын сөөгүн ким издейт, анан ким табат да, ким айылына алып барат деген бир дейди ой. Ойлобой койсо дале, туман арасынан чыга калган белгисиз караандай ойго келе берет экен. Сөөгү жок болсо, өзү ылайыктап, көздөп жүргөн чоң атасы менен чоң энесинин кабырынын жанына, атасы менен апасына деп чагылап келген жайдын жол жагына эмнени алып барып көмүшөт, бир бөтөлкөдөгү күлдүбү, же бирөөнүн чачыраган сынык сөөктөрүнбү? Акыры ушундайлар болуп атпайбы? Телевизордон өзү да көрүп, айылындагы бирөөлөр ошондой окуяларды интернеттен ачып берип мактанып көрсөтүшүп атпайбы…

Кургак жерге өткөндө жанындагы аялын көзүнүн бир чети менен акырын уурдана карады. Ажары уктап атабы, же жөн эле көзүн жуумп келе жатабы – так баамдай албады. «Мейли, эс ала берсин! Самолёттон башка жайда ага эс алганга да шарт жок» деп койду ичинен зайыбына ичи элжиреп.

Алар, алар дегеним, эрди-катын Имаш менен Ажар, Индияга келе жатат. Биринчи жолу келе жатат…

*     *     *

…Оо анда, экөө тең бала эле. Имаштын шок кези. Индия дегенде ак эткенден, так этчү. Ананчы… Балдардан башка бала эле. Абал теңтуштары, анан айылдын баары эле «Радж» деп коюшчу. Кыздар да, а түгүл азыркы жубайы Ажар да аны Радж деп тааныйт эле.

Айылдын толтоосу сымал анын чок ортосундагы клубдун жанындагы электр мамысына төрт жакка каратып коюлган эскилер «калпак» деп аташчу радио түйүн индияча музыка бере баштаганда эле, төрт көчөлөрдөгү бака теректерге кино афишалар илинчү, көбүнчө фильмдердин атынын алдына кошумча «кыргызча», «былч-былч», «мушташ», «согуш» деп жазылуучу жерге «индийский» деп жазылганын көрүп, толук ишенген соң, элдин баары индия киносу келгенин билчү. Билчү да, чөптөгүсү чөбүн, тамекидегиси тамекесин, малдагысы малын, уйкудагысы уйкусун таштап, күн батар менен селден качкан сайлыктардай түзүк деген кийимин кийип алып, кыздар «Красная Москваларын», балдар «Шипрлерин» өчү бардай куюнуп, шашкан бойдон клубга жөнөшөт.

Киносу же дароо башталсачы. Киномеханик Жолборс аке совхозго барыппы, же райондун борборуна барыппы, иши кылып кинону кууп барып, алар жактагылар бир табагын көрүп бүткөнчө отурат да, анан ошол бөлүгү бүтөрү менен дароо артына түрдүрүп, алып келип коё баштайт. Эл жым отуруп көрөт. Оо, андагы кинонун сыйкыры…

Бир жолу «Господин  420» деген кино келген. Отургандар күлгөн жеринде күлүп, ыйлаган жеринде ыйлаганы ыйлап, ыйлабаганы көзүн жашылдантып чыккан. Имаш да ыйлаган. Ошол кинодогудай болгусу, Бомбейге баргысы келген. Анан аны туурап чыккан. Куду өзүндөй туураган. Жаңы жылдагы ёлка эле. Имаштардын классы ким эмнени даярдайт дегенде, анын Раджды туурап жүргөнүн билип калгандар дароо эле класс жетекчиге «Имаш «Господин  420» болсун» деп ызылдап калышты. Болбойм дегенге болбой калды, класстын абийири, анан калса кыздарга, биринчи кезекте жактырып жүргөн Ажарга көрүнүп алат.

Үстү ана-мына түшөт деген чаркардан тогуз жерден кыры сынган эски бир шляпа таап аябай майланган башынын бир четине кондуруп, атасынын ак жегдесине бобочка галстукка окшотуп бирдеме жасап тагып, тозуп кеткен шымын үстүнө кийди. Энесинин четин таягын ийнине салып, анын башына атлас чарчы курга чүпүрөк-чапырак ороп асып алып, багалегин тизесине чейин түрүп, бир бутуна башка, экинчи бутуна башка тапичке илип алып, каштарын чычала менен коюулантып, кара бостектин четинен кесип, чаплиндикиндей кылып, ичке калемдей мурут жабыштырып алса, куду эле кинодогу селсаякка окшоп калган.

Сахнага «Bombej – 420» деп көчөнүн табличкасын жазып коюшуп, өзүн бирде жылан көргөндөй, бирде төө мингендей, бирде пил мингендей көрсөтүп, дагы бир классташына мондалинди тыттырып коюп, ойдолоктоп ырдап барат:

Мен баратам Бомбейге,
Табылар кызмат мендейге.
Табылбаса кантейин,
Мага окшогон кедейге.

Көздөрүн бирде чырактай жалжылдатып, бирде алыстагы жылдыздай кыбаңдатып, бирде кирпиктерин сүзө коюп, буттарын бирде кырк аяк басышка салып кайчылаштыра басып, бирде эки бутун алмаштыра бийик-бийик көтөрүп ырдап жатса, ёлкадагылардын баары күлүп, а түгүл директор сандарып чаап каткырып ийген.

Көзүнүн кыйыгы менен класстын, класстын эле эмес, мектептин, мектептин эле эмес, айылдын, айылдын эле эмес, ааламдын сулуу кызы Ажарды караса, анысы жүзүндөгү кубанычын аста гана чыккан кол чабуулары менен билдирип аткан экен, андан бетер толкунданып кетип, ортолуктан ары-бери тегеренип, ырын кайра баштап ийди.

Мына ошол Ажары азыр жанында отурат. Самолёттун иллюминаторуна башын коюп алыптыр, аны бери тартып койсомбу деди да, кокус уктап атса ойготуп алыштан коркту.

— Куттуктайм! – деди Ажар ёлкадан кийин жанына жакын келип. — Куду эле Радж Капур болуп калдың…

Бул мактоого Имаштын бети алоолонуп күйүп, денесине бир майда чимелилер кирип алып каршы-терши жүгүрүп жүргөндөй табырап-тыбырап кетти. Ажарга бир жолу тике карай да алды, бирок деми буулуп, үнү чыкпады. Анан кантип айтат, акыры, жакшы көргөн классташ кызы, сабакты баарынан жакшы билген кыз, түштөрүнө кирип түйшөлтүп чыккан кыз өзү келип, болгондо да бет маңдай жакын келип ушинтип айтып отурса…

«Селсаяк», «Бобби», «Сангам», «Зита менен Гита», «Менин атым – Клоун», «Танцор Диско», «Пилдер – менин досторум», дагы башка индиялык кинолор келген сайын Имаш клубдун эшик алдында сагалап турат да, качан эжелери жана сиңдилери менен келген Ажар ичкери өтөрү менен шап кирип, анын артындагы катарга отурат. Анан экөө караша берет, караша берет… Бири ыйласа, экинчиси да ыйлаган болот… Эшикке чыкканда болсо Имаш аларды ээрчип алат. Ээрчип алышы ээрчип алат, бирок жаа атымдай да жакындай албайт. Кыздар үйлөрүнө кирерде артын бир карап алышат да, каткырган бойдон кирип кетишет…

Имашта болсо бул түнү уйку жок. Түшүбү, кыялыбы, элесиби – так билбейт, көбүнчө Индияда жүргөн болот. Жанында Ажар. Экөө бирде бири тоонун ары башында, бири берки башында турат да, чуркаган бойдон, ырдаган бойдон ортодогу көк майсаңга келип оонап, анан жатып алып, кучакташкан бойдон ары-бери оодарыла башташат. Анан эле экөө пил минип, пил үстүндө ойногон бойдон ырдап калат. Бирде аларды маймылдар ээрчип алып, кандайдыр бир сырдуу дарактардын бутактарына туруп алып, кандайдыр бир жемиштерди ыргытып беришет. Бирде сансыз көп пилдер ээрчип алат, алар менен ээрчишкен бойдон көпкөк көлгө келишет да, пилдер узун тумшуктарына суу толтуруп, экөөнө карай бүркүп кирет, булардын болсо жука көйнөктөрү сыгып алма суу болуп, Ажардын көкүрөктөрү Имаштын көзүн кызартат…

Бир жолу бүт жогорку класстар экскурсияга – тоого барган. Экиден турмай ойноп атышкан. Балдардын бири эми «ыр кесе» баштайбыз деп калып, өзү ырдап болуп кесени күтүлбөгөн жерден Имашка узатты. Ал болсо кызарып-татарып эмне кылышты билбей туруп калганда Ажар кызыл оромолун ала коюп, аны менен бетин жаап: «Кел, мен Бобби болом, сен Радж бол», — деп арыраак басып кетти. Кыздар-балдар жаалап жиберди: «Ырда, Радж!», «Давай, Радж!», «Боббиге жет!»

Имаш ары жакта наздана ага назар салып турган Ажарды жалт карап алды да, «Сангамдын» обонуна салды:

Оо, Бобби, Бобби, Боббихан,
Маңдайыңда калыңдан.
Эх-хе, ох-хо!..
Оо, Бобби, Бобби, Боббихан,
Тамагыңдын агынан.
Эх-хе, ох-хо!..
Оо, Бобби, Бобби, Боббихан,
Капкара болгон кашыңдан.
Эх-хе, ох-хо!..

Ушинтип обон созуп ары жакта бетин кызыл оромолу менен жаап турган Ажарга имерчиктей барды эле, анысы бетин бирде жоолуктун ары жагынан, берде бери жагынан көрсөтүп, оромолун оңго-солго жылдырып, кыз кылыгы кылып кыйынсып тура берди. Табияттын ушунчалык кооздугубу, классташтардын колдоосубу, же Имашка берилүүбү, айтор, Ажар эч кимге ачпай катып жүргөн өнөрүн көрсөтүп, бийлегенче кинонун тилинде ырдап ийди: «Жилика мичали, хамика биназар, пойдоке, пойдоке, ох-хо, ох-хо… аааа…».

Классташтары андан бетер кыйкырат:

— Боббиге бар!

— Радж жакында, жакында!

— Радж! Радж!

— Оромолун ач!

Имаш куду индия кинолорундагыдай чуркап барып, Ажарды белден кучактап бери тартты эле, анын ичке денеси жигиттин карылуу колдоруна  туруштук бере албай, иймейип колуна жатып берип, жүзүн жапкан оромолу желге учуп, өзү Имаштын бетинин алдына эрксизден беттерин алып келди…

— Индияга кетелиби?! – деди Имаш үнүн Ажар гана уга тургандай акырын чыгарып.

— Кетели! – Ажар да ийменбей жигиттин оту жанган көздөрүнө тике карады.

*     *     *

Мектепти бүтүп экөө тең шаарга чоң да, кичине да окууга барбады. Жетилүү аттестаты колго тиери менен шам аралаш ээрчишкен бойдон Имаштын үйүнө кирип барганда атасынын да, апасынын да эси чыгып кетти. «Ай, Имаш, бир нерсени ойлодуңбу, эки агаң катын албай турса…» Имашы болсо унчукпайт, жалдырап эле Ажардан көзүн албайт. Кайдан-жайдан келгенин ким билет, атасынан агасы бир куйруктуу кочкорун жетелеп кирип келди, Имаштын атасына карап: «Жүр, Токтор, кыздын атасынын астынан өтүп келели», — деди да инисин ой-бойго койбой шаштыра баштады. Ошентип алар барып келди. Ажардын апасы да ыйлап-сыктап калыптыр.

Ошол түнү бүт айылдыктар айткандай «индийский махабат» бир кыргыз үй-бүлөсүн жаратты.

Жаш бүлө бири-бирине кумары канбай кээ түндөрү таң атканча индия кинолорун туурап чыгат. Экөө ээрчишип индия кинолорун көрүү үчүн райондун борборуна гана эмес, облус борборуна да кетишет. Айылдын, колхоздун атынан ыр кеселерге, сармердендерге, дагы башка кароо-конкурстарга катышып, индия кинолорундагы ролдорду жаратып жүрүп, бүт аймакка Радж менен Бобби катары таанылды. Колхоз башкармасы «Индияга туристтик путёвка келсе эле силерди жиберем» деп дардалактап жүрүп малдын саны жетпей сегиз жылга камалып кетти.

Экөө болсо күндө бир жолу Индия тууралуу, Индияга баруу тууралуу ойлогону менен ал жакка кол жетпейт, ал кездеги социалисттик өкмөт да капиталисттик Индияга барууга уруксат этпейт, анан калса үйдү бат эле балдар басып, аталары бирден энчилеп берген саан уйларын, бирин-экин жандыгын улам көбөйтөбүз деп отуруп, там-таш салабыз деп, машина алабыз деп атып, бара-бара Индия да эстен чыккан кезде мынтип Индияга жол түшүп отурат.

Жол түшпөй калсын!..

*     *     *

Самолёт аэропортко конуп, элди чыгара баштары менен эле бир инди кара жигит Имаштын астына араба алып келди. «Отуруң» дегендей ишаара кылды. Ажар менен Имаш бири-бирин карады. Имаш отургандан баш тартып, басууга аракет кылды эле, теңселип кеткендей болду, Ажар колтуктап алды.

Ана, Индия! Мына, Индия! Баягы кинолордон көргөн Индиялары жок. Шаарды туман баскандай оор түтүнбү, газбы, туманбы – бир нерсе басып турат. Тим эле адамды тумчуктурат. Ысык. Үп. Адамдан көбүн айт. Башың да, акылың да адашат.

Аэропорттун күткөндөр залына чыгары менен эле буларды колуна орусча, англиче жазылган ар кандай плакаттарды, табличкаларды көтөрүп алган адамдар тосуп чыкты, жөн эле тосуп албай ороп алышты, бири-бири менен кужулдашып, урушуп да кетти.

Буларды көрүп туруп Имаш айылдан узатып атканда Карыбек досунун айтканын эстеди. Карыбек досу аялы менен Бишкекке баласыныкына барса эле аялынын ичи ооруп, «Тез жардам» чакырса дароо эле «сокур ичеги болуптурсуз» деп салып кетип, шаардын бир ооруканасына алып барат. Карыбек да кошо барат. Барышса, аялын мал базарга семиз ирик түшкөндө касаптар талап кеткендей хирургдар талап кетиптир. Бири менен бири урушуп, сөгүшүп атат дейт. «Мен алам», «мен жасайм» дешип. Акыры талашкан бойдон түртмө керебетке салып кетиптир. Анан хирургдардын бири айтат дейт: «Аба, сизди дале союп сала бербейлиби, көр ичегиңизди кесип салабыз, акыры бир күнү сиз да келесиз да, жеңебиз экөөңөрдү бирдей опперация жасасак, скидка болот». Имаш досунун ушул сөзүн азыр ушул жерде, Индиянын аэропортунда эстеп, ал азил эмес экендигине, күлкү эмес экендигине ишенди.

Жанагы шапылдаган инди жигиттер орусчаны катырат экен, кыргызчаны да аралаштып коёт экен, ар кимиси өзүнүн ооруканасына барууну сунуш этип атыптыр.

Ошол учурда бир келин буларга жакын келди. Казакпы, кыргызбы деп турганда «Саламатсыздарбы, кош келиңиздер» деп кыргызча таптак сүйлөп жиберди. Имаш да, Ажар да бир тууганын таап алгандай сүйүнүп кетти. Таржымалын айта баштады. Чын эле ал кыргыз экен. Ушул жакка турмушка чыгыптыр. Беш жыл болуп калыптыр. Төрөй элек экен. Экөөнү машинасына салды да, шаардын бир четине алып чыгып кетти. Мейманканадан орун да алып берди. А түгүл Имаштын документтери: оору тарыхы жазылган барактарды, ультура үн жазууларын, анализдерин бүт карап чыгып, эртең бир жакшы клиникага алып барамын, Индиянын эң мыкты гепотологуна көрсөтөмүн, бүгүн жакшы эс алгыла деп, ушунчалык аяр мамиле кылып коштошуп кетти. Экөөнүн бул келинге ичи аябай жылып кылды.

Имаш бул жакка келгени кинодогудай сулуу кыздарды бир жерден да көрбөдү, көргөн кыздардын баары эле жүдөгөн, какаган, капкара, бутуна да, үстүнө да болбогон бир нерселерди илип алган. Кана баягы кинолордогу чырайын чылап ичип ийчүүдөй тамшандырган сулуу кыздар? Кана баягы эки кашы чычала менен тартылгандан иймекей кара каштуу кыздар? Кана баягы түштөрүнө кирип түн уйкусун бөлгөн эки кашынын бириккен жеринен бир аз өйдөдө – так маңдайда бармак басым калы бар керемет кыздар? Кана баягы узундан узун кызыл кездеме менен оролгон, ал орому оңой менен жазылбаган, жазылса да, аягына чейин чыкпай калган наздуу кыздар? Жок, бири да жок! Бул жердеги сансыз көп индиялык кыздардан буларды тосуп алып, жакшы сөзүн сүйлөгөн кыргыз келин өлсө, өлүгү өйдө экен…

*     *     *

Эртеси булар эрте турган менен бул жакта адамдар шашпайт экен. Көчөлөр да шыпырылбай, чачылганы чачылып, булганганы булганып, ыбырсып жатат. Кыргыз келин да күн көтөрүлүп калганда баалангансып араң келди. Анан Имаштын кантип ооруп калганын бир баштан сурап кирди…

*     *     *

Кантип ооруп калганын Имаш өзү да билбейт. Ажары да кантип башталганын элес албай калган. Жашы элүүдөн өтүп токтолуп, бир күндү да ансыз өткөрбөгөн индия ыры бүткөндө эле бир жагынан оору башталгандай болду. Оокат-тиричилик деп, балдар деп доктурга да көрүнүүгө убакыт табылбады. Бара-бара күчү кеткенсип, алсырагансып жүрө берди, курсагы да тез-тез ачат, майлуу тамак жесе кылгырып кыйналат. Карылык эрте келип атат ко деп койду ичинен Имаш, сыртынан эч кимге сыр бербей зыңкыйып. Анан күндөр, айлар бири-бирин түрткүлөшүп, шаштырып өтүп кетти. Кыйнала берди. Райондун ал көрүнгөн врачы анализдерин карап туруп, облус борборуна гепатологго жиберди, боордо бир өзгөрүү болуп аткандай деп. Боор доктуру анализ алды, ар кандай аппараттардан өткөрдү, анан гепатит А болуптурсуз, кимдир бирөөдөнбү, тамак-аштанбы жуктуруп алган Боткиндин вирустары ашказандан, ичегиден кан аркылуу боорго өтө баштаптыр, мүнөздөп тамак ичиңиз деп, эмне кылуу керектигин түшүндүрдү, аягында «жашсыз, организм баарын жеңип кетет» деп сүйүндүрүп койду. Айылда кайдагы ал айткан жеңил тамактар, дары себилбеген таза жашылчалар, анан ал айткандай кандай жүк көтөрбөй, иш кыла койбой жата аласың. Организмдин сарыкты толук жеңип кетерин күтүп жүрө берди.

Анан колу-бутунун терисинде агыш бир нерселер пайда болуп, сийдик чыгаруусу азайып, алсыздыгы көбөйүп, аларга кошумча дем кысылуусу бат-баттан кармай баштады. Кайра облустагы тааныш дарыгерине барды, Ажары кошулуп барды, жаңы жыл асты эле бир семиз гулгулу тооктун корозун союп алышкан, ага дагы майда-чүйдө, бөтөлкө-сөтөлкө кошуп коюшту, азыркы заманда ансыз сени ким карайт. Дагы толгон-токой анализ алып, УЗИге салып, дарыгер бейкапар «Бооруңуздагы мите курттар көбөйүп атыптыр, алар белокту жеп коюшуп, организмиңиз алар менен күрөшө албай жатыптыр» деп койду. Бир топ дарылардын рецебин жазып берип, «базар ичиндеги, көпүрө башындагы сегизинчи номердеги дарыканадан гана алыңыз» деп эшикке чейин узатып чыкты.

Дарылары кымбат болсо да, ошол айткан сегизинчи номерден алып кетишти.

Айылда дагы эле жакшы боло албады. Көзү эле эмес, денелери да саргарып кетти, такыр эле алы куруп, сийдигине кошулуп кээде кан чыгып кетчү болду, чоң заарасы карамжыл болуп чыгат, кускусу келип, окшуйт, оозу кургап, суу ичкиси келет, бирок көп иче албайт. Чачтары суюлуп, өпкөсүнө суу толгондой оорлошот…

Кийинки жолу дарыгерге барганда оорусу гепатиттин Д, дельта деген вирустук түрүнө өтүп, вирустары миллиондоп кеткенин укканда Ажар ыйлап ийди. «Мындай дарт менен ооруган сенин эле эриңби, — деди врач катуу сүйлөп, — азыр вирустук гепатит менен ооругандар экинин бири, СПИД менен ооругандар дале жүрбөйбү! Ай сайын мага келип турасыңар, баягы дарыканадан мен жазып берген дарыларды алып ичип турасыңар». «Эмне чет өлкөгө барсак болбойбу» деди Ажар көзүн жашылдантып. «Чет жакка барганда кандай, эми, — деди врач, — мисалы, арзанына качырып Индияга барарсыңар, ал жакта мен окуткан жаш балдар иштейт, элүү-алтымыш миң доллар акчаңарды алат, ошол бойдон келесиңер, андан көрө айылыңардын абасы, менин дарыларым эле жетет…».

Айла болбоду. Ажар күйөөсүнүн бир туугандарын кечки масилаат чайга чакырды. Аны айтышты, муну айтышты. Колдон келгенче кошумчаламай болду. Бир убакта врач абысыны: «Кокус боорду алмаштырыш керек деп калсачы, — деп суроолуу туруп калды, анан эч жооп болбогон соң. — Анда донор издеш керек. Алар боорун арзан бербейт. Анан калса, башка адамдыкы оңой менен боор болуп кетпейт. Ата-эне, бир туугандардыкы гана сиңишип кетет».

Имашты дагы ой басты, ата-энеси токсон ашып, эшикке араң кирип чыгат, эки күндүн биринде ары кетип, бери келет. Мындай үйдө бирин-экин семиз мал турбаса, эртең эле «паланчанын балдарындай» деп элге шакаба болосуң. Эки агасы, бир карындашы – үчөө тең боорубузду беребиз деп чыккан менен врач жеңеси күйөөсү жакка ымдап: «Тигиникин ала бергиле го, кийин бул да майып болуп калса…» деп жыландын башын кылтыйтты. Андан кичи агасынын аялына баары бир, күйөөсүнүн боорун эмес, карабашын алып кетсең да кудай дейт. Күйөөсү ошого жеткирген, күндө ичет. Анда боор дале калбаса керек.

Улам эле ыйлап-сыктап «менин боорумдун жарымын аласаңар да берем» деген карындашына ырахмат. Кыз деген кыз экен да. Күйүп атат. Бул бир шордуу. Кыз алган күйөөсү муну алып коюп эле Орусиягабы, же Кореягабы – бир гөрүнө кеткен. Жылына бир келип коёт да, аялынын боюна бүтүрүп туруп кете берет, же элге окшоп пул салсачы. Андан төрт балалуу болду. Ошол бойдон ал да жоголду. Сегиз жыл күттү байкуш карындашы. Анан айылга бир дааватчы келди. Келди да төрт балалуу жүдөгөн келинди көрүп жанына имерчиктеп эле кетпей койду. Кайсыл бир китептерден окуп, өзүнө өзү жол ачып, аны аял кылып, балдарын бала кылып алды. Андан да экини тууду. Ал да кете баштады. Дааватка деп Ошко-төшкө, Нарынга-Көлгө кетип жүрүп, анан Пакистанга, Бангладешке кетчү болду. Бир жолу ошол молдо күйөө баласы Индияга барып, Имаш менен Ажарга пилдин статуэткасын алып келип берген. Эми бир укмуш пил. Алтын жалатылгандай жарыкка каратсаң жылтылдап көрүнөт. Имаш көргүсү келген, Имаш жанына Ажарды отургузуп алып мингиси келген, түштөрүндө, элестеринде көргөн пилдин өзү эле. Ошол пил белегинен кийин дааватчы күйөө баласы да жоголду. Чамасы элине кетип калды. Эли каяк экенин да Имаш көп сурай берчү эмес, бир жолу гана карындашынын мурдагы күйөөсүнүн улуу баласы мас болуп алып, «Бадахшаныңа кет!» деп кууп жүргөнүн көрүп калган.

Анан ушул алты балалуу жесир карындашынын боорун кантип өзүнө салып алсын. Андан көрө Имаштын өзүнүн кете бергени түзүк эмеспи.

— Боорумду мен берем! Меникин алсын! – деп Ажар өктөм сүйлөп ордунан турганда баары жеңил дем алып, көтөрүп алган оор жүгүн жерге койгондой болду.

Ошентип масилаат да тарады. Эртеси эле Имаш эки баласы менен базарга барып, машинасын, болгон тогуз коюн сатты да, Индияга жол алды…

Кыргыз келин буларды мейманканасынан анча алыс эмес жердеги клиникага алып барды, анализдерин тапшырды, кайра томографияга тартылды, Кыргызстандагыдай эмес, баарын беш мүнөткө жетпей колдоруна карматты. Имаш аябай кыйналып кетти. Отура калат. Окшуйт.

— Азыр бул менчик клиниканын башкы врачына киребиз, — деди кыргыз келин. Баса, ал келиндин атын да сурап алышкан жок. Айылдыктар да. Баарын өздөрүндөй ойлошот.

Башкы врачтын кабылдамасында кезек чоң экен. Кыргыз келин кезекке да карабай түз эле кирип барды.

— Оо биздин агай турбайбы, — деди башкы врач, индус жигит, булардын кагаздарындагы гематологдун жазгандарын окуп чала-була кыргызча, көбүнчө орусча сүйлөп. – Сонун киши, бизди окуткан. Бирок булар эми эски бойдон калды. Дүйнөлүк медицина башка жакка кетти. Алар ордунда турат. Мен да ошол жакта окугам.

— Жакшы болбодубу. – Ажардын жүзүн нурдануу аралады.

— Силерге күйөө бала болом. – Анан ал кыргыз келинге жылмая карап койду.

— Силерби? – деди Ажар жактырбагандай кыргыз келинге кекээрдүү тигиле.

Анан тигил экөө англисче, хиндиче аралаштырып Имаштын оорусунун анализдерин талкуулашты, кээ бир жерлерин Имаштан дагы тактап сурап коюп атышты.

— Господин Радж бир эле арга бар деп атат, — деп кыргыз келин айтканда Ажар да, Имаш да кызык болуп кетти. Бирок эмнеге экенин экөө тең билген жок. Чамасы врачтын аты менен Имаштын атынын жакындыгына го. – Боорду алмаштыруу керек. Вирустар өтө көбөйүп, миллиондоп кеткен.

— Башка арга жокпу? Дары менен айыктырса болбойбу? – деди Ажар мындай жоопту күткөн эмеспи, чый-пыйы чыгып.

— Боордун оорулуу бир бөлүгүн гана алып койсо болот го? – Имаш жок дегенде ушундай болушун ойлоп жүргөн беле, ичинде катып келген суроосун дароо узатты.

— Болбойт экен! – деди кыргыз келин врач менен англисче сүйлөшүп бүтүп. – Вирустар бардык жерди ээлеп алыптыр. Пересадка гана керек деп атат. – Бул жактан донор тапсак болот. Мен эми тааныштар аркылуу андай бирөөнү жыйырма миң долларга көндүрө алам, анан дагы аны жок дегенде бир жыл карап, дарылап, мүнөздөп тамак берип турабыз, ага он миң таштап кетесиздер. Бирок аныкы туура келбей калса, дагы кыйын, бир туугандар болсо жакшы болмок, бирок алардын баары жаш эмес экен, жашы өтүп калгандардын боорун алуу, аны бирөөгө чаптай салуу тобокелдик гана болуп калат.

— А сиздердин доноруңуздар менен Имаштын боорун алмаштырсаңыздар канча кетет? – Ажарды көптөн бери кыжыл кылып келген суроо өзүнөн өзү чыга калды.

— Ошондо донорго отуз десек, опперацияга дарылары менен отуз десек, алтымыш, бул өзүбүзгө тааныштык менен, эже, — деди жайма-жай сүйлөп кыргыз келин.

«Анан өмүр бою майып болосуң, өмүр бою көпүрөдөгү дарыканадан дары алып жашайсың» деп ойлоду Имаш ичинен. Ушундай ойлоду да, Ажарга карап:

— Кеттик! – деди.

— Мен берем боорумду! Меникин алгыла! – Ажар чечкиндүү сүйлөп тура калды.

— Кереги жок! Кереги жок, сенин бооруңдун! Сенин бооруң таза турсун, Ажар! Сенин бооруң кесилбесин, Ажар! – Имаш делбе болгон баңгидей канчадан бери айтып келе жаткан сөздөрүн дагы бир кайталап, кыйкырып сүйлөнүп жатты. – Кеттик дедим го, кеттик!..

*     *     *

Экөө ээрчишип эшикке чыкты.

— Ажар, биздин «Госпондин – 420» кинобуздагы «Баары сатылат, баары сатып алынат» дегенди белесиңби?

— Билем. Сенчи, ошол кинодогу «Турмуш деген эмне? Турмуш деген бул алтын куш» деген жери эсиңдеби, Имаш?

— Эсимде! Баары эсимде!

— Менин да баары эсимде!

*     *     *

Сырт ушунчалык үп экен. Имаш деми кыстыгып, колу-буту калтырап, улам-улам зыңкыйып кеткен ичин кармап окшуп барат.

— Пил табалы, паркка баралы! – Ал араң-араң сүйлөп оттуу көздөрү менен Ажарга карады.

Чытырман токойдун бир четиндеги айбанаттар паркы жакын эле жерде экен. Тук-тукка отуруп бара калышты.

— Кел, ырдайбыз? Куду баягыдай. Жаш кездегидей… – Имаш пальмаларды аралап баратып эле пилдерди көрүп токтой калды.

Анан экөө жаңы гана турмуш курган кездегидей эч кимди көзгө илбей ырдап, бийлеп киришти.

«Ишиги даана, даана упур даана, ишиги даана, даана упур даана, аа… аа… аа…» деп ырдаган Ажарды бир пальмага чейин кууп барат, барса, анысы жок, башын аркы пальмадан чыгарат да, башка ырын ырдап аткан болот: «Мул мул кина эй, мул мул ки, мул мул кина эй, мул мул ки… аааа…аааа…»

Имаш жетип барса Ажар жерди өөп жатып алып ыйлап атыптыр. Индиялык кинолордо ушинтип ыйлашчу, көздөрүнүн жашын агызып ыйлашчу. Ажар ошентип ыйлап атыптыр.

Имаш «Мен баратам Бомбейгесин» баштады. Экөө каткырып күлгөн болгону менен ал күлкүсү чын дилден чыкпай аткандай сезилди. «Бул эмне, боюн түзөп атабы» деген жаман ой келди бир убак Ажарга. Кайра оюнан чочуп кетти, «Өмүр бою эңсеген Индияга келгенге, чытырман токойду аралаганга көңүлү ачылды, жакшы болуп кетти» деди кайра сүйүнүп.

Анан экөө ээрчишип пил минчү жерге келди. Тепкичтер менен пилдер токтоп бере турган секичеге Имаш араң-араң көтөрүлдү.

Пил минген киши жаныбарын аярлай акырын токтотту. Бир жигит экөөнү колдон жетелеп, пилдин жонуна атайын жасалган үстү жабык, четтери кооз пардалар менен тосулган отургучка отургузду. Экөө жанаша отурду. Пил ордунан козголду. Кишинин кулачы жетпес чоң кулактарын баскан сайын шыйпаңдатып, оор буттарын алмак-салмак алдыга таштайт. Пилдин баш жагында булардан кыйла алыстай жерде пил башкарган индус жигит телефонунан бир кызыктуу кино көрүп баратабы, улам-улам каткырып күлүп коюп барат.

Имаш пальмаларды, анын баштары тийип турган Индиянын асманын карап бараткан. Бир убакта пальмалардын ордуна арчалар көрүнүп, токой ордуна тоолор пайда болуп эле өз айылы, алыстагы ак карлуу арсайган аскалуу зоолор, андан бери бала кезинен мал жайып жүргөн жайыттар, экскурсияга чыкканда Ажар экөө ырдап, бийлеген булактуу  сары жайык көрүндү…

Эмне анын Индияга келгени, пилдер, маймылдар – баары түшү беле, анын баары кыялындагы жомок беле?!..

Бир убакта Ажардын катуу чыңырыгы токой куштарын чочутту. Пил башкарган киши артын карады…

Имаш болсо качандыр бир унутулган эски бир ырды – эми эч качан, эч жерде ырдабас ырды ырдап жаткандай болду:

«Мен баратам Бомбейге…»

2019-жыл, май

 

 

One Reply to “Абдыкерим Муратов: Мен баратам Бомбейге…”

  1. Сизге чыгармачылык ийгилик. чыгармаларыңызды кутуу менен окуп турам.
    Бул чыгарманыз омурдун бактылуу учуру болгон балалык мезгилди эске алуу менен конулду которуп, сонунда журокту ыйлатты.
    Адамдын тагдыры ушундай экен да. Жараткан кудай мандайына ушундай тагдырды жазган болсо, андан качып кайда барасын.
    Болбосо Имаш менен Ажар тируулуктогу бактылуу турмуштун символу катары башка айылдаштарына коп балалуу, бактылуу узак омур сургон, кутман карылыкка жеткен ырыс-кегиктуу жубайлардын бактылуу жашоосу суроттолот деген ишеним менен толкунданып, окуп жактан окурман, аягында трагедия менен аяктаган, кутулбогон кырдаалга туш болду. Адамдын жашоосунда ар дайым тируулуктун байрагы желбиреп, жакшылык болсун.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.