• Мени “Ал ак көңүл адам эле”деп айтышса бактылуумун. Бул мен дайыма эле мен ак көңүл болгонумдан кабар бербейт. Бирок, ак көңүлдүүлүгүм – ар дайым биринчи кезекте болгон.
  • Адамдарга күлкү тартуулаганда дайыма кубанам. Кимде ким тунук күлкү менен күлсө, ал тегерегиндегилерге жарык нур чачып, алардын көңүлүн тазартат. Мындай күлкүдөн кийин дем алып жаткан аба да башкача таза: жашоонун оош-кыйыштары унутулат.
  • Маанайың жакшы болсо, көп жакшы иштерди бүтүрөсүң.
  • Жашоонун сабактарын күтпөй, өзүңөрчө окуганды үйрөнгүлө.
  • Кубангандан секирип жатканда, бут алыңдагы жерден айрылып калгандан сактан.
  • Кээде бир ишти эртеңкиге калтырып коюп капилет келген оюңдан чочуп кетесиң: эртең деген – бир нече сааттан кийин эле болот да!
  • Мага күлкүнү угуу – кубаныч. Күлдүрүү – сыймык.
  • Менин жашоомдогу чечүүчү учурлар көбүнчө ойдо жок жерден болгон окуялардан кийин болуптур. Өткөн кездерди талдап көрсөм, андай учурлар ким издесе, ким бир нерсеге жеткиси келсе, бир окуянын болушун күткөн жана каалаган тилегине, таттуу кыялына жетиш үчүн бардык күч-аракетин жумшаган адамдарда гана болот.
  • Ар бирибиз жок дегенде бир кишини бактылуу кыла алсак, дүйнөдөгү адамдардын бардыгы бактылуу болушмак.
  • Жаратылышта аткарылган үмүттөн башка эч нерсе жок болуп кетпейт.
  • Бирөө жөн эле жылмайып койсо, мен ошого сүйүнөм. Анткени, бир аз эле жылмайган адамдын денесинде сөзсүз бир микроб өлөт.
  • Сараңдыкты, калпты жана арамзалыкты жек көрөм.
  • Тагдыр – бул эки жакта жайгашкан шаарлардан бир темир жол менен бири-бирин көздөй зуулдап, бетме-бет келатышкан билишпеген поездер. Ошентсе да, алар кагылышпайт. А эмне үчүн андай билесиңерби? Тагдыр буйругу ошондой!
  • Бактысыздык деген эмне? Менимче, эң жакын адамдарыңдан айрылуу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.