АҢГЕМЕ

Ар кандай улуттагы адамдардын бири-бирине карап сүйлөп жаткандагы ызы-чуусу, ары-бери өткөндө дөңгөлөгүнөн чыйылдап үн чыгарган түркүн түстүү чемодандар, улам жаңы рейстерди айтып жаткан кыздын ар тараптан жаңырган жагымдуу үнү, жаңы эле учактан түшүп, сыртка чыгып бараткан адамдар, калдайган  чоң сумкасын көтөрүп бараткан туристтер… Бул жер албетте, сиз билген аэропорт.

Ошол аэропортто түн бир оокумда бир аял өзүнүн рейсин күтүп жатты. Бирок самолеттун учуусуна дагы бир топ убакыт бар эле. Ал жердеги кичинекей бир дүкөндөн китеп жана бир таңгак токоч сатып алып, бош, темир отургучтардын бирине барып отурду. Колундагы окуп жаткан китептин ичиндеги окуяга ушунчалык берилип кеткендигинен жанында отурган кишини да байкабай калды. Акырын көзүнүн кыры менен карап көрсө, баягы өзү алган бир таңгак токочко уялбастан колун салып, бирден алып жеп отурат. Бир жактан китеп окуп, бир жактан токочунан алып жеп, улам-улам саатты карайт. Ошол учурда токоч уурусу акырындан токочту да түгөтө баштады. Кулагын сааттын жебесинен чыккан тик-тактарга төшөсө да, алар аялдын ачуусун токтото алган жок. Өзүнчө: “Эгер бейтааныш адамдарга сылык мамиледе болбогонумда, ушул кишинин көзүн көгөртө бир урмакмын!” деп ойлонду…

Аял колун таңгактын ичине салып токоч алган сайын, жанында отурган киши да улам бирден алып жеп атты. Аягында таңгакта бир эле токоч калды. Киши ошол токочту алып, аялга жылмая карап, тең экиге бөлүп койду. Токочтун жарымын оозуна салып жатып, экинчи жарымын да аялга узатты.

Аял корстоно узатылган токочту колунан жулуп алып: “Ушунчалык да уяты жок, копол адам болобу?!”- деп өмүрүндө мынчалык катуу ачууланганын эстей албады.

Самолётунун учуу убактысы айтылганда аял бир аз өзүнө келе түштү. Отургучтагы буюмдарын топтоп, эшикти көздөй басты. Артында калган токоч уурусуна кайрылып карап да койбоду. Самолётко чыгып, жумшак отургучуна отурду да дээрлик соңуна чыгып калган китебин ачып окуй баштады.

Сумкасына колун салаары менен көздөрү чайыттай ачылды. Баягы өзү сатып алган бир таңгак токочу сумкасынын ичинде экен. “Эгер булар менин токочторум болсо, отургучтагы токочтор да кишинин токочтору турбайбы.” Кишинин жанына барып, кечирим суроого кеч болуп калганын ойлоп кайгырды. Уяты жок, копол токоч уурусу өзү болуп чыга келди.

Түрк тилинен которгон Мыскал КОЧУМКУЛОВА 

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.