Мен – кыргыздын карапайым сомумун. Жарык дүйнөгө тээ жакында эле, эгемендик кыргызга тийген маалда келдим. Дегеле башкалардан озунуп жети айлык кезимде «экстренный выпуск» болуп төрөлбөдүмбү. Антпесем болмок эмес экен: бир аз кечиккенимде, мени кошуна карышкырлар туудурбай туна чөктүрмөк. Муну биле жүргүлө.

Оо адегенде «акайчик» деп «кличка» коюшуп, бул валюта сөрөй ара туулду, мал болбойт дешип көзү ачыктангандар оголе көп болду. Анан мен да жөн турбай телчиге баштадым. Тырышып, тарамыш болуп чыктым. Ал кезде бир табакка – бир бөтөлкө, беш киши, ал эми бир долларга – беш сом.

Орто Азиядагы эң бекем валютага айландым. Кийин көрүп ал: мен абройлуу акчалардын катарына кирдим эле, баягы мени шылдыңдагандар таш тиштеп калышты. Мага жөлөк-тирек болуп берген, мени тарбиялап, ар кандай кризистин сазынан чыгууну үйрөткөн жашыл Доллар акеме чоңдон-чоң ыракмат деп дайыма кайталап келем.

Мен Абдылас деген улук композитордун атын алдым. Бийчилерден чыгааны Бүбүсара, аты алтын тамгалуу Касым, Теңиртоолук боз торгой Байымбет-молдоке, касиеттүү Курманжан-эне, Тоо булбулу Током, акындардын кырааны Алыкул – баарыбыз бир компанияда өстүк. Андан кийин даңкы таш жарган манаскөй Саякбай менен арбагы асыл Жусуп Баласагын кошулду биздин топко. Кечээ эле атына заты жарашкан Сүймөнкул жаздын жашыл жалбырагындай болуп жаркылдап арабызды толуктады…

Не дейин, ар кандай тагдырды баштан өткөрүп жатам. Өзгөчө бир сомдук болуп калганым мени турмуштук чоң сыноолорго алып келди. Адегенде кытырап, кычырап дегеле болбойм, өзүмчө эле баатырмын. Капчыктын сыйлуу жеринен орун алып, өзүмдөн майдараак тоо бүркүттөрүнө кыр көрсөтүп койом. Капчык ээси эң биринчи ошол «тыйынчик-тыгынчык» болуп жаткан кагаз акчалардан биринчи кутулат. «Төрт чарчы шынаадай болбой, тетиги редискага алмашылып кеткилечи» деп мен тигилерди тамашалайм. Алар болсо, «шашпа, сенин да аут болор убагың жакындап калды, чемичкеге гана кетесиң» дешип чуулдаган бойдон жок болуп, кайып кушка айланып кетишти.

Тигилер айткандай болду. Капчыктын төрүнөн куулуп, улам сыртка сүрүлүп чыгып кала турган болдум. Ага чейинчи…

Оо, жыпар жытым буркурап, айнектей жаркыраган кезимде бир министрдин колуна тийдим. Ал бапалаңдап колуктусуна тапшырды: «Ме, биздин төлбашы алымчадан ооз тий» – деп. Ошол айымдын капчыгын кантип унутайын! Атыр жыттанган кенен кошелек, атаң гөрү. Бутту кең-кесир сунуп жыргап эле калгам номуру катар келген мадыра баш сомдор менен катар. Анан башка компаниондор кошула баштады да, мен сыдырмалуу төркү бөлмөдөн тез ача коймо кичирээк «предбанник» бөлмөгө которулдум. Ага да шүгүр эле… Зарурат, андан кийин бир да жолу төргө жолой алган жокмун. Кеп чыны ошондой.

Министрдин жубайы мени Ош базарынан бир боо жүсайга соодалап жиберди. Анын жупжумшак манжаларынан чыккым келбесе дагы, айла жок, ийилип-кыйылып атып ачыкка чыктым. Дунган абышка мага шалп эттире бир түкүрдү дагы, мени мага окшогон жана мага окшобогон көп акчалардын катарына кошуп туруп, насвай-сейдене жыттанган чөнтөгүнө эки бүктөп салып койду.

Баягы күзгүдөй жылтыраган бетиме акырындык менен бырыш кирип, мен да эскире баштаганымда ар кандай пенделерди көрдүм го. Анан тез эле колдон колго өтө баштадым. Бир маалда карасам, бомждун жыртык чөнтөгүндө жүрөм. Роза жыттанбайт! Тумчугуп, көңүлүм айнып,  араң турамын. Ал байкуш илгерки «чык татырбас кыргыз Чынарбай», орус Плюшкин менен бараңсоз Гобсектен бешбетер битиреген неме экен, көпкө чейин жанында сактап жүрдү.

Баягы «бүркүттөргө» ошол чөнтөктөн кезиксем болобу! Аал көрүп ал, баары каткырышты: «Ии, Соке, келип калыпсың биздин арабызга! Төргө өт! Уча табакка» — деп какшыктап. «Андан көрө кайда болдуң, эмне көрдүң, ошондон кеп сал» — дешип тыйынчиктер тийишип турса, мен сүйлөгөнгө көңүлүм чаппай жаткам… Бир маалда бомж акем мас болуп оонап жатканда, мен анын шымынын жыртыгынан жылмышып түшүп калыптырмын.

Бир интеллигент таап алды да, айлыкка жашаган адам окшойт, мени капчыгына жакшынакай жазып туруп салып койду. Аркы бөлмөлөрдө Алыкул, Саякбайлар Жусуп алп менен күбүрөшүп жатышкан экен: «Тиги тили буруу болгон менен сыйлуу орун алган Докени неге кастарлап, бырыштырбай сакташат? Карачы, тимеле үзүлүп түшүп, төрдөн орун беришет. Карапайым адамдарга карматпайт. Биз той-топурларда, жамандык-жакшылыктарда дежурный кошумчага айланып калдык».

Долларбай аке дегеле зың-зың этип кенебейт, бизди өз жанына теңебейт. Бирок менменсинбестен эле, төр ээси экендигин жашырбай, зымпыят. Жалаң салабаттуу айымдар менен мырзалардын капчыгында, болбосо, банктарда, валюта алмаштырган жерлерде улам пайда болуп, сейфтерден чыкпай, жашоосу жакшы. Жалаң «заграничный» командировкаларда, дүйнө кыдырып жүрөт. Кирдетпей, бүктөбөй сакташат ээлери.

…Бир маалда Кудай бетин салбасын, менин кабыргамды куруштура бүктөп туруп, жубум менен кошуп туруп маршрутканын айдоочусу мотордун жанындагы ысык коңулга тыгып салды (Ал кезде 8 сом болчу “проезд”). «Ай төлөгүлө! Оплату!» деп бакырып келатат. Сдачысына мени жубум менен кошуп туруп берип койду эле, мээримдүү студент кыздын колуна тийдим. Ал эки сомду тең жазып туруп, жупжука болгон капчыгына салды. Эми жыргадым деп кубанып үлгүрө электе, тиги чунак кыз берки экөөбүздү кошуп туруп, көчөдөгү алакандай үстөлүн коюп алып соода кылган абышкага сигаретага алмаштырып ийди. Бул чал мени “жвачкеге” алмаштырды. Баягы кытыраган мен жок, колго араң кармалган бүрүшкөн кагазга айландым.

Анан эмне эле?… Ии, бир жолу мектеп окуучусу мени чөнтөгүнөн түшүрүп салды. Күздүн шамал аралаш жаандуу көчөсүндө баткакка аралашып жатсам, мени баягы министрдин аялы көрүп калды да, ичинен саламдашкандай болду. Мына эми кайрадан атыр жыттуу капчыкка түшөмбү деп бир желпинип алдым эле, ал айым эңкейип койсо сынып кетчүдөй болуп, шиштакасын такылдаткан бойдон «мимо» өтүп кетти. Карааны бүлкүлдөп кетип баратат. Мен калдым артынан узатып…

Ошентип, мен «реинкарнация» болдум да, темир сомго айландым. Канчалаган капчыктарды гана көргөн жокмун. Алардын төр жагындагы Докеме жолуккан сайын, аны кээде кабыргага укуп тийишип койом: «Шеф, кандай? Хау ду ю ду». Баягыдай эле зыңгырап, Докең зың-зың этип кенебей, жылмайгансып: «Ай ду, ай ду». «Мен баарын кылып атам» дегени го. Сыртынан сыр билгизбей зымпыят, жөөттүн гана жел козусу десе!

Бирок тагдырыма эч кейибейм, ушуга Кудая шүгүр деп өз кызматымды аткарып келе жатам.

Мен – улуу Кыргыздын карапайым Сомумун! – деген сыймыктуу сезим көңүлүмду уялап келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.