Азиз Несин: Эл тааныган бейтаaныш (конкурска №51)

АҢГЕМЕ Бул окуя менин башыман Үскүдардан Бешикташка кеме менен бараткан жолдо болуп өттү. Кемеге кире турган каалгалар ачылды. Эң алдыңкы катарда күтүп турдум эле. Жүргүнчүлөрдүн саны көп деле эмес. Кеменин ичине кирип, үстүңкү кабаттагы бурчта турган отургучка отурдум. Жүргүнчүлөрдүн бир тобу алдыңкы кабатта орун алышты. Үстүңкү кабатта менден башка эч ким отурган жок. Күн тартип боюнча кеме он беш мүнөт күтүп, андан соң ордунан жылмак. Кечиккен жүргүнчүлөр шаша-буша келе жатты. Мен отурган жерге бир подполковник кирип келди. Жаныма келип аскерлерче […]

Бурулкан Бакеева: Мени кантип өлтүрүшкөн?

Детектив аңгеме Мени өлтүрүп коюшканына 29 күн болду. Белгисиз болуп, дайыны жок болуп жаткан менин өлүмүмө тиешеси барлар кошо издеп атышат. Каерде сөөгүм жатканын билип туруп, издеп “таппай” жүрүшөт. Өзүмдүн ак жүрөктүүлүгүм, ишенчээктигим башымды жутту. 27 деги гүл жигит курагымда, аял алып кызыгын көрбөй, балалуу болуп артыма туяк калтырбай, жашоону таштап шейит болуп кете бердим. Тергөөчү болуп иштейт элем. Кыз зордуктаган жигит акча берип кутулуп, башка бир бечараны ак жеринен каралап түрмөгө түртүшкөнүн, уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылган ишти […]

Өспүрүмдөр конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды!

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” аттуу конкурстун урматтуу катышуучулары! Сиздер көптөн күткөн келди, республикалык мектеп окуучулары арасында жүргүзүлгөн конкурс жыйынтыкталып, байге ээлери аныкталды. Дилбаяны сайтка жарыялангандар жана жарыяланбай калгандар, дилбаяны жиберилип, бирок кайсы бир себептер менен бизге жетпей калгандар, силер – ар бириңер кандай болгон күндө да чыгармачылык атаандаштыкка аракет жумшадыңыздар! Аракет кылууга бел байлоонун өзү адамдын өнүгүшүнө кедерги боло турган кошкөңүлдүктүн, жалкоолуктун, чыгынбастыктын үстүнөн жеңиш. Ушул кичинекей жеңишке жетишип, Айтматовдун чыгармаларын окуган болсоңор, силер сөзсүз адам болуунун канжыгасына азык камдадыңар. […]

Сенека Луций Анней: Адам кайсы жээкке сүзөрүн билбесе, ага шамалдын баары бирдей

Бардыгынан эртеңки күндү ойлоп сарсанаага батпаган адам бактылуу, анткени ал өзүнө ишенген адам. *     *     * Көпчүлүк адамдар болбогон нерселерге терең маани берип, өздөрү таап алган жок нерселерге таарына беришет. *     *     * Өзүн башкара билген адам, эң күчтүү адам. *     *     * Көп тыңшап, аз сүйлө. *     *     * Тамсил сыяктуу эле, жашоо да узактыгына эмес, мазмунуна жараша бааланат. *     *     * Өзгөртө албаган нерселерди, чыдамдуулук менен көтөрө бил. *     *     * Түнгө чейин иштебе, акыл менен иште! *     […]