АҢГЕМЕ

Бул окуя менин башыман Үскүдардан Бешикташка кеме менен бараткан жолдо болуп өттү. Кемеге кире турган каалгалар ачылды. Эң алдыңкы катарда күтүп турдум эле. Жүргүнчүлөрдүн саны көп деле эмес. Кеменин ичине кирип, үстүңкү кабаттагы бурчта турган отургучка отурдум. Жүргүнчүлөрдүн бир тобу алдыңкы кабатта орун алышты. Үстүңкү кабатта менден башка эч ким отурган жок.

Күн тартип боюнча кеме он беш мүнөт күтүп, андан соң ордунан жылмак. Кечиккен жүргүнчүлөр шаша-буша келе жатты.

Мен отурган жерге бир подполковник кирип келди. Жаныма келип аскерлерче саламдашты. Учурашкандан кийин маңдайымдагы артты карап турган отургучка отурду. Подполковник мени менен учурашканына абдан таң калдым.

Артымда эч ким жок, дубал гана… Ошондой болсо да ишене албай артымды бир карап койдум. Карасам чындыгында эле дубал эле, айланамда менден башка эч ким жок… Подполковник мени башка бирөөгө окшоштурду окшойт.

Ушунтип ойлонуп отурсам, тепкичтерден сулуу бир кыз чыгып келатты. Мени карап жылмайып, башын ийкеп учурашты. Ал дагы кирип келип менин маңдайымдагы терезеси бар жерден орун алды. Ал кыз мени жакшы тааныгандай көздөрүмө тике карап учурашты эле, мен болсо таң калгандыгыман жылмая алган да жокмун. Ал убакта мен: “Бул бейтааныш кыз ким менен учурашып жатат”,-  деп жадагалса эки жагымды текшерип карадым. Биз экөөбүз тааныш окшойбуз, бирок мен аны такыр эстей албадым.

Бир аздан кийин тепкичтерден жупуну кийинген, өзүнө ишенген эки улан келди. Алар да учурашып өтсө болобу? Бирөөсү колун сунуп салам берди, экинчиси “Саламатсызбы” – деди. Мен аларды тааныбагандан кийин эмнеге учурашмак элем? Бир болсо алар менин башка бирөө менен алмаштырып жатышат же мен аларды тааныйм, бирок эстей албадым. Булар ким деп эстегенге аракет кылып жатсам, жаныма жашы улгайып, чачы түшүп калган аксакал басып келди. Башындагы шапкасын чече калып, ийиле учурашты. Терең урматы менен учурашкан адамга үн дебей мисирейип туруу да уят эле.

Аксакал да мени менен учурашкандан кийин, ого бетер таң калып, нес болуп отуруп калдым. Кемеге киргендердин баары мени таанып жатты… Баары эле мени башка бирөөгө окшоштуруп алмаштыруусу мүмкүн эмес да! Анан эмне болушу мүмкүн? Же бирөө мени тамашага салайын деген ниети менен кемеге кирип жатканда адамдарга учурашкыла деп айтып койдубу? А бирок ушунча адам мени менен тамашалашпайт эле да.

Дагы бирөө-жарым мени менен учураша калбасын деп, терезеге бурулуп деңизди карап ойго чөмүлдүм. Жанымды кыйнаган суроолорго жооп таба албадым. Ойлоно берип акыры жообун таптым окшойт. Ушунча жүрүп кичине болсо да элге эмгегим өтүп, кызмат кылгам! Бир мезгилдерде шайлоо учурунда депутаттыкка талапкер болгом. Шайлоодон өтпөй калдым, бирок ошол убакта элге өлкөбүздү өркүндөтүп өстүрүүгө болгон аракетимди жумшайм,- деп убада бергем. Жайнаган элдин алдында айтылган бул сөздөрүмдү эл жактырып колдоп, коштоп кол чабышкан. Ошончо элдин ичинде ар бирин эстеп калыш мүмкүн эмес болчу.

Кээде отуруп “Бул өлкөдө эч нерсе бааланбайт”, — деп кейип калчу элем. Мен жаңылып жүргөн экенмин. Элге, жерге жасаган эмгегиң эч качан унутулбайт турбайбы! Эч бир нерсе текке кетпейт экен. Арадан ушунча убакыт өтсө да эл менин айткан сөздөрүмдү унутпай, сыйлап, урматтап, мени менен учурашып жатты.

Кемеге кирип келаткан узун бойлуу жигит экөөбүз жүз карашып калдык. Ал жигит мени менен учурашты. Ооба, учурашпай коймокпу?! Биз өлкөбүз үчүн тытынып эмгек кылсак, анан элибиз бизге салам бербей коймокпу? Мен дагы аны менен учурашып койдум.

Ошондон кийин эки көзүмдү тепкичтен албадым. Тепкичтен үч жаш кыз чыкты, окуучулар көрүнөт. Кыздар учурашпай кеткенине кыжырым кайнады. Азыркы заманда жаштарда урмат-сый деген жок! Жаштыгың менен кургур! Зээним кейип, жаштар ушундай болуш керек беле, — деп өзүмө өзүм суроо бердим.

Бир маалда орто жаштагы, толугурак келген бир киши кирип келди. Ал дагы мага салам бербестен өтүп кетти. Балким ал мени байкабай калгандыр , — деп көңүлүн буруш үчүн атайын жөтөлүмүш эттим. Ал мени карады, бирок эч нерсе деген жок. Каап,каап,- деп кейип, өлкө баалаганды билген эли болгондо гана өнүгө алат,- деп сүйлөнүп отура бердим.

Бир жүргүнчү келип салам берип, жанымдагы отургучка орун алды. Мына азамат! Адам деген ушундай болуш керек!

Андан кийин кемеге кирген кишилерди бири учурашса, экинчиси учурашпады. Салам бербегендердин колунан кармап, токтотуп алып: “Сен эмне мага салам бербейсиң? Уялсаң боло!” – дегим келди.

Ушинтип айтып жатсам, мени мурду көпкөн адам экен деп ойлоп калбагыла. Жок, мен таптакыр андай эмесмин! Мага учурашпай койду деп эле андан кемсинип калган жерим жок. Мага айырмасы деле болбойт. А бирок элге кызмат кылган адамдарды сыйлабай, унутуп калсак бул өлкөнүн келечеги кандай болот? – деген маселе жүрөктү эзет. Мына ушул көйгөйдү ойлоп жатам, мен өзүмдүн керт башымды ойлогон жокмун.

Учурашпай кеткендерге дагы да жиним кызый баштады. Учурашкандарга ичим жылып, жылмайып учурашып жаттым.

Кеме ордунан жылды. Бир маалда баягы учурашып жаныма отурган киши:

— Кечиресиз, сиз дагы деле Топурак офисинде иштеп жатасызбы? – деп сурады.

Эмне деп жооп береримди билбедим. Мен өмүрүмдө бир да жолу Топурак офисинде болуп көргөн эмесмин. Ал эмне офис, кайсыл жерде жайгашкандыгын да билбейм. Демек, бул киши мени Топурак офисинде иштеген бирөөгө окшоштуруп жаткан экен да. Жооп бергендин ордуна, жылмайып гана кутулганга аракет кылдым.

Тигил киши:

— Бар болунуз, Махмуд мырза, сиз мага көп жакшылык кылдыңыз…- деди.

Мен болсо сыр бербестен:

— Аның эмне дегениң? Эч нерсе эмес,  – дедим.

Дагы бир нерселерди айтып кирбесин деп гезитти колума алып, окумуш боло калдым. Мени бирөөгө алмаштырып жаткан киши да сүйлөшкүм келбей тургандыгымды түшүндү окшойт, айтор ордунан туруп кетти.

Жана учурашып өткөн эки улан жигит жаныма басып келип:

— Саламатсызбы, Салим мырзы, — деди.

Мен болсо ичимен, “О, Кудай… Салим мырза дейби, бул да каяктан чыкты?” — деп чочуп кеттим. Анан эмне кыларымды билбей:

— Саламатчылык? – дедим.

— Салим байке, мачтарда такыр көрүнбөй кеттиңиз. Укмуштуудай оюндарды көрсөтчүңүз эле, аттиң!

— Эх, жаш кезде ойночу элек.

— Мен такыр унута албайм, австриялык команда келген эле… эсиңиздеби, байке?

Мен өмүрүмдө топко бутумду тийгизген эмесмин, футболго кызыкпаган адаммын. Бирок “Мен эч кандай Салим мырза эмесмин” деп айталбайт койдум. Анан эмне дейин?

— Кантип унутуп калайын? – дедим.

— Болгон үнүм менен “Алга, Зехир Салим!” – деп ачык трибунадан кыйкыра берип үнүм чыкпай калчу. Сиз болсо футбол талаасынын так ортосунан баштап алдашып келип он сегиз пас берип дарбазага гол киргизчүңүз эле. Кантип кылчу элеңиз? Айтып беринизчи, Салим байке!

— Ооба, чын эле… Убагында футбол талаасында укмуштуудай оюнду көрсөтчү элем… Эх, эмнени айтасың! Эстеген сайын көздөрүм жашылданып кетет. Болду жетишет!..

Абдан капалангансып, өйдө туруп кеттим. Ошондо менин менен бирге подполковник да ордунан турду. Экөөбүз тепкичтин жанында жолугуп калдык.

Подполковник сыйы менен:

— Арыбаңыз, генерал! – деди.

— Рахмат.

— Пенсияга кайсыл убакта чыктыңыз?

— Эх… Көп эле болуп калды…

Так убакытын айтсам, генерал эместигимди шекшип калабы дедим. Азыр мен бул адамга “Мен генерал эмесмин, жөн гана сержантмын десем, адамды уят кылам. Ал улуу башын кичүү кылып салам берсе… анткеним туура эмес.

Подполковник:

— Генерал мырза, сиз мени эстей албай жатат окшойсуз?

— Жок! Кантип унутуп калайын? Эстедим. Бир гана атыңыз эсимен чыгып кетиптир. Эх, карылыктын белгиси. Эс тутумум начарлап барат.

— Атым Мусаффер. Жаныңызда миң башы болуп жүрчүмүн…

— А, ооба ооба, эстедим.

Подполковниктин колун кысып, ары көздөй жылдым.

Кемеге кирип келатканымда учурашкан келишимдүү жигит:

— Бар болуңуз, Баха мырха… — деди

— Сиз дагы…

— Кандайсыз?

— Рахмат. Кудайга шүгүр. Өзүңүз кандайсыз?

— Шүгүр, Сиз дагы деле жетинчи жогорку сотто иштеп жатасызбы?

Ооба дебей, жок дебей, жөн гана мыйыгыман жылмайдым.

— Сиз болбосоңуз мага жалган жалаа жабылмак эле. Сиздин жардамыңыз менен гана бул балекеттен кутула алдым.

— Жок, андай дебе, ал менин жардамым менен болгон жок, бул жерде адилеттүүлүк көмөкчү болду.

Кеме пристанга жакындап калды. Кеме токтоп токтобой электе эле пристанга секирдим. Башкалардан мурун кемеден учуп чыктым. Чыгып жатып билетимди кеменин кызматкерине бердим. Ошол маалда артыман бир айым:

— Шүкрү мырза, — деп калды.

Карасам, кеменин ичинде мени менен учурашкан сулуу кыз экен.

— Угуп жатам сизди.

— Пакизе эжемдер кандай жүрөт?

Бүгүн эмне, мени башка бирөөгө алмаштыруу күнбү.

— Рахмат, жакшы жүрөт.

— Нервден операция болмок эмес беле? Эмне болду?

— Операция болуп бүттү. Кудайга шүгүр, жакшы.

— Мм..

— Дагы деле Алтыбаккалда жашап жатасыздарбы?

— Ооба.

— Капа болбосоңуз мен кете берейин.

— Жакшы барыңыз.

Бул кеме сапарында болуп өткөн окуяны кимге айтсам да ишенбейт. Ошондуктан бул окуяны жазайын деп чечтим. Бирок бул күн ушу менен бүткөн жок.

— Мурат мырза, — деди бир бейтааныш адам.

— Угуп жатам, — дедим.

— Кечиресиз, мен сизди көптөн бери көргүм келип жүргөн. Кудай бүгүнкү күндү буйруган экен да. Мен сиздин күйөрманыңыз болом.

— О, чындыгында күтүүсүз болду.

— Өткөндө сиздин катышкан киноңузду көрдүк. Биз үй-бүлөбүз менен бир да киноңузду калтырбай көрөбүз. Анан мен ага:

— Уруксат берсеңиз… мен жыла берейин, шашылыш ишим бар эле, —  деп автобуска түшүп кеттим.

Ичимен кыжалат болдум. Бул шаарда мени мендей тааныган адам жокпу? –деп маанайым суз келаттым. Автобустун ичинде жанымда отурган киши:

— Саламатсызбы, Хасан мырза! – деп кайрылса болобу.

— О Кудай жалгап, жок дегенде бирөө мени өз атыман чакырды. Ал адамдын жүзүн карап, дароо маанайып түшүп кетти. Бул адамдан бир убакта 200 лира карызга алган элем, бирок карызды төлөөгө мүмкүнчүлүгүм болгон жок.

Ага бурулуп:

— Кечиресиз, сиз мени башка бирөөгө алмаштырып жатат окшойсуз?

— Ай, Хасан бул эмне дегениң?

— Чын айтам, мен Хасан эмесмин.

— Кандайча?

— Адамдар бири-бирине окшош боло берет.

— И, ушунчалык да окшош болобу!

Автобустан түшүп кеттим. Түшүп баратып тигил киши жанындагысына айткандарын угуп калдым.

— Бул адам Хасан эле… Бул кылган жоругу дал өзүнө мүнөздүү. Калпына ишенди деп ойлобосун.

Ошол күнү мени бардыгы башка  адамга окшотуп жатышты. Бир гана адам мени тааныган эле, а бирок мен аны тааныган жокмун.

Түрк тилинен которулду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.