Детектив аңгеме

Мени өлтүрүп коюшканына 29 күн болду. Белгисиз болуп, дайыны жок болуп жаткан менин өлүмүмө тиешеси барлар кошо издеп атышат. Каерде сөөгүм жатканын билип туруп, издеп “таппай” жүрүшөт. Өзүмдүн ак жүрөктүүлүгүм, ишенчээктигим башымды жутту. 27 деги гүл жигит курагымда, аял алып кызыгын көрбөй, балалуу болуп артыма туяк калтырбай, жашоону таштап шейит болуп кете бердим.

Тергөөчү болуп иштейт элем. Кыз зордуктаган жигит акча берип кутулуп, башка бир бечараны ак жеринен каралап түрмөгө түртүшкөнүн, уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылган ишти изилдегеним, наркотик ташыгандардын аркасынан түшүп, акчага сатылбаганымдан ажал таптым. Башкалардай эле кызматыман пайдаланып акты кара, караны ак деп акчаны биринчи орунга койсом заңгыратып кабат там салып, кымбат машина тээп, кыздар менен чет өлкөдө эс алсам тирүү калмакмын. Ошентүүгө абийирим жол бербеди. Ак жеринен күйгөндөрдүн көз жашы, көзгө сайып турсаң да өз кызыкчылыгы үчүн адам тагдыры менен ойногондор жан дүйнөмө тынчтык бербей, кайдыгер боло албадым. Чындыкты чыркыраткандардын артынан сая түшүп изилдей бердим. Чындыкты табаарым менен өз ажалымды кошо таптым.

Иштин баары бүтүп башчыбызга баяндаганы киргемин. Эх!.. Аттиң ай! Кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандардын таасирдүү адамдары башчыбызга ортого түшүп, баары ошол аркылуу бүткөнүн билсем кана. Кыскасы, өзүлөрүнүн акчага сатылганы ачылбасын дешип, мени өлтүрүп салышты.

Ал киши сүйлөп жатканымда эч кандай сезим билдирбей, сөзүмдү бөлбөй укту, кагаздагыларды өтө кунт коюп окуду. Окуп бүтүп, “азаматсың! Чындыкты ачканың үчүн сени кызмат ордуңан жогорулатам. Бул иштерди туура тергебей, акчага сатылгандардын сазайын берип бомба жарабыз. Бир жумага чейин эч кимге эч нерсе деп айтпай коё тургун. Өзүм журналисттер менен сүйлөшөм, прессага жарыялап элге жеткиребиз” десе ишенгенимчи…

Көрсө ошо бир жуманын ичинде мени кандай жок кылуунун жолун издеген экен. Төрт күндөн кийин эле өзүнө чакырып калды. Жетекчилик каадасы менен эмес, ордунан күлүп-жайнап тосуп алды. Иш оңунда экен деп эч нерседен шектенген жокмун. Бир адрести берип, “ушул жерге барсаң журналисттер күтүп турат, калганын ошол жерден сүйлөшөсүңөр”,- деди кичипейилдене узатып.

Айтылган үйдүн жанына келсем, айнеги караңгылатылган кымбат баалуу машинанын жанында жакшы кийинген үч жигит турушуптур. Мени көрүшүп, мостоё учурашып, бири рулга отурду, дагы бирөөсү арткы эшикти ачып өзү кирип анан мени ортого алышканда бир нерседен шектене түштүм. Булардын түрү кантет “караларга” окшоп. Анан мурдума ачуу жыт келип, эсимди жоготуп бараттым.

Канча жүрүп, кайда келдик билбейм. Алыстабызбы… Эсиме келгенде дайранын жээгинде коюу талдардын арасында буту-колум байланып жерде жатыптырмын.

– Жигиттер, силерди тааныбасам, эмне жамандык кылдым? – дедим жаным кашая.

Экөө алюминий зымды ийип жатыптыр, алар унчукпай четте папирос чегип турган неме сүйлөдү:

— Сен тааныбаганың менен, төрт күн болду, биз сени жакшылап таанып  калдык. Сен бизге эч нерсе деле кылган жоксуң. Биз буйрукту гана аткарабыз. Сен мурдуңду бир кичине нерсеге тыгып алганыңдан ушул абалды өзүң тиледиң,– деди да жайбаракат гана сетка түрүндө жасалган зымга чыгып кетпегидей кылып таштарды сала берди.

Кебетелерине карасаң буйрукту аткарган “караларга” окшошпойт.  Кымбат кара костюм шымчан, галстугун кантесиң. Кыздарды өзүнө тарткан интеллигенттин эле өзү. Мындайдарды банк кызматкери десе жарашат. Бирок көрүп турам го, ушул кебетелери менен күлүп туруп тиги дүйнөгө жөнөтүп коюшат. Түшүнүктүү… башчыбыздын бир жума дегени, төрт күндө болчусун болтуруп, өмүрүмдү чечип коюшуптур. Аттиң ай!.. Арман дүнүйө! Башчыбыздын кабат үйлөрү, кымбат машиналары, кайсы бир тоо арасында багылып жаткан топоз, жылкыларын эстедим. Ак жеринен күйгөндөрдүн көз жашын жаным кейип ойлодум. Жигит сөзүн уланта берди. Деги эле беймарал, адам өмүрү менен иши жоктой сүйлөйт:

— Сен алдагы тилиңди тишиңе катып, алчу акчаңды алып үндөбөй жүрсөң азыр бул жерде байланып жатпайт элең. Жумушуңа да жөө келбей, машина менен келмексиң,– деди келекелеп.

— Силерге канча төлөштү? – дедим ызырынып.

— Ал сенин ишиң эмес, – жигит корс эте жылмайды.

Анын жылмайганы жанга батты. Катуу байланган жип колумду кыйып барат.

— Эгерде сени жазалабасак, сен башкаларды жок кылмаксың. Ошол өзүлөрү бейпил жашаш үчүн…

Сөзүн уккум келбей асманга карадым да, үшкүрүнүп алдым. Көк асман, аппак булуттар, шуудураган талдар, кызарып батып бараткан күн, дайранын шоокуму… Жанымды сактагыла деп чөгөлөбөй жигитче өлөйүн. Ансыз деле жок кылышат. Ушинтип эле чымындай жаным чыркырап кете береби? Тагдырым чындыкты тапканым үчүн ажал буйруганбы?

Тез бүтөлү дештиби, экөө оозумду күч менен ачып кармап турушканда, бири оозума ачуу заарды куюп жиберди. Кекиртегим, ашказаным куйкаланып баратканына чыдабадым. Эсимди жоготуп баратып айтып бере алгыс сезимге туш болдум да, өзүм түшүнбөй калдым. Жаным денемден бөлүндүбү, алардын жогору жагында каалгыдым. Өзүмдүн байланган денемди көрүп турам. Көзүм чакчая ачылган, оозумду күч менен кармап турушат. Алар үстүдөгү каалгыган жанымды көрүүсү мүмкүн эмес экен. А мен баарын сезип, байкап турат экенмин. Үчөө жанагы таш толо сетка зымдарды буттарыма, колума, башыма бышыктап байлашып, денемди дарыяга чөгөрө башташты. Ачылган көзүмдү да жумдуруп коюшпады. Таш байлашканы – жээкке чыгып калбасын дешкени. Денем дарыянын тереңине чөгө ылдыйлап барып, эки таштын ортосуна кыпчылып туруп калганынан бери көрүндү.

Алланын чексиз амири күчтүү экен. Сүйлөшпөсө деле башындагы ойлорунан бери сезе алган күчкө ээ экен жаным. Ошентип башчыбыз өзү жок кылып коюп, өзү издеп таппай жүрөт. Чындык үчүн күрөшкөн мени ушинтип жок кылышты. Алар жазасыз калышпайт. Алла, урпактарынан бери жазалайт. Теңдешсиз Алланын амири менен кайрадан наристе болуп төрөлүп, жарыкчылыкка келип, аң-сезим өлүп жан өлбөй кайталана берет экен.

Январь айы, 2019

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.