Бардыгынан эртеңки күндү ойлоп сарсанаага батпаган адам бактылуу, анткени ал өзүнө ишенген адам.

*     *     *

Көпчүлүк адамдар болбогон нерселерге терең маани берип, өздөрү таап алган жок нерселерге таарына беришет.

*     *     *

Өзүн башкара билген адам, эң күчтүү адам.

*     *     *

Көп тыңшап, аз сүйлө.

*     *     *

Тамсил сыяктуу эле, жашоо да узактыгына эмес, мазмунуна жараша бааланат.

*     *     *

Өзгөртө албаган нерселерди, чыдамдуулук менен көтөрө бил.

*     *     *

Түнгө чейин иштебе, акыл менен иште!

*     *     *

Алтын менен кооздолгон жүгөн таксаң да, кашаң аттан жорго чыкпайт.

*     *     *

Каалоосу бар адамды тагдыры алдыга жетелейт, каалоосу жокту – сүйрөп алат…

*     *     *

Бирөөгө жакшылык кылганың, өзүңө кылган жакшылыгың…

*     *     *

Жашоо театрдагы пьесадай: анын узактыгы эмес, кандай ойнолгону маанилүү.

*     *     *

Түшүмсүз жылдан кийин да себүү керек.

*     *     *

Биз кийинкиге деп жылдыргыча, жашоо өтүп жатат.

*     *     *

Ак чач болуп, бети-башын бырыш баскандын баары эле көп жашаган эмес. Көпчүлүгү жөн эле көпкө жүрүшкөн.

*     *     *

Эгерде колуңда турган нерседен да көптү кааласаң, билип кой, ошол болгон нерсеге да татыксызсың…

*     *     *

Достук ишенбөөчүлүк башталган жерден бүтөт.

*     *     *

Ата-Мекенди улуулугуна карап сүйбөйт, ал өзүнүкү экени үчүн сүйөт.

*     *     *

Алтынды – от менен, аялды – алтын менен, эркекти – аял менен сынайт.

*     *     *

Өлүм бардыгына бирдей: ал жаза эмес, мыйзам.

*     *     *

Канча жашасаң, ошончо оку.

*     *     *

Адам кайсы жээкке сүзүп барарын билбесе, ага шамалдын баары эле бирдей.

Которгон Абйирбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.