“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” аттуу конкурстун урматтуу катышуучулары!

Сиздер көптөн күткөн келди, республикалык мектеп окуучулары арасында жүргүзүлгөн конкурс жыйынтыкталып, байге ээлери аныкталды.

Дилбаяны сайтка жарыялангандар жана жарыяланбай калгандар, дилбаяны жиберилип, бирок кайсы бир себептер менен бизге жетпей калгандар, силер – ар бириңер кандай болгон күндө да чыгармачылык атаандаштыкка аракет жумшадыңыздар! Аракет кылууга бел байлоонун өзү адамдын өнүгүшүнө кедерги боло турган кошкөңүлдүктүн, жалкоолуктун, чыгынбастыктын үстүнөн жеңиш.

Ушул кичинекей жеңишке жетишип, Айтматовдун чыгармаларын окуган болсоңор, силер сөзсүз адам болуунун канжыгасына азык камдадыңар. Руханий дүйнөңөрдү, маданиятыңарды аздыр-көптүр байыттыңар.

Жогорку Кеңештин депутаты, жаштардын билими, маданияты үчүн күйүп, өз камкордугун кылып келаткан Абдывахап Нурбаевдин жана “РухЭш” сайтынын демилгеси так ушуну көздөгөн эле. Бул жеңиш силерди улам кийинки жеңиштерге жетелейт. Маданиятыңар, билимиңер, руханий байлыгыңар өсүп, коомдун өнүгүшүнө салмактуу салым кошоруңарга терең ишенебиз! Болгону аракетиңерден жазбагыла!

Ал эми бул жолу марага келип, байгелүү сегиз орундун ээси болгон катышуучуларды 28.05.2019. күнү КТРКнын “Маданият, тарых жана тил” каналынан кечки саат 20-00дө жарыялайбыз! Эмесе, эфирден көрүшкөнчө!

Конкурстун уюштуруу тобу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.