Михаил Веллер: Нева проспектисинин уламыштары

<<<<< Башы Ошенткени менен «Максим» ресторанына келчүүлөр күн сайын эртең менен бир нерсени көрчү болушту: кардай апакай люкс моделдүү «Ситроен» подъезддин жанына келип токтойт; андан курагы улуураактай сезилгени менен жамалы али да жайнаган айым менен анын жан сакчысындай, сымбаты келишкен, чымыр денелүү, сулуучасынан келген, тимеле Депардьенин жаш кезиндегиге опокшош, зыңгырай кийинген, айтор, кебете-кепшири лорд менен тоту куштун аралашмасынан жуурулгандай жигит түшөт. Экөө кирип келип кичинекей үстөлгө отурушат, гарсон күмүш патнуста бир кесим кара нан менен кырына чейин арак мелт-калт куюлган […]

Дилазык: Бейишке карай жол

Ажалга чалгынын эмне кереги бар экени жөнүндө уламыш. — Сиз устасызбы? Арт жагынан күтүлбөгөн жерден үн угулганда, Василий чочуп кетти. Устаканасынын эшиги ачылганын же кимдир-бирөө киргенин сезген эмес эле. —  Эшикти кагып кирсе болбойбу? — деп оройлоно жинденип жооп узатты. Василий өзүнүн ыңгайсыз абалына жана  шыпылдаган коногуна жини келди. — Эшикти кагыппы? Мм… Ойлобоптурмун, — деген жооп угулду. Василий столдун үстүндө жаткан тамтыгы чыккан эски чүпүрөктү алып, колун аарчый баштады да, бейтаанышты кантип өз ордуна коюу керектигин ойлоп, артына кайрылды. […]

Эл өкүлү Нурбаевдин демилгеси менен уюшулган өспүрүмдөр конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланат

«РухЭш» сайты жарыялаган «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» деген темадагы республикалык мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн дилбаян жазуу боюнча чыгармачылык конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталып, алардын аты-жөндөрү “Маданият, тарых жана тил” телеканалы аркылуу 28-май күнү, саат 20-00дө түз эфирде жарыяланды. Төмөндө калыстар курамынын чечими менен жеңүүчү деп табылган окуучуларды тааныштырабыз: 1-орун (8000 сом). Аксы району, Кум айылы. №32 Орозбай Көчкөнов орто мектебинин 8-классынын окуучусу Жыргалбаева Айдай 2-орун (7000 сом). Алай районун Терек айылындагы К. Султанов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Жумабек кызы Перизат 3-орун […]

Михаил Зощенко: Романтикалуу окуя

АҢГЕМЕ “Турмушка утурлап” деген китептин автору, келбети келишкен сымбаттуу бир жаш акын курорттон татынакай бир бийкечти сүйүп калды. Ал кыз акын деле эмес эле, бирок качан болсун жан дүйнөсү поэзияга умтулуп турчу, ошон үчүн биздин акын ал кызга элжиреп кетти көрүнөт. Анын үстүнө кыздын келбети да сонун экен. Башкача айтканда,  кебете-кешпири акындын көксөп жүргөнүндөй эле бар экен, чиркин. Акын айткандай, ал жактагылар, тигил түштүк тараптагы кыздардын көбүнчөсү поэтикалык шыкка анча таасир бербей, кара торусунан келет экен.  А бул кыз ак […]

Залкарбек Назарматов: Кумурскалар согушу (конкурска №4)

АҢГЕМЕ Кээде табият кумурскаларга окшогон майда жандарды да биз үчүн  күзгү кылып жаратып койгон өңдүү. Биз үчүн алар чыныгы мээнеткечтиктин бирден-бир үлгүсү экенин тана албайбыз. А бирок табияттын мисалы ушуну менен гана бүтүп калбайт экен. Көрсө кумурскалардын биз билбеген, биз үчүн караңгы тарабы да бар тура. Кызыгы, барган сайын түгөнбөй ачылып, улам табылган табышмактар жандырмагы кайрадан жаңы табышмак болуп кетип бараткан, дүйнөдө ушул майда жандардын да дал өзүбүздөй кара мүртөз, жырткыч түрлөрү бар экени өтө таң калычтуу. Бардыгы термиттердин береги […]