<<<<< Башы

Ошенткени менен «Максим» ресторанына келчүүлөр күн сайын эртең менен бир нерсени көрчү болушту: кардай апакай люкс моделдүү «Ситроен» подъезддин жанына келип токтойт; андан курагы улуураактай сезилгени менен жамалы али да жайнаган айым менен анын жан сакчысындай, сымбаты келишкен, чымыр денелүү, сулуучасынан келген, тимеле Депардьенин жаш кезиндегиге опокшош, зыңгырай кийинген, айтор, кебете-кепшири лорд менен тоту куштун аралашмасынан жуурулгандай жигит түшөт.

Экөө кирип келип кичинекей үстөлгө отурушат, гарсон күмүш патнуста бир кесим кара нан менен кырына чейин арак мелт-калт куюлган хрусталь стаканды апкелет. Жигит ошол замат аны шыпкап жиберет да, артынан кара нанды жыттап калат. Анан тура калат да, гарсонду тумшуктан ары коюп туруп орусчасынан: «Эй айбан, ысылыгына дурусураак бирдеме таппай калдыңбы?», — деп ашата сөгүп калат. Гарсон тетиякка тоңкочук ата томолонуп кетет, ресторанда отургандар болсо бул оюнга чын дилден кызыга карап, шатырата кол чабышат. Ошентип ансыз да Париждеги эң бай, кымбат делинген ресторандын эртең мененки кирешеси ошол замат көбөйө түшөт. Анткени биринен бири уккан француздар мында тынымсыз агылып келип атканы, орус адамынын катышуусундагы, тагыраак айтканда, аткаруусундагы мындай экзотикалык оюн-зоокту көрсөк деп күсөгөндөрдүн саны өскөндөн өстү.

Ойдо жок жерден кирешеси көбөйгөн ресторандын кожоюну болсо буга чындап маани берип, алтургай, гарсонду кол каптай күндө алмаштырат. Бара-бара гарсон кылып, рингде мушташып жүргөн мурдакы боксчулардан чакырып коё баштаганы, бирок алардын бири да орустун барскандай муштумуна туруштук бере албайт. Кыскасы, бизнестин битин чыккан француз кожоюн: «Колорит а’ля рюсс! Бизде гана фирмалык тамак, убактысы саналуу, кыска гана мөөнөткө, келип көрүп калгыла!», — деп алдын ала жарыя да айтып турат.

Булар болсо жарым жылдан кийин экөө эки жакка ажырайт, балбан мекенине кайтат, айым болсо кайрадан жалгыздыктын кучагына киргенге аргасыз, баарынан оору – бул аял өмүрүндө бир да эркекти мынчалык сүйгөн эмес, андыктан таштап кетип калчу болсо, ансыз жашоодон кечип кеткенге да кайыл. Ажырашаар кезди ойлогон сайын көзүнөн жашы он талаа болуп куюлганы; мындай эркек жомоктордо гана болсо керек деп жүрбөдүбү ал, көрсө жашоодо да болот тура. Балбанга да мындай жайлуу жашоо ойда жаккан, килемде кара тер төгүп, казыналык ашканалардагы картөшкө менен капустадан башка ырыстуу азык жок  супсак тамакты талонго жеп, жатаканада жашагандан көрө бул жер анык бейиш эмеспи, бирок мекен деген мекен, парз деген бар, окуу программасы деген да бар эмес беле, виза да бүтүп баратат, айтор, артка кайтпаска арга жок. Анан калса буржуйлардын жашоосуна да кокосунан тойгондой эле болду жакшылап, жадай да баштады. Бирок бейиштегидей жашоо чын эле бар тура, антисоветтик пропаганда болсо бул жакты чириген капитализм деп келатпайбы, чирибей этпей эле, чыныгы жашоо ушулардыкы турбайбы…

Аял болсо чебелектейт, кылар аргасын таппайт, визаңды узатып берсем болобу? Бирок аның үчүн болгону советтик консулга бир гана кирип чыгып коюшуң керек, калган жагын өзүм бүтүрөм деп акидей асылып, жалдырайт. Сага кыйынчылыгы деле жок эмеспи жаным дейт. Балбан болсо: жинди болбочу, мен ансыз деле университеттен көрүнбөйм – бизде болсо патриотизм менен улуттук коопсуздук дегендер бар, сен КГБ эмне экенин уктуң беле деги? Анын чеңгели жетпеген жер жок, керек болсо сенин жумшак төшөгүңөн эмес, жердин жети катмарынан сууруп чыгат мени.  Бирок аялдын угаар түрү да жок, өзүнүкүн бергиси келбейт, эптеп алып калуунун камын көрсөм дегени деген, менин маркум күйөөм чоң кызматта иштеген, ишенимдүү адамдары толубатат, андайлар өзүмдө деле бар, ошондуктан аракет кылып көрөйүн, каршы болбочу… суранам, макул деп койчу деп атып жалынып жалбарганы. Дагы жарым жылга мындай жашоого балбан өзү деле макул, бирок аялдын колунан келбейт ко деп ойлойт, бирок анысын билдирбей, башта айткандарын дагы кайталап бааланымыш этет ого бетер.

Бейжайлана ээленип алган аял айтканынан кайтабы, тияка, биякка чапкылап баштайт, көрсө Франциянын тышкы иштер министри мунун күйөөсү менен классташ да тура. Андыктан эми бүтүндөй министрлик советтик консулдукка баланча мырзанын визасын дагы жарым жылга узатып берүү өтүнүчү менен кайрылат, ал өтүнүчтө советтик-француздук достук мамилелерин өнүктүрүү зарылдыгы, анан да балбан тимеле баа жеткис адис, азыр кетип калса, Франция мындай адамга абдан муктаж болот деп айтылган. Кайрылуунун бир нускасы жердешчилик жамаатынын төрагасына да жиберилет, балбандан кечээ эле тумшукка бирди жеп, пара кылып берген миң франк акчасын чөнтөккө урган төраганын макул болбоско аргасы барбы. Ток этери – ошентип балбан дагы жарым жылдык бейишти Францияда уланта турган болду.

Андан аркы жашоосу тимеле түшкө кирбеген жомок: акчасы батпаган жалгыз бой айым ага Диордун дүкөнүнөн тандап кийим кийгизип, эс алганы Ницага алып барып турат, балбан бара-бара кофени тикесинен турган ордунда мурдакыдай шоркурата шыпкап жибербей, төшөктөн турбай, кыңая чалкалай отуруп ичкенди үйрөндү. Келишкен жигит, тимеле Апполон кудайдын жаш кезиндегиси, жашы болгону жыйырма жетиде, кара күчү ашып турат, маа демектен айгыр кылып бээлердин бир үйүрүнө салып коё бер. Айтор, балбан бул жердеги жашоонун кыныгын абдан алганы, баркы жогору экенин билген соң өнөрү ого бетер чыкты, кээде айымды төпөштөп да коёт, мунусуна жетине албай кубанган айым «Оо, азиялык ышкынын күчүн карачы!», — деп тимеле сүйүнгөнүнөн жинди болуп кете жаздайт. Балбан болсо андан бетер эркелейт, менин жеке массажчым болушу керек, анан да Монте-Карлого алып барып, казино ойнотуп келип турушуң керек деген талапты коёт айымга, махабаттан башын таптакыр жоготкон ал байкуш  баарына макул, баарына даяр.

— Ооба, — дейт ал эркекчесинен ток этер жерин айтып,- сага жашыраак болгонуңда үйлөнүп да алат элем, бирок жашың улуу, өзүң түшүнөсүң да калганын…

Андан ары балбан экөөнүн достугу бекем болуп калышы үчүн мындай планды сунуштайт: айым ага жаш кыз таап үйлөндүрсө, үчөө чогуу жашай беришмек. Парижиңерде андайлар толтура болсо керек дейт.  Бирок мындай план айымга жага берген жок, дегеле анын өзүнүн да үй-бүлө курганга куштарлыгы жок болчу, анткени байлык мүлктүн баары колунда турбайбы, кимдир бирөөгө жарымын бергиси келеби.  Мындай шумпайларга ии деп койсоң, эчкини тамаркага коё бер, анан көрөсүң дегендей эле кеп болуп атпайбы. Баары жоктун баарын отоп кетпейби…

Ошентип бир жыл зуу деген бойдон өтүп кетип, Париждин Орли аэропортундагы жүргүнчүлөр мындай көрүнүшкө күбө болушат: самолёттун тепкичинен асемдүү кийинген жаш жигит чыгып баратат, ага жабышып алган сымбаттуу зыңгыраган айым көз жашын көлдөтүп, улам асылып бетинен өпкүлөп барат, ала-чолодо советтик туристтердин оозун ачыра орустун ашата сөгүнгөн оттуу сөздөрүнөн да кошуп коёт, ага таң калып, кубанган советтик адамдарды байкаганга чолосу да жок, анын баарын балбан үйрөткөн.

Кызыктын баары балбан мекенге кайтып келгенде башталды. Көрсө, бир жыл ичинде француз тилин шумдук мыкты үйрөнүптүр! Болгондо да Париждин тили менен таптаза сүйлөп калыптыр, сөз байлыгы да укмуш, тилинен тимеле чаң чыгат дейт. Албетте, укмуш мектептен өтпөдүбү ал жакта, орусча ашата сөгүнгөнү гана болбосо башка бир ооз сөз айткан жок. Тил үйрөнүүнүн мындай усулун кезинде атактуу акын Байрон өзү жайылткан тура.

Партиялык бюронун катчысы мунун баарын партиянын сиңирген эмгеги деп отчётунда көрсөттү: партия мыктылардын мыктысын тандаган деди. Адистер практикада өзүн жакшы жагынан көрсөттү, ошондуктан силер студенттерди бул жакта жакшы үйрөтпөй жатасыңар жолдоштор деп, кафедранын мугалимдерин да четинен кагып, сындап өттү.

Айтор, натыйжада ойдо жок жерден француз тилин шыпырылта сүйлөгөндү үйрөнүп алган кеңкелес балбанды партиянын мүчөсү, мыкты спортчу, Сорбоннадагы стажировкадан да ийгиликтүү өтүп келди дешип, эй, жадагалса, муну дагы бир жылга калсын деп Франциянын тышкы иштер министрлиги өзү өтүнүп кайралбадыбы дешип ай-асманга көкөлөтө мактап атып, окууну аяктаган соң аспирантуруга тапшыртып, кафедрага мугалим кылып калтырып коюшту. Кийин илимий даражага жетиш үчүн кандидаттык эмгек да жазып беришти. Азыр да балбан ошол окуу жайда чет тилдер кафедрасын башкарып атат, Парижди да эстеп коёт экен, анан да балдарга айткан насааты бул: филфакта башкысы – дене-тарбия жагың мыкты болсо болду, ошондуктан мына бул окуу китептерине көп эле үңүлө бергенден майнап чыкпайт деп коёт дейт. Баарынан кызыгы, ал сүйлөгөндү билгени менен французча жазганды да, окуганды да ошол бойдон үйрөнө албаптыр дешет. Бирок профессор деген наамы бар имиш.

Кылыч бийи

Советтик музыканын тарыхы «Европейская» мейманканасынын бешинчи кабатындагы буфетте жаралган. Бул дүйнөдөгү эң музыкалык шам-шум эте турган жай эле. Так тушунда, көчөнүн аркы өйүзүндө филармония жайгашкандыктан, музыканттар репетиция алдынан жана андан кийин кээде репетициянын ордуна да тынбай буфетке чуркап келип турушчу.  Келген сайын аспаптын кылдарын тытчу манжалары ийкемдүүрөөк болгондой, көңүл кушу да көкөлөп турар эле.

Бул бара-бара салтка айланып калган иш болчу. Бул жерле иштеген буфетчилердин кимиси болбосун, музыканттардын турмушу жөнүндө Ленфилармониянын деректиринен же композиторлор Союзунун катчысынан дурусураак кабардар эле. Музыканттарды бул жердегилер жакшы билишчү жана алардын апенди жоруктарына көз жуумп коюшар эле, чыгармачыл адамдардын баары эле келесоо чалыш келишерин, анан да бул музыканттар шаардын атагы менен даңкы экенин буфетте иштегендер андан сонун билишчү. Келгендер эмне жейт деген маселе жок эле, болгону санын эсептеп туруп, баарына коньяктан жүздү куюшар эле, жумуштан кийин болсо жүз элүү граммдан бастырып кетишчү, ал кезде жүз грамм коньяк бир гана рубль турар эле.

Театрлуу Москвага караганда Ленинград кыйла филармониялуу шаар болгондуктан, филармонияга мен деген кыйындын баары чогулуп турчу, мындагы айтылган кептер, талкууга алынган маселелер, окуялар анан бат эле Невага тарап кетчү.

Социалисттик Эмгектин Баатыры жана шайтан албаган сыйлыктын баарын эчак алып бүткөн атактуу композитор Арам Ильич Хачатурян да Неванын бурчундагы Бродский көчөсүндөгү бул буфетке көп келчү. Мында анын атайын отура турган жери да бар эле.  Бул адам Москва, ленинграддан тартып туулуп өскөн Арменияга чейин өз  киши эле, кайда барбасын сый-урмат менен тосула турган, мартабасы балант киши айтор. Анан да Франция менен Испанияга тынымсыз каттап, көбүнесе ошол жактардан башы чыкчу эмес…

Ошентип бир жолу Испаниядагы ийгиликтүү гастролу аяктап калганда – испандар абдан музыка жандуу калк келет эмеспи, темпераменти күчтүү, оттой жалбырттаган музыканы айрыкча сүйүп баалашат, — гастролдун уюштуруучулары Хачатуряндан Испанияда дагы эмнелерди көрүп, эмнелерди алгысы келерин сурашат, тартынбаңыз, сиздей улуу, мыкты музыканттын таманына гүл төшөп турсак аздык кылат, оозунуздан чыккандын баарын бажарууга даярбыз, бир гана жок дей көрбөңүз деп латынамерикалык дагы далай табы ысык, гүлдүү, кооз сөздөрдүн башын айтып, акидей асылышат.

Хачатурян болсо улуу өнөрпоз, мүнөзү да карапайым, ченемсиз атак-даңкын татыктуу көтөрүп жүргөн адам. Эң эле жакшы көргөн ичимдиги бөдөнөнүн сүтү — «Арарат» деген аты бар армян коньягы, ошондон гана ууртап коймойу бар. Эми минтип испан туугандар пейилин кенен салып, каш кабагы менен айланып турганда улуу музыкант буга эмне демек. Бир азга ойлоно калат да анан: мына ушул ченемсиз сыйкор, меймандос Испания өлкөсүндө менин эч кандай каалоом деле жок, болушу да мүмкүн эмес, бирок мында 20-кылымдын теңдешсиз кыл калем чебери Сальвадор Дали жашайт, дүйнөлүк атактын туу чокусунда турган ал киши менин да кумирим. Мүмкүн болсо эгерде, ушул инсан менен таанышсам деген да каалоом бар, ушу кишиге жолуктурсаңар, ага ызатымды көрсөтүп, эстеликке кол тамгасын алсам дейт.

Муну уккан испандардын кебетеси өзгөрүп, оң бутунан сол бутуна ооп туруп калышат, анткени Дали эч ким алдын ала билип болбогон, каалаганын жасап жиберчү  апенди мүнөз адам, ал Хачатурянды кабыл алабы да жокпу, муну да эч ким айта албайт. Анүстүнө жашаган жери да ыраак – Америкада, Испанияга кез-кезде гана чочугансып келип калганы болбосо, келбейт деле.

Бирок болбой тургандай сезилген бул иш өзүнөн өзү эле бир чети жүрөктү түшүрүп, жеңил эле ишке аша турган болуп кетти. Океандын ары жагында жаткан Дали телефондон айтылган кабарды шашпай укту да: мен да улуу композитордун ышкыбозумун, аны өзүмдүн карапайым испандык жер кепемде кабыл алып, дидарлашуу мен үчүн да айтып бүткүс оомат, качан жетип барайын, ушул да кеп бекен, албетте барам. Мындай бир келген бакыт үчүн болгон ишимдин баарын таштап салууга даярмын, деги картаң, эч кимге кереги жок абышканы бул жерде ким издемек эле, эртең түшкү саат экиге жетип барам, ошентип айтып койгула Хачатурян мырзага, мына азыр эле машинеге отуруп, аэропортту көздөй жол тартам дейт. Анан да минтип кошумчалайт: эгерде гениалдуу композитор Хачатурян төрө жолугушууга макул болсо, анда карапайым шыбакчы, жашоодон жолу болбогон Дали буга өмүрү өткүчөктү бактылуу болмок. Дүйнөлүк музыканын жаркыраган жарык жылдызы мен сыяктуу бир бечарага көңүл буруп жатканына жетине албай, уккан кулагыма ишенбей  да турам дейт.

Анын айткандарын Хачатурянга жеткирип которуп берип аткан тилмечтин да эси ооп, Хачатуряндын атагы ааламга жайылып кеткенине дагы бир ирет таң калып, Далинин айткандарына кулап түшө жаздайт. Ойго келе турган ишпи! Керек болсо кайсы президентти болбосун, реклама үчүн эмес, манайына жараша турчу ары деп жиберип койчу Дали минтип Хачатурянга өзү суктанып, баалап, жолугушууга атайын учуп келе турган болуп атпайбы!

Ошонун эртеси эле күнү  болжошкон убакытка жакын мамлекеттик класстагы эки лимузин Хачатурянды жардамчысы, тилмечи жана катчысы менен кошо чогуу Далинин апакай мармар таштан салынган заңгыраган мавритандык сарайына жеткирет. Жалтыр-жултур алтын топчулуу бешмантчан сакчылар менен кызматчылар тосуп алышып, дарбазаны ачышат да кожоюн келгенин, бирок ал Хачатурян менен бетме-бет отуруп гана, ээн-эркин дидарлашкысы келерин, котормочунун да кереги жогун, анткени монсеньор Далинин аялы орус экенин айтышат да,  кимиңиздер сеньор Хачатурян болсоңор, ошонуңар гана ичкериге мархамат дешет.  Беркилер болсо аргасыз сыртта калышат, бирок Далинин кулк-мүнөзүн жакшы билгендиктен, буга таң калышпайт.  Келген машинелерине түшүп алып кайра кете беришет, анткени Хачатурянды Далинин машинеси кайра жеткирип да коёрун жанагы сырттагы сакчылар эскертишкен. Ошентип конокту килейген ак залга киргизип отургузуп коюшат да бир эшикти көрсөтүп, сеньор Дали мына ушул жактан өзү чыгып тосуп алат деген бойдон көздөн кайым болот.  Айланасын караган Хачатурян ичинен: кап, падышанын кан сарайындай болгон бул жерге смокинг кийип келсем болмок экен деп өкүнгөнсүп калат, муну эч ким эскертип койбоптур да. Анан калса ал өзү да Далиден атагы кем эмес улуу инсан эмеспи. Эмнесинен тартынат.

Ошентип Хачатурян туштагы эшикти карап коюп килейген залда жалгыз отурат, жанындагы үстөлдүн бети толтура дүйүм тамак, ичинде койкоюп армян коньяганын эки-үчөө койкоёт. Хачатурян чачын сылап, галстугун оңдоп, ичинен айта турган мактоо сөздөрүн дагы бир ирет жакшылап кайталап калат.  Жолугушуу саат экиге делинген.

Сааттын жебеси экиден он мүнөт өткөндө композитор Дали ана мына чыга калат деп эшикти тикирейе тиктеп калганы. Жыйырма мүнөт өткөндө ал отургучка жайлаша орношуп, жашиктен сигаранын бирин сууруп чыгат. Эки жарым болгондо ичинен бир аз кыжыры келе баштайт, — саат экиге дебеди беле, кайда жүрөт жоголуп! — коньяктан рүмкөгө куюп туруп, ичип жиберет да жүзүмдөн термелеп жей баштайт.

Саат үчкө кетип баратат. Этикеттин бузулганы ушул эмеспи.  Айбанчылык деген эмеспи бул! Ал эмне, жаш бала бекен, жалдырап күтүп отургудай? Ордунан туруп галстугун бошотуп коюп залдан ары-бери кадамдай баштайт. Алтын капастагы павлин кушка карап аны сөгүп коёт, ары жок, келесоо куш десе, эшектен бетер кыйкырат да тимеле! Саат дагы бир жолу какты. Бүттү. Ушинтип кантип болсун, акыл-эси соо немеби деги мунун? Саат туура үч болгондо чыгып кете берем дейт ичинен кыжырдана сөгүнүп. Улам ууртап ичип атып кыйналып да чыгат, табарсыгы толуп. Же дааратканасы кайда бул жердин? Эшик атмайдын баары жабык. Улам бирин тарткылайт.  Аргасы куруйт. Бул шылдыңдагандык эмеспи! Жо, кетиш керек! Рүмкөгө ичимдиктен толтура куюп дагы бир жолу согуп жиберет Хачатурян.  Балким Дали келбей калдыбы? Келди дешпедиби эми эле, анан бул кылганы эмнеси? Курсагы да ачып чыкты, атайын тамак ичпей келбеди беле, бул жерден ичем деп. Бирок жылас алгыр даараткана деген кайда? Эшиктин баары жабык, кайда барып табарсык бошотот эми?..

Пакене бойлуу композитор сөгүнүп, мыртыйган кыска буттары менен зал ичинде тыпылдап ары-бери чуркайт. Даараткана жок, алын сураар тирүү жан да жок. Саат төрт болгондо эмне болсо ошол болсун, урган жери жок, шымына сиймек беле, тигине ваза дегенден көп нерсе жок экен, бирин алат да, табарсыгын бошотмок болот. Сааттын жебеси ура баштайт, бир, эки… Вазадан бирди тандап алып, эми эле шымынын топчусун чечип, шырылдатып киргенде сааттын жебеси төртүнчү ирет даң урат: так ошол кезде музыка ойнолуп, туштагы ачыла берген кенен эшиктен “Кылыч бийи!” деп бакырган бойдон энеден туума жылаңач Салвадор Дали пол сүргөн швабра жыгачты ат кылып минген бойдон атып чыкса болобу!

Ошентип кылычын төбөсүнө булгалаган бойдон кыйкырып-өкүрүп алган Дали башка туштагы эшикти көздөй чаап өтөрү менен эшик ачылып жабылат да, ошол бойдон кирип кетип жок болот.  Музыка да тып басылат. Алиги азем уюштуруучу неме чыга келет да,  кабыл алуу аяктаганын кабарлап, шымы шыпырылып, оозу ачыла нес болуп калган Хачатурянды кете бер дегенсип, сыртка жаңсайт.

Таштай каткан композитор эс-учун араң жыйнап, сийип салган суу шымын көтөрүп кийет да сыртка чыгат, ал жерден ага сарай кызматчылары Далинин алтын мукабалуу альбомун белек катары сунушат.  Машинеге отургузушат да, мейманканга жеткирип коюшат.

Жолдо келатканда да гана кичине эсин жыйган Хачатурян караса, альбомду мыкчып алган экен, бул ыплас нерсени терезеден алыс ыргытайын деп барып кайра ойлонуп калат.

Отелге жеткенде эми ага жабышып, эки дөө-шаанын жолугушуусу кандай өткөнүн сурамжылап, башын ооруткан адамдын көбүн айтпа. Эмне демек, искусство туурасында бирдемелерди күңк-мыңк айткан болуп, эптеп кутулат. Кызыктын баары ошол эле күнү кечинде башталат.  Испаниянын кечки гезиттери болгон окуяны баштан аяк ширесин агыза, чып-чыргасын коротпой жазып чыгышат. Салвадор Далинин өзү да маек куруп, анда алыскы жапайы Россиядан келген советтик коноктун наркы жүз миң доллар, алты жүз жылдык тарыхы бар коллекциялык вазаны күлтүк (горшок) катары колдонгон жоругун сыпайы кечиримдүүлүк менен келекелеп, согуп кетиптир.

Ошондон кийин советтик улуу композитор Арам Хачатурян Испанияга экинчи баргыс болгон дешет.

(Уландысы бар)

Кыргызчалаткан: журналист- котормочу Бахтияр ШАМАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.