«Тартууга тыйын алсаң, кадырың да тыйынга арзыйт»

Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт. Жолду көрбөй жок болушат акыры, Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт… (Шайлообек Дүйшеев) Адамзат жаралгандан тартып, нечен доорлор өтүп, канча кылымдар кудум сууга сиңген кумдай белгисиздикке чөгүп кетпеди дейсиң. Адам баласы табигатынан эркин төрөлүп, бирок канчалык жер бетинде саны артып көбөйгөн сайын, ошончолук уюмдашып, коомдошуп, адегенде топ-топ, андан кийин уруу-уруу, айыл-айыл, бара-бара он миллиондогон калк жашаган чоң шаарларды курушту… Буга жараша, ар бир топтун, ар бир уруунун, ар бир айылдын, шаарлардын, анан барып […]

Корей эл жомогу: Тамеки жөнүндө уламыш

Укканыбызга караганда илгерки бир заманда Кытайда татынакай бир кыз жашаптыр. Шайтан азгырганбы, же өзүнүн табияты ошондойбу, же башка да себептери барбы, айтор бой жеткенде бардык эркектер менен өбүшүп чыгууну кыялданчу болот. Андай кыздын жолу кыска да, бул кыялын орундатып баштаганда эле ата-энеси ордуна коюп, бир зөөкүр чалыш жигитке турмушка узатып жиберишет. Ошентип баягы кыялы кыял бойдон калат, бирок көңүлүндө жашап жүрө берет. Жанагы зөөкүр чалыш күйөөсү менен аз жашадыбы, көп жашадыбы, балким бактылуу жашашкандыр ким билсин, айтор адам түбөлүк өмүр […]

Салижан Жигитов: Көркөм сөздүн шаасы

<<<<<< Башы Ошентип, тентек жаны бар, албуут ышкысы бар, тоодой дымагы бар дөөлөттүү жаш жигит бирде духовный жана моралдык өнүгүштүн көкөлөгөн бийигине кол сермеп, бирде тирүүлүктүн пас тартма азгырыктарына башы менен сүңгүп кирип, эки арада чайналып, жанын жанга ура изденип, тынчы жок, онбу-донбу, өөдүк-сөөдүк өмүр сүрүп жүрөт. Дал ошол учурда Толстойдун Кавказда аскердик кызматта жүргөн офицер агасы Николай Николаевич Москвага келип калат. Ал жатындаш инисинин турмуштан ордун таппай, туура жолдон адашып, эмне кыларын билбей чебеленип жүргөнүн көрөт да, аны өзү […]

Искендер Ормон: Мусулмандар мусулманчылыкта артта калды

“…Кайсы-бир коом өз абалын өзгөртмөйүн Аллах ал коомду өзгөртпөйт..” Рад сүрөөсү, 11 “Европадагылар биз ишенген исламдын баалуулуктары менен жашайт экен…”  деп түрктөрдүн улуттук гимнин жазган улуу акын жана ойчул Мехмет Акиф Эрсой осмондук империянын акыркы күндөрүндө Европага болгон саякатынан кийин сөз кылганы бар. Ошол эле мезгилдин каарманы, азыркы Пакистан өз алдынча мамлекет болгонго чейинки аймактан чыккан  философ, акын жана жазуучу Мухаммед Икбалдын, “мусулмандар дүйнөгө өздөрүнүн исламдын өкүлү эмес экендигин жана мусулмандарга карап бул динди баалабаса туура боло тургандыгын түшүндүрө алса, […]

Таң Боху желпигич сатат

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндү бермекчибиз. “Миң доорунун төрт талантынын” бири атагын алган Таң Боху[1] саякаттаганды абдан жакшы көрчү. Бир жолу жайында Сиху көлүнүн боюнда сейилдеп жүргөн Таң Боху жээктеги шарапкананы көрүп, кичине ичүүнү чечет. Бирок керектүү өлчөмдө шарап ичип, капчыгын алып караса эле анда бир да тыйын жок болуп чыгат. […]