Укканыбызга караганда илгерки бир заманда Кытайда татынакай бир кыз жашаптыр. Шайтан азгырганбы, же өзүнүн табияты ошондойбу, же башка да себептери барбы, айтор бой жеткенде бардык эркектер менен өбүшүп чыгууну кыялданчу болот. Андай кыздын жолу кыска да, бул кыялын орундатып баштаганда эле ата-энеси ордуна коюп, бир зөөкүр чалыш жигитке турмушка узатып жиберишет.

Ошентип баягы кыялы кыял бойдон калат, бирок көңүлүндө жашап жүрө берет. Жанагы зөөкүр чалыш күйөөсү менен аз жашадыбы, көп жашадыбы, балким бактылуу жашашкандыр ким билсин, айтор адам түбөлүк өмүр сүрбөгөндөн кийин бул аял да акыры көз жумат. Ошондо баягы кыз кезинде жаралып, өмүр бою унутулбаган кыялы орундалат. Анткени анын мүрзөсүнө кадимки тамеки өсүп чыгып, буркураган жыты менен адамдарды өзүнө тарта баштайт.  Өзгөчө ага эркектер кызыккандыктан куураган жалбырагын ушалап кагазга ороп чегишчү болот. Демек аны менен өбүшөт.

Ошентип кыздын кыялы ал өлсө да орундалып, бардык эркектерди багындырып алат. Ошондон улам аялдар күйөөсүнүн тамеки чеккенин жактырбай, башка аялдан кызганып келишет. Көрсө кайгыда да, кубанычта да тамеки дегениң эркектин көңүлдөшүндөй болуп калыптыр…

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.