“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндү бермекчибиз.

“Миң доорунун төрт талантынын” бири атагын алган Таң Боху[1] саякаттаганды абдан жакшы көрчү.

Бир жолу жайында Сиху көлүнүн боюнда сейилдеп жүргөн Таң Боху жээктеги шарапкананы көрүп, кичине ичүүнү чечет. Бирок керектүү өлчөмдө шарап ичип, капчыгын алып караса эле анда бир да тыйын жок болуп чыгат. Ал эки жагын арга издей карап, эч бир таанышын көрө албайт. Андан кийин жогору карап “Карызга куйбайбыз!” деген жазууну окуп ого бетер аргасы кетет. Ушинтип тынчсыздана түшкөндө чекеси нымшып, колдогу желпигичи менен желпингенинде башына бир ой келип сүйүнөт, үнүн көтөрө сүйлөйт:

— Желпингич сатам!

Муну угары менен бир киши жанына басып келип, желпингичин колго алып ачып карап көрүп, жактырбаган түрдө:

— Желпингичиңдин сүрөтү таптакыр түшүнүксүз экен, автору ким экени да билинбейт, мунуң бир тыйынга да арзыбайт! — деп корсулдай сүйлөп, желпингичти жерге таштап басып кетет. Таң Боху бул орой мамилеге жини келгени менен сабыр кармап желпингичин сатууну улантат.

Мындан соң ага окумуштуу кебетеленген бир киши басып келип желпингичти кунт коё карап, алаканын чаба кубанычтуу сүйлөйт:

— Сонун! Сонун! Абдан жакшы! Чыныгы чебер колдон чыгыптыр! – деп эми желпингичтин ээсине көңүл коё карап анан сурайт: — Улуу урматтуум, чын эле сиз “Түштүктүк чыныгы талант” Таң Бохусузбу?

Таң Боху эч кандай жооп айтпай жылмайып гана койду. Бул сүйлөшүүнү угуп шарапканада отурган эл жандана түштү, алар улам бирден келип желпингичти көрүп, ал үчүн көп акча сунуштай башташты. Бирок Таң Боху аны алиги илимпозго сатты. Ал жанынан 10 лиаң гана акча таап өкүнүчтүү сүйлөдү:

— Менин жанымда ушул эле акча бар экен, желпингичиңизди сатып ала албайт окшоймун.

— Сен көзү курч, баамчыл киши экенсиң, сага мен ыраазы болдум. Бул желпингич сеники. Акчанын мааниси жок! Ичкеним үчүн 5 лиаң төлөсөң болду!

Арзан бирок баалуу желпингичтүү болгон Сүцай Таң Бохунун колунан бекем кармап, ыраазычылыгын билдирди. Баятадан бери болуп жатканга баам сала карап турган алиги киши колун бооруна алып, күнөөлүү түрдө күлүп кечирим сурады:

— Сиздин улуу талант, чоң окумуштуу экениңизди билчү элем, бирок азыр тааныбай калыптырмын. Өзгөчө сиздин кол койгонуңуз кайталангыс. Тааныбай орой мамиле кылганым үчүн кечирип коюңуз! – деп Таң Бохунун жанына отурган ал дагы шарап жана тамак буюртма кылып, улуу акын менен желпингичтин жаңы ээсин сыйлай баштады. Жетиштүү ичип-жеген Таң Боху кетмекчи болуп ордунан турганда байбача андан өтүндү:

— Бир сөз бар отура туруңузчу.

— Эмне сөз? – сурады Таң Боху.

— Мырза мага желпингичин кайра сата алаар бекен?

— Бул мүмкүн эмес!

Байбача ыңгайсыздана түшүп, кайра чечкиндүү үн катты:

— Мен миң лиан төлөйм.

Бирок Таң Боху анын сөзүн укпагандай түрдө сыртты карай жөнөдү. Буга шагы сына түшкөн байбача артынан кыйкырды:

— Анда жеп-ичкениң үчүн өзүң төлө!

Босогону аттаганы калган Таң Боху кайрыла берип жооп берди:

— Сен өзүң сыйлабадыңбы мени, андан баш тартпаган бизге кайра рахмат айтышың керек!

Муну уккан шарапканадагылар бүт күлүп жиберишти. Таң Боху жаш окумуштууну коштоп сыртка чыкты.

Орус тилинен которгон Кубанычбек Аркабаев

[1] Таң Боху (1470-1535-ж.ж) – атактуу акын, каллиграф жана сүрөтчү. Өзгөчө сүрөттөрү менен бүт өлкөгө атагы чыккан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.