Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,
Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.
Жолду көрбөй жок болушат акыры,
Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт…
(Шайлообек Дүйшеев)

Адамзат жаралгандан тартып, нечен доорлор өтүп, канча кылымдар кудум сууга сиңген кумдай белгисиздикке чөгүп кетпеди дейсиң. Адам баласы табигатынан эркин төрөлүп, бирок канчалык жер бетинде саны артып көбөйгөн сайын, ошончолук уюмдашып, коомдошуп, адегенде топ-топ, андан кийин уруу-уруу, айыл-айыл, бара-бара он миллиондогон калк жашаган чоң шаарларды курушту…

Буга жараша, ар бир топтун, ар бир уруунун, ар бир айылдын, шаарлардын, анан барып мамлекеттин өз эрежелери, мыйзамдары иштелип чыгып, адамзат тартипке, мыйзамга баш ийип жашаганга үйрөндү. Жасаган жакшы ишиң болсо коом сени алкап алга сүрөсө, бузукулук, кыянаттык иштериң үчүн адам коому сени жерип, күнөөңө жараша жаза ала турган болдуң…

Мына ушул адамзаттын тарыхында не деген өкүмдарлар өтпөдү. Кылычынан кан тамган Чыңгызхандан тартып, кечээги сан миллион адамдын өмүрүн мойсогон Гитлер, Наполеон, Сталиндерге чейин… Тарыхка кылчайсаң, жакшы ишинен да өкүмзордугу, ашынган каардуулугу, адилетсиздиги менен атын тарыхка калтырган падышалар көп болгондой туюлат. Арийне, адамзатынын табигаты, бийликтин табигаты мына ошондой окшобойбу. Бийликке жеткиче “элим эле элим” деген адам бийликке жеткенден кийин ошол элин оп соргон ажыдаарга айланат да калат.

Бирок… кытай жол башчысы Си Цзиньпин андай падыша эмес. Ал дал ошол биз макалабыздын башында берген кыргыздын кыраан акыны Шайлообек Дүйшеевдин ырындагыдай “жолду көргөн падыша”, “өлбөй турган падыша”. Мен буга жакында Бишкек шаарында өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясынан даярдалып жарыкка чыгып жана бет ачары болору болжолдонуп жаткан Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин мырзанын “Си Цзиньпин тарыхты баяндайт” аттуу китебин которуп жатканымда ынандым. Китепти Си Цзиньпиндин өзү жазган деш да туура эмес болор. Тагыраагы, кытай президентинин өлкө ичинде жана башка мамлекеттерге барганда сүйлөгөн сөздөрүнө кытай өкмөтүнүн расмий органы болгон “Жэньмин жибао” гезитинин редакторлору түшүндүрмө берип жүрүп олтурушат.

Кытай жол башчысы эмне дейт? Си Цзиньпин дайым эл алдына чыгып сүйлөгөндө кытай мамлекетинин тарыхына, каада-салтына, эл жашоосуна кайрылып, андагы урунттуу окуяларды бийликте турган аткаминерлерге, эл башкаргандарга сабак болуусу үчүн айтаар сөзүнүн башына коюп, андан ары сөзүн улантмайы бар. Анын мунусу, арийне азыркы жана келечек муун өткөнүбүздү унутпайлы, бизге чейин жашап өткөндөрдүн асыл ойлорунан топтолгон булактан биз да кана ичип, ал булакты кийинки муундарга өткөрүп берели, сөзүмдү угуп отурган аткаминерлер, бийлик башындагылар ысымы тарыхта калган изги адамдардын жашоо жолунан, өзүнөн элди-жерди бийик койгон асыл сапаттарынан үлгү алгыла дегендегиси чыгаар…

Айтор, кытай жол башчысынын китебин которуп да, редакциялап да олтуруп, анын чыныгы жол башчылык сапаттарына миң суктанып, миң үшкүрдүм. Көөдөн жарган үшкүрүктүн себеби – биздеги, Кыргызстандагы аткаминерлердин элге жасаган төрөпейил мамилеси, көр дүнүйөнүн артынан түшкөн ачкөздүгү, көөдөндөрүнө чырак жаксаң жаркыбас караңгылыгы чыгаар…

Мына ушул биздин бийликтегилер да дал ушул китепти окуп чыгышса, азыраак болсо да көрөңгөсү, уюткусу барлары сабак алаар, ойлоноор, толгоноор…

Же биздин төрөлөр алда небак китеп окушпай калганбы?..

Канткен күндө да кытай менен кыргыз экөөсү тең улуу эл, байыркы эл. ЖК депутаты Каныбек Иманалиев айткандай: “Кытай кагазды жаратса, кыргыз Сөздү жараткан”. Жакшылыктан үмүт үзбөйлү.

Бийликте тургандарга күмүш сырга

(Жыйнактагы ойлордон)

Болгону бир чака дан же күрүч алдыңбы, болду, сенин жакшы атыңдын жок болгону ошол.

Бул майда тыйын же бир аз акча деп ойлойсуң, а бирок – бул элдин тери менен каны.

Тартууга жез тыйын алсаң, элдин көзүнө эми жез тыйынга да арызбайсың.

Жыргал жашоо – кадыр-баркыңа келтирген зыяның.

Эгерде мунун баары абийирсиздик менен табылбаган болсо, анда бул байлыктын баары кайдан?

Саясаттын максаты – эл жыргалчылыгын камсыздоо, ал эми эл жыргалчылыгын камыз кылуу эрежеси анын азаптарына көңүл бурууда турат.

Адилеттүүлүк – тамыр, нравалык тарбиялоо – негиз.

Императордон тартып, жөнөкөй адамга чейин эң башкысы, өзүн-өзү өнүктүрүү.

Аткаминер болуу – урмат эмес, кызматтан кетүү – уят эмес, абийирсиз аткаминер пайдасыз, аткаминер бардык жерде мыкты болушу керек.

Атүгүл феодалдык доордо да аткаминерлер бул эрежелерди түшүнгөн, биз, коммунисттер, адеп-ахлак жагынан алардан да бийик болушубуз абзел.

Адегенде өзүңдү-өзүң өнүктүр, андан кийин гана башкаруу менен алек бол.

Убактылуу ийгиликке умтулба!

Кыйкырык эмес, жеке үлгүң менен башкар!

Тагор Кытайдан кетип баратканда кайгыруу менен мындай деген: “Менин жан дүйнөм ушул жерде калды”.

Чыныгы дос ал атүгүл сенден миң ли алыстыкта турса да жакын…

Тыюу салынган шаардагы алты муун шаан-шөкөттүү жашоо боюнча атаандашты, эң эле ысырапкерчиликке жол берилген жылдар династиянын акыркы жылдары болду…

Буюмдарга байланба, өзүңдү-өзүң аяба.

Жоопкерчилик – бул жумушуңду ак ниетиң менен акырына чейин аткаруу.

Эл сени кийинтет, ичинтет, элди алдаба, себеби сен да элденсиң.

Тамчы таш тешет.

Таштай катуу, суудай жумшак бол: таш бекем, ал эми суу ийкемдүү. Бирок акырында суу баары бир таштан жылжып агып өтүп отуруп акыры жеңишке жетет.

Окурман! Эгерде мына ушул кылым карыткан кытай элинин тарыхына кызыксаң, ал элдин жол башчысынын мамлекетти кара күчтүн эмес, жумшак акылдын, назик мээримдин жардамы менен башкаруу туурасындагы асыл ойлорун окугуң келсе, ушул жылдын 12-июнунда саат 16-00дө “Шанс” китеп дүкөнүндө өтүүчү “Си Цзиньпин тарыхты баяндайт” китебинин бет ачарына кел! Өкүнбөйсүң, өсөсүң…

Назгүл ОСМОНОВА

One Reply to “«Тартууга тыйын алсаң, кадырың да тыйынга арзыйт»”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.