Василий Бартольд: Караханилер[1]

Караханилер кайсы түрк элине таандык экендигин тарыхчылар бизге айтышпайт; бирок бул эл ягма болгон деп ойлоого негиз бар, алардын башкаруучусу Караханилердеги эң эле көндүм болгон Богра-хан титулун алып жүргөн. Мындай болгондо Чүй өрөөнүнө жаңы баскынчылардын кириши бул ирет түштүк тараптан болгон. Караханилер Чүй өрөөнүндө ислам динин тез кабыл алышкан. Бул окуя жөнүндө бизге уламыш кабарлар гана жеткен. Ибн ал-Асирде айтылган бир уламыш боюнча исламды биринчи болуп Шабук (же Сатук) Кара-хакан алган, анын түшүндө ага асмандан киши түшүп келген жана ага […]

Редьярд Киплинг: Лиспет

АҢГЕМЕ Англис жазуучусу, акын жана новеллист. 1865-жылы Мумбаиде (Бомбей, Индия) төрөлүп, 1936-жылы Лондондо каза болгон. “Жунгли китеби”, Ким” жана башка көптөгөн аңгемелердин, поэтикалык чыгармалардын автору. 1907-жылы Нобелдик сыйлыкка татыктуу болгон. Сүйүүмдү өлтүрдүңөр! Эми мага шул кудайга сыйын деп айтпагыла! Үчтө бирөө? Бирде үчөөбү? Ишенбейм! Кайттым кайра өзүмдүн кудайыма. Сүйүүмө тоскоол болгон Христос жана Үчтүкө караганда. Кубат берет кайрадан алар мага. Ал кыз тоолуктардын кызы эле — атасы Соно энеси Жаде болчу. Ошол жылы жүгөрү өнбөй, Котгархдан алыс эмес, Сатледжа өрөөнүндөгү […]

Армян эл жомогу: Пахлаванын даамы-ай!

– Кайсы татты ширин, кайсы тамак даамдуу? – деген соболго ар ким өзүнө жакканын жерге-сууга тийгизбей мактады. – Йе, туугандар, койгулачы, – деп Сако чыкты. – пахлавадан өткөн таттуу жок. – А сен муну кайдан билесиң? – Кери Торос сурап калды. – Эгер билбесем, былжырабайт элем да, – деп жооп кайтарды Сако. – Эй, сен кайдан билмек элең? Ай-ай! – Магдесанц Арут сөзгө аралашты. – Пахлаваны өзүң жеп көрдүң бекен? – Жебесем да билем аны, – деди Сако мурдун көтөрүп. […]

«Лаппай, хопту» адат кылган Шаардык Кеңеш

Кечээ жакында эле Ош шаардык кеңешинин жыйырма биринчи сессиясы болуп, анда күн тартибине 12 маселе коюлган. Анда энергетика, токтомдорду жөнгө салуу, кайра карап чыгуу, айрым тармактарга акча бөлүп берүү боюнча маселелер депутаттар арасында абдан талкуу жаратмак түгүл заматта колдоо тапты. Албетте, алар да «бул маселе тармактык комитте каралган», «тиги да каралган, бул да бааланган» деген жүйө менен колдоп беришти. Көрсө, көпчүлүктүн санаасын санга бөлөп, айрымдарынын шилекейин чубурткан маселенин «лөгү»  акыркы маселе экен… Бул маселенин төркүнү мындай: муруңку мэр Айтмамат Кадырбаевдин […]

Сабахаттин Али: Айран

АҢГЕМЕ Айылдан станцияга кеткен жол, эриген кардан улам  баткак-чыла. Эки найзанын боюндай көтөрүлгөн күн, талааларды чулгаган кар үстүндө жылтылдап, көздү ачыштырып тийүүдө, ал эми жолдогу кирденген суу топтомдорун көрксүз сары өңгө айлантты. Чоң, алты кат желим  өтүгүн жылаңайлак буттарына кийген кичинекей Хасан, оң колуна кармаган челекти эс алганча  араңдан араң сүдүрөп келе жатты. Кээде сол колундагы цинктен жасалган кружканы жерге ыргытып колун  ачыштырбагыдай  иш жасагысы келди. Оозуна чейин айран толгон челектин кыры ар кадам аттаганда  тизесине тийип сыздатып, чыканагына чейин […]

Бексултан Мамытов: Эшек минген каарман жана эркиндикти сүйгөн «партизандар»

Убагында Англиянын колониясынан араң бошонгон Индия бүгүнкү күндө кино тармагы менен аларды бомбалап жаткан кези. Болливуддан дагы бир кино. Кинонун аты — «Индостандын «бандасы» же экинчи дүйнөлүк согушта абдан чоң жардамы тийген жергиликтүүлөрдөн куралган «партизандар»… АКШнын белгилүү экономисти айткандай, «зоордук-зомбулук менен бир өлкөнү аз убакытка кармап турууга болот, а экономика менен дүйнөнү багынтууга болот». Ар убакта амалкөйлүк адамдын алмашкыс куралы болуп бере алат. Анткени тарыхта канчалаган кудуреттүү кол башчылар амалкөйлүктүн курмандыгы болушкан. Мисал катары Гундардын падышасы Аттила римдиктердин аял менен […]

Кадыркул Өмүркулов: Акжолтой (шедевр)

АҢГЕМЕ Бир абышка-кемпир жашады. Экөөнүн сапсары аюусу бар. Сапсары аюу — Аяз мергенчиники. Анын аты ушундай. А кемпири Кумар болсо сапсары жырткычка калганда өзүн дайыма көрбөмүшкө, укпамышка салат да, кайра эле жыйырма жылдан бери сапсарыны угуп, көрүп жүрүп жадагандыгын айтат. Кычыраган кыштын бир күнү болчу, ал кезде Аяз мергенчи аталып күпүлдөп турган убагы. Ошол кычыраган кыштын ачыкпы, же бүркөкпү (эсте жок), бир күнүндө, сапсайган жырткычты Аяз үйгө жетелеп кирип келгенде, Кумар сапсайган өңүнөн чочудубу, ошондон көп узабай уул төрөгөн. Ошондо […]

Эвр Олжобай: Снежный шар

РАССКАЗ 1. Религия считает, что врожденного человеку благородства и порядочности может не хватать, и только убеждениями о расплате за грехи можно приструнить человеческий дух. До того как стало известно о Боге, миром правили сильные и жестокие. Их не могли одолеть, и тогда религия казалась спасительным кругом, она обещала, что высшая рука покарает сильных мира сего и поставит в один ряд всех, и тех кто превосходил физиологически. Сила и габариты перестали господствовать над миром. Этот мир не любит давать ответы, а […]

Кыргыз эл жомогу: Жибек пилла курту

Илгерки өткөн заманда ак көңүл, берешен, боорукер чал-кемпир жашаптыр. Экөө тең бала көзүнөн учуп жүрүп, далай жашка барган кезде уулдуу болушат. Карыганда көрдүк деп атын Картайган коюшат. Баласы ата-эненин ишенимин актап, кенедей кезинен тартып эмгекчил, сылык-сыпаа өсөт. – Улуудан уялып, кичүүдөн ийменет, – дешип, айылдагылар баланы абдан жакшы көрүшөт. Картайган жыл өткөн сайын эр жетип, күчкө кирип, ата-энесинин жүгүн азайтат, алардын колуна кол, бутуна бут болот. Атасы тобосун жазбай баласына аябай сыймыктанат. Турмуштары абдан оңолот. Ал жазында жарышып эгин айдап, […]

Аман Батырбеков: «Буттарым өлсө да, билимим өлбөйт»

АҢГЕМЕ Таңкы саат алты. Күзгүнү тиктеген галстукту колго алдым. Күзгүдөн зыңгыраган жигиттин шым костюмду баса кийип турганын көрүп, өзүм менен сыймыктандым. Галстук байлаганды агайымдан үйрөнгөн элем да, минтип ал да эсиме келе түштү. Ошентип, ал күнү агайымды күнү бою эстеп, ээрчитип жүргөндөй болдум. Компаниянын отчётторуна киришип бүтүрсөмбү дегем, бирок негедир колдорум агайым жөнүндө эки сөз болсо да, жазышымды каалап туруп алды. Эмесе… Ал кез мындан он жыл мурун эле. Мектептин чоңдорубуз, кожоюнубуз, кичүүлөр колдо, мектептин спорт аянтчасы, деги тегерегинин баары […]

Намык Кемал: Жалкоолук – өлүмдүн бир тууганы

Баш тартуу — кулдук, ишеним — эркиндик. Сезаи КАРАКОЧ ♦ ♦ ♦ Жок дегенде таң эрте үч  жолу эрте турган адам, сөзсүз бир күн ийгиликке жетет. Түрк макалы ♦ ♦ ♦ Төөнү жерден кулаткан бир тал чөп экенин унутпагыла. Рефики ♦ ♦ ♦ Тиктеп туруп үйрөнүүгө мүмкүн болсо иттер касапчы болмок. Түрк макалы ♦ ♦ ♦ Кар жааганын көргөнүңдө, карды көтөрүп турган жерди ойлоносуң. Ал эми жердеги бир карыш карды көргөнүңдө, кардын ичинде күйүп жаткан карды ойлоно аласыңбы?! Сезаи КАРАКОЧ […]

Салижан Жигитов: Бир лирикалык цикл

Кыргыз акындары алгачкы учурларда өздөрүнүн ички дүйнөсүнө тереңдеп кирбей, кайталанбас жекече сезимдерин таназар албай, ар кандай психологиялык абалдарын поэтикалык сөз менен фиксация кылбай, сырдаштык лирикасын көп жазбай келишкен. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар эле. Бир чети алар ал темалардан атайлап оолакташкан, анткени а кездеги коомдук жагдай алардан бүтүндөй саясий-агитациялык жана граждандык-публицистикалык ырларды талап кылган, анын үстүнө айыгышкан тап күрөшү жүрүп жатканда өздөрүнүн жекече сезимдерин алдыга чыгаруу аларга аябай ыңгайсыз да сезилген. Экинчи жактан, өздөрүнүн ички дүйнөсүн ойдогудай аңдап-билишке алар […]

Көчкөн Сактанов: Бул ким?

АҢГЕМЕ Табытта жатам. Бөлмө ичи жымжырт. Кээде гана эчкире солуктаган аял үнү кайгылуу жымжырттыкты бузат. Бул — аялым. Сырттан киши кирди. Кирди да калпагын астейдил колуна алып, кан-сөлсүз (жүзүмө тиктеп турду. Бул — жан кыйышпас досум Иманалы. Бир куурай минип чоңойгонбуз, бирге окуганбыз. Баарын жеңип, баарына чыдап, турмуштун жигердүү жемишине колубуз эми жеткенде минтип, мен кырчын мезгилимде кыйылып түштүм. «Сабыр эт досум,— деп табытта жатып аны жооткотом. Өлүм деген өлүм. Качып кутула албайбыз. А көрө менин жетим-жесиримди, жек-жаатымды жөлөп-таяй жүр». […]