Бирма эл жомогу: Төрт дүлөй

Бир күнү монастырдын башчысы бир кечилге айтты: – Кампага чычкан толуп кетиптир. Айылга барып бир мышык алып келчи. Ал кечилдин кулагы жакшы укпайт экен. Айылга келип кичинекей сиңдисин  ойнотуп отурган кызды көрүп, ага айтат: – Башчыбыз мени  монастырга балапан алып кел деп жиберди. Кыздын да кулагы укпайт экен, тигинин айтканына кыйкырып жиберди: – Баланы ким сураса да бербеймин! – деп аябай жини келип, колун булгалап жиберди. Кечил да каарданып кыйкырды: – Сен кудайга кызмат кылган кишиге эмнеге ачууңду келтирип күнөөгө […]

Эмре Дорман: Бул өмүрдө сөзсүз жасалуучу 101 нерсе

Бул жашоого келээрден мурда өлүмгө даярданышыбыз керек. Акыркы убакта муну сөзсүз өмүр өткүчө бул жерлерди кыдырыш керек, бул кинолорду сөзсүз көрбөсө болбойт, деген жык-жыйма нерселер чыгып, модага айланды. Кудайга шүгүр, андай болсо дагы, адамдар бул дүйнө жалган экендигин жана бир гана чындык бул өлүм экендигин аңдап турушат. Бирок адамдар өлүмдөн кийинки жашоосуна даярданбастан, жалган дүйнөнүн кумарына, оюн-зоогуна алданып тузакка түшүп жатышат. Адам баласы бул жашоодо болбогон нерселерди максат кылып алган. Башкача айтканда, адам деген кээде чындап эле бул өмүргө эмнеге […]

Роза Отунбаева: Өлкө тагдырын бүгүнкү балдарыбызга калтырып кетебиз

  2030-жылга карата өнүгүүнүн глобалдуу күн тартиби БУУга мүчө болгон өлкөлөрдүн алдында туруктуу өнүгүүнүн 17 максатын коёт, алардын ичинде бардык чөйрөдөгү жакырчылыкты кыскартуу жана жоюу биринчи максат болуп саналат. Өткөн жыйырма жыл ичинде Кытайда кажыбаган эмгек менен жаратман ири программалардын натыйжасында жакырчылыктын кучагынан 600 миллиондон ашуун адамды сууруп чыга алышты. Партия менен өкмөт 2030-жылга чейин калган 70 миллион адамдагы жакырчылыкты жоюуну милдет катары коюуда. Дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бири  — Бангладештин жакырчылыкка каршы талыкпай жүргүзүп жаткан күрөшү таң калтырат. Акыркы жыйырма, отуз […]

Темирлан Бейшенов: Анын көздөрү…

ЭССЕ Анын көздөрү керемет көздөр. Жүрөктү “болк” эттирген, жашоомо шоола чачкан сыйкырдуу көздөр… Анын көздөрү асмандагы жылдыздардай жанып турат. Жок, жок, түндө жаркыраган жылдыздардан да жарыгыраак, бул жарык дүйнөдө жок периштенин көздөрүндөй. Күзүндөгү мөлтүрөп бышып турган карагаттай. Караңгы, күүгүмдөнгөн жашоомо шоола чачкан шамчырактай… Канча ирет ошол сыйкырдуу көздөргө тигилип, ошол көздөр менен уйкуга кеттим? Дагы канча жашоомду, ай-жылдарымды, уйкусуз түндөрүмдү ал көздөр менен алпурушуп өткөрөм? Анын көздөрү менин жашоомдун маңызы болду.   Супсулуу, баёо да, назик да  көздөр. Муңайым көз караш. […]

Су Шинин кыйынчылыктан кантип чыкканы

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндү бермекчибиз. Бир жолу өспүрүм Су Ши[1] Цзюцзянга сынак тапшырыш үчүн кайык менен жөнөдү. Бирок катуу бороон болгондуктан сынакка кечигип барды. Сынак башчысы башында Су Шиге сынакка катышууга уруксат берген жок, бирок өспүрүм жагдайды түшүндүргөнүнөн кийин аны аяп, мындай деди: — Мен дуйландын[2] биринчи бөлүгүн айтам, сен […]

Дүйшөн Орозалиев: Азыр Жээнбековду ажыдаар болуп кетет деп атышат…

Кайда барсаң Мамайдын көрү сыңары болгон азыркы мамлекетибиздеги саясаттын оош-кыйышына кейип-кепчий берип, жалпыга жакшы үлгү боло турган жагдайлар, инсандар көз жаздымда кала берип аткансыйт. Коомчулукту жакшы иштерге шыктандырып келген өнөктөштөрүбүздүн бири – Дүйшөн Орозалиев. Дайымкы окурмандарыбыз жакшы билет, Дүйшөн мырзанын «Сармерденинин» саябанында интеллектуалдарыбыздын акыл тегирменине коомдун көйгөйлүү суроолорун салып келебиз. Өз иши өйдөлөгөнүнө эле корстон болбой, элдин да маданият чөйчөгү толушунун камын ойлогон Дүйшөн мырзаны кепке тарттык. Жетиген Асанбек: “РухЭш” сайты бир топ убакыттан бери тойканаңызда айына бир жолу маданият, […]