Бир күнү монастырдын башчысы бир кечилге айтты:

– Кампага чычкан толуп кетиптир. Айылга барып бир мышык алып келчи.

Ал кечилдин кулагы жакшы укпайт экен. Айылга келип кичинекей сиңдисин  ойнотуп отурган кызды көрүп, ага айтат:

– Башчыбыз мени  монастырга балапан алып кел деп жиберди.

Кыздын да кулагы укпайт экен, тигинин айтканына кыйкырып жиберди:

– Баланы ким сураса да бербеймин! – деп аябай жини келип, колун булгалап жиберди.

Кечил да каарданып кыйкырды:

– Сен кудайга кызмат кылган кишиге эмнеге ачууңду келтирип күнөөгө батып жатасың?! – деди кызга  таарынып.

Кечил жооп күтпөстөн кайра кетип калды. Кыз кулагы укпаган энесине жүгүрүп барып айтты:

– Монастырдын башчысы эмнегедир ага баланы алып келсин дептир!

Дүлөй аял бакты көздөй жөнөдү. Ал жерде тамаринд дарагынын көлөкөсүндө күйөөсү мышыгы менен ойноп отурган.

– Тур, жолго даярдан, монастырдын башчысы  биздин музоону алып келсин дептир.

Окшошконго мушташкан болуп күйөөсү да дүлөй экен.

– Мейли, – дептир чала уккан күйөөсү. – Мышык десе мышык алып барып берели. Кудайга кызмат кылгандардан эмне аямак элек!

Ошентип айтып, мышыгын монастырга алып келди. Башчы мышыкты алып кечилдерге айтат дейт:

– Карасаңар, дүлөй болсо да баарыңардан  жакшы, айтканды так аткарат!

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.