Кайда барсаң Мамайдын көрү сыңары болгон азыркы мамлекетибиздеги саясаттын оош-кыйышына кейип-кепчий берип, жалпыга жакшы үлгү боло турган жагдайлар, инсандар көз жаздымда кала берип аткансыйт.

Коомчулукту жакшы иштерге шыктандырып келген өнөктөштөрүбүздүн бири – Дүйшөн Орозалиев. Дайымкы окурмандарыбыз жакшы билет, Дүйшөн мырзанын «Сармерденинин» саябанында интеллектуалдарыбыздын акыл тегирменине коомдун көйгөйлүү суроолорун салып келебиз. Өз иши өйдөлөгөнүнө эле корстон болбой, элдин да маданият чөйчөгү толушунун камын ойлогон Дүйшөн мырзаны кепке тарттык.

Жетиген Асанбек: “РухЭш” сайты бир топ убакыттан бери тойканаңызда айына бир жолу маданият, адабият, саясат  өкүлдөрүн чакырып, коомдогу абалга ар кандай кырдан карап саресеп салып жүрөбүз. Дасторконуңузду кенен жазып, сый тамагыңызды тартуулап келатасыз. Олжоке айтып жүрөт, Дүйшөн досум маданият чөйрөсүнүн аттуу-баштууларынын башын кошсок дегенинен улам ушул иш чара уюшулду эле деп.

Дүйшөн Орозалиев: Ооба, ошондон башталган.

Ж. А.: А сизге мындай сонун иш баштоого эмне түрткү берди?

Д. Орозалиев: Улуу муундагы маданият өкүлдөрүнүн бир уюм катары биригип, анан элдин маданиятын өнүктүрүүгө таасир этсек, кандайдыр бир иш-аракеттерди кылсак деген демилгеси бар экен. Ушундай сунуш менен бир топ адамдар келишиптир мага.

Жазуучу, акын, ырчы, куудулдардын бир тобу айтып калышты, маданиятка, адабиятка көңүл бурулбай калды, баары каралбай калды. Кандайдыр бир фонд ачабызбы, коом уюштурабызбы, бир нерсе түзүп, анан бийликке үнүбүздү жеткирип, ошол эле учурда кийинки муунга жакшы бир багыт берели. Маданият жок болсо, кыргыз деле жок болот дегендей ойлорду айтышты. Бирок мындай сунуш менен эмне үчүн так мага келишти деп бир чети таң калдым. Ушундай уюмду сен түптөп, сен башкарып бербейсиңби дегендей сунуш менен келишиптир. Мен ойлонуп көрөйүнчү дедим. Эки жолу келишти. Анан ойлонуп көрүп, эгерде бул уюм саясий багытта эмес, башка максатта боло турган болсо, адегенде бир уй мүйүз отуруп, маектешүү өткөрүп көрөлүчү деген сунуш болгон. Олжобай болуп кыргыздын элге төбөсү көрүнгөн маданият өкүлдөрү менен маектешип, ойлорун угуп көрөлү деген ой менен башталган. Анан ушуну салтка айлантып, уланта берели дагы, үнүбүздү “РухЭш” аркылуу коомчулукка жеткирип туралы, андан аркысын дагы көрө жатарбыз дедик. Ойлор дагы бышып жетилсе, дагы жакшы нерселер ишке ашат келечекте.

Ж. А.: Башында сизге кайрылган адамдар азыр бул маданий иш чара тууралуу ойлорун айтып, биз кандай салым кошо алабыз дешеби?

Д. Орозалиев: Азырынча кайрылыша элек, ошол боюнча тынчып калды. Аны эми адегенде жакшылап ой калчап, концепциясын жазып аныктап алып, анан белсене киришиш керек. Мен ага баш-отум менен кирип алсам, бизнестен алагды кылып кала тургандай азырынча. Коомдук иштерге катышканга ар дайым даярмын, бирок бизнеске тоскоол болбошу керек, бизнес калып калбашы керек да.

Маданият жаатында, маданият ишмерлеринин арасында көп маселелер бар. Муну чогулган сайын айтып эле атышпайбы, өзүң угуп атасың. Бирок мен азырынча бизнеске көбүрөк көңүл бурушум керек, анан дагы бара көрөбүз.

Ж. А.: Эмне үчүн мага кайрылышканына таң калдым дебедиңизби. Мен башында сизди “РухЭшке” демөөрчүлүк кылган ишкер катары эле тааныдым да. Анан жолугушуулардын биринде «Обон» гезитинин кожоюну экениңизди билип, мен да таң калгам. Өзү маданиятка күйгөн адам болсо, мурда гезит чыгарып иштесе, азыр тойкана иштетет экен, өз кесиби ким болду экен деп ойлоп койдум эле. Кесибиңиз эмне?

Д. Орозалиев: Кесибим – инженер механик. Айыл чарба институтун бүтүргөм. Биз бүткөн жылы союз таркап, колхоз, совхоздордун баары жоюлуп, бүтөрүбүз менен эле ишсиздерге кошулганбыз. Анан бизнеске өтүүгө туура келген.

Ж. А.: «Обон» гезитинин чыгышы тууралуу айтып берсеңиз. Кандайча баштадыңыз?

Д. Орозалиев: Адам баласынын бала кезинен кыялданган максаттары болот экен. Бала кезимен менин жазуучу болуш максатым бар эле. Чыңгыз Айтматовдой жазуучу болгум келчү. Бешинчи класстан баштап гезиттерге жазып жүрдүм. «Кыргызстан пионери», «Жаш ленинчи», «Ленинчил жаш» деген, анан райондук «Коммунизм үчүн» деген гезиттер бар эле. Ошол гезиттерге макалаларым чыкчу.

Ж. А.: Азыр барбы ал жазгандарыңыз?

Д. Орозалиев: Бар эле, болуш керек. Анан 10-классымда «Кыргызстан маданиятына» кыска аңгемелерим чыкчу. Ошол жогорку классымда журналистикага ыктап калган кезим эле.

Ж. А.: Табиятыңыздан жан дүйнөңүз менен адабияттын адамы экенсиз да.

Д. Орозалиев: 10-классымда бир повесть жазып жүрдүм эле. Бүтөйүн деп калганда, студенттик жатаканада колжазмамды ар ким көтөрүп окуп жүрүп, жоготуп ийдим, ошол боюнча табылбай калды. Анан мен башка чөйрөгө түшүп калдым. Мектепте жакшы окучу элем, институтта жакшы окуган жокмун.

Атам айылдагы белдүү атминерлердин бири болчу. Бухгалтер-экономист. Мага айтып калды, мен бухгалтер-экономистмин, сен башкасын танда, инженер-механик бол деди. Ата, мен журналист, жазуучу болом десем, атам каршы чыкты. Ээ, балам, паландын баласы бир магнитофонду көтөрүп алып – мурда башкарма болуп жүргөн кишинин баласы экен – көрүнгөн койчудан канча төл алдыңыз деп интервью алып жүрөт, сен ошону каалайсыңбы деди. Ошентип, атам каршы болду эле, атаны угасың да, атамдын айтканы менен Айыл чарба институтунда окуп калдым. Институттун дубал гезитине каралашып калчумун. Ошол боюнча, негедир адабий чөйрөгө аралаша албай калдым.

Ж. А.: Өткөөл мезгилге да туш келип калды, алды алдыңан тал карма деген оор учур болду эле го.

Д. Орозалиев: Ооба, ошондой болуп калды, институтту бүткөндө бизнеске аралашып кеттим. Союз тараган учур.

Ж. А.: Баары бир табиятыңыздагы, жан дүйнөңүзгө жаккан жакка тартылыптырсыз да, гезит чыгарып…

Д. Орозалиев: 95-жылы ишкерлик менен жүрсөм, Турдумамат Гайыпбердиев деген аке жолугуп калды, “Обон” деген гезит чыгарат элем деп жүргөн экен. Ушундай идеям бар, бирок акчам жок деди. Бул баягы менин бала кездеги максатым, кыялым эле да. Мен да кошулсам кандай болот десем, анда экөөбүздүн гезит болсун, экөөбүз чыгаралы деди. Ошентип чыгара баштадык. Кийинчерээк ал киши чыгып кетип, мен өзүм калдым. Өзүм каржылап, өзүм редактор болуп, өзүм да жазып жүрдүм. Орто жолдон кайра бизнеске кеттим. Бизнесим бир аз көтөрүлгөндө эле “Обонду” эстейм. Кайра чыгарып жүрдүм, ошол аркылуу, “Обон” гезитин чыгаруу аркылуу жан дүйнөмө жакын адамдар менен сүйлөшүп, руханий азык ала аларымды түшүндүм. Адам курсагын эле тойгузуп, жан дүйнөсүнө азык албаса, бир нерсе жетпегендей бушайман боло берет. Ошол үчүн “Обон” гезити, чыгармачылык мага жан дүйнө азыгын тартуулаган чөйрө деп эсептейм. Ыр жазам, бирок китеп чыгарбай жүрөм.

Ж. А.: Тойканаңызда мен бул жакка келе баштагандан бери эле бир топ өзгөрүүлөр болду. Бүгүн кирип атып да көрдүм, дагы өзгөрүүлөр болуптур. Эшиктин алдын да кеңейтиптирсиз.

Д. Орозалиев: Бизнес дайым кеңейип, өсүп туруусу, улам жаңылап туруш керек экен. Кардарларга келген сайын жаңылык тартуулап, мурдагыдан да жагымдуулугун арттырып, сапатты жакшыртып турбасак болбойт. Атаандаштык күч, ага туруштук бериш керек. Ошол үчүн дайым изденебиз. Эшигин көрүп төрүнө өт болсун деп, быйыл эшиктин алдына киришип атам. Жаңы курулуш баштадым, үч кабаттуу чайхана салып атам.

Ж. А.: Бул долбоор башталып, сиздин тойканаңызга келгенден бери эле эки жаңы тамакты ооз тийдим. Афган куурдагын анан бууламаны. Жаңы тамактарды өзүңүздөр табасыздарбы?

Д. Орозалиев: Мисалы, эки метрлик шишкебекти бизде иштеген бир бала сунуш кылды. Афган куурдагын ачык эле бирөөлөрдөн көчүрдүк. Былтыр аябай белгилүү болду, биз анын атагын күчөттүк десем болот. Бир метрлик самсаны мен ойлоп таптым. Азыр аябай жакшы болуп атат.

Ж. А.: Ашкабакта бышкан этиңиз дагы бар эмеспи баса.

Д. Орозалиев: Аны интернеттен көрүп, биз башка бир өзгөчөлүк бердик. Бирөөлөрдүкүнө кошумчалап, дагы мыктылап, же болбосо ошонун негизинде жаңы нерсе ойлоп таап, ушундай изденебиз.

Ж. А.: Сулайман агай (Кайыпов) сөз баккан адам да. Бууламанын дароо аталышына баа берди. Ден соолугуна байланыштуу эт көп жебейт экен. Жубайым жанымда болсо жедирбейт эле дейт. Бирок жакшы бышырылыптыр, жеңил эле болду, ыңгайсыздык сезилген жок деп, ыраазы болду. Бул аталышты кайдан алдыңыз?

Д. Орозалиев: Жасалган ыгына жараша ушундай айтылып, анан ошондой аталып кетти, мен атадым десем болот.

Ж. А.: Өзүңүз атаган экенсиз да, дагы бир фирмалык тамагыңыз болуптур.  Жакшы.

Д. Орозалиев: Ашкабакта бышкан этти эмне деп атайбыз дейт. Ашкабак менен эттин махабаты деп коёлу деп тамашалагам, ошентип жазып коюшуптур (күлдүк).

Ж. А.: Жаңы рестораныңыз ишке кирди жакында. Ал ресторанда буга чейинки топтогон тажрыйбаңызды эске алып, тейлөөнү дагы жакшыртсаңыз керек. Ал жакта бул ресторандан айырмаланып, эмне өзгөчө?

Д. Орозалиев: Жаңы “Каусар” ресторанында тейлөө жаатында бир өзгөчөлүк даярдап атабыз, ал меймандарыбызга сюрприз болсун, азырынча ачпай турайын, ишке киришкенде өздөрү биринчилерден болуп күбө болушат.

Ж. А.: “Сармерден” деген аталышы, тамак-аштардын жасалышы, имаратта жазылышын да кыргыздын улуттук оймо-чиймелеринин стилинде кылганыңыз, “Супара” өңдөнгөн кыргыздын бренди боло тургандай эле дареметин көрсөтүп тургандай.

Д. Орозалиев: Менин оюмду таптың, ошонун аракетин көрүүдөбүз. “Сармерден” аттуу фольклордук ансамбль уюштуруп, улуттук кийим менен улуттук аспаптардын коштоосунда, тойдун астында, тойдун жүрүшүндө ырдатып тажрыйбалап көрдүк эле, абдан жакшы болду. Искусство институтунун жогорку курстарынын таланттуу жаштары экен, бир чети аларга колдоо болсун, элге тезирээк чыгышына жардам болсун деген ой болгон. Эми дагы жакшылап даярдап алып чыгабыз буюрса. Чайхана курганы атам дебедимби, анын курулушун дагы өзгөчө кылсам деп атам. “Супара” кыргыздын көп тамактарын таанытты, бирок кыргыздын тамактары толтура. Таш кордонун өзү эле канча турат, биз бир эле түрүн жасап жүрөбүз, анын дагы толтура түрү бар. Изилдеп көрөбүз, дагы көп тамактарды чыгарабыз.

Ж. А.: Учурда диний караңгылык басымдуулук кылып аткандай. Кудай деген куру калбайт дегендей, Кудай деген жакшы го. Кудайга умтулуусу деле адам төрөлгөндө көкүрөгүндө кошо жаралган умтулуу да. Бирок бизде адамдын аң-сезимин чектеп, адаштырып коё тургандай мүнөздө жүрүп аткансыйт. Кийимдери жагынан болобу, бети-башы, сакал-мурут жагынан да кескин өзгөрүп кетти.

Д. Орозалиев: Бул абдан чоң маселе. Адамдын динсиз болбой динде жүргөнү жакшы дечи. Бизде фанат болуп эле, динге туура мамиле кылганды билбей атабыз. Баарыбыз эле Кудай дейбиз. Жанагы сакалды, самсаалаган кийимдерди, өздөрүнүн ойлорун бирөөлөргө таңуулаган туура эмес. Ар бир адам Кудай деп жүргөн жакшы, бирок башкага таңуулабаш керек. Жаштардын китеп окубаганынын кесепети ошол. Дүйнө таанымынын чектелүүсү ошол. Динге сакал менен, же болбосо чапан менен эмес, андан жогорураак деңгээлде караса болот.

Ж. А.: Сизден жардам сурагандар да көп болсо керек. Сиздин мамилеңиз кандай болот андайларга?

Д. Орозалиев: Мага, көптөр келишет акча сурап. Бирок мен баарына эле бере бербейм. Көбүнчө мен ишин өнүктүрүүгө каражат жетпей аткандарга, аракетчил жаштарга берем жардамды, менин мамилем ушундай.

Ж. А.: Балыкты эмес, кайырмакты берет экенсиз да. Бирок белен эле балыкты карматып коюшса дечүлөр да көп.

Д. Орозалиев: Ооба, ошондой. Биз көбүрөөк иштеп, берешендикке, өзүңдү чектебей жакшы жашоого умтулушубуз керек. Туугандарыңа, бирөөлөргө пайдаң тийсе өзүңдү жакшы сезесиң. Бул жакшы жашоо образы деп эсептейм.

Ж. А.: Сиз ийгиликтүү ишкерсиз. Жакында жаңы рестораныңыз бүтүп, ишке кирди. Ийгиликтүү ишкерлерден ийгилик сырын сурашат эмеспи. Сиздин сырыңыз?

Д. Орозалиев: Ийгиликтин болгон сыры эле ушул – эмгекчилдик, аракетчилдик. Көп эле адамдар менен сүйлөштүм, сүйлөшө келсең тирүү энциклопедия, маалыматка бай. Ошончолук маалыматка, билимге ээ болуп туруп, ийгиликтерге жетишпегендер бар. Мен деле көп ийгиликке жетиштим деп айта албайм. Менин аракетим ушул экен. Эгерде көбүрөк аракет кылсам, анда мындан чоңураак ийгиликтер болмок.

Ж. А.: Азыраак аракет кылып атам деп ойлойсузбу?

Д. Орозалиев: Мен жалкоомун деп ойлойм. Кыргызда “жокту керек таптырат” деген сөз бар эмеспи, менде азыр умтулуу азыраак.Чоң максаттар бар бирок аракет аз. Адам чоң максаттарды коюп, чоң аракет кылса, баарына жетерине көзүм жетти. Учурунда таксист болуп иштегем, маршруттук такси айдагам, базарда жүргөм, ар нерсе кылып көргөм. Ошол учурлардын бардыгында эле кандай аракет кылсам, ошондой пайда көрчүмүн. Чоң максаттар адамды бактылуу кылат. Максат коюп, ошого улам жеткен сайын адам өзүн бактылуу сезип жашайт экен. Өзүн ушинтип алдап жашайт экен. Максатсыз адамга жашоонун кандай кызыгы болушу мүмкүн, эч кызыгы жок да.

Ж. А.: Ошол максатсыздыктан жалкоолук келип, эмгектенбегендиктен адам чарчайт турбайбы.

Д. Орозалиев: Жыйынтыктап айтканда ийгиликтин сыры – максат, анан ага жетүүгө аракет. Баары эле алдына жакшы максаттарды коюшат. Бирок жолдон адашып калышы мүмкүн. Чөйрөнүн да таасири абдан маанилүү. Мисалы, мен “Обон” гезитин чыгара баштагандан кийин кайрадан жаза баштадым. Азыр аңгемелерди жаза баштайын деп атам. Жашым 49га келип калды, бирок баары бир жазат окшойм, жазганда рахат алат экем.

Ж. А.: Жакынкы келечекте кыргыз адабиятынын дагы бир өкүлүн тааныйт экенбиз да.

Д. Орозалиев: Бизнес түптөлүп, жакшы жолго коюлуп, бекемделген сайын кол бошой баштады. Буюрса, мындан ары саякатка көбүрөк чыксам дейм. Ошондо көбүрөк адабиятка ыктайм деген ой бар. Пландар толтура, кура турган долбоорлор даяр.

Ж. А.: Азыр сизде мыкты менеджерлер иштесе керек. Кадрды кантип тандайсыз?

Д. Орозалиев: Жакшы менеджер табыш кыйын. Жакшы менеджерлерди тандаш үчүн, тарбиялаш үчүн, өзүң жакшы менеджер болушуң керек. Ошондуктан, биринчиден мен өзүм аябай окуйм. Жакшы менеджер аркылуу башка кызматчыларды тарбиялаганга аракет кылабыз. Жумуш ошого көз каранды. Өзүбүздөн чыккан учурлар да бар. Официант болуп иштеп жүргөн кызматчыны администраторлукка даярдаган, андан кийин менеджерликке даярдаган учурлар болгон. Атайын тренингдерге, курстарга жиберип даярдайбыз.

Ж. А.: Эми бизнесиңиз сыртынан көз салып турсаңыз жакшы менеджериңиз иштете бере турган болуп жолго коюлуп калса керек. Ушундай ийгиликке жетишкенче сиз көп тажрыйбага ээ болдуңуз да. Өзүңүз менеджер, өзүңүз маркетолог болдуңуз. Өзүңүз айткандай окудуңуз, башкарууну да билесиз. Бул тажрыйба коомго керек болот эле деп ойлойм. Депутат болуп, же аткаруу бийлигиндеги башка бир орунга келейин деген каалооңуз барбы?

Д. Орозалиев: Партияларга чакырган учурлар көп эле болгон, дагы эле бар. Жакында да чакырышты. Менде деле ошондой ойлор болот. Бизнес кылып жүрүп, биздин мамлекеттин кайсы жеринде кандай көйгөйлөр бар, кайсы жерде кыргыздын экономикасын өстүрбөй артка тартып турган нерселер бар, кандай болгондо жакшы болот эле, ошонун баарын көрүп турабыз. Мен парламентке барып, ошол маселелерди оң жагына чечип, Кыргызстандын өсүшүнө салым кошсом деген оюм бар. Бирок азыркы шартта мандатты сатып алгым келбейт. Сумманы билебиз, ошончону берип, анан ал акчаны добуш сатып алууга жумшап бийликке келишти каалабайм.

Биз жаш кезде, коом мындан тазараак кезде Мадумаров, Текебаевдер акчасы жок эле, идеялары менен депутат болушкан. Ошол учурдагыдай шайлоо болсо, таза система болсо, анда жакшы программалар менен элдин астына чыгып, эл көтөрсө, ошондо барат элем. Анан мен баланча миң долларга мандатты сатып алып барып, ошол жерге отуруп алып кантип иш кылам? Өзүм ушундай тарбия алыпмын. Мен бардар үй-бүлөдө, кулдай иштеп, бирок жакшы жашап чоңойгом. Атам ошондой катаал талаптуу киши эле, анча-мынча үйрөнгөндөрүм атамдан болсо керек. Балдарыма тарбиям атамдын мага тарбиясынан өттү окшойт. Бизнесте эч кимди алдабай, таза иш кылганга аябай аракет кылам. Коомубузга, өлкөбүздөгү абалга жараша кээде жаза тайганга туура келет, бирок болушунча, колдон келишинче таза кылганга аракет кылам. Кудайга шүгүр, ишим тунук айнектен карагыдай таза.

Ж. А.: Кокус бийликке келип калдыңыз дейли. Адамды билгиң келсе, байлык анан бийлик берип сына деген кеп бар эмеспи. Адам байлыкка жетсе да, бийликке жетсе да бузбай кармай турган бир нерсе барбы?

Д. Орозалиев: Атамбаев деле өзүнө чейинкилерди булар ажыдаар болуп кетти деп сынга алып жүрүп, кийин өзү ажыдаар болуп кетти. Азыр Жээнбековду ажыдаар болуп кетет деп атышат. Эми саясаттагылар ар кандай иштерге барышат. Бирок Жээнбеков ажыдаарга айланып кетчү саясатчы эмес, пейли ток киши катары мурунку ажыдаардын көмүскө иштерин коомчулукка ачып чыгарат деген ишенимдемин. Атамзамандан бери ордодо ушундай  болуп келген, бийлик үчүн, атургай атасы баласын, баласы атасын өлтүрүп, хандык үчүн бир туугандар бири биринин башын алган учурлар болгон. Адамдын илгертен эле табияты ошондой экен. Адамга таасир этиш кыйын бул жагынан, ыйман берсин го, атургай дин аркылуу да таасир этиш кыйын, беш маал намазын окуп да напсисин агыткандар бар. Бийликтин табияты ушундай окшойт. Мисалы Акаев кандай киши эле, адамкерчиликтүү, мүнөзү жумшак, ошо кишини деле бузушту да.

Ж. А.: Бузушту деген туурабы, же бузулду деген туурабы?

Д. Орозалиев: Бузушту да, бузушту. Бирок… бузулду деген деле туура. Сингапурдун мисалын алсак, Ли Куан Ю досун, бир тууганын коррупция үчүн  камап, коррупцияны токтотуп, өлкөнү өнүккөн мамлекет кылып койбодубу. Малайзияны кара, токсондон ашкан Махатхир бийликке келери менен бюджетке 50 млрд түшүрдү. Андайлар бизге келбей жатпайбы.

Ж. А.: Бул жөнүндө минтип да айтып калышат: азыркы биздин система кандай адам болбосун бузат дешет. Мен ушуга макул боло албайм. Бузушту деп эмес, бузулду деген туура деп ойлойм. Анткен бузулбагандар бузулбай эле жүрүшпөдү беле. Биздин тарыхыбызда деле мисалдар бар. Мисалы Исхак Раззаков, Насирдин Исанов, Султан Ибраимовдор жөнүндө аңыз кеп кылып айтып жүрүшөт. Бул жерде адамдын адилеттигинин ички руханий бекем өзөгү болуш керек ко деп ойлойм. Адамдын чындыктан тайыбашы үчүн эмне бекем өзөк болуп бере алат эле деп ойлойсуз?

Д. Орозалиев: Бийликтин көзүн карабаш үчүн менин бизнесим таза болушу керек, бирөөдөн тартып албаган болушум керек, салыктар төлөнгөн болуш керек. Бирок биздин коомдо каалаган бизнесмендин оозун жаптырса болот. Бизнесмендин ишине бут тосуучу мыйзамды чөнтөк парламент менен тез эле кабыл алып коёт. Ошондуктан депутаттардын бардыгы болбосо да, көпчүлүгү таза барса, анда башка кеп. Азыркы парламентке ичим чыкпайт. Курамында Текебаев жок, Мадумаров жок, ушулар өңдүү депутаттар болушу керек эле.

Ж. А.: Эмне кылыш керек?

Д. Орозалиев: Бизнести кыла бериш керек. Коом бара-бара баары бир өзгөрөт. Мына, азыр байкайм, адамдар жакшы жашап калды. Курсак тойгон сайын, аң-сезим өсөт, окуйт, четке чыгат, эл-жер көрөт, талдайт, ошентип өзгөрөт. Бир жакшы улуттук идеология түзсөк деген ойлор бар. Биздин өзүбүздүн улуттук идеология болуш керек. Улам эле акча берген сайын батышты карап түздөнө бербей, өзүбүздүн улуттук программа болуш керек. Бул жагынан казактар бизден алдыга кетти. Ким аракет кылса, ошол алдыга кетет экен. Билим берүүдөн башташ керек. Ошол жактан аң-сезимге жакшы нерселерди сиңириш керек. Өткөндө Тибеттеги кыргыздар деген жакшы нерсе окудум. Аларда терс эмоция: жек көрүү, жийиркенүү, көралбастык сыяктуу жаман сезимдер жок экен, жалаң эле сүйүү экен да аларда, анан кантип алар узак жашабасын, 240-260 жыл жашашат экен. Кайсы жерде позитивдүү маанайда жүргөндөр көп болсо, ошол жерде жашоо узагыраак экен. Кытайларда 70-80 жаш жигердүү курак, Японияда да ошондой, а бизде 70-80 жашта карылыкка моюн сунуп, кетиш керек деп калып атпайбызбы.

Ар бир элди бирден эле киши өзгөрткөн. Мисалы, түрктөрдү Ататүрк, орустарды Петр I, бизди эми Жээнбеков өзгөртүп койсо сонун эле болгон атпайбы. Болбосо дагы бирөө келеттир. Башкысы, үмүттү үзбөшүбүз керек, баары жакшы болот. Мен байкаган нерсем, кыргыздын идеологиясын кыргыздын өзөгүнөн издеш керек. Макал-лакаптарынан, салт-санаасынан изилдеп түптөсө болот. Мисалы, кыргызда “жаманын жашырып, жакшысын ашырып” деген сөз бар, илгертен кыргыз жакшы гана жагын айткан. Ушундай позитивдүү маанайда болгон. Адамдын жакшы гана жагын көрө билген. Ушул мыкты сапаттарды жандандырып, кыргыздын улуттук мүнөзү катары калыптандырганга аракет кылышыбыз керек. Ар бир адамдын жакшы жагы бар. Ошол жагын көрө билсе болот, көрө билсе ал көтөрүлөт. Ар бир адамдын жакшы жагын таба билген, ошол жагын көтөрө билген жакшы мүнөздөгү элди мектеп партасынан тарбияласа болот. Бизде тескери болуп атпайбы, бизде шарт эле жаман жагын чукуйбуз. Телевизорду карасаң, жаман жаңылыктар басымдуулук кылат. Коомдун ушул багытын буруш керек, мынабу жерде момундай жаңы ишкана ачылды, шаарыбыз момундай кооз болуп калды ж.б. деп, жакшы жаңылыктарды көрө билгендей кылсак, кандай жакшы болот эле.

Мен дароо башка каналга буруп салам, андан көрө кызыктуу фильм көрөйүн деп. Кыргыздын тарыхын, Манасты кино кылса кандай керемет болмок. Курманжан тартылбадыбы, аны мындан жакшы тартса, Алымбек датканы укмуштай кылып көрсөтсө болот эле. Кокон хандыгындагы аталыктын ордун көрсөтүш керек эле. Кыргыздардын уруулары өтө таасирдүү болгонун көрсөтүш керек эле. Маннергеймди кошуп койбойбу, Финляндиянын президенти, улуу инсан да. Тарыхты кыргыз “Сынган кылыч” аркылуу билет. Карабайсызбы, тарыхты чыгармада чагылдыруунун күчүн. Баары бир жеңиш Садык Шер-Нияздыкы болду, биринчи тартты, техникалык жактан сапаттуу кылып, азамат. Ким кыймыл-аракет кылса жеңиш ошонуку.

Кыргыздын тарыхында көп нерселер бар. Ормон хандын сансыз кол менен келген казактарды акылдуулук менен, айлакерлик менен кубалаганын тартса, тарыхый фильмдер аркылуу эл тарыхын билип калат эле. Жанагы басмачы дегендердин баары эле элдик кишилер болгон. Орустарга каршы чыгып, кыргыздын, өз элинин боштондугу үчүн тике турган баатырлар болгон. Алар бизге басмачы бойдон калып калды. Ошолор жөнүндө тарыхый фильмдерди тартып, кыргыздын мекенчил экенин баса көрсөтүп койсо болот эле. Казактардын “Кочевник” деген киносун көргөндөр көчмөндөр булар казактар деген ойдо калышат да, туурабы, мисалы. Булардын экономикасы күчтүү, өздөрүнүн тарыхын тартып атышат. Баары эле келип экономикага такалат. Кыргыздын улуу мурасын байытып, көбөйтүп, бекемдеп кийинки муунга өткөрүп бериш керек да, биз болсо кемитип, кертип, азайтып атпайбызбы. Бир жолу мындай дедим эле, “Манас” кытайларда Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча канча том, канчанчы тукумуна чейин, тээ Афганистандан бери чапканы жазылган. Манасчылар деле төкмөлөрдөй, төгүп айтышат. Кыргыздын каада-салттарын ошол “Манаска” киргизип койгонго эмнеге болбосун. Улуттук баалуулуктардын баарын, оюндарын, мүнүшкөрлүгүн, саяпкерлигин ж.б. бекемдеп, байытып койсок болот эле.

Ж. А.: Адамдын үй-бүлөсү өзүнүн эле өзүнчө турган бир бөлүкчөсүндөй эмеспи. Ошондуктан адамды үй-бүлөсүнөн бөлүп кароо, таануу мүмкүн эмес болсо керек. Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

Д. Орозалиев: Жубайым экөөбүз беш баланы тарбиялап атабыз. Улуу кызымды турмушка узаттык былтыр. Балдарымдын баары чет тилди билишине басым жасап, ошого шарт түзүп бердим, бардыгы төрт тилден билишет. Эки кызым түрк лицейинде окуду. Чоң кызым Түркиядан окуп келди. Андан кийинки кызым славян университетин бүтүрүп, Италияда магистратурада окуп атат. Уулум Кытайда окуйт. Кытай азыр Америка менен тең тайлашып турган мамлекет да. Кытай философиясы менен таанышса, аң-сезимин өстүрсө дейм. Биз китепти кучактап жүрүп окучу элек. Кой кайтарганда китеп ала кетчүбүз. Азыр баары бир анчалык окута албай калдым балдарымды. Апам кыргыз тили, адабияты мугалими болгондуктан китепти көп окуп, китепке жакын болуп чоңойгом. Адабиятка жакын болгонумдун себеби да ошондон. Балдарым да ар тараптан өнүгүүгө жолу ачык болсо дейм. Андан кийинки уулум түрк лицейинде окуп атат. Бешинчи балам бала бакчага барат, ал эки эле тилди билет, орусча анан кыргызча. Ал күлдүрүп атат бизди, чоңдору төрт тилде сүйлөп, чет өлкөлөрдө окуп атышса, мен орусча эле билем, каяктан окуйм, Россиядан окуймбу дейт. Лицейдеги балам кечээ жакында Астанага англис тили боюнча олимпиадага барып келди. Аны Лондонго окутайын деп атам, англис тилин жакшы окуп атат.

Ж. А.: Бул жердеги жолугушуулардын биринде Аида Салянова белгилүү цитатаны эске салып кетти эле, “Баарын кадрлар чечет” деген. Биздин бир аксаган жагыбыз ушу да. Анан сиз балдарыңыздын билимине, маданиятына көңүл буруп, дүйнөлүк маданият менен аралаштырууга шарт түзүп, ошону менен элдин маданиятын өстүрүүгө салым кошуп атасыз да. Канча тил билсең, ошончо эл билесиң деп айтылгандай, эл-жер көрүп келип, мамлекеттин бир жагын чоюп берсе сонун эле болот буюрса.

Д. Орозалиев: Ошол билим берген жагым эле жакшы болушу мүмкүн. Ата катары жакшы мээрим төгө албай атам го деп ойлойм. Анткени балдарыма талапты катуу коём. Мисалы, чоң баламды аябай эле кыйнадым, кара жумуш кылдырдым. Ушул жагынан катаалыраакмынбы деп ойлойм.

Ж. А.: Эмгекчилдикке үйрөттүңүз да. Бош коюп койгон жаман экенин көрдүм. Бош баланы көчө өзү эле алып кетет экен. Көчө деген бул караңгы тарбия да.

Д. Орозалиев: Балдарымды иштөөгө көбүрөк үйрөтөм. Кыздарым деле түрк лицейинде окуп жүрүштү, жайкы каникулда официант болуп иштеп, өздөрүнүн кийимдерин өздөрү камдап алышчу эле.

Ж. А.: Бул абдан жакшы да. Жакында жакшы бир учкул сөз окуп, ошого маани берип койдум эле. Анда силер балдарыңарды эмес, өзүңөрдү тарбиялагыла, балдарыңар силерди көрүп тарбияланат дейт. Бул жагынан сиз үлгүлүү эле атасыз го деп ойлойм.

Д. Орозалиев: Рахмат, сүйүнтүп койдуң. Сен абдан жакшы учкул сөз айттың. Чындап эле балдарга мындай бол, тигиндей бол десең угуп, ии деп коёт, бирок аны жасабайт. Кыздар апасын, балдар атасын көчүрмөлөйт экен. Анан да мээрим маанилүү экен деп ойлойм. “Оромо” деген ырым бар, таенемдин оромосу жөнүндө. Таенемдин колунда чоңойгондуктан 2-3-класс окуп жүргөнүмдө атамдар алышат да, мен кайра качып кетчү экем, эне, алар тамак бербей атышат деп, эне дечүмүн. Көрсө энем мээримин төгүп, жалынып, өз колу менен оромо жедирчү экен, ошондуктан энемдин оромосун сагынчу экем. Көрдүңбү, эненин мээрими кандай.

Ж. А.: Сизди үй-бүлөнүн үлгүлүү ээси деп санаганымдын дагы бир жайы бар. Негизи эле бир айымга бекем жөлөк, чеп болуп, сыйлап бактылуу кылган эр азаматтарды өзгөчө урматтайм. Фейсбук баракчаңызга “жубайым экөөбүз” деп, чогуу тартып жубайыңыз менен түшкөн сүрөттөрүңүздү жүктөп турасыз. Ушундан эле жубайыңызга жакшы көңүл бөлө турганыңыз байкалат. Ички маданияты бийик, адамдык асыл сапатка ээ мырза гана бир айымды бактылуу кылуу менен жашайт деп ишенем. Болбосо “эркек үйдөн эки кадам узаганда бойдок” деген сөз бекеринен айтылбаган да. Кээ бир эркектер бар, аял жандуулугу менен жоо чапкансып мактанган. Менимче бул өтө тайкылык, өтө пастык. Ошону менен болгон көрөпайын көтөрүп чаап салып аткандарына акылдары жетпейт. Ал эми аны динге жамынып кылуу бул – цинизмдин эң бир төмөнкү чеги деп эле билем. Бул үй-бүлө деген адам жашоосунун ыйык үлгүсүнө такыр карама-каршы келген, өтө терс көрүнүш экенин түшүнүшпөгөнү өкүнүчтүү. Анткени бул биздин коомдун мүнөзү болуп калат да. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

Д. Орозалиев: Үй-бүлөдө балдарды жакшы тарбиялайм деген киши балдардын энесин сыйлашы керек. Балдардын энесине болгон бардык жакшыбы, жаманбы — мамиле балдардын жүрөгү аркылуу өтөт. Мен муну билем. Апасына канчалык жакшы мамиле кылсаң, балдар ошончолук сүйүнөт. Начарыраак мамиле кылсаң, капа болушат.

Аял деген – эне, бала төрөп, аны эмизип, чоңойтуп, аларды тарбиялап, көп учурда үйдө отурат. Ошондуктан балдар да көбүнчө энеге жакын болот. “Ата – сырткы тон” деп коёт. Атанын сыртта өзүнүн милдеттери бар, кара жумуш кылат. Аял болсо үйдүн ички жылуулугун, очоктогу отун сактайт. Ата менен эненин табияттан ушундай өзүнүн милдеттери бар да. Ошол милдеттери өз орду менен болсо, балдар да жакшы тарбияланышат.

Ж. А.: Бакытка аныктамаңыз барбы?

Д. Орозалиев: Ченемсиз бакыт болбойт экен. Окуганым бар, адам ушунчалык чексиз бактылуу болсо, ошол чексиз бактылуулук адамды жинди кылып жибермек дейт. Мисалы, максат коюп, ошого жеткен сайын бакытты сезесиң.

Ж. А.: Максатыңа жеттиң, бакытты сездиң, бирок ал тура бербейт, өчөт.

Д. Орозалиев: Ошон үчүн кийинки максат болуш керек, ансыз болбойт. А чексиз бакыт болбойт. Адам дайым аракетте болуп, улам бакытка жетип турушу керек.

Ж. А.: Абдан кызыктуу маек куруп бердиңиз. Ишиңизге албан ийгиликтер, үй-бүлөңүзгө бакубаттык каалайбыз, бар болуңуз!

Жетиген АСАНБЕК

One Reply to “Дүйшөн Орозалиев: Азыр Жээнбековду ажыдаар болуп кетет деп атышат…”

  1. Ишинде коп,коп ийгиликтерболо берсин.Уй булондо ынтымакчылык болсун.Дагы да коптогон ийгиликтерди жаратаарына ишенебиз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.