Бул жашоого келээрден мурда өлүмгө даярданышыбыз керек. Акыркы убакта муну сөзсүз өмүр өткүчө бул жерлерди кыдырыш керек, бул кинолорду сөзсүз көрбөсө болбойт, деген жык-жыйма нерселер чыгып, модага айланды.

Кудайга шүгүр, андай болсо дагы, адамдар бул дүйнө жалган экендигин жана бир гана чындык бул өлүм экендигин аңдап турушат.

Бирок адамдар өлүмдөн кийинки жашоосуна даярданбастан, жалган дүйнөнүн кумарына, оюн-зоогуна алданып тузакка түшүп жатышат.

Адам баласы бул жашоодо болбогон нерселерди максат кылып алган. Башкача айтканда, адам деген кээде чындап эле бул өмүргө эмнеге келгенин жана эмнелерди жасашы керектиги тууралуу ойлонуп көрүшү керек.

Ошол айтылып жаткан 101 кинону көрүшү керекпи? Же ошол айтылып жаткан укмуштуудай жерлерди кыдыруу зарылбы? А ойлонуп көрсөк чындыгында эмнелерди аткарышыбыз керек? Же биз ошол көргөн кинолор, кыдырган жерлер бизге пайда алып келеби?

Аркы дүйнөгө барганда бизден сурак сураганда ошол кинолорду же кооз жерлерди айтып беребизби? Булар тууралуу кимдер ойлонуп көрдү экен?

Бул дүйнөдө адал нерселер болуп саналган Алла-Таала жараткан кооздуктарга же башка нерселерге суктанбоо, колдонбоо керек дегендик эмес. Бирок көптөгөн адамдарды жанагы өмүр өткүчө буларды жасаш керек деген нерселер адамдардын башын айлантып жатат. Буларды чыгарган окумуштуулар жакшы ниет менен чыгарышы мүмкүн. Биз бул жерде алардын кандай ниетте чыгарганына эмес, адамдарда ушундай түшүнуктөрдүн пайда болуусун кепке алып жатабыз. Кудай үчүн жана акырет үчүн эмнелерди жасашым керек деген суроолорго жооп издебестен адашып миңдеген башка суроолордун жообун издешет. Бул нерселер адамдын бул жашоодогу негизги максатын унуттурат. Ушул күнгө чейин жасаган иштерибизди салыштырып, эсептеп көрсөк абдан өкүнүчтүү жыйынтык чыгат. Өмүр өткүчө жаратканга карыз болгон адам баласы  кудайдын сурагына келгенде ошол кыдырган жерлери, көргөн кинолору эч кандай пайдасын көрсөтпөйт.

Адам баласына пайда алып келе турган нерселер булар: бул дүйнөдө жакшылык кылуу. Алла-Тааладан берилген парздарды аткаруу.

Жаман болбосо жакшынын,
Чоң болбосо кичинекейдин,
Күчсүз болбосо күчтүүнүн,
Өлүм болбосо өмүрдүн айырмасы билинбейт.
                                               Сократ.

Алыс жолго сапарга чыгып башка өлкөгө аттануу үчүн транзиззик учак менен баратканыбызды элестетели. Экинчи учакты күтүп жатканда аэропортто чемодандарды ачып, ал жерде калууну пландабайбыз. Анткени бизди негизги алып баруучу учак ал эмес, коно турган жерибиз да ал жер эмес. Мына ушундай сыяктуу эле чыныгы бара турган дүйнөгө бара жатып аэропортто күткөнүбүзгө окшош. Бир гана айрымасы — учагыбыз биз билбеген бирок өзүнүн так убагында учуп кетет. Учак бузулуп калса да учуу кечиктирилбейт. Мунун баарын билип туруп адам баласы кантип бул дүйнөнүн убактылуу болгондугун түшүнүп, ага байланып калгандыгын түшүнүш кыйын.

Кеч болуп кала электе “Өмүрүм өткүчө эмнелерди жасашым керек” деген суроого жоопту жалган дүйнөнүн кумарына, оюн-зоогуна кызыкпастан акыретке даярданышыбыз керек жана сооп болор иштерди жасоону кечиктирбөөбүз зарыл.

Ошондуктан ар бир кылып жаткан ишибизди акыретте уялбай тургандай жасашыбыз керек.

Билсем гана кайсы убакта, кайсы жерден кетерим.
Билсем гана табытымдын не жыгачтын экенин.

(Нежип Фазыл Кысакүрек).

Жалын сени чакырат

Чет жерге чыгардан мурда биринчиден ал жердин климатын, аба ырайын жана жалпы шарттарына карап, ага жараша керектүү буюмдарды жаныңа аласың. Анткени деңизге чыгарда кайыктын күрөктөрүн, сыртта катуу жамгыр жаап жатканда кол чатыр аласың. Анткени булар бизге абдан керек болот. Бирок ошол эле адамдар өлүмдөн кийин акыреттеги бара турган жерибизге жараша даярдык көрбөйт.  Анткени адам баласы акыретке барганда оттун жалынына чыдай тургандай күнөөлөрдү кетиришибиз керек. Албетте, ал оттун жалыны дайыма чакыра берет.

Шайтан болсо бизди өрткө болушунча жакындаштырууга аракет жасайт. Бул дүйнөдө сизди абдан азгырып, арам ишти жасап, бирок сизге андан жыргаганыңыз менен кийин сизди ошол күнөңүз үчүн чоң казанга кайнатын унутпаңыз. Ал учурда сизди азгырган нерседен баш тартууга бел байлайсыз. Ушундай болгон учурда да баарын билип туруп жаман, күнөө боло турган иштерди жасайсыз.

Кумар ойноп жатканда ушулар эсиңизге келеби? Ага кошумча бул жалган дүйнөдөн кетип өлүмдөн кийин кетирген каталарды кайра оңдоого мүмкүнчүлүк жок.

Атактуу орус жазуучу Толстой батыш маданиятында белгилүү болгон аңгемеде өлүмдөн эч бир жан кутулуп кача албастыгын ачык айкын көрсөткөн.

Саякатчы чөлдө баратып жырткычтарга коюлган капкандан качам деп, эң жакын кудукка секирип кетет. Кудуктун ичине түшкөндө бир тоого жабышып калат. Үстүн караса капкан, астын караса коркунучтуу ажыдар күтүп турган болот. Эмне кылсын бечара, жанындагы жыгачты кармап туруп калат. Анысы аз келгенсип ал жыгачты эки жагынан бири ак, бири кара чычкан кемирип жаткан болот. Байкуш саякатчы өмүрүнүн акыркы минуталарында жыгачта болгон балды жалап канчалык коркунучтуу абалды экенин унутууга аракет жасайт.

Кудай бизге бул дүйнөдө эң кымбат өмүрдү бергени үчүн күндө намаз кылып, дуба окубасак да Алла-Таалабызгы миң мертебе ыраазы болушубуз керектигин билишибиз керек жана өзүбүздү кудай алдына барганда ал үчүн эмнелерди жасадым деген суроого жооп табыш үчүн дароо азыр чечим чыгарышыбыз керек, чындап эле өмүр өткүчө укмуш, кооз деп жаткан жерлерди кыдырып көрүшүбүз керекпи же 101 кинону көрүшүбүз керекпи. Аз да болсо өзүбүзгө суроо беришибиз керек.

Түрк тилинен которгон Сезим Сатыбалдиева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.