2030-жылга карата өнүгүүнүн глобалдуу күн тартиби БУУга мүчө болгон өлкөлөрдүн алдында туруктуу өнүгүүнүн 17 максатын коёт, алардын ичинде бардык чөйрөдөгү жакырчылыкты кыскартуу жана жоюу биринчи максат болуп саналат. Өткөн жыйырма жыл ичинде Кытайда кажыбаган эмгек менен жаратман ири программалардын натыйжасында жакырчылыктын кучагынан 600 миллиондон ашуун адамды сууруп чыга алышты. Партия менен өкмөт 2030-жылга чейин калган 70 миллион адамдагы жакырчылыкты жоюуну милдет катары коюуда.

Дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бири  — Бангладештин жакырчылыкка каршы талыкпай жүргүзүп жаткан күрөшү таң калтырат. Акыркы жыйырма, отуз жыл ичинде микрокердит берүү, үрөйдү учургудай тыгыз жашаган миллиондогон адамдардын арасында туруктуу, максаттуу иш алып баруу менен  алар натыйжалуу  ийгиликтерге жетишти. Бул Нобель сыйлыгынын лауреаты, доордун көрүнүктүү экономисти Мухаммад Юнуска алар 2030-жылга жакырчылыкты жоюп, аны биротоло музейге жиберебиз  деп айтуусуна  негиз берет.

Биз БУУнун чейрек кылым мурда балдар укуктары жана аларды коргоо жөнүндөгү Конвенциясына кошулган маалда жакырчылыктын деңгээли  таптакыр эле ченелчү эмес. Бул көрсөткүч алгачкы ирет 1996-жылы пайда болуп, биздин өлкө боюнча жакырчылыктын көрсөткүчү 57%ды түзгөн, бул ошол мезгилде ар бир экинчи бала жакырчылыкта жашаган дегенди билдирген. Бүгүн болсо, Улуттук статистикалык комитеттин (УСК) маалыматтары боюнча ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт! Азыркы учурда 2 миллион 450 миң баланын (бул калктын жалпы санынын 38%зын түзөт) 32%зы жакыр турмушта чоңоюп жатышат. Бул дээрлик 800 миң бала. Салыштырып көрсөңүз, 25 жыл ичинде жетишкен бул ийгилик анча деле чоң эмес.

Бизде акыркы жылдары жакырчылык менен күрөшүү таптакыр арткы планга сүрүлүп , эч бир расмий документтерде жана баяндарда жакырчылык деген сөз угулбай калды, өлкөнүн лидерлери бул сөздү оозго алгылары жок. Дүйнөлүк банк Кыргызстанды кирешеси орто өлкөлөрдүн эң төмөнкү катарына киргизген 2014-жылдан тарта, жогорку бийликтин экономикалык жактан «алдыга озуу» жөнүндөгү шаңдуу айткандарын уккан бийликтин калган бардык бутактары жакырчылыкты азайтуу боюнча иш алып барууну артыкчылыктуу багыттардын ичинен чийип салышкан.

Микрокредит берүү иши өлкө боюнча негизсиз караланууга алынып, жумушсуздардын миграциялык агымы бул көйгөйдү тышка «чыгарып кетүүгө» жардам берди. Бирок жакырчылык көйгөйү эч кайда кеткен жок, ал мындагы карылар жана балдар менен калды. Балдар арасындагы жакырчылык кеңири тамыр жайды, балдарыбыздын экинчи мууну да кедей турмушта жашоодо. Жалпы жонунан алганда, дээрлик 20 миң бала жакырчылыктын эӊ оор акыбалында  күн кечирет. Мындай көрүнүш бул балдарда тамак-аш үчүн бир айлык минималдуу муктаждыкка керектелүүчү 1420 сом (күн сайын киши башына 2100 ккал) жок дегенди билдирет.

УСКнын акыркы маалыматтары эң эле маанай чөгөргөн жана коркунучтуу чекти белгилешүүдө: үч жашка чейинки балдардын 44%зы (дээрлик жарымы!) – мээнин жана мүнөздүн калыптанышынын эң жандануучу мезгилинде – жакырчылыкта жашоодо!

2018-жылы ЮНИСЕФ   ЮНФПА жана ЮСЭЙД уюмдарынын жардамы жана УСК менен биргеликте көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөлөрдү (КККИ) жүргүзүшүп, анын натыйжасында балдардын жана аялдардын абалы туурасында кеңири чөйрөдөгү көрсөткүчтөр топтолгон. Бул биздин республикадагы кырдаалдын даана «рентген -сүрөтү», биз өкмөт кол койгон 2030-жылга  Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттары боюнча көрсөткүчкө кандай жетише аларыбыздын багыты.

Бул докладды өкмөттүн гана деңгээлинде эмес, ар бир министрликте жана мекемеде, ошондой эле ар бир областта жана райондо окуп чыгып, талдоо жүргүзүүнү жана бул ишке биздин университеттердеги профессорлорду тартууну абдан маанилүү деп эсептейм. Кеп келечек жөнүндө болуп жатат. Алдыга жылуунун кыймылдаткыч күчү ким болуп эсептелет, эмне үчүн бул маанилүү чынжыр биздин өлкө жана анын экономикасы үчүн тагдыр чечер болуп саналат, мына ушул туурасында жүрүүдө!

Балдардагы жакырчылык, ал кандай?

Балдар чоң адамдарга караганда эки эсе көбүрөөк эң эле жакыр шарттарда жашашат. Иштеп, үй-бүлөлөрүнө жардам берип жаткан балдардын саны, биринчи кезекте, айылдарда, чектегиден кыйла жогору болуп жатканы менен балдардын өзү жакырчылыкка каршы эч нерсе кыла албайт деле. УСКнын сурамжылоосу көрсөткөндөй, чоң класстагылардын (10, 11-класс) теңинен көбү мектепке барышпайт, бул эркек балдардын 59%зын жана кыздардын 56%зын түзөт. Балдардын эмгегин айрыкча Нарын, Талас жана Жалал-Абад областтарында баарынан көп эксплуатациялашат. Орто мектептен тартып, бүтүрүүчү класстарга чейин алганда, иштегендердин үлүшү эркек балдардын арасында жогору болуп жатканы менен кыздардын эмгегине деле андан кем калышпаган муктаждык бар. Кыздар өлкөнүн ичиндеги жана сырттагы мигранттардын үй-бүлөлөрүндө бала багуу менен алектенгендиктен, көп учурда   эч жерде окушпайт.

Балдардагы жакырчылык – бул жетишпеген жана толук кандуу эмес тамактануу, балдардын ар кандай оорулары, өлкөдөгү балдардын чейрек санынын гана бала бакчага тартылганы. Кедей үй-бүлөлөрдөгү балдар сабактарды калтырышат, мектепти таштап кетишет, көп учурда алардын китеп, мектеп формасын сатып алганга, жол кире  төлөгөнгө акчасы жок. УСКнын акыркы маалыматтары боюнча, 2017/2018-окуу жылынын башталышына жалпы билим берүүчү мектептердеги сабакка келбеген балдардын саны жалпысынан 2 613 адамды түзгөн. Бирок мындан он жыл мурда биз ЮНИСЕФтен эсти оодарган  цифраны да укканыбыз эсимде – алардын маалыматы боюнча мектепке барбаган же  окууну таштап койгон балдардын саны 62 миң адамды түзгөн! Алар кайда, аларга  эмне болду экен?

Жакырчылык – бул балдарды уруп-сабоо жана зордуктоо. Тартипке салуу ыкмасы катары (КОМП 2018) зомбулукка кабылган балдар 74% (!) түзөт, алардын 5,4 % ында балдар кол тийгизген катаал жазага тартылган.  Бул учурлардын баарын биз жакшы билебиз, анткени мунун баарын  бириндеп акыркы жылдары коомчулук уккан, алардын көпчүлүгү миграцияга кеткен  ата-энелери жакын туугандарына таштап  койгон  балдар болуп чыккан.       

Эмне кылса болот?

Экономиканын рыноктук негиздерин өздөштүрүү создугуп кеткен биздин өнүгүүнүн агымы, акыркы отуз жылда демократия куруунун кыйынчылыгы биздин келечекти бүдөмүктөтүп турат, биз бир орунда тепселенип  туруп калдык, өз келечегибизди аныктай албаган, сырттан жардам күткөнгө көнгөн  өлкөгө гана айландык.  Биз бүгүн кызыкчылыктарын кашайып таптакыр көрбөй   калган  балдар өсүп, эмгектенүүгө  жетилген маалда  биздин олчойгон карызды төлөө милдети  так ушул балдарыбыздын мандайына туш келет.

Туура, балдар шайлоочулар эмес, алардын добушу жок, аларды эч ким байкабайт да карабайт, андыктан алар арыз — муңун кимге кантип айтканды да билишпейт. Анан алар ошондо эбегейсиз кыйынчылыкка туруштук бере алабы?! Кокус колдорунан келбей калса, ошондо алсыз, сабаты жетишсиз калктын мойнуна чечилгис болуп байланган биздин суверендүү өлкө деген макамыбыз жокко чыкпайбы?

Биз бүгүн балдарыбыз үчүн жооптуубуз! Ошондуктан бардык ата-энелерге жана тарбиячыларга: баланы үч жаштан кийин тарбиялоо кеч! деп кайталагандан чарчабайбыз. Антпесек, биз баланын жашоосунун алгачкы миң күнүнүн ичинде жүрө турган калыптануунун эң маанилүү мезгилин өткөрүп жиберебиз. Биздин шаарларда жана айылдарда колдогу имараттарды бала бакчаларга айландырып курууга же ыңгайлаштырууга аракет кылышууда, бирок мунун баары жетишсиз, андыктан биздин балдарды мектепке чейинки мекемелер менен камтууда жок эле дегенде, советтик көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн көбүрөөк кайрат, креативдүүлүк жана белсенген аракеттер керек!

БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк  программасынын жардамы менен 1500гө жакын орто мектептердеги башталгыч класстарда ысык тамак уюштурулган, аны калган миңден азыраак мектептерде да уюштуруу зарыл. Муну колдон келе турган иш деп эсептейм: чакан мектепке ашкана буюмдарын сатып алуу үчүн 3 миң доллар, чоң мектепке 11 миң доллар талап кылынат. Тамак бышыруучу жайды ремонттоо, ал жакка суу жана канализация киргизүү айыл өкмөтүнө жүктөлөт . Бюджет тарабынан азык-түлүккө бөлүнгөн суммага ата-энелер, жергиликтүү бийликтер кошумча тамак-аштан жардам беришүүдө, мындай учурларды биз көп көрдүк. .

Өкмөт бул маселени катуу көзөмөлүнө алса жакшы болот эле, ошондо башталгыч мектептердеги балдардын баарын жакынкы жылдарда ысык тамак менен камсыз кылууга жетишмекпиз. Калктын 65%зы дагы эле айыл жеринде жашагандыктан,  көп учурда балдар мектепке чейин бара турган алыс жолду басканга аргасыз. Бишкек менен Оштун айланасындагы жаңы конуштарда аялуу үй-бүлөлөр жана балдар көп. Эгерде жогорудагыга жетишсек, балдар күнүнө эки маал: күндүз — мектепте жана кечинде — үйдө ысык тамак ичип турмак, бул болсо аталган куракта абдан мааниге ээ: балдардагы окууга жетишүү эки эсеге жогорулайт, ден соолугу сөзсүз чыңдалат.

Балдар жакыр дегенге шектенип жаткандар болсо, башка цифраны келтирейин: 5 жаштагы балдардын 43%зы «байкалбаган ачкачылыкты» же микронутриенттик жетишсиздикти (организмдеги темирдин жетишсиздигинен келип чыгуучу аз кандуулук, йоддун, фолий  кислотасынын жана А витамининин жетишсиздиги) баштан өткөрүшүүдө.  Балдардын тамактануусу 1990-жылдардын этегинен тарта кыйла жакшырганы менен, 2018-жылда балдардын 12%да (бул дээрлик 80 миң бала) өсүү кечеңдегени байкалган, бойдун өспөй калышы баланын   дене тулкусундагы   жана когнитивдик өнүгүүсүндөгү өксүк менен коштолот. Жогоруда айтылгандарга таянуу менен, коррупционерлерден «өндүрүлүп» жаткан акчаларды  эң оболу  мектептердеги ысык тамак ичүүгө жумшоо менен бул маселени жабуу максатка ылайыктуу  деп эсептейм. Анткени эртең кеч болуп калары анык! Мектептерди куруу иши күтө турса деле болот.

Көп балалуулук биздин үй-бүлөлөрдө салт боюнча калууда. Бала канчалык көп төрөлсө, улутка ошончолук жакшы, саныбыз артат, тукумубуз уланат деген пикир басымдуу. Көптөгөн өлкөлөр  калкы картайып, коркунучка тушугуп жаткан чакта  бизде дагы эле тынымсыз өсүү оптимизми күч. Бирок тилекке каршы, жашоо өзүнүкүн бербейт, 2030-жылга карата калктын өсүү багыты басаңдап, анын артынан улуттун картаюу тенденциясы келээри байкалууда.

Япондор өкүнүп жаткандай, балдарга билим берүү жана тарбиялоо – бүгүн алардын коомундагы артыкчылыктуу темалардан болбой калды,  келечек муундун жашоо деңгээли жана аларга салынган   инвестициялар  ушунчалык жогорку чекке жеткен, натыйжада каражатты жумшай турган балдар калган эмес,  улуттун өсүүсүн  камсыздаган мүмкүнчүлүктөр соолгон.

Социалдык жактан коргоого универсалдуу мамиле зарыл  

Бизде болсо аткара турган иштер да, мүмкүнчүлүктөр да арбын: биз бир нерселерди түзүү, улутту көбөйтүү, жаратуу жана аны тарбиялоо менен алекпиз. Биздин бүгүнкү жана эртеңки ийгиликтерибиз биздин бүгүн канчалык каражат жумшаганыбызга, келечек муундарга канчалык сапаттуу инвестиция салганыбызга жараша болот. Биз жакырчылыктан арылып, өзүбүздү камсыздай алган өлкө боло алабызбы, жокпу, бул биздин жетекчилердин саясый эркине жана лидерлигине, алардын коомду мына ушул идеялардын айланасына бириктире алган шык жөндөмүнө көз каранды.

Биз баарыбыз бүгүн балдардын алдында карыздарбыз. Тойлор менен чоң үлпөт салтанаттардын болуп жатканы жакшы, демек, экономикабыз алдыга жылууда: таттууну, белектерди көп ташып келип жатабыз, мал союп, ичкиликти көбүрөөк сатып ала баштадык деген пикирлер тарап жатканын угуп калам. Банктар болсо бул тойлорго кредиттерди аянбай берип жатышат. Мечиттерди куруп келдик эле, эми ага улай, ар бир айылга чейин тойкана курганга жапырт кириштик!

Бул ортодо Баткен областында мисалы, ар кандай шаң-салтанаттарды, аларга чакырууларды чектөө демилгеси киргизилүүдө, анткени алар Тажикстандын аймакташ областтарында мындай иш-чаралар катуу алкакка алынганын көрүп жатышат. Адамдар муну жактырып, колдоого алышууда. Биз да балдарыбыздын келечегин ойлоп, тойлордун, аштардын санын 100 адамдан ашырбай чектесек дурус болбойт беле, бул биринчи кезекте мамлекеттик кызматчыларга тиешелүү!

Жакында болуп өткөн адамдык капиталды өнүктүрүүнү инвестициялоо боюнча биринчи Ачык Диалогдун жүрүшүндө (2019-жылдын 24-майы) эң жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдардын 60%здан ашуусу аз камсыз болгондугу үчүн  жөлөкпул алышпаганы айтылды. Бул даректүү жардам көрсөтүү боюнча бирден бир мамлекеттик саясат. Акча бөлүнөт, бирок ал дарекке жетпейт.

Мунун себеби көп, бирок алар жеринде чечилип жаткан имиш. Социалдык жактан коргоо министрлиги учурда жөлөк пулду талап кылынган жерден эмес, катталган жериндеги дарек боюнча берилүүсүнө жетишүүнү көздөөдө. Бирок ал жакка чогултула турган справканын саны ушунчалык көп, аларды сабаты дайыма эле боло бербеген, миң сандаган түйшүктөн башы чыкпаган ата-энелер чогулта да алышпайт. Бир же беш жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүнү Монголиядагыдай, Тайланддагыдай, Казакстандагыдай универсалдуу мамиленин негизинде берүүгө мамлекеттин азырынча чамасы келе элек. Акчаны учурда тоскоолдукка учурап жаткан даректүү берүү жер-жерлердеги аткаруучуларды үч эселеп текшерип турууну талап кылат. КРнын калкын социалдык жактан коргоо Программасын иштеп чыгуу талап кылынууда, мурдакысынын мөөнөтү 2017-жылы аяктаган. Жаңысы болсо эмдиге чейин иштелип чыга элек.

2040-жылды татыктуу тосуп алуу керек

2018-жылы КРда 171 149 бала төрөлгөн. Бул балдарды кандай келечек күтүп турат? Алар мектепке барганга чейин жашайбы? Аны аяктай алышабы? Жогорку окуу жайына киреби? Алар толук кандуу тамактанууга, саламаттыкты сактоонун жана социалдык коргоонун татыктуу тейлөөсүнө жетеби?

Бул суроолорго жооп табуу үчүн Дүйнөлүк Банк адам капиталынын индексин иштеп чыккан жана ал Кыргызстанда 0,58%ды түзгөн. Бул 2018-жылкы муун чоңоюп, жумушка барат, анын ишинин өндүрүмдүүлүгү потенциалдуу деңгээлден 0,58%ды түзөт дегенди билдирет. Эгер эркин, кем-карчы жок, социалдашкан, саламаттыкты сактоо жана билим алуу чөйрөсүнө  жете турган болсо, анда балдар мамлекеттен жана коомдон кепилдикти азыртан тарта ала баштоого тийиш.

Эгерде азыр Кыргызстан балдарга социалдык кепилдиктерди бербесе, анда  18 жылдан кийин өлкө келиши күтүлгөн улуттук кирешенин 42%ын жоготот, ал эми 2018-жылкы балдар 42%га бай боло алышпайт жана өз потенциалын ишке ашыра алышпайт.

Бул болсо өлкөнүн 2040-жылга карата стратегиялык максаттарына эч бир туура келбейт!

Балдар – улуттун өнүгө баштоосун саноо чекити. Өлкөнү курууну так ушул  балдар арасындагы жакырчылыкты жоюудан баштоого тийишпиз. Толук кандуу жарандар өсүп жетилип, эстафетаны улантып кетиши үчүн мамлекет балалыкка максималдуу түрдө салым салууга тийиш. Ар бир үй-бүлө, мектеп жана коомчулук балдардын жыргалчылыгы жана коопсуз жашоосу үчүн жоопкер. Кыргызстандын экономикасын өзгөртүү биздин колдон бүгүнкү күндө  келбей турат. Бирок азыркы  балдар бизге караганда алда канча күчтүү, атаандаштыкка туруштук бере алаарына  көзүм жетет. Бул балдар буюрса, республиканы байманалуу, бакубат алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошо алышат.

Өлкө бүгүнкүдөн да бекем болооруна терең ишенем.  Биз болсо азыр аларга бактылуу балалыкта керек болгон нерселердин баарын чогуу берип турууга тийишпиз!

1—июнь, 2019-ж.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.