“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндү бермекчибиз.

Бир жолу өспүрүм Су Ши[1] Цзюцзянга сынак тапшырыш үчүн кайык менен жөнөдү. Бирок катуу бороон болгондуктан сынакка кечигип барды. Сынак башчысы башында Су Шиге сынакка катышууга уруксат берген жок, бирок өспүрүм жагдайды түшүндүргөнүнөн кийин аны аяп, мындай деди:

— Мен дуйландын[2] биринчи бөлүгүн айтам, сен анын экинчи сабын улап кете алсаң сынакка киргизем. Эгер айта албай калсаң кийинки жылы келесиң.

Су Ши буга кубануу менен макул болду. Сынак башчы бир аз ойлоно түшүп сүйлөдү:

— Кичинекей бир кайык эки-үч талапкерди сынакка алып баратты, төрт-беш-алты күн сүздү, жети-сегиз-тогуз дегиче баары астын-үстүн түштү, он жылдык эмгек текке кетти; алар Жүезянга өтө эле көп убакыт кечигип келди.

Су Шиге талант жөн жерден берилген эмес да, кичине ойлоно түшүп ал мындай деп жооп берди:

— Он жыл талбай билим алган, “Ши Зиндин” тогуз-сегиз томун окуп чыккан, жети-алты-беш талапкерден озуп өткөн, төрт-үч жолу экинчи дарбазага келген, демек бир жолу болсо да сөзсүз өтүшү керек ал.

Биринчи сапта сынак башчысы ыр ыргагын бузулбаган сөз арасында бирден онго чейин санады, экинчи сапта Су Ши ошондой эле ыргак менен кечигип келген себебин түшүндүргүчө ондон бирге чейин кайра санап жооп берди. Ошентип Су Ши жыйырма жашында сынакка катышууга уруксат алды. Окуу жайдын сүймөнчүгү болуп калды. Бирок аны көрө албагандар да бар болучу. Бир жолу ошондой өздөрүнө өтө ишенип, өзгөлөрдү теңсине бербеген алты жигит Су Шини мазактамай болушуп түштөнүүгө чакырышты. Су Ши бул сунушту кубануу менен кабыл алды.

Алдыга буйрутма берилген тамактар толук келип, эч ким дасторконго кол суна электе сүйлөшүлгөн боюнча алты жигиттин бири оюн сунуш кылып жиберди. Бул оюндун шарты боюнча катышуучулар кандайдыр бир тарыхый окуяны же инсанды айтып, ошол окуяны же адамды эске салган алдыдагы тамакты алат, кимде-ким мисал келтире албай жеңилсе эч нерсеге ээ болбой чөйчөк толо шарапты ичет да ачка калат. Буга берки беш жигит көңүлдөнүү менен макул болушуп дароо оюнду баштап жиберишти.

— Анда мен баштадым! Жиаң Зыя Вей дарыясынан балык кармады – деп жигиттердин улуурагы балыктан жасалган тамакты алдына койду.

— Чиң Шубао  Чаңан базарында атын сатып отурат! – деп экинчи жигит өзүнө ыраазы болгон түрдө жылкы этинен жасалган тамакты колуна алды.

— Су Зыцин Бейху көлүнүн боюнда кой кайтарып жүрөт! – үчүнчү жигит да кой этинен жасалган шыбагасына кол сунду.

— Жаң Идэ Жосяңга эт сатканы баратат, — деп төртүнчү жигит эң акыркы эттүү тамакты алдына жылдырды.

— Гуаң Юнчаң Жиңжоудо сөөк чогултуп жүрөт, — деп бешинчи жигит шашылыш түрдө сөөктөн кайнатылган шорпону алдына тартып алды.

— Жугэ Лиаң Лоңжун аймагына жашылча айдады! – алтынчы оюнчу дасторкондогу бардык жашылча-жемиштен жасалган тамактарга ээлик кылды.

Тасмалда тамак калбады, алты жигит түштөнүүгө чакырылып келип ачка калган Су Шини мыскылдуу карап, аны мазактагандарына корстон боло тамакка кол сунгандарында:

— Чиң Шихуаң алты падышалыкты басып алды! – деп Су Ши капысынан салмактуу түрдө үн катып, шашылбастан алты жигиттин алдындагы тамактын баарын өзүнүн алдына жылдырды. – Урматтуу достор, меймандостугуңарга абдан ыраазымын!

Орус тилинен которгон Кубанычбек Аркабаев

[1] Су Ши, башка аталышта — Су Дунпо (1037-1101) – атактуу кытай акыны, эссечиси, каллиграфы жана Сун доорунун мамлекеттик ишмери.

[2] Дуйлян – уйкаштырылган жуп саптуу ыр, поэзиянын өзгөчө жанры

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.