ЭССЕ

Анын көздөрү керемет көздөр. Жүрөктү “болк” эттирген, жашоомо шоола чачкан сыйкырдуу көздөр… Анын көздөрү асмандагы жылдыздардай жанып турат. Жок, жок, түндө жаркыраган жылдыздардан да жарыгыраак, бул жарык дүйнөдө жок периштенин көздөрүндөй. Күзүндөгү мөлтүрөп бышып турган карагаттай. Караңгы, күүгүмдөнгөн жашоомо шоола чачкан шамчырактай…

Канча ирет ошол сыйкырдуу көздөргө тигилип, ошол көздөр менен уйкуга кеттим? Дагы канча жашоомду, ай-жылдарымды, уйкусуз түндөрүмдү ал көздөр менен алпурушуп өткөрөм? Анын көздөрү менин жашоомдун маңызы болду.   Супсулуу, баёо да, назик да  көздөр. Муңайым көз караш. Төгүлгөн кирпиктер.

Ал көздөр үшүгөндө жылыткан, кайгырганда дем-күч берген, күндүр-түндүр  чыртылдап күйүп турган оттой эле. Ал көздөрдө тазалык, мээримдүүлүк, тунуктук, анан мени ар бир күнүмө нур чачыраткан сыйкыры да бар. Ал көздөргө, сенин ошол бейкүнөө көздөрүңө ашык болуп калган пендечилик күнөөм бар.

Бул көздөрдү ыйык тутуп,  сыйынып кул болуп жашагым келет. Адашкан арзуум үчүн Жараткандан кечирим сурайм да кайра ыраазы болом. Мен ушундай ачуу, бирок керемет махабаттын даамын таттым. Ак кагазга айтып бере алгыс, тил менен түшүндүрө алгыс сезимдерге дуушар болдум.

Бул көздөрдү алгач көргөн күнүмдү эстейм. Ал көздөргө алгач кабылганымда, таң заардагы шүүдүрүмдүн тамчысындай тазалыкты көрүп,  ошол күндөн баштап азыргылып калгам. Мен үчүн бул көздөр кол жеткис, бийик, болгон акыл ойлорумду ээлеп алган, кылар ишимди унуттурган, жашоомо бүлүк түшүргөн бейиш менен тозоктой болду. Мен үчүн бул көздөр наристедей таза, периштелердей айыпсыз. Күн бою көз алдыма тартылып келе бересиң. Бир күн, бир саатка да сени унутуу мүмкүн эмес.  Алтын, күмүш, бермет… не бир баалуу таштарга, байлыкка алмаштыргыс.

Бул көздөрдү көпкө карап турууга да күч керек. Көпкө карап турсаң, жүрөк токтоп калат. Көздөрүңдү карап дем-күч алам, ырахат алам. Илхам алам. Сенин көздөрүң менен алпурушуп, баардык пендечилик түйшүктөрүм унутта калды.

Акыл. Ой… Бүтпөгөн, аягына чыкпаган ойлор. Тамгалар. Жазуулар жана муңайым көздөр. Менин жашоомдун көрүнүшү ушундай…

Жашоонун баары кир, ыплас нерселер курчап алган, жалган көз караштар, алдоо, жек көрүү, карөзгөйлүк. Айланаңдагы ар бир көз ирмемден көралбастыкты, ичтарлыкты, сук көздөрдү учурата берип чаалыгасың… Чарчайсың…

Жок, жок, сенин көздөрүңдөн  гана тунуктукту, актыкты, тазалыкты, жылуулукту, мээримди учуратам. Сенин көздөрүң менен өзүмдү, жүрөгүмдү тазалагым келет. Жалган жашоодо ага жамандыкты, жаман көздөрдүн карашын, ушактарды, уу сөздөрдү ыраа көргүм келбейт.

Ал көздөрдү кызганам. Ал көздөрдү сагынам. Куса болом. Ал көздөрдү күндө көрүп жүргөн, аны курчаган  адамдар кандай бактылуу! Ошолор ыйык көрүп мендей сыйынаар бекен? Мендей ыйык тутаар бекен? Барктап, баалар бекен?

Көздөрүңдү карап отуруп тойбодум. Сенин көздөрүңө ашык болгон адам бул дүйнөдө бар, жок экенимди да билбейсиң.

Эч кандай ал көздөргө жаман ой жок. Жаш баладай тазамын. Тунукмун. Сенин көздөрүң үчүн гана жашагым келет. Сенин көздөрүңдөй таза, мээримдүү болгум келет. Ар дайым күлүп тургум келет.

Бөлмө. Дубалдарга тартылган, илинген сенин көздөрүңө окшош көздөрдүн сүрөттөрү. Көп көздөр. Бирок, сенин көздөрүңө бири да окшобойт. Мен сенин көздөрүң менен ооруп калдым.

358! Ушунча жолу тарттым сенин көздөрүңдү. Тартууга аракет кылдым, окшошподу. Азыр 359-актай барагымды ачтым. Дагы тарта берем. Көздөр көздөр, сеникине окшош. Бирок сеникиндей эмес. Сеникиндей өзгөчө, сеникиндей бейкүнөө, сеникиндей муңайым эмес.

Сенин көздөрүңдү тарта баштаганда бөлмөмдү бекитип алам. Бул көздөрдү эч кимге көрсөткүм келбейт. Ар бир аткан таңымда, ноутбугумду ачып, сени көздөрүңдү карап, “салам!” деп шыбырайм да, терезени карап сен да алыс жакта уйкудан турганыңды көз алдыма элестетем. Анан жумушума барам да, ал жерде да сени комьпютеримден карайм. Кесиптештеримден уурданып карап, иш  күнүм башталат. Кыскасы, мен сени менен, сенин көздөрүң менен оорулуумун.

Өлүм алдында  жаткан адамдарга, көз ирмемге сенин көздөрүңдү көрүүгө   өмүрүмдү  аларга бермекмин. Ал көздөрдө акылдан айныткан, керемет саптарды жаратчу, шумдуктуудай дене дүрүлдөткөн музыка жараттыра турган, калемге жан киргизип, акыл-эсти “дүрт” эттирген сүрөттөрдү тарттыра турган сыйкыр күч бар. Биз адамдар сыйкырга ишенбейбиз. Бирок, мен сыяктуу сүйүүсүн, сүйкүмдүү көздөрүн жолуктурган адам колунан келбеген иштердин, эмгектердин жаратманы боло алат. Бул чыныгы сыйкыр.

Эрк, күч жетпеген, ээ-жаа бербеген азап менен бакытка чулгаган шумдуктуу сыйкыр. Кечке карай берсең көз тайгылдырган сүр бар көздөрүңдө. Сүйүүгө жетпегендей, бактысыздай муң бар көздөрүңдө. Ал көздөрдөн мен өзүмдү таптым. Ким экенимди билдим, ал көздөрдөн мен алсыздыгымды, сүйүүгө суусап жашаганымды  билдим. Ал көздөр менин жашоомо аба менен суудай керек.

Сенин көздөрүңө ар бир күнү сыйынып, жалынып жашап жүргөн адам бар экенин билбейсиң. Бул көздөрдү алгач көргөндө эле жашоом башка түскө боёлгондой, өзгөргөндөй, жашоо кызыктай сезиле баштаган. Ошондой күндөр, ошондой ирмемдер менен жашап жатам.

Анын көздөрү керемет көздөр… Жүрөктү “болк” эттирген, жашоомо шоола чачкан сыйкырдуу көздөр…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.