Мидин Алыбаев: Ачуулуу аяш

АҢГЕМЕ Чымырбай экөөбүздүн дос болгонубузга өтө көп жыл болуп калды. Окууга бир кирип, бирге бүттүк. Ал кичинесинде эле уялчаак, мокок жана коркок эле. Бирок өзү бир сырдуу болучу. Калп айтканды, ушак сүйлөгөндү, ууру кылганды билчү эмес. Чогултуп айтканда момун эле (Момун десем: «буламыктай болгон байкуш экен ээ дебеңиздер») Акылдуу момун болучу. Тамашалашканга, балдар менен мамилелешкенге жана кыздарды сындаганга да кыйын эле. Анын коркоктугун ушундан билчүмүн: балдар чогулуп барып, бирөөнүн арабасынан дарбыз уурдасак, биздин Чымырбай алда кайда качып, тамдын көлөкөсүндө туруучу. […]

Мектеп балдарды сүйгөн жаш кадрларга муктаж

Солдон оңго: Каримова Айчүрөк, Иминова Барчынай Өлкөнүн билим берүү тармагында бир топ мүчүлүштүктөр бар экендиги жалпыбызга маалым. Учурда окуу жылы аяктап, балдар жогорку окуу жайларына тапшыруунун босогосунда. Окуучу кесипти кандай тандоосу керек? Билим берүүдөгү мүчүлүштүктөр эмнеде? Дегеле мамлекеттик реформанын деңгээли кандай? Мына ушул темада 38 жыл бою мугалимдик кесипти аркалаган Ош облусунун Өзгөн районунун № 14 мектеп гимназиясынын директору Каримова Айчүрөк жана англис тили мугалими Иминова Барчынай менен баарлаштык. — Бүгүнкү күндө мектептердеги негизги көйгөй эмне деп ойлойсуздар? А. Каримова: […]

Жылдыз Орозобекова: Манастын тузу оор

Мен үчүн Манас менен Чыңгыз эки чоң рухтан турат. Экөө  тең өз алдынча эки чоң илимдин уюткусу, илимий, эл аралык Академия болууга  татыктуу. Мага кызык маселе, эмне үчүн  шаардын бир чоң көчөсүн үчкө бөлүп салдык —  «Тынчтык проспектиси, Манас проспектиси, Айтматов проспектиси» деп.  Акылым жеткен жок буга. Болуптур дейли. Анан «Манас жана Айтматов» атындагы Академия дегенге да таң калдым.  Экөөнө эки бөлөк бийиктиктеги урмат керек эле го. Арабаев университетиндеги Манас таануу институту билимдин очогуна айланмак, бирок азыркы учурда анын тагдыры […]

Фёдор Достоевский: Кызык адам түш көргөндө (конкурска №52)

АҢГЕМЕ I Мен кызыктай кишимин. Эми алар мени жинди аташчу болду. Аларга мурдагыдай кызык бойдон кала бербесем, мурдумдун үстүнөн караган болор элем. Азыр ага терикпейм деле, баары теӊ жүрөгүмө жакын, ал турсун мени келекелеп атышса да эмнеси менендир көзгө жылуу учурашат. Эгерде көз кырымды салып отуруп көӊүлүм чөкпөгөн болсо, тескерисинче, ылым санап аларга кошулуп күлмөкмүн. Өзүмө эмес. Мен билген чындыкты алар билбесе, көӊүлүӊ кантип чөкпөйт? Бирөө гана чындыкты билген кандай оор экенин айтып болобу! Муну кайдан түшүнүшсүн. Түшүнгүлөрү да келбейт. […]