Солдон оңго: Каримова Айчүрөк, Иминова Барчынай

Өлкөнүн билим берүү тармагында бир топ мүчүлүштүктөр бар экендиги жалпыбызга маалым. Учурда окуу жылы аяктап, балдар жогорку окуу жайларына тапшыруунун босогосунда. Окуучу кесипти кандай тандоосу керек? Билим берүүдөгү мүчүлүштүктөр эмнеде? Дегеле мамлекеттик реформанын деңгээли кандай? Мына ушул темада 38 жыл бою мугалимдик кесипти аркалаган Ош облусунун Өзгөн районунун № 14 мектеп гимназиясынын директору Каримова Айчүрөк жана англис тили мугалими Иминова Барчынай менен баарлаштык.

— Бүгүнкү күндө мектептердеги негизги көйгөй эмне деп ойлойсуздар?

А. Каримова: Биринчиден, билим берүүнүн замандан артта калып жатканы деп айтар элем. Буга далил катары Жалпы Республикалык Тестирлөөнү айткым келет. Башкача айтканда, ЖРТ программасы окуу программасына такыр дал келбейт. Окуучу сабактар боюнча даярданып, сынактан жакшы балл алалбай калып жатат. Анткени сынак китепчесиндеги суроолор такыр башка. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө бул маселени чечүү үчүн башка SECOM сыяктуу билим берүү уюмдар менен иштешип жатабыз. Ушундан улам акыркы 5-6 жылдан баштап ЖРТ жыйынтыгы бир топ жакшырды деп айтсам болот. Экинчиден, жаңы билим берүү системасы киргизилгени менен ага толугу менен мугалимдер даяр эмес. 5-6-класстын китептери кайра кароодон өтүп ишке киргизилгени менен 6-класстардын математикасы жок. Кагаз жүзүндө жаңы китеп менен окуп жатат. Бүгүнкү күндө ушундай маселелер бар.

Б. Иминова: Дагы бир орчундуу маселе катары жаш кадрлардын мугалимдик кесипке болгон мамилесин айтсак болот. Кесибине берилген жаштар өтө аз. Жүрөгү менен берилип, аракет кылган мугалимдер 3-5% гана түзөт. Мугалим билим берүү менен гана чектелбейт, ал тарбия берет. Мугалимдин негизги милдети — балдарга туура багыт берүү, мотиватор болуу, балдардын айтайын деген оюн алдын ала сезүү-билүү. Же болбосо балдардын ачыла элек сырларын ачуу мугалимдин негизги милдети болушу зарыл. Кээде балдар өздөрү билбей калат. Ошол нерсени мугалим сезиши керек.

Мектеп үчүн жанын берген мугалимдер өтө аз. Азыр саат бүттү, үйгө шашышат. Биз окуучуларга кумир болушубуз керек. Биздин сүйлөгөн сөзүбүздөн, кылган мамилебизден балдар үлгү алышы керек. Мугалимдердин билим деңгээли төмөн болсо, окуучулардын мамилеси да өзгөрөт. Азыркы балдар акылдуу. Технологиянын заманында балдар техника менен жетилип жатат. А көпчүлүк мугалимдер ошого даяр эмес. Мурун биз түнү уктабай балдарга көргөзмө куралын жасачубуз. Азыр көргөзмө куралдарды миңдеп табасың. Сабакты кызыктуу өтөм десең, көрсөтмө куралдар сүрөт, видео, интерактивдүү суроолор даяр. Азыркы жаштарга сабак өтүү оңой. Бирок ошону колдонуша албайт. Изденүү жок. Ал үчүн илимдүү-билимдүү болушуң керек. Баш отуң менен кирип кетишиң керек. Биринчи кезекте балдарды сүйүш керек. Балдарды сүйбөсөң, мектепке иштебей эле кой. Анда супсак кылып, теманы түшүндүрүп кете бересиң. Өзүңдүн балаңды кандай жакшы көрсөң, окуучуну да ошондой жакшы көрүшүң керек. Ошондо гана балдарга билимиң сиңимдүү болот.

А. Каримова: Аракетчил, өз ишине берилген мугалимдер бар. Такыр жок деп айтууга болбойт. Мектепке келгенде дароо эле мектептин турмушуна аралашып, балдар менен тил табышып кеткен мугалимдер жок эмес. Ал эми начар мугалимдер дегенибиз жаңылышып, кесипти туура эмес тандап алган мугалимдер. ЖРТдан алган баллдары төмөн болуп, келечектүү окуу жайга өтө албай калган балдар мугалимдик кесипти тандап калып жатат. Бул дагы ойлоно турган маселе. Анткени эң мыкты жогору окуу жайлар баллы жакшы эң мыкты студенттерди мугалимдик кесипке тандап алса, анда маселе бир топ жакшы жагына чечилмек. Мектеп мугалими жогорку билимдүү, компетенттүү болсо ошол мугалим келип мектепке өзүнүн мыкты окуучуларын даярдаса, ошондо гана биздин мамлекет күчтүү, билимдүү мамлекетке айланмак. Калган башка тармак өзүнөн өзү өнүкмөк деп ойлойм. Мамлекеттин тиреги, фундаменти — бул билим, мугалим. Бул нереге мамлекеттик деңгээлде улуттук чоң программа жасап, аны өнүктүрбөсөк анда эртеңки күнүбүз бүдөмүк.

— Мамлекеттик реформа деп калдыңыз. Мамлекет кандай реформага муктаж?

— Реформаны жүргүзүп жатышат. Бул сөз жүзүндө реформа. А иш жүзүндө реформа жок.  Билим берүү системасы советтик система менен эле келе жатат. Замандын талабы такыр башка. Муну менен советтик билимди жаман деп айткым келбейт. Тескерисинче, ошол талаптарды ошол боюнча эле калтырып, заман талабына жараша өнүктүргөндө башкачараак болмок. Бүгүнкү күндө билим берүүнүн талаптарын өзгөртүү, билим берүүнүн стандарттарын жаңылаган менен система ошол эле бойдон. Мамлекет тарабынан дагы, эл тарабынан дагы билимге болгон мамиле өзгөрүүсүз калды. Билимдүү, илимдүү чет өлкөдөн окуп келген жаштарыбыз келип өз өлкөсүнө чоң реформа жасоого катыша албай жатат. Менимче, билимдүү жаштарды реформага тартыш керек.

Б. Иминова: Учурда бардык маалымат оңой келип жатканы үчүн балдар китеп окубай жатышат. Китеп окууну реформага киргизиш керек. Бул өзү чоң маселе. Бул барып биздин өлкөдө каржы маселесине такалат. Буга чечим катары жөнөкөй эле мисал келтирейин: мен китеп дүкөндөрүнө дайым кирип турам. Алып окуюн десем, кымбат. Өткөн жылы Өзбекстанга барып калдым. Өзбекстанда Ч.Айтматовдун бардык китебин өзбек тилинде табасың. Кыргызстанда кыргызчасын таппай каласың. Мага жаккан жери — Өзбекстанда китепти эки вариантта чыгарат экен. Бирөөсүнүн мукабасы жөнөкөй, арзан. Кыргыздын сому менен 50 сом. Экинчиси, сырты катуу, кымбатыраак турат. Менимче, китеп чыгарууну да реформалаш керек. Элдин чөнтөгүнө жараша китеп чыгарыш керек. Бизде окуучуларды китеп окубайсың дейбиз, а китептер кымбат.

— 2018-жылы мектептерде мугалимдерди кыскартуу иши жүрдү. Мугалимдерди кыскартуу менен билим сапаты жогорулайбы?

А. Каримова: Кыскартуу боюнча да бир топ талаш-тартыштуу маселелер жаралды. Министрликтин буйругу чыккандан кийин, албетте, биз буга каршы чыга албайбыз. Бул жерде эки маселе бар. Биринчиден, мугалимдер аз эле саат алып иштешчү. 20 саат болсо аны үч мугалим бөлүшүп алса, аны жети сааттан бөлүп алып иштеп жүрө беришчү. 6-7 саат менен кайсы мугалим кайсы билимди берет. Муну менен мугалим мектепке толук кандуу келип, толук кандуу деле сабак бере албайт. Айрым мугалимдер үй чарбасы менен мектептин ортосунда жүргөн. Экинчиден, кесиби мугалим болбогону  менен мектепте иштеген мыкты адистер бар болчу. Мисалга алсак, инженер деген кесиптин ээлери математика сабагынан берип, жакшы жыйынтык көрсөтүп жүрүшкөн. Азыр сабактар арасында интеграция жүрүп жатат. Физик мугалим, математиканы да бере алат деп калышты. Азырынча биз буга даяр эмес экенбиз. Ал үчүн жогорку окуу жайларында кадрлар ушул системага карата даярдалышы керек.

Планды биринчи берип коюп, ал эми аткара турган реализация такыр башка болуп жатат. Эң негизгиси аткаруу жагы, кайсы жол менен аткаруу маселеси, аткаруунун жолдору жакшы чечиле элек. Анын себеби интеграцияланган мугалимдер азыр даярдалып чыга элек. Акредитация маселеси да ушундай эле маселе. Акредитация боюнча так көрсөтмө жок. Ушуга байланыштуу мектептер андан өтө алышпай жатышат.

Изилдөөлөр боюнча 17-18 жашта баланын турмушка болгон көз карашы калыптана элек мезгили экен. Ошондуктан көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө балдарды алдын ала 2 жыл кесипке даярдашат…

Б. Иминова: Менимче, балдардын келечектеги кесибин тандоосу ата-эненин, мугалимдердин озуйпасы. Мугалимдер багыттайт. Бирок негизинен балдардын жөндөмдүүлүгүн ата-энеге караганда мугалимдер көбүрөк байкайт. Менимче, бул багытта ата-эне менен мугалимдер биргеликте иштеши керек. Экөөсү биргеликте иштегенде гана бала келечектеги кесибин туура тандайт. Кээ бир ата-энелердин өздөрүнүн кыялдары бар. Баласынын прокурор, сот болушун каалаган ата-энелер балдарын ошол тармакка окутууну каалайт. Ата-эне бир аз өзүмчүл болушат.  Баалага таңуулай беришет. А мугалим баланын кайсы тармакка шыгы, жөндөмү бар экенин көрүп жүрөт. Баланын келечектеги кесибине жоопкерчиликти ата-эне кандай алса, мугалими да ошондой алышы керек. Өз ордун, өз кесибин табышы керек. Ошондуктан кандай болбосун чогуу иштеши керек.

А. Каримова: Менимче дагы кесип тандоо өзүнчө чоң маселе. Баланы кичинекей кезинен багыт берген өзүнчө сабак болсо деле ашыкча болмок эмес. Анткени азыркы жаштардын көпчүлүгү 50-60% медицина тармагын тандашат. Андан кийин эл аралык мамилелер, юридикалык факультеттерге тапшырышат. Бүткөндөн кийин көпчүлүгү чет өлкөгө кетишет. Сурай келсең айрымдары гана өз кесиптери менен иштебесе, көпчүлүгү акча көбүрөк тапкан жумуштарга кирип кетишет. Ошондуктан баланы тандаган кесиби өмүр бою таба турган, кесиби менен канааттанып жашай турган кесипти тандоолору керек. Албетте, тарбия үйдө башталгандан кийин ата-эненин орду чоң. Бирок ата-энеге караганда мектептин таасири да абдан чоң.

— Мугалимдерди социалдык жактан колдоо маселеси кандай болуп жатат?

— Мыйзам боюнча жаңы бүтүп келген жаш кадрларга айыл өкмөтүнөн  жер тилкеси, бир жолу берилүүчү жөлөкпул чегерилет. Бирок азырынча жер тилке маселеси оорураак. Тилекке каршы, социалдык жардам бүгүнкү күндө ушул менен гана чектелип калып жатат. Жөлөкпулдун өлчөмү болсо 8-10 миң сомду гана түзөт. Мугалимдерге колдоо көрсөткөн профсоюз уюму. Ал эс алууга жолдомолорду, ден-соолукту чыңдоо боюнча уюштуруп берет. Биздин негизги колдоочубуз профсоюз.

— Бүгүнкү күндүн мугалими кандай болушу керек?

— Чыныгы мугалим болуш үчүн көп нерсенин деле кереги жок. Эң негизгиси окуучу күткөн мугалим болушу керек. Ал сөзсүз билимдүү, балдар менен мамиле түзө алган, балдарды тушүнө алган, балдарга дос боло алган мугалим болушу керек. Окуучу алдында кандай мугалимди көргүсү келсе, ошол мугалим коом үчүн идеалдуу деп айтар элем.

Б. Иминова: Баланын психологиясын түшүнө алган, бала менен тил табыша алган мугалим болушу керек. Окугусу келбеген, түшүнгүсү келбеген окуучулар да бар. Ошолорду түшүнө алган мугалим болушу зарыл. Баланын эмнени айтайын деп жатканын сезе билүү керек. Мугалимдин ийгилиги — окуучусун түшүнө билүү. Билим берүү менен тарбия бирдей болсо бала келечекте  жакшы инсан болот. Турмушта өз жолун табат.

— Сиздердин пикириңиздерде кантип мугалимдик кесиптин статусун көтөрө алабыз?

А. Каримова: Биринчиден, мугалимдерди даярдоодо мамилени өзгөртүшүбүз керек. Мектепти эң мыкты деңгээлде бүтүргөн окуучуларды сынактын негизинде окуу жайга кабыл алуу керек. Ал эми жакшы окуучудан, жакшы студенттен жакшы мугалим чыгат. Ошондо билим сапаты жогорулайт. Экинчиден, мугалимдердин айлыгын жогорулатуу да чоң маселе. Мугалимдердин айлыгы башка кесиптегилерге караганда аз. Мугалимдер бүгүнкү күндө коомдо орто же ортодон төмөн жашаган калктын катмарын түзүп жатат. Ошондуктан мугалимдердин кадыр-баркы көтөрүлбөй жатат. Окуучулардан мугалим болосуңбу деп сурасаң эч ким каалабайт. Мугалим болууну каалагандар мугалимдердин жашоосун жана мугалим эместердин жашоосун көрүп, мугалим болгулары келбейт.

— Маек куруп бергениңиздер үчүн чоң рахмат!

Жанара КАДЕНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.