АҢГЕМЕ

Чымырбай экөөбүздүн дос болгонубузга өтө көп жыл болуп калды. Окууга бир кирип, бирге бүттүк. Ал кичинесинде эле уялчаак, мокок жана коркок эле. Бирок өзү бир сырдуу болучу. Калп айтканды, ушак сүйлөгөндү, ууру кылганды билчү эмес. Чогултуп айтканда момун эле (Момун десем: «буламыктай болгон байкуш экен ээ дебеңиздер») Акылдуу момун болучу. Тамашалашканга, балдар менен мамилелешкенге жана кыздарды сындаганга да кыйын эле.

Анын коркоктугун ушундан билчүмүн: балдар чогулуп барып, бирөөнүн арабасынан дарбыз уурдасак, биздин Чымырбай алда кайда качып, тамдын көлөкөсүндө туруучу. Семичкем түгөнгөндө башка балдардан сурасам «жок» десе да болбой жанын аңтарып көксөм суучу. Чымырбай жок десе ишенип басып кетүүчүмүн. Себеби анын бир жерден да калпын көргөн эмесмин.

Кыскасы, биздин Чымырбай ушундай эле. Ошол бойдон аны менен жүз көрүшпөгөнүмө быйыл 13-14 жыл болуп калды эле. Мындан 3 жыл мурун гана бир кат алгамын. Ал катында: «Үйлөнгөнүмө үч ай болду. Боюнда бар» деп билдирген. Жакын аранын ичинде дагы көрүштүм. Көрүшкөндө да карп-күрп чыга калышып, адегенде тааныша албай ормоюшуп барып анан барып кучакташтык.

Бири-бирибиз эсен-соо экенибизди көрүшүп тургандан кийин, «амансыңбы, эсенсиңби?» деген артык баш сөздөрдү айтып олтурбай эле, «сен кайдан» «мен кайдан» деп баштадык. Он үч-он төрт жыл оңой жыл эмес! Ал кезде өзүбүз он үч-он төрттөрдө болуп чырымтал элек. Эми болсо кыздар өпкөн бетти кыл сакалдар басып калды. Сөздөн сөз түгөнбөйт. Улам эле энтигип сүйлөшө бердик. Ал каякта иштегенин, мен кайсы жерде иштегендигимди айтыштык.

Ушинтип түштө жолугушуп кечти кийирдик, эң аягында ээн жерге олтурдук да, эзиле сүйлөшүүнү ошондо баштадык көрүнөт. Үйлүү-жайлуу болгонумду, баламын аты-жөнүн, аялымдын атын, төркүндөрүн кошуп мен айтып чыктым.

— Мен да үйлүү-жайлуу болгомун, бир балам бар,— деди да Чымырбай оор үшкүрүп, дыңылдатып столду черткилеп, эки жакты каранды да кайра дагы үшкүрүндү.

— Эмне үшкүрүнөсүң? Сага эмне болду?

— Ээ, дос эмне кыласың. Айткым да келбейт.

— Айтчы, аяш оорулуубу? — деп шекшидим эле: «Ошол оорубай жерге кирсин, ал ооруса сүйүнбөйүмбү» деген Чымырбайдын сөзүнөн «көрө элек аяшым аман-эсен экен, бирок кеп башкада го» деп ойлондум да:

— Айтчы, кеп эмнеде? — дедим.

— Ээ, дос, сырды сага айтпай, атамдын куйкасына айтат белем,— деп Чымырбай сөзүн улады. – Алаар аялды алдым. Бирок азабын тартып жүрөм. Адеп үйлөнөрдө жан-дилим менен үзүлүп-түшүп сүйүп жүрүп алдым эле. Эми көңүлүм үч көчкөн журттай калды. Көчкөндө да тим көчкөн журттай эмес, үчөөндө тең төөм жыгылып, казан аягым кыйраган журттай калды.

Адеп үйгө келгенде дегеле жибектей созулуп сонун эле. Мен өзүмө өзүм ыраазы болуп кубанып калуучумун. Көрсө жөн эле сыр алдырбай жүргөн тура. Анын кыялын келгенден кийин эки айга жетпей менин энемди орусча, кыргызча аралаштырып сөккөнүнөн баштап түшүндүм. «Кой, балам жаманбы, жакшыбы иши кылып өзүңө ыймандуу болсо болду»… деп энем башка уулунукуна кетти. Андан бир ай өтпөй, энем айткан ыйманды токтотуп коюп эле мени да жапшырып өтчү болду. Ырас, анда азыркыдай катуу эмес эле, бирок «көк мээсиңби?» «келжиребечи» деген сөздөрдү угуп калуучумун. «Жаш эмеспи, оңолор» деп ойлоочу элем,— деп Чымырбай бир улутунуп алды да сөзүн улай берди.— Андан бир аз убакыт өтпөй, баш кошкондон бери сыйлашып турган бир кошунабыз бар эле, үтүккө сала турган көмүрдөн чатак чыгарып анын аялын «каарып» өткөн экен. Уяттуу кишиникине ушул убакка чейин кире албай жүрөм. Эми башкасын айтып эмне кылайын. Деги ачуусу жаман. Тебээнек чаар ат көздөнүп тура калат, быйыл үч жылга толот чыдап келе жатам,— деп Чымырбай токтоду.

— Дагы айтсаң! Өзүңө кандай? Үйгө келген киши-кара менен мамилесичи?.— деп сурадым эле, Чымырбай папиросту бир оп тартып, түтүндү үшкүрүк аралаш үй-

— Өзүмө курусун, ошо өзүмө жаман. Алганга үч ай өтпөй жатып жогорку айтылган сөздөр чыкканда, үч жыл болгондон кийин эмнелерди айтпайт дейсиң. Анын үстүнө, балалуу болгонго ого бетер катуу кетчү болду. Бир ачуусу келгенде чаң салып жиберет тим эле. Үйдө чыны, айнек, карапа тукумунан жасалган идиштер барлыгы аяшыңдын өз колунан каза табышты. Темир идиштер болсо эптеп чыдайт экен. Ошентсе да бөйрөктөрү бырбыйган чака, чайнектерди көрөсүң. Эми ушунун баарын эле кыйратып-бүлдүрүп жибергени эмнеси? Өзүнөн өзү эле чамына берген жиндиби? — деп сураарсың. Ырас, ал жинди эмес, эс-акылы бар. Бирок ачуулу. Токтоно албайт… Ичи отуз төртүнчү батинкеден да тар. Мен жыйналыштан кечигип калсам да, командировкага көбүрөк жүрүп койсом да чатактын түйүнү даяр болуп калат. Көчөдө аял менен басканымды көрсө, кандай аял экенин, жумуш мененби же тууганчылык иш менен бастымбы – аны сурабастан эле тумшугу менен бир тиет. Бир жолу жакын туугандарымдын кызы менен баратсам көргөн экен «Сен эмне аны менен шынаарлашасың? Мени кетире турган болсоң ачыгыңды айт деп наступление жасады эле, тигинин паспортун көрсөтүп жатып кутулдум.

«Келген-кеткендерге кандай?» деп сурадың дос. Келген-кеткендерден айрылып баратам. Былтыр бир топ жолдошторумду чакырдым. Ошолордун ичинде бир өзүңө окшогон жолдошумдун аялына тамаша кылып аяк сундум эле, ошого ичи күйүп элдин көзүнчө мени «эшек» деп тилдегенден кийин эле, эл чакырып, тамак берүүнү токтоттум. Мен барда конокту ушинтип сыйлайт, мен жокто сыйланган коногу мага айтат беле. Ушунтип элден да чыгып баратам.

Нечен аракет кылдым. Жакшы да айттым, жакпады. Жаман айтып кой-ай десем, жаакташып жатып алат. Эркексинип какыс-кукус эки-үч муштамыш болоюн десем канжар ала чуркайт. Үнү «скорый помощтун» үнүнөн да ачуу. Элдин баары чогулуп эсим кеткидей. Ал уялбаса да мен уялып кулуюп тим болом.

Мен жададым, дос! Мени ушундай ачуу тилдер менен тилдейт, аны сага айтып олтурбайын, айтор аялдар урушууга колдоно турган сөздөрдүн бирин калтырбай расход кылат, эркектердикинен да бир-экөөнү кошуп алыптыр.

Ырас, мени ар дайым эле жалаңкычындай көрөт деп айта албайм. Кээде мени эркелетип, өзү да эркелеп жарк-журк этип калат. Жарк-журку курусун, анысы мага элден мурун чалапка шыкап туруп, андан кийин чаначтан кымыз бергендей сезилет. Менин көңүлүм калды. Аялдан ачуу тил уккандан кийин, ичиң жылымак беле. Эркектин жүрөгүн билесиң го,— деп Чымырбай ыйламсырап сөзүн бүттү. Бир жагынан боорум ачып, экинчи жагынан өзүнүн боштугуна жиним келет.

– Андай акмактан эптеп куйрук түйүп ажыраш керек да,— дедим.

— Кокуй нечен ажырашайын деп деле көрдүм. Анда: «же сенин колуңа өлүп берем, же сени өлтүрүп туруп кетем» дейт да, баланы лак эттире жерге таштап жиберет. Эми эмне болсо эле «балаңды жерге чаап алайынбы» деп коркутат. Теңеле албайм. Айласыздан унчукпай кутуламын,— деп Чымырбай дагы жалдырады.

— Ээ, досум, андай болсо аяшым сендеги бардык стратегиялык пункттарды бүт ээлеп алган турбайбы.

— Чын, досум, аяшың ачуулу,— деп күңкүлдөдү Чымырбай. «Ушундай аяштан бирди мен дагы кайсы жерден көрдүм?..» деп мен ичимен ойлондум.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.