Мен үчүн Манас менен Чыңгыз эки чоң рухтан турат. Экөө  тең өз алдынча эки чоң илимдин уюткусу, илимий, эл аралык Академия болууга  татыктуу. Мага кызык маселе, эмне үчүн  шаардын бир чоң көчөсүн үчкө бөлүп салдык —  «Тынчтык проспектиси, Манас проспектиси, Айтматов проспектиси» деп.  Акылым жеткен жок буга. Болуптур дейли. Анан «Манас жана Айтматов» атындагы Академия дегенге да таң калдым.  Экөөнө эки бөлөк бийиктиктеги урмат керек эле го.

Арабаев университетиндеги Манас таануу институту билимдин очогуна айланмак, бирок азыркы учурда анын тагдыры ойлондурбай койбойт. Сегиз жыл аралыгында министрликтин мамлекеттик стандартында «манастаануу» предмет катары кирбеди, «адистик» катары белгиленбеди. Бул Институт табышмактуу түрдө ачылган. Буга чейин бир дагы окуу жай ушундай ыкма менен ачылган эмес. Мунун директору Топчубек Тургуналиев «биз айласын таап,  партизандык жол менен ачтык да» деп мактанды.  Манас «партизандык жол» менен ачылыш керек беле?! Бул мыйзамды сыйлаган жол эмес. Арабаны аттын астына коюп салдык. Мындай ыкма «авантюра» деп аталат. Мамлекет институттун директоруна, администрациясына, мугалимдерге бюджеттен 8 жылдан бери акча берет.

Мына, аталган институт эки жолу бүтүрүүчүлөрүн чыгарды, бири да манастаануучу адистикте мектептерде иштей алган жок, себеби алардын дипломдорунда «филолог» деп жатык стандартка кирбегендиктен мектепте мындай сабак жок. Эмне үчүн институт ачылган соң «манастаануучу» адистиги стандарттын курамына кирбеди, логика кайда калды? Экинчи маселе. Институттан билим алган балдар кайсы жана кандай манастаануучу адистерден сабак алып жатат, бул институттун штатында бир дагы фольклорист-манастаануучу жок. Мунун директору даражасы боюнча философия илимдердин кандидаты, «Манас» эпосу боюнча бир дагы илимий эмгекти же окуу куралды жараткан эмес. Дилетант.

Академияны ачуу колдоого татырлык, бирок экөө эки башка академия болуп ачылышы керек эле — «Манас академиясы» жана «Айтматов академиясы» деп.  Бул жерде биз алты айдан бери массалык маалымат каражаттарында ушул Академияны башкарам деген  талапкерлердин ызы-чуусун көрүп жатабыз. Суроо туулат. Манас академиясынын маңызы баалуубу же анын башчылыгына барам деген «баштар» баалубу?  Булар өзүнө пайда көрүшөбү же коом үчүн жүктү көтөрөбү? «Манастын тузу оор».

Дагы бир түйшүк бар. Бул Жусуп Мамайдын варианты. 2012-жылы Синзяндан (Кытайдан) чыккан китеп. Ушунун 6-8-беттеринде мындай маалымат берилген.  “Угуздун тукумунан Калаш деген кан чыгат, ал  өзүнүн жалгыз уулу ала болуп ооруганы үчүн, аны өлүмгө буюрат. Увазири баланы өлтүрбөй алыскы тоого алып барып, жанына ташталган балдарды кошуп, бул жерден кайтсаңар өлөсүңөр дейт. Мына текст:

“Барбагын элге сен болсо,

Атың “Кыр кез” болсун деп.

Айдап коё бериптир,

Тоо бойлоп кетти жаш балдар,

Кичүүсү бар, чоңу бар,

Эркек кызы бир-бирден,

Жуп болушту ушулар.

Калаш кандын уулунун,

Алганы эркек тууптур.

Киши көрбөй тоодо өскөн,

Оозуна келген кепти айтып,

Атын Бөйөн коюптур,

Бөйөндөн Чаян төрөлдү.

Чаяндан туулду Каракан,

Каракандан “Кыр кездин”

Бир далайы тараган”  [Китептин 7-бетинде]

Таштанды балдар эр жетип калганда,  кандын баласы күңдүн (кулдун) кызын алат, андан Бөйөн туулат, Бөйөндөн Чаян, анан Каракан. Каракандан Орозду, беш аялынан он уул. Жердеген жери Энесай. Жусуп Мамайдын китебинде дагы мындай эки сап жазылган:

“Хан Ногой калмак Жакыпты

Жактырып абдан калыптыр” [Китептин 9-бетинде]

Бул текст боюнча кыргыздын нагыз теги жоголот. Дагы бир цитата:

“Анда Алооке деген бар экен,

Кара кытай, калмакты

Бийлеп турган кан экен.

Алооке ээлеп турган жер,

Нарын деген шаар экен” [Китептин 7-бетинде]

Кыргыздын бир да жери кыргызга таандык эмес болуп, моңгол менен калмакка аралашып кетет экен. Кийин Орозду кытайлардан жер талашып согушат, кыргыздарды жетектейт, ал өлгөндөн соң кытайлар кайра басып алып,  ошондон ары калмак Жакыптан Манас туулат. Жусуп Мамайдын китебиндеги “Манастын төрөлүшү” деген бүлүктө ушундай “версия”. Ата-энеси жериген таштанды баладан, аны менен кошо куулган күндүн (кулдун) кызынан кыргыз таралып, анан баскынчылыктын азабынан калмак тектүү болуп чыга келген экенбиз. Тобо, ушул акылга сыйбаган окуя ушу даремети менен Кытайдан  басылып бизге жетип олтурат.

“Манас” эпосунун 80  вариантынын биринде да мындай түрдөгү санжыра тарыхыбыз жок. Ушундай “калмактанган” сюжетти жараткан авторго Кыргыз Республикасынын “Эл баатыры” деген наамды бердик. Азыр Арабаев университетиндеги Манастаануу институтунда студенттер Мамайдын вариантын негизги окуу курал катары пайдаланып жатышат. Муну институттун директору Т.Тургуналиев Маданият министирлигинде өткөн жыйында “жетишкендиктин үлгүсү” катары баса белгиледи. Мындай көрүнүштөргө “баракелде” деп айталбайбыз.

Жылдыз Орозобекова, филология илимдеринин доктору

 

One Reply to “Жылдыз Орозобекова: Манастын тузу оор”

  1. Урматтуу филология илимдеринин доктору, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай туура окусаңыз боло:
    “Хан Ногой калмак Жакыпты жактырып абдан калыптыр”
    — деп турбайбы. “Хан Ногой калмак… ” Жакып эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.