Ингуш эл жомогу: Ашкананын ээси менен Цаген

Бир күнү Цаген бир жактан үйүнө келатып катуу жаанга кабылды. Жакын жердеги ашкананы көрө сала, жамгыр басылганча калкалана турайын деп кире калды. Ашканада жып-жылуу, даамдуу тамак жыттанып турду. Жаан басылып, Цаген чыкмак болгондо ашкананын ээси токтото калды: – Эмне акча төлөбөй кетип баратасың? – Эмне үчүн акча төлөшүм керек? – таң калды Цаген. – Кантип, эмнеге? – дейт кожоюн. – Сен тамактын жытын жыттаган жоксуңбу? – Жыттасам жыттагандырмын, бирок тамагыңды көргөн да, жеген да жокмун! – Баары бир жыттаганың үчүн […]

Топчугүл Шайдуллаева: Эне

АҢГЕМЕ Райондук бейтапканынын каттоо бөлүмүндө саарлап тоо тараптагы айылдан келген кемпир бир топ отуруп калды. Качан бул жерде иштеген кыздар келе баштаганда колунда эртеден бери абайлап кармап отурган кагазды айнек тешиктен аларга сунду. – Кызым, бу кыз силерге ооруп келип, жатып дарыланып кетиптир, ооруусу эмне дарт экен балам, билип берчи. Кемпирдин капкара болуп туурулган арык, узун колунан бүктөлгөн кагазды алып жатып ак халатчан кыз ага эч нерсе түшүнбөгөндөй бүшүркөй карады. Кагазда кыздын аты-жөнү, айылы жазылган. Кемпирге суроо узатты? – Сиз […]

Өзгөрүүнү өзүңдөн башта

«Дүйнөдө эң зор окуя эмне? Адам баласынын мээсиндеги өзгөрүү». Оскар УАЙЛЬД. Дүк—дүк жүрөктүн ишеними Өлкөбүздүн жана коомдун өзгөрүүсүн каалагандар бүгүн четтен табылат. Өзгөртүүнүн жолун айткан билермандар да толтура. Тек, жолун көрсөткөн киши жок, баары эле айтымчы. Бирок алар өзгөрүүнү өздөрүнөн баштаса кана… Маселен, мен өзгөрүүнү өзүмдөн баштаган киши катары айткан-дегеним менен ишимди айкалыштырып, андан натыйжа чыгарууга толук мүмкүн экенине бара-бара көзүм жетип келатат… Бүгүн жеке өз жонтерим менен сезген тажрыйбамды учкай кеп кылганымды окурман журту ашыкча көрбөс дейм. Мен муну […]

Садулла Сиёев: Сарвиназ

АҢГЕМЕ Редакциядан: Урматтуу окурман! “РухЭш” сайтынын адабий архиви үчүн эл арасынан топтолгон өрнөктүү чыгармаларды жарыялоо саамалыгын баштадык! Андыктан Сиз дагы үйүңүздөгү китеп текчеңизден кезиккен жакшы аңгеме, жакшы повесттерди “РухЭш” сайтынын окурмандары менен бөлүшкүңүз келсе, чыгарманын электрондук вариантын ruheshsaity@gmail.com дарегине жөнөтө аласыз. Арийне, улуттук адабиятыбыздын казынасын байытууга ар бирибиз жапатырмак көмөк кылуу менен бирге элибиздин көркөм-мурастар казынасын байытарыбызды унутпаңыздар! Бул демилгебизди эң алгачкылардан болуп белгилүү обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов колдоп отурганына ыраазычылык билдиребиз! Биз бүгүн “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн Т.Колдошов […]