АҢГЕМЕ

Редакциядан: Урматтуу окурман! “РухЭш” сайтынын адабий архиви үчүн эл арасынан топтолгон өрнөктүү чыгармаларды жарыялоо саамалыгын баштадык! Андыктан Сиз дагы үйүңүздөгү китеп текчеңизден кезиккен жакшы аңгеме, жакшы повесттерди “РухЭш” сайтынын окурмандары менен бөлүшкүңүз келсе, чыгарманын электрондук вариантын ruheshsaity@gmail.com дарегине жөнөтө аласыз. Арийне, улуттук адабиятыбыздын казынасын байытууга ар бирибиз жапатырмак көмөк кылуу менен бирге элибиздин көркөм-мурастар казынасын байытарыбызды унутпаңыздар!

Бул демилгебизди эң алгачкылардан болуп белгилүү обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов колдоп отурганына ыраазычылык билдиребиз!

Биз бүгүн “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн Т.Колдошов сунуштаган өзбек жазуучусу Садулла Сиёевдин “Сарвиназ” аттуу аңгемесин окурмандар назарына койдук…

Түшкү тамактануудан келсем иш столумдун үстүндө калың кат жатыптыр. Адреси жок. Таңданып конвертти ачтым. Эндүү жалтыраган чакыруу баракча чыкт. Сыртында бири-бирине айкалышкан алтын шакектин сүрөтү. Чакыруу баракчасынын ичинде бир чарчы кагаз: «Саламатсыңбы, Садыкжан! Кулун кишенеп ат болдум дегендей, акыры бойдоктор ааламын таштап кетип баратам. Августтун он төртүндө той. Мени бир кезде өзүң бактымдан кур калтырган элең, эми келип бактым минен өзүң кошуп кет. Сени сагыпып, достуң Тажикул (Тажигүл)».

«Мени бактымдан өзүң кур калтырган элең…» Денем жыйрылып, кызык болуп кеттим. Көз алдыма шып этип түрдүү түскө бөлөнгөн чырактарга чулганган вокзал, Тажикулдун аянычтуу өңү, Сарвиназдын каткырып күлгөнү, тармал чач, мүчөсү келишкен сулуу жигиттин таңдануудан чакчайган курч көздөрү келди.

Биз Тажикул менен бир курста окуп, бир бөлмөдө жатчубуз. Тажикул (биз аны тамашалап Тажигүл деп атаар элек). Кашкадарыянын Лангар деген айылынан. Арык чырай, кара тору, бошоң болгону менен ак көңүл жигит болчу. Өзүнөн жашы кичүүлөр ишке жумшаса да «куп» деп кете бере турган. Ал бир аз сылтып басчу, өзүнө карап жүрбөгөндүктөн ар дайым сакалы өсүп, кийим кечеси бырышып, туфлисиндеги кир жети кабат болуп жүрчү. Ага айтсак: «Биз элеттикпиз, боло берет, эмне, мен көшөгөгө күйөө төрө болуп кирип жатыптырмынбы» деп кол шилтээр эле. Бир аз апенди чалыштыгы да бар болчу. Ошондуктан балдар, өзгөчө кыздар ар түрдүү обу жок азилдешсе да анын ачуусу келбестен, өтө жадап кетсе: «Баарыңар сыланкорозсуңар!» деп кыйкырып калчу.

…Колумдагы сымап менен жазылган чакыруу билетине карап койдум. «Колуктуусунун аты Гүлназ экен. Тажикул досум акыры жүрүп «наздуусун» тапкан экен да».

Кыялым студенттик жылдарга алып учту. Үчүнчү курста окучубуз. Хадрадагы азыркы Хамза театрынын жанындагы көп кабаттуу үйдө окучубуз. Орус адабиятынан сабак өтүүчү эжебиз Валентина Ивановнанын бир кызык адаты бар болчу. Ал лекция баштаардан мурда аудиторияга назар таштап, кокус жигит-кыздар бөлөк-бөлөк отурушкан болсо: «Дагы феодализмби? Кана, бир кыз, бир жигит болуп олтургула!” дечү. Биз эженин жинине тийбөө үчүн танапис кезинде эле жуп-жуп болуп отуруп алчубуз. Курстагылар так беле, же кыздардын бири да Тажикулду каалачу эмеспи, айтор ал ар дайым арткы партада жалгыз олтурар эле, орус тили жана адабияты сабагы бүтөрү менен ал менин жаныма келип олтурчу.

— Ошол күнү да орус адабияты сабагы жүрүп жаткан. Лекция жарымдап калганда эшик ачылып, деканыбыз Расулий агай көрүндү. Анын артынан орто бойлуу, сулуу кыз кирди. Деканыбыз эжеден кечирим сурап, бизге кайрылды.

— Жолдош студенттер! — деди ал салтанаттуу, — бүгүндөн баштап Сарвиназ Шукурова силер менен бирге окуйт. Сарвиназ — жакшы кыз. Аны жалгыздатып койбогула, бири-бириңерди урматтап, жакшы жолдош болуп окугула… Эми орундукка барып отур, кызым,— деп ал жаңы курсташыбыздын ийинине колун койду. Анан эжеден кайра кечирим сурап чыгып кетти.

— Сарзиназ кафедра жанында бир аз ийменип турду да, ак жуумал бетине кан жүгүрүп акырын арт жакка өттү. Ал кайсы жерге отурар экен деп, баарыбыз артка карадык. Сарвиназ түз эле Тажикулдун жанына барып отурду. Кимдир-бирөө «ох!» деди, жанымда отурган Мустафа «О, теңир!» деди сөзүн чоюп, дагы кимдир жөтөлдү. Балдар күлдү. Валентина Ивановна аларды тынчтандырды. Лекция кайра уланды. Бирок байкап отурамын, сабакка эч ким көңүл бурган жок. Айрыкча, жигиттер күбүр-шыбыр башташты. Назарымда деканыбыз жаңы студент деп бир топ жөнөкөй адамдардын арасына периштени кошуп берип кеткендей болду.

— Сарвиназдын түйүлгөн чачтары, албырган жүзү, кушбычым денесине кыналган көйнөгү, ал эмес кайыктай аппак кооз туфлисине чейин кынтыксыз эле.

— Танапис мезгилинде мени менен хорезмдик курсташым Мустафого окшогон бир-эки «сөөгү жоктор» ал кыз менен таанышуу үчүн жанына бардык. Сарвиназ ар бирибиз менен таанышып жатканда атын атап, кашын серпип колун созуп, татынакай жылмайып коёт, анык өзүн ээн-эркин кармана билүүсү көңүлүбүздөгү «периш» экен деген оюбузду улам барган сайын бышыктап жатты.

— Сарвиназхан, жүрүңүз, чай ичели,— деди кичипейил Камил.

— Мен сизди балмуздак менен сыйлайын,— деп кыйшактады Мустафо. Сарвиназ жалт бурулуп жанына кайрылды.

— Жүрүңүз, Тажикул аке?

— Тажикул араздаган баладай тултуюп турган болчу.

— Рахмат, мен… чыкпайм,— деди жини келип Сарвиназ бизге карап ыңгайсыз жылмайды.

— Кечирип коюңуздар жигиттер, биз… мен… кийинки сапар…

Үч жигит шагыбыз сынып коридорго чыктык.

— Тажикулдун пайдасына бир ноль! — деп кыйкырды Мустафо,— сен болсоң ташыңды тере бер, Садыкжан.

Камилжан башын чайкады.

— Махабаттын көзү көр дегени ырас экен да…

— Сага калса аларды никелеп да койгуң бар, — дедим Камилге,— карап тур, үч-төрт күн өтсүн, Сарвиназ Тажикулду тааныбай кетет.

— Көрөбүз.

— Эмне мелдешесиң?

— Бир стипендияны! — деп Камил кол сунду, Мустафо кести.

Үч-төрт күн эмес, бир жума өттү. Бирок Тажикул менен Сарвиназ ынак болуп баратышты. Валентина Ивановнанын гана сабагында эмес, баардык лекцияларда бирге отурушуп, түшкү тамакты чогуу жасап, танапис мезгилинде бир бурчта туруп аңгеме куруп күлүшөт. Мустафо экөөбүздүн кызганычтан күйбөгөн жерибиз күл болот. Камил болсо «Садыкжан үйүңө кат жаз, акча салышсын, стипендияңды мага бересиң, анан өзүң кантип жашайсың» деп жиниме ого бетер тиет.

Кыштын каардуу суук күндөрүнүн бири. Акыркы сабак болбой калды. Мустафо менен троллейбуста жатаканага кетип баратканбыз. Караташка жеткенибизде Мустафо капысынан:

– Ой-йоо! – деп мени түрттү, – гөрдүм, гөрдүм, нени гөрдүм? Тиги келаткандарды кара!

Терезеден сыртты карадым. Кардуу жолдо Тажыкул менен Сарбиназ маек куруп баратышат. Тажикул кыздын кооз бакмал портфелин көтөрүп алып, тайгак жерди абайлап басып, күйүп-бышып бирдемелер жөнүндө сүйлөсө – Сарбиназ ичи эзилип күлүп баратат.

– Ооба, бүттү дей бер, – деп башын чайкады Мустафо, – стипендияңды Камилге бере бер, бай акеси, сени өзүм эптеп багып алармын.

Жатаканага барып Тажикулду күтө баштадык. Ал бир сааттардан кийин келди. Өзүнчө эле күлүмсүрөйт. Адатта ал түз кирип, ботинкесин чеччү да, экөөн эки жакка ыргытып өзүн керебетке талп таштачу. Бул сапар андай кылган жок: ботинкелерин бир орунга коюп, пальтосун этияттап илди, шейшепти да этияттык менен кайырып, акырын кроватка созолонду. Мустафо мага карап тамагын кырды да «оңолууга алгачкы жасалга бериле баштаптыр»,— деп койду. Тажикул анын сөзүн кенеп да койгон жок, шыпка карап жата берди. Мустафо стакандан чай уурттап жатып:

– Тажикулбай, акыркы сабакта көрүнгөн жоксуңар го? — деди.

— Сабак болдубу? Агайды келбейт дешпеди беле?

— Агай сени жазып алды. Ишенбесең мына Садыкжандан сура.

— Китепканага бардым эле,— деди Тажикул.

Китепканабыз «Жеңиш» аянтында болчу. Ошондуктан:

— Ыя, Караташта да китепкана ачылыптырбы? — дедим калп эле таң калгансып. Тажикул ыргып ордунан турду. Ал Мустафо экөөбүзгө жалт карап алды да:

— Тыңчылар! — деп кыйкырды,— ооба, ачылыптыр! Караташта китеп окуп жүрдүм! Кандай, табаңар кандыбы?

Мен кол чаап турдум, Мустафо манжаларын кырсылдатып, жорголоп бийлей баштады.

Кара ташта кара каштан

Сабак алган Тажигүл?!.

— Та-а-жигүл! — деп коштодум мен.

— Тажи-гү-үл! — деп наздуу ийилди Мустафо.

Тажикул эмне кыларын билбей Мустафонун чайын ичип жиберип, анан туталанып кайра ордуна жатты. Бир топтон кийин:

— Садык, — деди секин.

— Ии, кайраным? Эмне дейсиң?!

— Тиги… көбүрүп турчу сакал алгыч крем… каерде сатылат?

Мустафо каткырып жиберди:

— Импортный чач боёк керек эмеспи? Маймылдын сүрөтү тартылган галстукчу? Мүмкүн «Кыялымда кыялың» деген атыр керектир, урматтуум.

— Бир сом чыгарсаң ошол кремден таап беремин, Тажикул,— дедим. Ал жаткан ордунан турбастан эзиле берип, уйпаланып калган бир сомдук алып ыргытты:

— Ме, жеп тойбогон, жылас!

Мустафо менден мурда акчаны алды да бырышын жаза баштады:

— Ыракмат, Тажигүл. Кантка акча таба албай олтурган элем.

Кыскасы Сарвиназ баарыбызды арманда калтырып, Тажикул менен «жүрүп” кетти. Эң күлкүлүү жери, Мустафо экөөбүз эки жылда үйрөтө албаган ишти Сарвиназ эки жумада эптеди. Тажикул чебер скульптордун колундагы бир бөлөк чоң таштай аста-секин сулуу кейипке кирип баратты. Көз ачып-жумганча анын кыйшык жакасы түзөлүп, кастюм-шымына үтүк басылчу болду. Туфлисин күнүнө эки ирет тазалайт. Эртең менен таң атпай турат да, жарым-жартылай чыккан  сакалын кыртыштап алат. Мурда ал куруна жалгыз дептерин кыстарып, сабакка кете берчү. Эми ал жалтыраган кулпусу бар портфел сатып алган. Күлкүсү да кандайдыр ыймандуу, “маданияттуу” болуп калган.

Сарвиназ менен таанышканга чейин “кең экрандуу” оозун чоң ачып, “ва!” деп күлчүү, эми канчалык кызык кеп укпасын, оозун жумуп, же ууртунун бир четинен жылмайып коёт. Качан болбосун кийинген кийиминен атыр буркурап турат…

Күн өткөн сайын Тажикул бизден ыраактап, Сарвиназга жакындап баратты. Сарвиназ Жалал-Абаддын бир кыштагынан экен, бул жерде ал туугандарынын үйүндө турчу. Кышкы сессиядан кийин жатаканага көчүп келди. Тажикулга кудай берип салды. Эми ал Сарвиназдын алдынан такыр чыкпайт. Таң куланөөк салганда көз көрүнөө аялдамага чыгып турат. Кыздардын арасынан айдай болуп Сарвиназ көрүнөт. Тажикул болсо тралейбуска чыгып Сарвиназга жай камдайт.

Ошентип окуштан кийин да жатаканага бирге кайтышат… Тажикул ашыга чечинет да, дептерин колтугуна кыстырып, кайра экинчи кабатка, Сарвиназдын алдына зуу коёт.

Бир күнү аны ортого алдык.

— Тажигүл,— деди Мустафо,— ушунча болду, жүрөсүң. Айтор… кол-солун кармап көрдүңбү?

Тажикул конспект окуп отурган.

— Эмне, кармаш эле керекпи? — деди бетин далдаалап.— Ар күнү таң саарлап кол алып көрүшөбүз го?

— Ал башка,— деп үгүттөй баштады Мустафо,— көпчүлүктүн алдындагы эсепке кирбейт. Кечинде коштошуп жатып: «Жакшы түштөр көрүп жатыңыз Сарвиназхан» дегин да, акырын колун өөп кой. Азыр ушинтип коштошуу ырасым болгон.

Эки күндөн кийин жатар маал Тажикул үрпөңдөп келди.

— Мустафо кайда, Садыкжан? Ал анык акмак экен. Мен азыр анын башын жарам!

Көрсө Тажикул Мустафонун «кеңеши» менен иш кылып сазайын жептир. Сарвиназ экөө бир топко чейин кыздын бөлмөсүндө сабак даярданышат. Тажикул кетер маалда «анда эмесе жакшы калыңыз…» деп кыздын колун өбүү үчүн ийилген экен, Сарвиназ каткырып күлүп: «йе, тынччылыкпы, Тажикул аке? — дептир жоодурап.— Мындай… жарашпаган адатыңыз жок эле го? Мен алдымда ийилген адамды анчалык жактыра бербейм».

— Мустафонун өзү балекетти да билбейт экен! — деди ал кыжырданып.

Капа болбо, курбум. Кыздар өзү ушундай үркөөк болот. Анткени атына маани берип карабайсыңбы. Сарвиназ! Сүйүшкөн ашыктар жөнүндөгү китептерди көбүрөөк окусаң, Сарвиназдын көңүлүндөгүсүн таба аласың.

— Окуп жатамын го, мындан артык эмне кыламын? — деди ал чыйпыйы чыгып.

Өзүмчө ага билдирбей күлүп койдум. Чыны менен эле Сарвиназдын шарапаты менен биздин досубуздун да зачеткасы «гүлдөп» калган, «үчтөр» «төрткө», «төрттөрү» «бешке» алмаша баштаган эле. Кыясы Сарвиназ скульптордун колундагы баягы одуракай чоң таш маанилүү бир кейипке кирип, эми ал ташка кыз жан кийирүүнүн аракетинде эле.

Кыш өтүп, жазгы каникул башталды. Көпчүлүк студенттер үйлөрүнө тарап кеткен Мустафо Харезимине жөнөгөн. Сарвиназды Тажикул Жалал-Абадга узатып койгон. Өзү болсо: «Бир жуманын эмнесине убараланам, үч күнүм жолдо өтөт» деп Ташкенде калды. Ал кечке чейин жатып алып китеп окуй берет. Кечинде бир жактарга басып келет да кайра китепке үңүлөт. Көпчүлүгү сүйүү жөнүндөгү романдар, кысалар. Мукабасынын ички бетине «С. Шукурованын өздүк китепканасы» деп жазылган.

Бир күнү түш ченде дүкөндөн келсем Тажикул жука китепке термилип ыйлап турат. Ал мени көрүп төрт бүктөлгөн аппак кол жоолугу менен көзүн сурттү. Анан:

— Адамдар эмнеге мынчалык мыкаачы болушат! — деди китепти жаап жатып.— Карачы… эки бактылуу жаштын дилиндеги каухарга кол салышты э! Дилинде алоолонгон каухар болбосо, турмуштун маңызы калабы?

Турган ордумда ден дароомун. Көз алдымда өзүбүз билген жүдөө, далысы куркуюп чыгып турган, карапайым Тажикул эмес, бир топ жашка чыгып, турмуштун ачуу-таттуусун татып калган, билимдүү, өзүнө тың адам турду. Китептин бетине карадым. “Тристан менен Изольда». Мен өмүрүмдө укпаган китеп! Ооба, Тажикул бизден озуп баратат. Анткени мурда көпчүлүгүбүз аны тоотчу эмеспиз. Эми балдар кандайдыр маселенин үстүндө талашчудай болсо, Тажикулдун оюн билиш үчүн бөлмөбүзгө баш багат. Бул ой кызгануумду күч алдырды. Анан кызгануум өзүмдү иренжитип, Тажикулга суктанып карадым.

— Бери кара, урматтуу ашык.— деп анын түнт кыялынан алаксытайын деп тамашаладым. — Көзүмө карап туруп айтчы, ушул убакка чейин ошол кызды кур дегенде бир жолу бооруңа бастыңбы?

Тажикул шыпты тиктеп унчукпай жата берди. Мен бөлмөнүн ортосунда ары-бери басып сөзүмдү уладым:

— Бооруңа кыскан жоксуң! Антүүңө Сарвиназ уруксат берип коймок беле! Анткени, ал сени болгону дос, курсташ катары урматтайт. Азыркыдай гүлдөр ачылып, булбулдар шаңшып турган кооз жаз мезгилинин биринде ал периште шып учуп башка бутакка конуп кетсе, арманыңды кимге айтасың?

— Башың иштебейт,— деди Тажикул китептерин жыйнап жатып, тескери караган калыбынан жазбай,— качантан бери махабат чоп-чоп өбүшүү, «Мен сүйөмүн, сен сүйөсүңбү» деген обу жок кыйкырыктар менен өлчөнө турган болуп калган! «Махабат — моралдык сулуулук» деген Айбек. Махабат — адамдын өзүн-өзү таанышы! Чын, Сарвиназ мени чанып кетсе, албетте, мага оор эле болот, бирок башымды дубалга койгулап ыйлаймын. Ал менин колума табылгыс күзгү карматкандай болду. Бул күзгүгө карап мен кимдигимди, кандай болушум керек экендигин билип алдым. Ага, мен өлөр-өлгүчө ыраазымын.

Тыштан кыздардын күлкүсү угулду. Тажикул ордунан учуп туруп терезенин каршысына чуркап барды. Ал бир аз турду да, анан:

— Студенттер үйлөрүнөн кайтып келатышат,— деди капалуу үн менен. Бир аздан кийин: «Сарвиназ келди бекен» деп ылдыйкы кабатка түшүп кетти.

Тажикул Сарвиназды катуу сүйүп калган, эми андан кол үзүп кетиши оор эле. Муну группалаштарынын баардыгы билише турган, андыктан колдору бошору менен ал экөөнүн ушагына түшүп кетишчү. Кыздарыбыз да кийинки кезде Сарвиназдын өз оозунан сөз уккусу келген окшойт, капысынан бир кызык маектин үстүнөн чыгып калдым.

Жатакананын бир бурчунда гүлзар бар болчу. Гүлзардын жанындагы он кадамдай бош жер тактай менен тосулуп, ал жерге кир жайганга зымдар тартылган. Бир күнү түштөн кийин бөлмөдө жалгыз өзүм зеригип, короого чыктым. Баякы гүлзар четиндеги отургучка барып отурдум. Тактайдын артында эки кыз кир жайып жүргөн. Кез-кезде үзүк-жулук сүйлөшө калышат. Үндөрүнөн дароо тааныдым: курсташыбыз Рано менен Сарвиназ..

Тажикул акеңиздин көйнөгүн өтө дит коюп жууптурсуз го, аны чын дилиңиз менен жакшы көрөсүз бейм, курдаш,— деп тамашага ыйгарып сүйлөдү Рано.

— Тажикул аке жакшы жигит,— деди сыпайылык менен Сарвиназ,— жүрөгү таза.

— Мага караңыз, курдашым, чын эле ушул…— Рано ыңгайсыз бир сөз айтмакчы болуп, анан кыясы тилин тыйды,— ушул жүдөмүштү сүйөсүзбү? Кантип эле Сарвиназ Тажикулга турмушка чыксын деп кыздар аңыз кылып жатышат.

— Ойлогон оюңар өтө кыска! — деп ачууланды Сарвиназ, анан дарга кир жайып жатып сөзүн улады,— биз Тажикул аке менен бар болгону доспуз.

— «Досуңуз» сизге үйлөнмөкчү деп айтышат ко?

— Калп сүйлөбөй эле коюңуз! Тажикул акеден эч качан мындай сөз чыкпайт.

— Туура айтасыз, мындай сөздү айтууга жарай турган деле жигит эмес да ал.

Сарвиназ кесе сүйлөдү.

— Адам бирөөнүн кемчилигин издегенден көрө, өзүнөн жакшы мүнөз издегени оң го! Тажикул акенин группадагы жигиттерден кымындай да кемчил жери жок. Бала кезинде оорууга чалдыгып сылтып басып калган. Бир аз апенди чалыштыгы бар, бирок бул айып эмес. Кээ бирөөлөрдөй шайтанды алдаган шылуун болгондон көрө, ушундай апенди чалышыраак болгону деле дурус. Мындай адамдардан эч качан жамандык күтүүгө болбойт.

— Тажикул акеңизди өтө көкөлөтүп жибердиңизби дейм?

— Эмне үчүн ал башкалардын алдында башын ийип жүрүшү керек? Мен ал кишини бир тууганымдай урматтайм. Ага менен карындаштын ортосунда болсо Ранохан, сиз ойлогон махабаттын болушу мүмкүн эмес.

Азыр эле уккандарым — ачык акыйкат Тажикулга эмес, мага тиешелүүдөй жүрөгүм туйлап, кыялым чабыттады. «Бул сөздү Тажикулга кантип айтамын. Ал эми эле өзүн оңдоп келатпады беле. Кыялында гүлгө чулганып, бөтөн бир ааламда кезип жүрөт. Чөгүп, мурдагы кейпине түшуп калбас бекен? Жок, айтпаймын, убагы жеткенде өзү билип алар…”

Бир жылдан кийин, жазгы сессия башталар алдында мен ойлогон окуя жүз берди.

Жаз айынын кооз түндөрүнүн бири Тажикул порум болуп бөлмөгө кирип келди. Үстүндө ак-сары финка, кыры коон тиле тургандай болгон көгүш шым, бир таманы бийигирээк (Ал аксаганым билинбесин деп туфлисинин бир жубуна кошумча таман кактырып алчу) жаңы туфли, чачы жалтырата таралган. Тою болчудай, өзүнө ыраазы, бакты күлүп турган ашык жигиттей көздөрү күлүңдөйт.

— Бүгүн биз менен кошо вокзалга чыгасың,— деди ал түшүнөн чочугандай.

— Ыя де, агай зачётту вокзалда алат бекен? — деп тамашаладым.

— Жок. Ленинграддан Сарвиназдын бир кымбаттуу кишиси келет экен, ошону күтүп алабыз.

— Өзүңөр чыга бергиле… Үчүнчүсү ашыкча болуп мага эмне бар?

— Сарвиназ Сагын акемди да кошуп алыңыз деп айтты!

Вокзалга эрте жеттик. Сарвиназдын колунда бир тесте атыр гүл. Ал бат-бат саатына карап алат. Нурга чагылып турган өңү тынчсыздана түшүп, кайра ажарына  ачыла түшөт.

Поезд саат он бирлер чамасында келди. Вагондон чоң чемодан көтөргөн орто бой чымыр денелүү, ак жүздүү, көздөрү жайнаган бир жигит түштү. Сарвиназ “Матлабжан аке!” деп чуркап барып, атыргүлү менен кошо жигиттин мойнуна асылды. Ошол бойдон бир саам кыймылдабай калышты. Кыздын көздөрүндө жаш жылтырай түштү.

— Таанышып алыңыз, Матлабжан аке, — деди ал көз жашы аралаш жылмайып. – Курсташтарым Тажикул аке, бул — Садык аке!

Матлабдын салабаттуу каштары жыйрыла түштү. Ал бизге кол берип, сыпайы баш ийкеп койду. Матлаб Ленинграддан аспирантураны бүтүрүп келатыптыр. Физик окумуштуу болот экен.

Вокзалдын аянтына чыктык. Тажикул экөөбүз аларды узатып аялдамага чейин бирге бардык. Тажикул жерден башын көтөрө албайт, уяттуу иш жасап койгон адамдай менин далдамда баратты. Ошондо гана Сарвиназдын акылына баш ийдим. «Вокзалга Садык акемди да кошо алып барыңыз» деп бекер айтпаган тура. Мына азыр чоң аянттын как ортосунда Тажикул өзү жалгыз шөмтүрөп калып калса эмне болор эле?!

Сарвиназ менен Матлаб троллейбуска чыгышты. Сарвиназ оболу кол шилтеп биз менен коштошту. Анан ыргып түштү да түп-түз Тажикулдун маңдайына басып келди. Ал алоо болуп кызарып мойнун созду да… Тажикулдун маңдайыңан өптү. Бир гана мурат-максатына жеткен кишилерде боло турган чексиз толкунданган кубаныч менен:

— Рахмат, Тажикул аке! — деди. Мен жалт бурулуп Матлабга карадым. Ал өз күчүнө ишенген буркүттөй чырайлуу каштарын серпип, камаарабай туруптур.

Троллейбус жүрүп кетти.

— Биринчи (алгачкы) жана акыркы өбүү…— дедим досумдун колтугунан кармай жетелеп.

Мына, ошол Тажигүлүм үйлөнө турган болуп, бүгүн мени тойго чакырып отурат. Шашылып вокзалга жөнөдум.

Өзбенчеден которгон Шерназар ШҮКҮРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.