«Дүйнөдө эң зор окуя эмне? Адам баласынын мээсиндеги өзгөрүү».
Оскар УАЙЛЬД.

Дүкдүк жүрөктүн ишеними

Өлкөбүздүн жана коомдун өзгөрүүсүн каалагандар бүгүн четтен табылат. Өзгөртүүнүн жолун айткан билермандар да толтура. Тек, жолун көрсөткөн киши жок, баары эле айтымчы. Бирок алар өзгөрүүнү өздөрүнөн баштаса кана… Маселен, мен өзгөрүүнү өзүмдөн баштаган киши катары айткан-дегеним менен ишимди айкалыштырып, андан натыйжа чыгарууга толук мүмкүн экенине бара-бара көзүм жетип келатат…

Бүгүн жеке өз жонтерим менен сезген тажрыйбамды учкай кеп кылганымды окурман журту ашыкча көрбөс дейм. Мен муну коомчулукка мактаныч иретинде эмес, болгону, иштин жыйынтыгы катары түшүндүргүм бар.

Адегенде “Роза Отунбаеванын демилгелер фонду” уюштурган деми сууй элек “Дүк-дүк жүрөк” аттуу чыгармачыл кечемдин айланасында учкай сөз. Аталган маданий иш-чаранын өтөрү туурасында маалыматты жайылтуудагы алдын ала «Фейсбук» аркылуу адабият, маданият күйөрмандарына эскерткеним бул болду: “Кече 22-май, 17-00дө башталат. Беш мүнөткө кечиккендер театр сыртында каласыңар. Театр администрациясы тарабынан каалга жабылат. Андыктан кечигип келгендер ары-бери басып, элди кыжы-кужуга салгандай болбогула! Эгер кечени өзүм кечиктирип баштасам, мени дароо жакадан алгыла да, сыртка чыгарып таштагыла!”

Болду! Бул маалыматты ошол замат жалпыга маалымдоо каражаттары да удаама-удаа илип кетти. Адабий-музыкалуу кечеме кечигип келүүчүлөр сыртта каларын дароо түшүнгөн белем; 16-30дан тарта театр залына эл агылып келе баштады. Мен да өз сөзүмө турууга болгон аракетимди жумшап, саат 17-02 чыгармачыл кечемдин көшөгөсүн ачтырдым. Болгону, эки мүнөткө кеч баштадым!

Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын залы толо күйөрмандар отурганын көргөндө, көргөн көзүмө ишенип-ишене албай турдум. Атүгүл убакыттан бир аз кечигип келгендер театр балконунда отура баштаганын көргөндөн кийин, мен бир нерсеге түшүндүм: демек, той-торопого болобу, маданий иш-чараларга болобу – элди убакытка сарамжал болууга үйрөтсөк болот экен го!

Көрсө, мандемдин баары – маданий иш-чаранын же той ээсинин өзүнөн гана көз каранды окшобойбу?! Мечит менен той-ашка гана агылып барган элди маданиятка, адабиятка тартуунун түрдүүчө жолун издесек болот экен го.

Арийне, убакыттын кунун байыркы Римдин улуу философ-акыны Луций Анней Сенекача түшүнсөк кана. Анын Луцилийге жазган биринчи катында минтип эскертилет эмеспи: Өзүң үчүн мурда тарттырып жиберген же бекерге кетип жүргөн убактыңды кайра утуп ал, аны сакта жана өзүңө арна. Мага ишенбесең өзүң байкап көр: биздин убактыбыздын бир бөлүгүн күч менен тартып алышат, бир бөлүгүн уурдап кетишет, ал эми дагы бир бөлүгүн өзүбүз пайдаланбай коё берип жиберебиз. Бирок бардыгынан жаманы бул өзүбүздүн кенебестигибизден кетирген жоготууларыбыз.

Жакшылап карап көрчү: өмүрүбүздүн көпчүлүгүн болбогон иштерге коротобуз, бир далайын бекерчилик менен өткөзөбүз, калган өмүрүбүздү кереги жок нерселерге жумшайбыз. Сен мага убакытты баалай алган, бир күндүн баасы канча экенин билген, ар бир саат сайын кандай жоготуулар болуп жатканын сезе билген адамды көрсөтө аласыңбы? – деп убакыт кунуна кайышканын кыргыз урпагынын да кулагына куйганыбыз ашыкча болбос.

Тойдун жаңыча модели

Албетте, менин мактанчаактык сапатымды кыртышы сүйбөгөн айрым окурмандар мунума да ынабастыр. Эмесе башка мисал: чыгармачыл кечемди өткөрөрдөн саналуу күн мурунку мага эч бир тиешеси жок кыз узатуу тою туурасында кыскача баяныма өтөйүн эми!

Филология илиминин доктору, белгилүү филолог Үмүт Култаева менен менин эч кандай тууганчылдык жайым жок. Ошентсе да Үмүт эжебиз мындан жарым ай мурда Арууке аттуу кызын турмушка узатмакчы болуп калды. Той алдында кеп-келең курууга чакырганынан үйүнө бардым. Тойдун сценарий планын түздүк экөөлөп.

Себеби өткөн жылы Үмүт Култаева, Эсенбай Нурушев, Искендер Ормон уулу өңдүү интеллигенция өкүлдөрү КТРКнын “Улутман” көрсөтүүсү уюштурган тойлордун жаңыча форматы жөнүндө талкууда эфир аркылуу элге бак-бак сүйлөгөнбүз, акылдуу көрүнгөнбүз башкаларга. Улуттун нарк-насилин, салтын кеп кылганбыз.

Ошондон улам сөзүбүз менен ишибиз ачакей чыкпасын үчүн бул жолу той үлгүсүн көрсөтүү өз мойнубузда турду. Элге үлгү болор тойду өзүбүз кантип көрсөтөбүз деген маселе соройду алдыбызда. Өзүм болсо тамадалык милдетти аткармай болдум. Мурда дегеле бир тажрыйбам болсочу бир, бирок ага карабай тобокелге салдым…

Той убактысын үч жарым сааттан ашырбаган, тамак-ашка да, убакытка да сарамжал үлгүдөгү сценарий түзүлдү. Меймандарга чакыруулар таратылды. Ресторанга мерчемделген убакыттан кечикпей келүү кайта-кайта эскертилди. Меймандар 17-00гө чакырылып, 17-10до той баштоону пландадык.

Биз көздөгөндөй эле ресторанга меймандардын 70 проценттейи өз маалында келди. Бирок кечигип келе тургандарды күтүп отурганыбыз жок. Той жарыяланды. Тамада катары чыктым да, меймандарга тойдун жаңыча форматын жарыяладым. Тойдун андан аркы бөлүгүн мага жардамчы тамада болуп белгилүү төкмө ырчы Азамат Болгонбаев улантты.

Тойго келгендерге өз ара көңүл чер жазып сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түздүк да, анүчүн ар бир үстөлгө тост берип отурбай, кыз берген тарап менен кыз алган тараптагыларга гана сөз берилди. Негизинен манасчы жана дастанчы Самат Көчөрбаев баш болгон этно-музыкалык ансамблдин өнөрпоздору меймандардын кулак кужурун кандырып отурушту.

Арасында ресторандын төрт дубалында илинген чоң экрандардан көпчүлүккө белгисиз, өтө сейрек учураган (КРнын Мамлекеттик архивинен алынган фото-сүрөттөр) табылгаларды табышмак иретинде оюнга айланттык. Улуттук дөөлөт-мурастарыбыздын жерпайын түптөп кеткен улуу залкарлардын сүрөттөрү менен бирге айрым комуз күүлөрүн ойнотуп, эми тапкыла дедик. Мына анан, залдагылардын көздөрү жанып, жанданганын көрүп ал!

Болот Шамшиев тарткан тасмадагы Саякбай Каралаевдин бүркүтүнө жем чокутуп отурганы, Ыбрай Туманов, Александр Затаевич, Константин Юдахин өңдүү жана улуу муундагы жазуучулардын, эл шайырларынын сейрек сүрөттөрү меймандардын бүйүрүн улам кызытып, аларга мурдун чүйрүп отурган бир да киши болгон жок залда.

Ал эми тойдун экинчи бөлүгүнө келгендеги сандыктагы кызга берилчү сеп меймандардын ар биринин сезимине терең таасир калтыргандай болду. Анткени сандыкка салынган Сагымбай Орозбаков менен Жусуп Мамайдын зор көлөмдөгү эки томдук “Манас” эпосу, Чыңгыз Айтматовдун он томдук чыгармалар жыйнагы, комуз күүлөрү менен дастандардан турган беш компакт диск, ооз комуз жана өрүк комузду руханий мурас катары сандыкка салып тапшыруудагы көрүнүш келген меймандар үчүн кантип өрнөк болбосун?

Алардын арасында да эртең кыз узатып, келин алчулары болот. Мындай саамалык, мындай өрнөктү улантып кетүү ар бир кыргыз урпагынын кантип колунан келбейт. Келет. Тек, муну оозеки айтып гана тим калбастан, демек, турмушка ашыруу жолу деле кыйын эместей экен…

Рухий коом агартуу модели

Мынча болду, эми кайра эле өз ийгилигим менен мактангым бар, бурадар. Коомго таасири күч кандайдыр бир иш баштоо керек болсо, көбүбүздүн максат-мүдөөбүздү ишке ашыруу акчага барып такалат. Тыңдардын кээси грант жазып иш жүргүзөт экен. А мен сокур тыйынга да байланганым жок. Эки чөнтөгүмдүн түбү тешик экенине карабастан мындан үч жыл мурун “РухЭш” сайтын негиздедим да, улуттук адабиятыбыздын салттуу жолун улайм деген дымак менен эне тилибиздеги өрнөктүү чыгармаларды ылгап, Интернет айдыңында жайылта баштадым.

Бөбөктөр үчүн күндө кечинде дүйнө эл жомокторун, тамсилдерин кыргызчага которуп илгенди адат кылып алдым. Мына анан, мага алкыш жаадырган окурмандардын калың катмары өзүнөн өзү пайда болду. Туруктуу окурмандарым арбыган сайын ишимди күнү-түнү уланта бердим. Мурда айлык акы алган ишиме мойнумдан байланган иттей илең-салаң мамиле кылган жаным, эч бир айлык акысы жок ишиме 15-16 саатымды арнаганга өттүм.

Рухий коом агартуу ишиме алкыш айткандар арбыган кезде, мен 21-кылымдын дубанасы болууга биротоло бел байладым: элге ымандай сырымды айтып, “РухЭштин” ЭЛСОМ эсебине 50 сом, 100 сомдон салып туруусун эскерттим. Мен чөнтөгүмдүн түбү тешик болгонунан уялганым жок, уялганым – коомубуздун рухий жакырчылыгы болду.

Мындан аркы ишимди калктын калың катмарын жапатырмак колдоого үндөсөм, бирок тыйынды той-торопого гана жумшаган кыргыз менин ишимди жапатырмак колдоп кетпесе да, арасынан бирин-экин күйөрмандарым пайда болгон үчүн аталган сайт бүгүнкү күндө адабий аянтчага айланып калгансыды. Учур адабиятынын өкүлдөрү арасында чыгармачылык процесс кыйлага жанданып, дүйнө адабиятын кыргыз тилине түпнускадан которгон туруктуу авторлор менен котормочулар арбыды. Андыктан мындан кийинки этаптык өсүш жолубуз – адабий рынокту жаратуу мүшкүлү. Ага да аз калды, азиз окурманым!

Демек, мындан аркы ишимде кыргыз адабиятынын базарын кайнатаар муктаждыктар жараларына азыр бөркүмдөй ишенген кезим. Эң башкысы – туруктуу окурмандардын аудиториясы калыптанып калгансыды, анын бир натыйжасы: мындан бир жума мурдагы адабий-музыкалуу кечеме келген элдин шары. Опера-балет театрынын залына жык жыйылган элде рухий муктаждык болбосо, эмнеге келди?

Сөз башында өзгөрүүнү өзүбүздөн баштоого чакырык таштаганым да ошондон, урматтуу замандаш! Ар бирибиз өз жандүйнөбүздө өзгөрүүгө тушуксак гана өлкөбүздө, биз жашаган коомдо өзгөрүүлөр, жаңылануулар өзүнөн өзү башталат! Ар бир кыргыз урпагы кайда жүрбөсүн, өзүбүздүн инсандык дидарыбызды калыптайлы. Орусияда жүрөсүңбү, Африкада жүрөсүңбү, эң башкысы – сен өзүңдү кыргыздын татыктуу урпагы катары алып жүр!

Орусиянын көчөсүн шыпырып жүргөн болсоң да, башыңды бийик көтөрүп, көкүрөгүңдө “мен Жер планетасынын тазалыгы үчүн жан үрөп жүрөм” деп жаша! Кыргыз урпагынын ишке болгон жоопкерчилиги, мээнетчилдиги башка улуттун өкүлдөрүнө үлгү болсун! Башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз деген улуттун урпагы иштин сапатын арттырып, өз жоопкерчилигине бекем турат деп суктандырган түшүнүктү жаратсын!

Олжобай ШАКИР
“Азаттык”

One Reply to “Өзгөрүүнү өзүңдөн башта”

  1. «Мен чөнтөгүмдүн түбү тешик болгонунан уялганым жок, уялганым – коомубуздун рухий жакырчылыгы болду». Ушул сөздү окуп көзүмө жаш келди… Азыр Россияда иштеп жүрөбүз жаштыгыбызды бөтөн элге берип,көр турмуш азгырып… Мекен үчүн эч нерсе кыла албай атабыз аттиң. А Мекен сиздей улуу инсандарды карап,баалай албай атат аттиң…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.