АҢГЕМЕ

Биз, майдалар, чоң атам менен бир туугандардын балдарын бүт аба дечүбүз. Анан калса, туугандар анча көп эмеспиз, баарыбыз эски колхоз курулганда эле энчилип берген тамаркаларыбызга ээлик кылып турабыз, андыктан бир үйдүн түтүнү башка үйлөрдү да аралап кетет. Жамандык-жакшылык гана эмес, орозодогу арапалыктарыбыз да, уйубуз тууса кайнаткан ууз ашыбыз да бирге. Тандыр тебелесек да, кийиз кылсак да, оро ачсак да, көмүр түшүрсөк да баарыбыз чогула калабыз.

Ошол абаларымдын бири каза болгондугу тууралуу кабарлашканда мен Бишкектен Дубайга жөнөп аткан элем. Айылдагы карылыктан кулагы бирде укса, бирде укпай калган атама чалдым, «Жолдон калбай бара бер, сен келгенде эмне абаң тирилип кетмек беле» деп койду. Фирманын иштерин бүтүргөнчө аялымды да, балдарымды да эс алдыра келейин деп аларды да алып алгам, оолугуп алган балдарым калгыдай эмес. Кете бердим. Он эки күн жүрүп, Бишкекке келерим менен фирманын ээси – шеф, самолётко билет алып койгон экен. Алматыга барып, андан Бангогго учуп кеттик, ары Пхукетке эс алуу жайлары менен туристтерди алып барууга келишим түзүп дагы бир айдай жүрүп калдым.

Ошентип абамдын кыркы да өтүп кеткен соң чыгынып туруп, эрте мененки самолётко билет алдым да, ошол эле күнү намашам аралаш кайта турган болуп айылга жол алдым.

Токсондун ашын ашап аткан атам менен апамдын алдына базарлыгымды таштап эле, нан ооз тийип, көз көрсөтүүгө абамдардыкына жөнөдүм.

Жеңем өзү жалгыз чаркарда тамбашына каракагаз жаткырып аткан экен, мени көрүп, бир карап алып эле, шатынын эки паканасын бирден аттап шамалдай шашкалактап түшүп келди да, ылай көйнөгү жана колдору менен жүгүргөн бойдон үйүнө кирип кетти.

Бу жеңеме эмне болду? Мага батага кеч келди деп таарынып үйүн жаап отуруп алабы дедим. Анан эмне, мен бул үйгө канча жолу келсем, ошончо жолу эки бетимен эки өөп, айланып, садага болуп тосуп алчу. Бул жолу…

Аңгыча үй ичинен жеңемдин мага тааныш, абдан эле тааныш үнү чыкты.

Кебездей эй-эй кардын бетинде,
Кыпкызыл болуп эй-эй кан жатат.
Кыяга эй-эй жетпей кулаган,
Кайраным гөрдө эй-эй тим жатат…

Мен ошондо жеңем менден алдын кирип, куран окутканы келгендерди эшикке чыкпай отурган ордунда кошогун кошуп тосуп алышы керектигин карманган салтты сактап жаткандыгын түшүндүм.

Башкадан күтсөм да ушул жеңемден күйөөсүнө ушунча күйүп, ушундай кошок кошот деп күткөн эмесмин. Оозум ачылып эле калды.

Акырын шырп алдырбай, жеңемин жанына барып, кошогун токтотсо, куран окуйт элем деп туруп калдым. Жеңем кошогун токтотподу. Кайра улам күчөп, улам муңдуу доошу менен мени таң калтыра кошок кошо берди.

Агарган эй-эй кардын бетинде,
Алчадай болуп эй-эй кан жатат.
Ашууга жетпей эй-эй адашкан,
Асылым, көрдө эй-эй тим жатат…

Жеңемден мындай кошок күткөн эмес элем дегендин да себеби бар. Анда жеңем Фрунзеде – женпедде, музыкалык факультетте окучу экен. Абдан жакшы окуптур, кийин альбомунан көп эле сүрөттөрүн көрсөткөн, курсташтарынын ичинен белгилүү ырчылар, а түгүл эл артисттери, эмгек сиңиргендери чыгыптыр. Ошолордун сүрөттөрүн альбомунан ачып берип атып, оор улутунуп алчу. Сүрөттөрдүн ичинде аскер кийимчен бир жигиттин да сүрөтү боло турган, аны өзгөчө бир ынтаа менен карачу. Кийин ал сүрөттөр альбому менен кошо абамдын колуна түштү да, абам аны тандырга алоолоп күйүп жаткан тамеки сөөктөрдүн арасына тытып-тытып таштап жиберген. Ошондо мен карап тургам. Үйлөнүшкөнү менен али балалуу боло элек эле.

Абам адаттагыдай апам айткандай «ичээр оокатын ичип келип» тандырга от коюп берип аткан жеңемдин колунан көсөөсүн жулуп алып аны менен жон талаштыра чаап, ал байкуш коркконунан үрпөйүп туруп калса, ылай шапкесин башынан алып, «ыы, Таластыгыңды сагындыңбы» деп, келекелеп туруп калды. Мен кичине баламын. Нан жасап аткан абамдын апасына чуркап кирдим. Келинине болушуп кайын энеси камыр колу менен атып чыкканда, баласы апасын да тоотуп койбой, «Бул жалап таластык жигитин сагыныптыр» деп дагы тап койду эле, апасы ортого түшө калып, жеңеме ым берди эле, жеңем болсо биздин үйдү карап атырылды…

…Ошол жеңем ошол күйөөсүн жоктоп азыр менин алдымда кошогун кошуп атат.

Жеңемдин үнү ушунчалык уккулуктуу экен. Бирок абам аны бир жолу да ырдатпады. Айтуудан ушул эле айылыбыздын башындагы атасы да, апасы да жакшы ырдашыптыр. Кызы да мектепте ыр-хор ийримдерине, кароо-сынактарга катышып, оюн-зооктордон калчу эмес экен. Фрунзеге чейин ырдап барыптыр, телевизорго да чыкканын айылдыктар аваз менен айтып калчу. Ошол жактан үнүн бир атактуу ырчы жактырып женпедге кирүүнү сунуш кылып, анан окууга алынган дешет. Таластык бир аскер жигити менен таанышып, кат алышып, бир-эки жолу «Ала-Тоого» киного барышкан экен, анын баары айылга башкача угулуп, дүң болуп, анан үчүнчү курсту бүтүрүп, каникулга келгенде ата-энеси, туугандары окууга жибербей, ушул абама кыйнап эле берип коюшат.

Бир жолу мектептен келип, апамды издеп абамдардыкына барсам, үй ичинде жаңы эле бул үйгө келин болуп келген ушул жеңем жалгыз отурган экен. Ыйлаганбы. Көздөрү кызарып чыгыптыр. Менин шырпымды алып, ордунан атып туруп, колундагы альбомун жүктүн арасына кыстырды. Мен болсо аны көрүп калдым да, өзүмдү ыңгайсыз сезип, астанадан аттай албай, же артка кетенчиктей албай туруп калдым.

— Кел, келе кой, атың ким?

— Мыйзам!

— Мени мындан кийин «жеңе» дегин, а мен сизди «жаңкы бала» деп тергейин. – Баятан берки кайгысын өзүнөн силкип таштагандай айт күнкү кыздардай бир паста жайдарылана түштү.

Анан жана эле кимдир бирөөдөн корккондой жүккө тыгып таштаган фотоальбомун алып, мага ар бир барагындагы сүрөттөрдүн жөнүн айта баштады. Ошондон кийин мен жеңем үчүн «жаңкы бала» болдум да, жеңем мен үчүн жакын жеңеге айланды.

Арадан адамдардын шаштысын алып, жылдар жылып, жараткан артыңарда из калтыргыла деп абам менен жеңеме төрт бала, мага эки бала берди.

Мына эми жеңем кошогун токтотпой, жанында «жаңкы бала» баласы жеңесинин  армандуу кошогунун бүтүшүн күтүп отурат.

Береним, беш түлөк куштай уччу элең, эй-эй…
Бүркүтүм, сен адамзаттын курчу элең, эй-эй…
«Жаңкы бала»,
Белинен сынып беш түлөк, эй-эй,
Бүрүшүп өлдү бүркүтүм,
Бүркүтүмөн ажырап,
«Жаңкы бала»,
Оо, менин жоголуп кетти, эй-эй Ай-Күнүм… ох, ий…

Өзүмдүн уккан кулагыма өзүм ишенбей отурдум. Кайдагы берен да, кайдагы бүркүт? Өмүр бою кара келтектин алдында калып, мас күйөөсүнүн азабын тартып, бир өмүрүн текке кетирген, беттери тырыш, бели ийилген, бутун сүйрөп баскан ак чач жеңем ушинтип кошок кошуп отурат. Күйөөсү бир нерсе болсо, кошок кошмок түгүл, бир күн кара кийип аза тартпаса керек деп ойлойт элем бул жеңемдин абамдан көргөн кордугун эстеген сайын.

Сырттан абам менен жеңемдин чоң уулу келип жаныма отуруп калганын элес да албаптырмын. Карасам эле отурат, колун мага сунуп, ырсайып коёт.

Ой, ушул бала азап тартты. Өзү эле тартпай апасын да өмүр бою түйшүктөнтүп келди. Баратып эле турган жеринде жыгылып, бети-башы канап, оозунан ак көбүк чыгып жатып калат. Оң колу, оң буту кыймылсыз, тамакты сол колу менен бурдап-бурдап жегенде он күндөн бери ачка калганбы деп кишинин эси чыгат.

…Бир жолу кечки дасторкон эми жайылып тамакка отуруп атканыбызда эле эшик шарт ачылып, кыйкырып ыйлаган бойдон жеңем кирип келди. Артынан абам эшиктен баш багып эле ичине тээп-тээп жиберди. Атам ыргып туруп, абамды жон талыштыра бир урду:

— Эшек! Адам эмес – ит! Кош кат аялга көтөргөн колуң сынсын! Бутуң үзүлүп түшсүн! – Атамдын мындай ачууланганын биринчи көрүшүм.

Мас абам соолуга түштүбү, артына шарт бурулуп, жеңеме карап:

— Экинчи үйгө келсең, соём! Уктуңбу, соём!? Энеңди!.. – деп чыгып кетти.

Тамагыбыз да калды. Атамдын жүрөк оорусу кармап, апам бирде атама дарысын берип, бирде жеңеме бир нерселерди ичирип, көгөргөн курсагына майларды сыйпап, үйүбүз бир заматта тозокко айланды.

Эртеси жеңемди доктурга алып кеткен апам, сарт бешимге жетпей келип калды, көңүлсүз гана кирди, «Төрөдү» деди. Мага карап «Эч кимге айтпа, туугандарына сүйүнчүлөбөй эле кой» дегенин акырын угузду. А мени болсо жеңем оолуктуруп койгон, «жаңкы бала, мен эркек төрөйм, түшүмө кирди, мен төрөгөндө төркүндөрүмө өзүңүз барып сүйүнчүлөйсүз, сүйүнчүңүзгө тай мингизет» дечү. Не кыларды билбей отуруп калгам…

Ошол бала ушул. Ара төрөлүп, ара бала болуп, ара адам болуп, азыр да эки күндүн биринде талмасы кармап, бети-башы тытылып жүрөт. Абамдын тепкисинен ушундай болуп калганын мен билем, атам менен апам билет, а жеңем билсе да бир ооз абама күнөө койгонун укпадык, билбедик.

Жеңемдин кошогу дагы эле токтобой атат. Тун баласы тунжурап тыңшап, көзүнө жаш алгансыйт.

Сен барда мен кырда бир турган кыраандай, эй-эй,
Сен барда мен чокуда бир турган улардай, эй-эй,
Шаңшысам үнүм жарашкан, эй-эй,
Шаа мүйүзүм керилген, эй-эй,
Шааниси элем дөөлөттүн, эй-эй,
Шаазададай сөлөтүм, эй-эй,
Шайыры элем күлпөттүн, эй-эй…

Жеңемдин «Шааниси элем дөөлөттүн», «Шайыры элем күлпөттүн» дегини мени таң калтырды да бир окуя ичимди өрттөгөндөй куйкалап көз алдыма келе калды.

Кино көрүп отурганбыз. Индия киносу болсо керек эле. Андай киного ал кезде бүт айыл көчүп барчу. Жаңылбасам «Зита менен Гита» беле? Ооба, ошол кино болчу! Көпчүлүк ыйлап отурган. Биз, балдар, орун жок, алдыда малдаш токунуп отуруп алганбыз.

Бир убакта эле ызы-чуу түшүп, аялдар кыйкырышып, киномеханик залдын жарыгын жандырдык. Карасам, абам. Колунда бычак. Көйнөгү жок, трусийчен.

— Энеңди урайын! Көрсөтөм уктатып качканды! Уктабайм мен! Жалап! Сволуч! – Ушундай оозго алгыс сөздөрдү айтып, уяттан уят сөздөрүн кошуп, бычагын ар кимге каратып шилеп атат.

Залдагылар качып чыкты. Балдар, бир бурчка тыгылдык. Жеңем жата калды эле туш келди тээп, ага карай бычык шиледи, ал катуу чыңырып ийди. Абамдын атаман башка эч кимге баш ийбесин билген жүздөй адамдан, а түгүл айылдын атаманыбыз, жиндисибиз, спортчусубуз дегендерден бирөө да ага жакындабады. Жашыраагында атам гана ага укурук ыргытып, өзү айткандай «аркасы бар, арак ичпей эле жин ичкен байлантма жинди» инисин эптеп аркандап алчу. Бирөө ошол атамды чакырганы кеткен экен, ал келгенче сырттан эки милиционер да кирип, абамды эптеп кармап турушту.

— Камагыла, жиндини! Болду! Жетти! Тойгузду! – деди да атам абамды карабай терс бурулуп залдан чыгып кетип калды.

Жеңемди болсо инилери канжалаган бойдон бир машинага көтөрүп барып отургузушту.

Ошол бойдон жеңемдин же концертке барганын, же киного барганын, же элге окшоп тойго барганын көрө албадым. Базарга барса да кеми-көсүн дароо кылып, барган автобусу менен кайра эле кайтып келип калат.

Абамдын кинодогу «киносунан» эки күн өткөндөбү, же үч күн өткөндөбү, атамдын апама мындай дегенин угуп калдым: «Бул келиниң өзүн аябаган неме экен. Он беш суткеге каматып койсом дегем. Арыз жазбай койду. Бычакты бул сайган жок деп калп айтып, милийсаканага өзү барып жиндини өзү чыгарып алыптыр».

Ырас, ошондон кийин абам ичпей жүрдү. Үйүн шыбап, тамаркасын карап, апам айткандай «адам болду». Адамдыгы эки айдан ашпады. Айылда бир той болуп, ал жерге сагалап барып, арак сурап ичип, тойдун тоз тополоңун чыгарып, отуруштагы боз балдардан тойгончо токмок жеп өлөйүн деп бир арыкка жатып калыптыр. Жеңем сааркы азанда «өлгөн жеринен тирилтип» алып келди.

Ошол жеңемдин созолонгон кошогу айыл аралап барат:

Бозоргон тоонун түбүндө, эй-эй,
Бозоргон тамга камалдың, эй-эй…
Бозортуп кеткен алтыным, эй-эй,
Боздобой кантип калайын, эй-эй…

— Жеңе, келиң эми тилебат кылалы. Токтой туруң, — дедим чыдамым кетип, ичим тызылдап.

— Апа, — деди уулу да, — атамы кыйнабаң, тынч жатсын. – Болду! Өзүңүздү карманың?

Элдин баары «Дабдыр», «Токсон тогуз», «Кейбир», «Бир шариги кем» деп кемсинтип ат коюп алган, өзүнүн аты Рыспай экенин эч ким дале элес албаган бала акыл-эсин бир азга чогултуп туруп ушинтип жатканына ичим жылый түшүп, эми жеңем кошогун токтотор деп куран окуганга комдонуп калдым.

Жеңем мени бир карап алды да кошогун дагы созо берди.

«Жаңкы бала»,
Шаңшыган үнүм басылды, эй-эй,
«Жаңкы бала»,
Шаа мүйүздөн асылдым, эй-эй,
«Жаңкы бала»,
Эми кайдан табамын, эй-эй,
«Жаңкы бала»,
Абаңдай болгон асылды, эй-эй…

Жеңем улам кошогун узартып, улам жүрөктү эзип барат. Токтой турган түрү жок.

…Өмүрүмдүн эч эстен кеткис күнү да ушул абам менен жеңеме байланышат. Анда эр жетип эле калган кезим, ата-энемден өзүнчө бөлүнүп, короодо – жүзүм шактары салаалап төгүлүп турган чарпаянын үстүнө көктү карап, колумду көрпөнүн ичине салып, жалгыз жатканга ыраазы кезим. Балдар менен кайсыдыр бир жактан апам айткандай «тентип келип ууру мышыктай пысып» жатып калгам. Анан калса бүт үйдүн, короонун ошол күнкү жалгыз ээси мен, баары жайлоого кеткен. Кетип жатып апам: «Паланчанын баласы бойдок болгондон бери көчө бербей калды» деп элдин кебине илинбей, эрте келип эрте жатып тур, мына бул апамдын себиме кошуп берген кыжым көрпөсү эле. Оор, ысык, таң атарда сыртта суук эле болот», — деп эч качан, эч ким салынбаган жуурканды алдыма таштаган. Ошону жамындым.

Асмандагы жылдыздарды карап, классташ кыздарды бир сыйра көз алдыман өткөрүп уктай албай толгонуп аткам, бир убакта эле дарбаза «кыйч» этип ачылгандай болду. Коркуп жаздыктан баш көтөрө койсом – жеңем. «Коркпоң, жаңкы бала» деди да жаныма келип туруп калды. Жаткан жеринен үстүнө агыш ич көйнөгүн илип алып, качып чыккандай. Ошол эле көз ирмемде абамдын сөгүнгөнү, дарбазанын кичи эшигин бүт күчү менен такылдатканы угулуп, анан жулунуп кирип келатканы көрүндү. Дал ушул кезде мен эч нерсени сезбей калдым – жеңем жок, көз ачып жумганча жок. Анан бутум жак кыбырып, ал жагымдан жеңемдин өрөпкүп демин ичине алып, акырын-акырын гана дем чыгарып жатканын сездим…

Абам бизди көрбөдү. Үйлөрдү бир-бирден ачып, сөгүнүп, эшик-терезелерди, идиш-аяктарды сындырып жинди болуп атканын жеңем экөөбүз тең өз-өзүбүзчө билип турдук.

Жеңемди таппаганга «энеңдилеп» сөгүнүп, «өлтүрөмдөп», «каныңды ичемдеп», өзүн-өзү токтото албай короодогу туш келген нерселерди ыргытып атып, бир убакта чарпаяга жакын келип менин көрпөмдү сыйрып таштамак болуп булкту эле, эмнегедир үстүмдөгү, тагыраагы, үстүбүздөгү калың кыжым көрпө сыйрылбай койду. Анан мага кыйкырды:

— Энеңи урайын, күчкө толуп калган окшойсуң!? Кана, жалап жеңең!

Мен ордумдан атып туруп, эч нерсени карабай кыжыр менен абамды ээктен ары бир коюп, сулатмакмын. Масты эмне, бир урсаң жерге жабышып калмак. Эми булкунуп турайын десем, бутум тартылбайт. Көрпөмдүн ичинде жеңем жоон санымдан кучактап коё бербей атканын сездим. Кыжырымды да, кыймылымды да ичтен да, сырттан да бир күч токтотуп калгандай жансыз элем.

Абам жеңемди таппай сөгүнгөн бойдон короодон чыгып кетти.

Менин көрпөмдүн алдынан жеңемдин бышактап ыйлаганы, калтырап-титиреп аткан колу менен буттарымды өзүнөн чыгара койбой кармап турган абалы мага башкача бир боор ооруу, жылуулук сезимдерин алып келди…

— Окуң, аба, окуй бериң? – деди бир убакта апасынын кошогу токтобошун билген тун уулу.

Мен курандын кыска сүрөөсүн үнүмү жай чыгарып, ичтен сыздап окуй баштаганда, жеңем кошогун токтото калды. Эки колум менен жүзүмдү сылап бата тартарым менен салт боюнча «Пенделик экен. Абам жакшы киши эле, жайы жаннатта болсун» дешим керек эле. Оозума ушул бир ооз кеп келбеди. Жалганды айта албадым. Жок дегенде абамдын акыркы зыйнатын аткарууга ичимден бир күчпү, кекпи, таарынычпы – айтор бир нерсе ушул сөздү айттырбай, оозумду жаап койгонсуду.

— Эмне, «жаңкы бала», жаңкы бала, мени абаңа кошок кошуп, жоктой албайт дедиңиз беле? – Оор абалды жеңем бузду. Менин башымдагы ойду жеңем окуп алгандай айтты. Унчуга албадым. Унчукканда эмне дейм. – Атасынан качып, балдардын баары талаалап кеткен. Байкушумдун акыркы зыйнатына ар кайсыл шылтоолорду айтып эч кимиси келбей койду. Куран окутуп кой деп пул салышты. Пулунун мага кереги бар беле? Өздөрү керек эле!.. Келишпеди. – Ушул балам экөөбүз гана калдык, – деди жаныбызда отурган тун баласын көрсөтүп, – ушунумду эптеп үйлөнтүп алсам, атасынын жайын ээлеп калса, мен да абаңдын жанына кетет элем…

Эчен-эчен жыйындарда, эчен-эчен бизнес форумдарда, эл менен жолугушууларда тилимди сайраткан менен жеңемдин астында тилим буулуп, бир сөз айта албай отурганыма өзүмдү өзүм жектедим.

— «Жаңкы бала», чыз-быз кылып ийейин? – деп жеңем ордунан козголоюн деп копшолду эле, мен:

— Жеңе, убара болбоңуз, азыр кайра аэропортко тез кетишим керек, — дедим.

— Эмне мынча шашып?

— Иш, жеңе.

— Атайын абаңызга келдиңизби? Келбей дале койсоңуз болмок. Молдолор да арактан өлгөнгө жаназа буйрубайт деп, жаназага келбей коюшту, башка айылдан молдо алдырбадымбы…

Бул тууралуу бир аз уктум эле. Бир айылдашым айтып берген. Атайын мени намыстантып айткан.

Эми турсамбы деп атсам, жеңем туюп калып, уулуна:

— Абаңа нан алып кел, ооз тийсин! – деди.

Ал мага бир бүтүн нанды колтугуна кыстарып алып келе жаткан. Эки кадамдай калганда бир нерсе дегендей болду да, шарт эле чалкасынан кетип, бети-башы калтырап-титиреп, оозунан ак көбүгү чыгып, эки буту менен асман жакты тепкилеп жатып калды. Мен чочуп кеттим. Денемди калтырак басып, жүрөгүм ордунан жылып келип, оозума тыгылды. Апасы анын үстүнө үйрүлө түштү да, мага жолооруй тигилип:

— Биз өзүбүз, «жаңкы бала»… Сиз бара бериңиз… Иштен калбаңыз… – деди.

Мен шашкан бойдон жолго чыктым…

Жол катар менин кулагыма жеңемдин кошогу улам жаңырып угула берди… угула берди…

2019-жыл, май-июнь

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.