Индонезия жомогу: Сулайман падышанын акылмандыгы

Акылман падыша Сулаймандын да башына карылык келет. Алдан-күчтөн тая баштаганда жиндердин башчысы ага келип таазим кылат да, айтат: – О, падыша! Бул идиштеги мүрөктүн суусу. Андан бир ууртам ичсең түбөлүк өлбөс болосуң. Бирок картаң падыша акылман, андыктан  сак да киши эле. Ал ак сарайдын жанынан өтүп бараткан  биринчи үч адамды алып келүүгө буюрду. Бат эле анын алдында үч адам турду, атактуу жоокер, бай соодагер жана кедей дыйкан. Адегенде Сулайман атактуу жоокерден сурады: – Айтчы, мүрөктүн суусун ичсем бактылуу боло аламбы? […]

Жетиген Асанбек: Коргоочусуна кол салган коом болдук

Соцтармактарда “Азаттык” сатылыптыр, “Али Токтакуновдун иликтөөсү жалган экен” деген каңшаар таратып атышат. Мындай маалымат 5-каналдан жарыяланган имиш. Али Токтакуновдун далил көрсөткөн документтери жалган болгон учурда да, Матраимовдун 5-каналдагы талкууда актангандагы шылтоолору ал иликтөөнүн чындыкка жакын экендигин айгинелеп турат. “Азаттыктын” журналистин “заказ менен келдиң” дегени элди чындыктан адаштыруу үчүн сөздү атайылап башка нукка буруунун далалаты экени ачык көрүнүп турат. Раим Матраимов эл арасында “Раим млн” лакап атын алып, бажы мекемесинде жеке басарлык орногону запкы көргөн ишкерлерден тарагандан кийин “Азаттыктын” маселе козгогону […]

ЖЫЛДЫЗЧА: Жымжырттыктын адамы эле

АҢГЕМЕ Жымжырттыктын дүйнөсүндө жашачу… *     *     * Эми табытынын жанындабыз. Баштарыбызды жерге салып, ар кимибиз ар жерде олтурабыз. Бешөө эле келиптир, мени менен алтынчы караан болду. Бизге окшоп: суунун, күүнүн, сөздүн, шамалдын үнүн укчу эмес. Бизге да өзүнүн үнүн угузган жок, сүйлөй албагандыктан… Ошондуктан, өзү ысымын айтып бере албай, ысымы ким экенин биз да билбей жашадык. Бирок, бирөө «дудук» дечү, дагы бир жаман ооз «сакоо» дечү. Мен эркелетип да, аяп да — «Жымжырттыктын Адамы» деп гана атачумун. Ушундай ысымды алгач […]

Михаил Зощенко: Гул кармаган аял

АҢГЕМЕ Ушундай да, кээде күтүлбөгөн жагдайга да туш болуп каласың. Анча күлкүлүү эмес, олуттуу бир тема боюнча чыгарма жазып койсоң, окуучуларың чүйрүңдөй баштайт. — Мындай кылган болбойт, — дейт алар, — бул эмнеси экен, биз андан күлкүлүү чыгарма күтүп жатсак, ал бир илимий эмгекке окшогон бирдемени чампалап салыптыр! Автордун аты өзүнө жооп бериши керек да. Ошондон улам эми окуучуларымдын көңүлүнө жакпай турган, айталык,  тамашасы азыраак темадагы чыгарма жазылып калса, алардан кечирим суроого туура келет. Кээде тамашасы азыраак, бирок турмуштан алынган […]

Григорий Юханннан Бар-Эбрая: Грек философторунун санаттары

Кайгырбаган адам Сократтын окуучусу ага суроо берет: “Ушунча болуп Сиздин жүзүңүздөн кайгыруунун белгисин көрө албадым, анын себеби эмнеде?” Сократ ага мындай деп жооп бериптир: “Менде жоголуп кетсе кайгыра турган эч нерсе жок” Идиш жөнүндө Сократтан окуучусу сурайт: “Эгерде сиз олтурган челекти талкалап кетишсе эмне кыласыз?” Анда Сократ: “Челекти талкалап кеткен күндө да, ал турган жер кала берет.” Сократ жана аял Күйөөсү бар аял Сократты көрүп мындай дейт: “Кебетең эмне мынчалык суук, Сократ!” Сократ ага мындай жооп бериптир: “Эгер сен таза […]

Самара Насырова: Бала менин – таркабаган кумарым

ЭЛЕГИЯ Бүгүнкүм кечээгиден башкачараак, Мезгилди кээде коём аста санап. Негедир, сезим козгоор сап азайып, Ыр деле жазылгансыйт жашка карап… Токтоолук кошулгансып мүнөзүмө, Таң калам кээ күндөрү бир өзүмө. Азайып шайыр шатман, оюн-зооктор, Бой сунуп бул турмуштун күрөшүнө. Күндөрүм жалбырактай күзүндөгү, Саргайып желге ыргалып үзүлгөнү. Кубаныч, кайгы ортоктош жылдарымдын Белеги – майда бырыш жүзүмдөгү. МЕНИН ДҮЙНӨМ… Пенделерден жаралгандай башкача, Периштелер колдогондой таптаза. Пейилимди түшүнө албайт кээлери, Буркан-шаркан бурганагы баштаса. Кээде мага жубайым да таң калат, Жаш баладай мүнөзүмө баш ката. Кээде […]