АҢГЕМЕ

Ушундай да, кээде күтүлбөгөн жагдайга да туш болуп каласың. Анча күлкүлүү эмес, олуттуу бир тема боюнча чыгарма жазып койсоң, окуучуларың чүйрүңдөй баштайт.

— Мындай кылган болбойт, — дейт алар, — бул эмнеси экен, биз андан күлкүлүү чыгарма күтүп жатсак, ал бир илимий эмгекке окшогон бирдемени чампалап салыптыр! Автордун аты өзүнө жооп бериши керек да.

Ошондон улам эми окуучуларымдын көңүлүнө жакпай турган, айталык,  тамашасы азыраак темадагы чыгарма жазылып калса, алардан кечирим суроого туура келет.

Кээде тамашасы азыраак, бирок турмуштан алынган темалар болуп калат. Мисалы, кандайдыр бир мушташ, өлүм-житим, же  үй-мүлкүн уурдатуу дегендей.

Мындай окуяларда тамаша аз, окуучуларды да күлдүрө албайсың.  Мен деле окуучуларыма күлкү, тамаша тартууласам дейм, бирок ошондой күйүттүү жагдайда кайдагы тамаша. Мына, мисалы ушул аңгеме. Кайгылуу окуя. Бир интеллигент айым чөгүп  кеткени тууралуу.

Бул окуядан көп деле күлкү сыгып ала албайсың.

Ошондуктан автор ушундай  кейиштүү, жарым илимийге окшогон окуяны жазып, мурдун балта кеспеген  көк беттиги  үчүн окурмандарынын кечирим суранат. Эми ушул жолу эптеп чыдай турсаңар, кийин  аракеттенип кайрадан  калжаңдап берем да.

Ошентсе да бул аңгемеде деле күлкүнү келтиргендей жоруктар бар. Өзүңөр күбө болосуңар. Эми мен деле ар  кайсыны чаргытып, анча кызыктуу эмес ушул аңгеме менен окуучуларымдын башын ооруткум келген эмес, бирок тема заманга ылайык.  Материализм тууралуу.

Бир сөз менен айтканда, бул аңгеме, бир кырсыктан улам назик сезим,  жазмыш, түбөлүк сүйүү деген  жана башка ушул сыяктуу нерселер калп, болбогон эле бир келжиректик экендигин ашкерелеп койгондугу тууралуу. Бул турмушта материалдык көз караштан башка,  тилекке каршы, башка эч нерсе жок экендиги тууралуу.

Балким бул аңгеме эски көз караштагы интеллигенттер жана академиктер үчүн өтө эле кейиштүү сезилээр, балким алар мыңкылдай баштаар, бирок мыңкылдап туруп, өздөрүнүн өткөн турмушуна кайрылып сереп салып көрүшсүнчү, ошондо алар өздөрүн ашыкча баалап, жасалма каада күтүп жүргөндүгүн сезишет.

Анда ушул окуядан кийин асмандын башын тепчиген калп сезимдерге кайрылгыс чекит койгон, орой, көптү көргөн жана көптү башынан өткөргөн материалистке ушул аңгемени айтып бергенге уруксат берсеңер. Анан да бул окуя силер күткөндөй күлкүлүү болбой калса, дагы бир жолу кечирим сурайм.

Анын үстүнө кайталап койоюнчу, бир айым чөгүп өлүп жатса, кайдагы күлкү. Ал аял дарыяга чөктү. Сууга түшкөнү бараткан. Дарыяда бири бирине байлап, сал кылып карагай агызчу. Ошондуктан жээк бойлой бири бирине байланган устундар жатаар эле. Ошол устундар менен бараткан. Ошондой адаты бар болчу, устундар менен жээктен алысыраак,  суу үстүнөн жээк ажайып көрктүү көрүнгөн, кенен жерде сууга түшчү. Анан ошол, чөгүп кетти. Бирок кеп анда эмес.

Ошол жылы Нева дарыясынын жээгинде жайгашкан Отрадное кыштагына, дачага, инженер Николай Николаевич Горбатов деген бирөө келген.

Инженер-технолог же темир жолчу болсо керек. Айтор, анын формалуу фуражкасында өндүрүшкө байланыштуу бир белги тагылып жүргөн – өгөө жана ошого окшогон дагы бирдеме. Окуянын өзөгүнө мунун деле тиешеси жок.

Быйыл жазында Отрадноеге ошол инженер өзүнүн жаш колуктусу Нина Петровна менен келди. Аялы деле башкалардан өзгөчө эмес. Аял дегендей эле аял. Кара торусунан келген, сепкилдүү. Качан болсо колунда гүл. Же колуна кармап жүрөт же жыттап жүрөт. Анан албетте, абдан жарашыктуу кийинген. Ошого карабай, инженер Горбатов аны ушунчалык сүйчү, тим эле карап туруп таң каласың.

Сөздүн ачыгы, ал бул жашоодо башка эч нерсе күткөн эмес, башка нерсеге умтулуу да жок эле. Коомдук турмушка катышчу эмес. Физкультура менен да машыкпайт. Макала да жазбайт. Дегинкиси, ачыгын айтканда ал коомдук турмуштан сыртта калган.

Ал замандан артта калган адам болчу. Жашы кырктарга барып калган, ошондон улам жаңы заманга кире албай, мурдагы көз карашта кала берген. Бир сөз менен айтканда, ага кичинекей жаздыкчалары, консоме[1] жана ошондойлору бар, мурдагы буржуазиялык турмуш жакчу. А өтүп жаткан жаңы замандан олдоксон, оройлуктан башка эч нерсе көрбөй, жипкирип турчу.

Тигил аял өзүнүн аялы болгондуктан  сатып кетпейт деп ишенип, ага өзүнүн реакциондук, зыяндуу пикирин жана көз карашын айта берчү:

— Мен, —  дейт, — абдан интеллигенттүү адаммын, бала кезимдеги кереметтүү, сонун нерселердин бардыгы эсимде. Мага, — дейт, — азыркы баштан кечирип жаткан орой турмуш – иштеги кыскартуулары, тамагы, квартира төлөмдөрү жана башкалары жакпайт. Мен,- дейт, — кооздукта, майда болсо да жүрөккө жакын, көркөм дүйнөдө тарбиялангам, назик сүйүүнү түшүнөм, азыркы жапайы кучакташууда жагымдуу эч нерсе жок. – Ушундай зыяндуу сөздөрүн дайыма айта берет.

Анан эмне болот эле,  мына, ошондой ой жүгүртүүдөн улам ал коомдон такыр эле алыстап, өзүнүн үй-бүлөсү, жанагы гүл көтөргөн катынына болгон сүйүүсү менен чектелип калды.

Аял болсо анын катыны болгондон кийин анын сөзүнөн чыкпай, мурдагы өткөн турмушту эңсеп, эри эмне десе ошого макул болуп жүрдү. Бир сөз менен айтканда, кыскасы, бул экөө күнү кечке гүл жана настурция[2] жыттагандан, болбосо жээкте олтуруп алып, ал жакка бирөө мөмө-жемиш же ливер колбасасын илип койгонсуп кечке дарыяны жалдырап  тиктегенден тажабаган поэтикалык жандар эле.

Ошол да эми, өздөрүнүн өзгөчө сүйүүсү бар ушундай түгөйлөр болчу. Бир караган кишиге, аял эрин абдан эле сүйүп, жакшы көрөт дегендей деле эмес, эри болсо чынында эле андан көзүн алчу эмес. Эртең менен эри параход менен кетет, аялы болсо жакшынакай пеньюарчан[3] өзүнүн илмийген интеллигент буттары менен эрин узатып барат. Эри аялын чыканактан жөлөп алат, илмийген буттарын кокустатып албасын дегени го. Бирдемелерди эле кулагына шыбырап, параходдон өзүнүн манжаларын өөп ага каратып үйлөп…деле болбойт. Аба аркылуу өбүүсүн жибергени го.

Карап туруп кыжырың келет.

Эри кетти, ал болсо отурат,  отуруп алып нескарадай болуп ар түрдүү кыялга батат. Ой, эч кур дегенде барып кир жууса боло, же физкультура менен машыкпайбы. Болбосо өзүңдүн Горбатовуңдүн керебетин жыйнап койбойсуңбу. Жок! Отурганы отурган. Тамак да сурап койбойт. Ошондон улам  ойлоп коём, кыялданган максатынан түбүнө жеңил жетти го, жээкке ошондуктан чыга албай калбадыбы. Болуптур эми,  өтүп кеткен адамды кечке  шылдыңдап сындай берген да жарабайт.

Ошентип саат жетилерде Горбатов кызматынан кайтчу. Кызматынан кайтып сүйгөнүнө жолукканга шашат.

Параходдон биринчи болуп түшөт. Колуна бир нерсе кармап алган. Катыныма деген татуу-паттуу, же трусик, же бир жаңы бюстгальтер.  Колундагыны тапшырып, далысынан сылайт, жалжактап кучактап калганын кантесиң. Ага эмне! Эч кандай коомдук тапшырмасы жок, өзүнүн жалжаке кыял- жоруктарынан башка эч нерсе билбей, ошого чектелип калган да.

Тигиниси да болбойт. Эмне алып келгенин көрүп, мурдун бырыштырат, анан илбийген буттары менен жөнөп берет. Бирок, бир сөз менен айтканда, ал чөгүп кетти. Албетте, абдан өкүнүчтүү, жаман жорук болду, эми аны ал эмес азыркы медицинанын күчү менен да тирилте албайсың.

Эгерде ал өз убагында, эч кур дегенде, гимнастика көнүгүүлөрү менен машыгып жүрсө, эптеп болсо да сүзүп чыгат эле да. Анткен жок да! Мына эми өзүнүн гүлдөрү менен кошо чумкуган бойдон, жаратылышка каршылык кыла албай чөгүп кетти.

Андан да ал жылмышчаак устундардын үстү менен бараткан.  Дайыма эле ушул устундар менен барып сууга түшчү. Бул жолу жамгырдан кийин өзүнүн француз туплиси менен баратып, сыйгаланып кулап кетти. Устундардын үстүндө турсигинен башка эч нерсе калган жок.

А балким, ал атайылап эле сууга кулап кеткендир. Ушундай артта калган элемент менен жашагысы келбей чөккөндүр. Андан да, балким эри аны тиги дүйнө, дагы ушул сыяктуулар менен башын айландырып койгондур.   Ким билет, балким андай деле эместир. Ачыгын айтканда, эгер психологиялык жактан түшүндүргөндө, тайгак устундардан тайып кетип чөгүп өлдү.

Андан кийинки окуяларды көркөмдөп жазып, окуучуларды ашыкча кайгыртым келбейт. Айтарым эле инженер Николай Николаевич бул фактыга абдан кайгырып жүрдү. Жээкке жатып алып өңгүрөп ыйлап, жана башкалар болду, бирок анын аялы тирилип келген жок, ал эмес сөөгү да табылбай жатты. Ошондон улам инженер азап тартып, ашыкча кайгырып, жүрдү.

— Жок дегенде сөөгү табылса эмне, — дейт ал  дачанын кожейкесине, — сөөгү табылса көксөм сууп, жеңилдеп калат белем. Бирок сөөгү табылбай жатканы айламды кетирип атат. Мен, — дейт, — аны эстеп түнү менен уктай албайм. Мен аны  жанымдан артык сүйчү элем го, — дейт,- ошондуктан анын сөөгүн таап, жакшырак бир көрүстөнгө коюп, ар бир ишембиде  мүрзөсүнө барып арбагы менен сүйлөшүп турсамбы дейм.

Ошентип айтып, барактарды айырып туруп, ири тамгалар менен жазып койду – кимде ким аялымдын сөөгүн таап берсе… отуз сом тегерегинде сыйлык берем… деген сыяктуу.

Ал жазууну кыштактын бардык жерине, балыкчылардын айылына да илип койду.

Бир ай өттү – натыйжа жок. Көпчүлүгү эле кошка[4], багор[5] колдонуп издеп жатышты, бирок эмнегедир таба алышпайт. Тиги байкуш инженер Горбатов такыр эле элден четтеп калды, эч ким менен учурашпайт, сөөктүн табылышын күткөндөн башка эч айласы жок.

Эми кайгыруунун да чеги болот эмеспи. Биздин табыятыбыз ошондой. Эң кайгылуу окуя да бир кезде унутулат, эстен чыгат. Ошентип инженердин кайгысы да аздап басаңдай баштады. Ошенсе да ошол сүйүүсүн түбөлүккө унута албачудай, кайгыдан толук арыла албачудай түр көрсөтүп жүрдү. Кайгырган менен дачадан кеткен жок, көңүп калган жерин таштап кете албай, күндө жумушуна барып келип турду.

Анан бир күнү, сентябрь айынын башталышында балыкчылар сөөктү таап чыгышты. Суунун агымы менен беш верстага[6] алпарып, жээке сүрүп таштаптыр. Инженерге эки балыкчы келип, сөөктү карап көр, таанып калсаң эсептешебиз да деген го.

Байкуш эмне кылаарын билбей, өң-алеттен кетип кубарып, шашып- бушуп кайыка отуруп, балыкчыларга жөнөдү.

Эми, байкуштун психологиялык абалын сүрөттөп, айрыкча боёк шыбабай эле коёлучу, болгону инженер Горбатов ошол замат бир кезде сүйгөнү болгон аялдын сөөгүнө келип, жанына туруп калганын айталы. Балыкчылар болсо унчукпай аны байкап турушат, эмне дээр экен,- менин аялымдын сөөгү дейби же жокпу, сөөктү тааныш да оңой эмес – мезгил менен суу өзүнүн ишин кылып койгон. Ал эмес костюмдун да тамтыгы чыгып, мурдагы кийип жүргөн татынакай костюмга окшобой, шалтактаган трапкеге айланып калган.  Бузулган бет-түспөлүн айтпай да койсо болот.

Ошондо балыкчылардын бирөө:

– Эмне, сенин аялың бекен? Тааныдыңбы?  Тааныбаса тарайлы граждандар,  эмне турабыз калп эле! — Ал  алтындай убакытты короткусу келбегенден эле ушуну айтты да.

Инженер Горбатов төмөн ийилип, ошол замат жийиркенгенден интеллигент өңү бузулуп, бети башы өзгөрө түштү.

Бутунун учу менен чөккөн аялдын бетин өйдө кыла козгоп, кайрадан тигилди. Андан кийин башын ылдый салып,  акырын шыбырады:

— Ош-ошол !

Жийиркингенден ийиндерин куушуруп, шарт бурулуп, артынан бирөө кармап алчудай шашып, кайыкка жөнөдү.

Ошол жерден балыкчылар чуу көтөрүп калды:

– Эй, а акчачы, акча берем деп коюп качып баратат, андан да өзү мурдагы интеллигент имиш, фуражка кийгенин кантесиң!

Горбатов, албетте, унчукпай акчасын сууруп чыгып балыкчыларга берди,  көрүстөнгө көмүп койгула деп, дагы беш сөлкөбай кошту.

Ошондон кийин Н.Н. Горбатов Отраднойго барып, андан Ленинграддга кетти.

Жакында эле аны көрүшүптүр – ал көчөдө бир аял менен баратыптыр. Колтуктап алып, жабышып кулагына бирдеме шыбырап,  деле болбойт дейт.

Мына ушундай окуя.

Чөгүп кеткен аялды жана ага болгон инженердин керемет сүйүүсүн ордубуздан туруу менен эскерип коюп, кезектеги ишке өтөлү. Чөгүп кеткен гражданкаларды кечке айтып, аларга психологияны, физиологияны жана ошол сыяктууларды жармаштырып отура бергендей  мезгил мурдагыдай эмес.

Мезгил башка.

1929-ж.

Которгон  Марсел ИСАКОВ

[1] Консоме – тамактын түрү.

[2] Чоң кызыл-сары гүлдүү бир жылдык өсүмдүк

[3] Халат.

[4] Узун арканга байланган үч-төрт ачалуу темир илмек. Балыкчылар якор катары пайдаланышат.

[5] Узун шыргыйга бекитилген, илмеги жана учтуу мизи бар темир шиш. Карагай агызуучулардын куралы.

[6] Орус узундук бирдиги 1 верста – 1, 06 км. Түзөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.