ЭЛЕГИЯ
Бүгүнкүм кечээгиден башкачараак,
Мезгилди кээде коём аста санап.
Негедир, сезим козгоор сап азайып,
Ыр деле жазылгансыйт жашка карап…

Токтоолук кошулгансып мүнөзүмө,
Таң калам кээ күндөрү бир өзүмө.
Азайып шайыр шатман, оюн-зооктор,
Бой сунуп бул турмуштун күрөшүнө.

Күндөрүм жалбырактай күзүндөгү,
Саргайып желге ыргалып үзүлгөнү.
Кубаныч, кайгы ортоктош жылдарымдын
Белеги – майда бырыш жүзүмдөгү.

МЕНИН ДҮЙНӨМ…
Пенделерден жаралгандай башкача,
Периштелер колдогондой таптаза.
Пейилимди түшүнө албайт кээлери,
Буркан-шаркан бурганагы баштаса.
Кээде мага жубайым да таң калат,
Жаш баладай мүнөзүмө баш ката.

Кээде жарк деп, күн чыккандай ачылам,
Жакшы иштерди жаратсам дейм, ашыгам.
Кээ күндөрү кабак чытып үшкүрө
Камырдаймын, чала ийленип ачыган.
«Капырай ай, кандай деги жан элем»,
Толкун-ташкын болуп, анан басылам.

Кээ күндөрү мен өзүмдү түшүнбөйм,
Кобуранып, жок нерсеге күдүңдөйм.
Ийилгенге салам айтам ийилип,
Керсейгенге, керсейемин жүгүнбөйм…
Калптан күлүп жагалданып ар кимге,
Кошоматка кой сойбоймун жүгүрбөйм.

Жан дүйнөмдүн түшүнбөстөн акагын,
Жубайым да салат кээде чатагын.
Толкун сымал дарыянын ташкынын
Тоссом деген адамдарга капамын.
«Сабырдуу бол, айдай кызым ашыкпа», —
деген сөзү эске түшөт атамын.

Мына ушундай менин дүйнөм башкача,
Дүйнөм менен гүл өстүрөм таштакка.
Ошол назик сезимдерди тепкилеп,
Бирге жүргөн асыл достор сатпаса.
Баспагыла, катылбагын дүйнөмө,
Булак суудай оргуп турсун таптаза!

ҮНСҮЗ ОЙЛОР
Отуз алты жаштын нанын ашадым,
Оттой жанган жаштык менен жашадым.
Ак куу чырай таап сулуу кыздарды,
Апалардын толуктадым катарын.

Ачуу-таттуу күндөр өтүп башымдан,
Ак-караны ылгап келдим жашымдан.
Бакыт мени ээрчип жүргөн кездерде,
Мен бакытты кармай албай качыргам.

Катуу айттым кээ бирөөгө байкабай,
Капалантты кайра мени башкалар.
Кайраттангам, келечекке бой уруп,
Калам шилтеп жазгандарым сакталаар.

Башкаларга балким тийбес жарыгым,
Байкатпастан, чаппайм жаттын арыгын.
Балдарымдын, кыздарымдын бактына,
Баткан күндүн чыгып келген таңымын.

Байбичеси жубайымдын айымын.

ТИРҮҮЛҮКТҮН МАҢЫЗЫ
Өмүр сүрүп, тагдыр жазган жол менен,
Эмгектенип, көбүн жасап кол менен.
Түйшүк тартып, бирде балкып бакытка,
Баратамын теңир таскак жолдо мен.

Алтын аяк суусун ичээр өлбөгөн,
Дабан ашып, бирде жайык өр менен.
Кумурскадай тынбай ийин казсам да,
Дале билим жетпей жаткан өңдөнөм.

Канча жол бар, алдыда биз билбеген,
Канча эшик бар, биз баш багып кирбеген?
Эртеңки күн бир алланын колунда,
Насип кайып кезиктирет ким менен?..

Табышмактуу тагдырлар бар түрдөгөн,
Эчен ирет алма бүрдөп гүлдөгөн.
Тирүүлүктүн чын маңызы ушулдур,
Адам жашайт так бүгүнкү күн менен!…

ШҮГҮР КЫЛУУ
Сыноосун кабыл алып Жараткандын,
Сынбадым, көңүлүмдү канатпадым.
Сабыр бер оо теңирим бир пендеңе,
Самадым жакшы күндүн барактарын..

Салганын кайран баштын көз көрүүдө,
Сан түркүн турмуш ырын өткөрүүдө.
Сыласа он беш күнү маңдайымдан,
Сынаган он беш түнү бет келүүдө…

Көтөрүп көз жаш төгүп майышпастан,
Көр ийри кабыргадай кайышпастан.
Көөдөндү көтөрөйүн улам бийик,
Көпчүлүк пенделерден калышпастан.

Куш сайрап түн узалып таң атканда,
Кубанткан жашоо кайра саматканда.
Жаралып бул дүйнөгө келгениме
Шүгүр деп, таазим кылам Жаратканга!

АМАНДЫКТЫ КУДАЙДАН КӨП ТИЛЕНЕМ!
Жүрөгүмдүн астына жүрөк бүтүп,
Ойлорума керемет тилек бүтүп.
Түйүнүңдү оңунан чече көр деп,
Жаратканга жалбарам тилеп күтүп!

Кытыгылап ичимди тепкиледиң,
Эт жүрөгүм эзилип элжиредим.
Кан-жанымды, күчүмдү-кубатымды,
Кенжетайым өзүңө энчиледим.

Туйдуң бекен атаңдын сылаганын,
Өзүңө арнап апаң ыр кураганын.
Ашыккандай туйлайсың кээ күндөрү,
Саналуу күн саат калды, чыда жаным!

Туюкбайым кичикий кагылайын,
Тилек айтып кудайга жалынамын.
Жомок айтып ыр окуп, күндө сага,
Келээриңди күтөмүн сагынамын.

Аман-эсен экөөбүз көрүшөлү,
Биргеликте ааламды бөлүшөлү.
Алла буйруп аз күндө ымыркайым,
Эне-бала жытташып өбүшөлү.

Курсагымда тыбырап тепкилеген,
Тепкилесе кубана мен чиренем.
Тепсе деле мейличи, эркелесин,
Амандыкты алладан көп тиленем!

ЭНЕ ЖАНА НАРИСТЕ
Бул жашоону улантуучу наристе,
Жараткандан бизге белек периште.
Бала тапкан энелерди мен дайым,
Салыштырам чалкып жаткан деңизге.

Агып турган сенин каның тамырдан,
Ал периште артык экен жаныңдан.
Азыктанып, кубат алат өзүңдөн,
Атыңды улаар, жашоодогу табылгаң.

Эне ыйык, таманында бейиши,
А наристе, ак сүйүүнүн жемиши.
Жаны кейип, тартып ачуу толгоосун,
Көз жаруу бул — эненин чоң жеңиши!..

Тогуз айлап курсагында көтөргөн,
Талгагына көзүн жумуп көшөргөн.
Сылап-сыйпап, этияттап, мээр төгүп,
Калкалаган жаман көздөн, бөтөндөн.

Белин бүгүп, кайра ийилип кайкалап,
Ээрдин тиштей, миң онтолоп чалкалап.
Чекесинен тып-тып тамчы тер агып,
Жаны сыздап, кыйналганы байкалат.

Кайыл болуп, ачуу толгоо заарына,
Баласы үчүн даяр эне баарына.
Тогуз айдын санап ар бир мүнөтүн,
Туюкбайын күтөт тура зарыга.

Ай кудайлап, көзгө жаны көрүнүп,
Жүз жеринен кабыргасы сөгүлүп.
Оору алмашат… Жан жыргаткан абалга,
Алган кезде, экиге аял бөлүнүп…

Көкүрөккө жаткызганда баланы
Көлкүйт дене, көөшүйт эне абалы.
Көргөн кезде ымыркайын эсен-соо,
Нур төгүлүп, жайнайт аял жамалы.

Балкылдатып эмчек салып күнү-түн,
Эчен бөлүп түн уйкусун, күлкүсүн.
Өмүр денин, акыл багын тиленет,
Актаса деп ата эненин үмүтүн.

Апа үчүн бакыт – бала туулганы,
Адамзаттан адам кыйын… туулмагы.
Эң башкысы, энелерге чоң олжо,
Бөбөгүнүн туулганы эмес турганы!

Бул жашоону улантуучу наристе,
Жараткандан бизге белек периште.
Бала тапкан энелерди мен дайым
Салыштырам чалкып жаткан деңизге!

ЧАКАН БӨЛМӨ ИЧИ ТОЛГОН БАКЫТКА
Ичи жылуу, чакан ушул бөлмөмдө,
Бала эмизем, конок тосом, ыр жазам.
Келечектен узун сабак кеп салып,
Күйөөм менен көп иштерди сырдашам.

Ушул бөлмө, үстүмдөгү баш паанек,
Элестетет куркулдайдын уясын.
Чурулдаган уул-кызымдын үнүнөн
Баш бакканда бакыт барын туясың.

Иштен чарчап келген кезде жолдошум,
Шул бөлмөдө берем чайын тамагын.
«Балдар менен кыйналдыңбы?” дегенсип,
Астыртадан, аяй карайт кабагым.

Мектебине уулум жөнөйт таң эрте,
Бул бөлмөдөн китеп кабын көтөрүп.
Мен… атасы… аткарышып сабагын,
Эки жылды бирге окудук, өтөдүк.

Өкүм сүрөт кээ убакта жымжырттык,
Балдар уктап жаткан кезде орногон.
Жышып сүртүп, жууп кирем бөлмөнү
Жыйнайм анан… балам чачып ойногон.

Күбө болуп жакшы-жаман күнүмө,
Уйку аралаш, бала эмизген түнүмө.
Ушул бөлмө келечекке дем берет,
Үй бүлөмө болгон тунук сүйүүмө!

БАЛА ЖЫТЫ
Жан жаратып жүрөгүмдүн астына,
Жароокерим, күткөм сени аптыга.
Жалынамын, карегиңден айланам,
Жарык нурум, өсө бергин талпына.

Кичинекей колдоруңдан өбөйүн,
Күлүп койчу, күлгөнүңдү көрөйүн.
«Күчүгүм ий» — элжиреткен жүрөктү,
Мээримимди балкылдата төгөйүн.

Балапаным, айым күнүм, чырагым,
Бакыт кушум, аздектеген тумарым.
Изимди улаар, түтүнүмдү өчүрбөй,
Бала менин – таркабаган кумарым.

Сүйкүмдүү да, сүймөнчүк да аябай,
Бир өзүңдөн, өмүр өтөөр жадабай.
Кандан бүткөн, жандан бүткөн периште,
Болбостур-ов, керемет жан баладай!…
Өтөөр өмүр, кумарым түк тарабай!

ЖАН ДҮЙНӨМДӨГҮ ЖАҢЫРЫК
Бул турмушта эчен ирет тапталдым,
Кайран башты ойго-тоого калчадым.
Бирде балкып араласам ай-жылдыз,
Тамчы сууга бирде жетпей чаңкадым.

Айланамды карап көзүм кубанат,
Бакыт качат. А мен келем кубалап…
Адилетсиз бул жашоого чыдабай,
Аалам кезип кетким келет жумалап.

Баары түгөл… Жетпегенсийт бир нерсе,
Баарын чачып ийгим келет жин келсе.
Миң онтолоп толгоо тарткан аялдай,
Жүрөгүмдү өйкөп турат кир нерсе!..

Ошол кирди келди силкип таштагым,
Жан дүйнөмдү тазартуудан качпадым.
Мурдагыдай күлүп жашайм эми мен
Дедим дагы, жаңы жашоо баштадым.

Таштап баарын, тоого кетип калсамбы,
Арча, кайың булактарга барсамбы?
Боз үйүмдүн ичи толуп балага
Баатыр эне, тоолук болуп алсамбы?

Дал ошондо, мен өзүмдү табаармын,
Балдарымдын бал жытына канаармын!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.