Соцтармактарда “Азаттык” сатылыптыр, “Али Токтакуновдун иликтөөсү жалган экен” деген каңшаар таратып атышат. Мындай маалымат 5-каналдан жарыяланган имиш.

Али Токтакуновдун далил көрсөткөн документтери жалган болгон учурда да, Матраимовдун 5-каналдагы талкууда актангандагы шылтоолору ал иликтөөнүн чындыкка жакын экендигин айгинелеп турат. “Азаттыктын” журналистин “заказ менен келдиң” дегени элди чындыктан адаштыруу үчүн сөздү атайылап башка нукка буруунун далалаты экени ачык көрүнүп турат.

Раим Матраимов эл арасында “Раим млн” лакап атын алып, бажы мекемесинде жеке басарлык орногону запкы көргөн ишкерлерден тарагандан кийин “Азаттыктын” маселе козгогону заказ менен кылынган иш дегени турабы? Эл оозунда эбак аңыз кеп болуп айтылып аткан ишти финполдун иликтеп бүтө албай атканы оркойгон күмөн жаратпайбы??? Алинин документтеринин чын-төгүнү көбүрөөк күмөн жаратабы же колунда бүт бийлиги бар мамлекеттик орган – финполдун иликтөөсүнүн айдан айга чубалжып кетип баратканы айрыкча күмөндүүбү???

5-канал заказ аткарбаган, эл кызыкчылыгын көздөгөн канал болсо, эмне үчүн ошол финполдун иликтөөсүнүн чубалжып атканынын себебин иликтебейт??? Финполдун шаша-буша билдиргениндей Карасуу, Мадина, Дордой базарларынан акча кайсы банктан, кандайча жөнөтүлөрүн иликтегенге эмне үчүн ашыгышкан жок??? Алинин жүйөлөрүнөн эле алардыкы ынанымдуу болуп турабы??? Кандайча так ушул органдарда Матраимовдордун туугандары иштеп калды? Бирин кетиримиш болушту эле, бири деле алардын тууганы болуп чыгып атат. Ошондо алар өздөрүнүн кылмыштарын өздөрү иликтеп атышабы? Бул күмөндүү эмеспи?

Матраимовдун “Али Прагадан саясатка киришкени келиптир деп эк-үч саясатчыдан уктум” дегени деле бир чындыкка коошпой турган, күлкү болорлук акылсыздык. Эл кызыкчылыгын көздөп мамлекеттик органдар кылчу ишти талтөөндөй так аткарып аткан журналисттер бүгүнкү күндө «түкүрүк, чимкирик» аталып атышкан саясатчылардан алда-канча абройлуу да, алда-канча бийик деңгээлде болуп турса, «саясатчы болом деп атыптыр» деген түкшөмөл түркөйлүк болуп көрүнүп атат.

Анан да бажы мекемесинде иштеген кишинин бир тууганы “соопчулук фондун” ачып калышы, анан ал фондго күргүштөп эле млндор ага башташы, алар болсо ал “соопчулук фондуна” түшкөн каражатка депутаттарга чай берип (соопчулук иш болбосоң коё кал), президенттин партиясына шайлоодо колдоо көрсөтүп (бир нече күн мурун спикер Атамбаевдин форумдагы митингде айткан сөздөрүнө жооп берип жатып, Матраимовдордун арты менен Атамбаевдин партиясы Кара-Суудан 40 миң добуш алганын белгиледи), өздөрүн да таарынтпай хан сарайларды куруп, млндук сааттарды тагынышы, 5-каналга өтө эле ынанымдуу болуп турабы?

Бийликти го, шайлоо учурунда колго алышкан окшоп калды. Бийликти колго алып койгондон кийин, маңыроо элди бала бакчанын балдарын момпосуй берип алдагандай алдасак болот деп калганбы Матраимовдор?

Соцтармактарда “Азаттык” сатылып кетиптир”, “Али сатылыптыр” деп будалактап жайып аткан имиш-имиштерди окуп, коргоочусуна кол салган коом экенибизди көрүп ич ачышат. Качан эле “Азаттык” көрүнгөндүн көрөпайын жалданып жазып, негизсиз, жалган маалымат таратып жүрдү эле?

Элге маалыматты мааниси менен, кайсы бир топтун кызыкчылыгын көздөбөй так жеткирип, ал үчүн бийликтин куугунтугуна кабылып, ошондо да басыгын саал жайлатканы болбосо, чындык принцибинен тайбай, коррупциянын “бекем чебине” чабуулун жасап келаткан ушул “Азаттык” эмеспи.

Жетиген Асанбек

Так ошол күн тийген жакка күнөстөп, ал өйүздө бир, бул өйүздө бир бултаңдап жүргөн күнкарама “жазмакерлердин” жалганына жата калып ишене калганыңарга жол болбосун дегеле.

Өлкө кызыкчылыгы үчүн күйгөн коргоочуларыбызга кол салып отуруп, эмненин ичинен чыгар экенбиз?!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.