АҢГЕМЕ

Жымжырттыктын дүйнөсүндө жашачу…

*     *     *

Эми табытынын жанындабыз. Баштарыбызды жерге салып, ар кимибиз ар жерде олтурабыз. Бешөө эле келиптир, мени менен алтынчы караан болду.

Бизге окшоп: суунун, күүнүн, сөздүн, шамалдын үнүн укчу эмес. Бизге да өзүнүн үнүн угузган жок, сүйлөй албагандыктан… Ошондуктан, өзү ысымын айтып бере албай, ысымы ким экенин биз да билбей жашадык. Бирок, бирөө «дудук» дечү, дагы бир жаман ооз «сакоо» дечү.

Мен эркелетип да, аяп да — «Жымжырттыктын Адамы» деп гана атачумун. Ушундай ысымды алгач ойлоп тапкан күнү, бир заматта бир китеп жазып койгонсуп, укмуштуудай кубангам…

Кийинчерээк эле биздин көчөгө көчүп келип, жалгыз бөлмөлүү үйдө жалгыз жашады. Эмне таап, эмне жегенин деле билгизген жок. Ач-тогу деле бизге белгисиз болчу. Бир калыпта, тынч жашачу. Бирок, элге — айлана-тегерегиндеги коңшуларына жардамын аябаганына биз — адамдар эле эмес, таштар, талдар, тамдар баары күбө!

Жымжырттыктын Адамын — тестиер баланы жумшагандай жумшашчу. Кийим-кечек жуудуртушканын гана көргөнүм жок, калган жумуштардын баарын аткарды. Бала бакты, машина оңдоду, дүкөнгө чуркады, көмүр ташыды, короо шыпырды, отун жарды, кичинекей бөбөктөрдү көтөрдү…

— Сүйлөбөгөнү аз болгонсуп, жоош адам эле. Жер үстүндө денесинин акыркы сааттары жашап жатат. Жаман жагын эч көргөнүбүз жок! Жакшы жактары көп эле, эскерип, эстейли, айталы. Көзү барында өзүнө айта албадык… — дедим, жанымдагы турган улууларга. Улууларга дегеним, баарынын кичүүсү мен, отуз беш жаштамын.

— Жакшы адам эле… — деди капалуу, ойлуу олтурган Куттубек аксакал, эңкейген калыбында. Башка эч нерсе айткан жок. Маркумдун денесин өз колу менен жууп-тазалап, ак чүпөрөккө ороп, жыгач табытка жаткырып коюп, элди чакырган ушул Куттубек ата!

— Байкушум… — деп көзү жашылданды, күйөөсү жок, бирок, беш чиедей уулун жалгыз багып жашап келаткан Дария эже.

Жуула берип өңү өчкөн күрмө кийген Толкун эже менен жумушунан себепсиз айдалып, адилеттик издеп ар жак-бер жакка чуркап, бирок, «жеңилип», андан кийин биротоло «жешилип», териси сөөгүнө жабышканча арыктап, ызаланып жүргөн Саян эже менен буту оорулуу — инвалид Шакирт ага сунушума суз гана мемирешип, унчугушкан жок. Үшкүрүк менен гана «жооп берип» коюшту.

Мен эле экем, шакылдаган шайдооту. Макул… Жанымдагылар табиятынан тынч, сүйлөсө аз сүйлөгөн, жашаса таза жашаган, Теңирибизге жаккан сыпаа жандар экенин билем.

Оо-оо-оо, кең дүйнө, кээде ушинтип тар экениңди да билгизесиңби???!!! Бул табытта жаткан — Жымжырттыктын Адамынын жардамына кечээ эле көпчүлүгү муктаж эмес беле? Каалашынча пайдаланып келишти! Эми, акыркы сапарга узатып коюуга, коштошууга күч-эмгегинин жыргалын көргөн адамдардын бирөөсү да келбегени эмне деген шумдуктуу!?

Дайыма Жымжыртыктын Адамына кол арабасын сүйрөтүп алып, базардан пияз-картошкаларын ташытып алчу толук аял бар эле, ал эмнеге келген жок?

Бат-баттан Жымжырттыктын Адамынын үйүнө неберелерин таштап коюп, эртең менен чыгып кетип, кечинде келген, «тили узун» аял сөзсүз келиш керек болчу! Жок!

Машинасын Жымжырттыктын Адамына гана жазда-жаздай, кышта-кыштай ачтырып-чачтырып, оңдотуп, жуудуруп, короосуна тыгылып чыкпай калса түрттүрүп жүргөн Элдос аттуу киши жашаган тарапта болсо мемиреген тынчтык. Өзү эле эмес, үйү дагы «бекинип алаар» жер таппай тургансыйт!

Бизге кайгылуу кабарды угузган, жанымдагыларды таяк таянып басып жүрсө да өзү чакырып чогулткан Куттубек атага кайрылдым.

— Сиз анан бул бешөөбүз эле узатабызбы, Жымжырттыктын Адамын. Туугандары бар бекен, келишээр?

— Элдин баарын тууган катары кабыл алып жашаган кишиге эч ким тууган болбойт. Анын үстүнө, сүйлөбөсө, укпаса — туугандардан деле жээригендер чыгат экен да, пенделер бир кылка эмес…

— Анда азыр… Эмне кылсак? Мамлекеттен жардам сурасакпы?

— Мен «өзүмдүн мамлекетимде» жашап койдум. Бүгүнкү күндө «сенин мамлекетиңде» жашап жатабыз. «Сенин мамлекетиңде» мындай өлгөн байкушка эмес, тирүү байкушка караганын көрдүңбү? Көрө элексиң!..

— Биз төртөөбүз — аялдарбыз. Сиз аксакалыбыз, Шакирт ага бутунан аксап араң басат. Сөөктү көтөрүп жеткирүү керек да бейитке… Улуу башыңыз менен сиз чакырганда келбей жаткан кошуналарды эми мен кичүү катары дагы бир сыйра чакырып көрөйүнчү. — дедим, Куттубек атага.

— А-а-аа Жаратканым, ушундай, акыбал бизде ушундай… Таң заардан ар бир үйгө айтып чыккам. Бу ак сакалымды, мынабул таягымды сыйлап деле келип коюшса болмок. Сен да бир сыйра чакырып көрчү. Жаш эмессиңби, мага караганда бат басасың. Молдо келгиче келип калышаар….

Көрсө, Куттубек ата деле…

Азаны — өз салт-санаасы менен узатууга көзү жеткени менен кудурети жетпей, айласы кетип олтурган экен. Мен да топураган көп адам келишин, ыйлап-сыктап узатышын каалап тургам. Анткени, Жымжырттыктын Адамы коомго болбосо да, кошуналарынын турмуш-тирикчилигине кол кабыш кылып, ак мамилесин, ак күчүн аябай жашады да!

Дароо эле, неберелерин бактырып койчу аялдыкына жөнөдүм. Үйүнөн чыгып, короосун кайтарган дарбазасына чейин күшүлдөп араңдан зорго жетип келди.

— Барып коюңуз! Жымжырттыктын Адамын узатып жатабыз. Жүрүңүз, бир-эки саат убактыңызды арнап коюңуз… — дедим.

— Кандай мал союлду? Элге эт менен кошо күрүчпү же камыр тамак тартылабы? — деп сурады.

— Тамак жок… Жөн эле узатабыз го… Молдо келгиче чогулуп калсак болот эле…-  дедим тынчсыздана.

— Көрөм. Барсам, барып калам. Барбасам, жок…

Жымжыртыктын Адамына ар дайым оор жүктөрүн, кап-кап пияз-сабиздерин ташытып жүргөн — Кармен аттуу толук аялдын үйүнө бардым. Ал да ныксырап, колу бош эмес экенин айтып, мени жолго салды.

Машинасын оңдотуп жүргөн Элдос аттуу кишинин үйүнө барсам:

— Силер деле кошунасы болосуңар! Өзүңөр эле жерге бере бергиле! Тирилтип жибермек белем… — деп ачуулана жооп берип, чыккан үйүнө кайра кирип кетти.

Андан башкаларга барган жокмун…

Келсем, бешөө дагы эле жымжырт олтурушат. Чакырылган молдо дале келе элек экен.

— Чымчыктай болуп чыйпылдап эле жатасың. Бул унчукпаган байкуш төртөөнүн анан сен экөөбүздүн колубуздан эмне келээр экен??? Мечиттеги молдого барып кел эми, биротоло… Эртең менен мен барып келдим эле, ал дагы кечигип жатат, кашайып, — деди Куттубек ата.

— Даярдык кандай?! — деди мен чакырып барган жаш молдо.

—Даярдык жакшы…

— Канча боз үй тигилди, канча мал союлду?

— Эч боз үй тигилген жок, мал да союлган жок. Кереги жок ко, мал союнун… — дедим.

— Атаңдын башына анан «даярдык жакшы» деп айтып жатасыңбы? Мени алдап!.. Барбайм, өзүңөр өлүктү көмө бергиле. Беш-алты адам үчүн барбайм. Ошентип айтып бар, — деди.

— Беш-алты адам үчүн эмес! Сиз маркум үчүн барышыңыз керекпи? Барбасаңыз, анда эмне үчүн мечитти ээлеп олтурасыз?

— Тикилдебей чыгып кет!

Ошентип, эки жолу чакырылган молдо дагы, эки жолу чакырылган колу-коңшулар да келген жок. Бизден эч ким кабар алган жок!

Куттубек ата бир машина чакыртып, Токмок шаарынан ары көздөй кеткен бир айылга сөөктү жүктөп, айдоочунун жанына олтуруп алып, өзү жалгыз сөөктү алып кетип калды. Беш кошуна коштошуп кала бердик.

Көрсө, биз жашаган шаар бийлигиндеги бирөө «шаардык бейиттердин» катарына сөөк коюу үчүн чоң суммадагы акча сураптыр Куттубек атадан. Ал акчаны алтообуз алты жактан карыз алсак да таба албайт болчубуз.

Көп күн өткөрбөй, өзү уюштуруп, саат-күнүнөн бери тактап туруп Куттубек ата Жымжырттыктын Адамынын бейитине бизди алып барды. Башкаларды кошкон жок. Өзү анан баягыда коштошууга келген беш кошунасын гана!

Жалгыз бейитте жатыптыр, Жымжырттыктын Адамы! Жашоосунда жалгыз жашагандай, бейити да жалгыз экен. Бирок бейит эмес эле, бейиштей! Боорунан ыбылжып булак аккан, табият өзү жасаган жапыз жашыл тоого жайгашыптыр. Чөптүн, гүлдүн түрү! Болгондо да өзгөчө чөптөр, гүлдөр өсөт экен! Жакшынакай таштары да кызыл-тазыл болуп жалтылдайт, жамгыр эми эле жууп кеткендей!

Көрсө, Куттубек ата ишенип, зарыгып келген Айыл Өкмөтү да суранычын аткарбай, бейиттердин катарынан орун бербей, «башка жактан келгенге жердин астын да бербейбиз» деп жооп бериптир.

Ачуусу келген Куттубек ата: «Бир байкуш пенде бу тирүүлүктө кор болсо (тилсиз, үнсүз болуп), өлгөндө да кордойлубу!? Мени эмне кылсаңар ошо кылгыла, жазага тартсаңар да, атып салсаңар да макулмун, карып калдым, мага баары бир! Эми мен да өз билгенимди кылам» — деп өкүрүп-бакырып, айылдагы үч-төрт жаш жигитти ээрчитип келип, ушул бейиштей жерге сөөктү жашырып койгон экен.

Баардыгын, эми гана Куттубек ата бизге айтып берди. Көрсө, так ушул булактуу жапыс тоону бала кезинде «Ааламдын эң кооз жери ушул жер» деп ойлочу экен! Өзүнүн айтканына караганда, азыр да, мындан ары да ал оюнан эч кайтпайт экен!!!

Ии баса, бейиштей бейиттен кайтаарда Куттубек атага суроо катары кобурандым.

— Сиз бизден башка коңшуларды чакырсаңыз, алар деле келишмек…

— Ааламдын эң кооз жерине! Мындай жерге — адамгерчиликти баалабаган, өзүмчүл, чоң курсактардын бутун бастырмак түгүл, көзүн да караткым келбейт! Ошол!..

Жымжырттыктын Адамынын сөөгү.

— «Ааламдын эң кооз жерине» түбөлүккө жайгашканына мен да ишенип жашап калдым!

19-июнь. 2005-жыл.

6 Replies to “ЖЫЛДЫЗЧА: Жымжырттыктын адамы эле”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.