«РухЭштин» өспүрүмдөр арасында жарыяланган конкурс жеңүүчүлөрү сыйланды (фоторепортаж)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу республика боюнча жарыяланган мектеп окуучулары арасындагы дилбаян сынагы жыйынтыкталып, аларга сыйлык тапшыруу аземи борбор калаабыздын «Шанс» Чыгыш казынасы китеп дүкөнүндө уюштурулду. Жеңүүчүлөргө диплом жана ардак грамоталар тапшырылып, акчалай байгелер менен сыйланышты. О.э. аталган конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаев өспүрүмдөрдү парламент имаратында кабыл алып, ар бир окуучуну Роза Айтматованын «Тарыхтын актай барактары» жана «Кылычсыз Самурай» аттуу китептери менен сыйлады. Төмөндө калыстар курамынын чечими менен жеңүүчү деп табылган окуучуларды тааныштырабыз: 1-орун (8000 […]

Жекшенбай Курмановдон балдарга ыр белек

ЖЕЛ Шырп чыгарбай дабышын, Шыдыр таштап арышын. Жолдо катар өпкүлөп, Жолуккандын барысын. Жүкөн сымал энтеңдеп, Жүгүрө берет жел тентек. ДОС КҮТСӨҢ Мындай санат козголду, Бек кысышып кош колду. Эшек, карга, торопой Эзилишип дос болду. Анан мындай басканда, Учту карга асманга. Эшек кетти күлүнө, Торопой жер касканга. Уккун Асан, Алашым, Баарың эстүү баласың. ушулардай дос күтсөң, Уят болуп каласың. СААТТЫН ЫРЫ Таң эртеден чырылдап, Тургандагы себебим: Ушул биздин балдардан, Уйкучу эле Белегим. Сабагына кечикпей, Эрте барсын дегеним. ТООКТУН ЫРЫ Жөжөлөрүм — […]

Михаил Зощенко: Оорукчандар

АҢГЕМЕ Адам деген бир кызык жандык да. Анын түпкү атасы маймыл экендигинде деле шегим бар. Бул маселени Дарвин чал  жөн эле соктуруп койгон көрүнөт. Адамдардын кылык-жоругу – тим эле, мындайча айтканда, таза эле адамдардыкындай да. Айбандардыкына такыр окшобойт. Эгерде айбандар өздөрүнүн тилинде бири бири менен маектеше алса, жакында эле мен өзүм күбө болдум, мындай талаш-тартыш болмок эмес. Бул окуя ооруканада болду. Амбулатордук кабыл алууда. Менин ички органдарымдын оорусуна байланыштуу жумасына бир жолу барып дарыланып турат элем. Опушкин деген доктордо. Жакшы, […]

Экс-президент Роза Отунбаева принимает участие в мероприятиях “Поиска общих интересов” в г. Лондон

БИШКЕК, 18 июня 2019 г. Организация в области миростроительства “Поиск общих интересов” в городе Лондон (Соединённое Королевство Великобритании и Северной Ирландии) проводит два значимых мероприятия с участием экс-президента Кыргызстана Розы Исаковны Отунбаевой на этой неделе. Отметим, что “Поиск общих интересов” — крупнейшая в мире организация по вопросам миростроительства, которая ведет свою деятельность в Кыргызстане с 2012 года. Накануне, 17 июня прошла ежегодная церемония вручения Премии Общих Интересов, посвященная 20-летию партнерства с Правительством Соединенного Королевства в области миростроительства. Более ста лидеров, […]

Сулайман пайгамбардан жети санат

Акылман деле чоң акчаны көргөндө акылмандыгын унутуп коёт. Акча адамдын акыл-эсин талкалайт. Сулуу бирок эссиз аял, чочконун тумшугундагы алтын шакектей. Кедейдин зарына кулак салбаган адам, өзү да бир күнү дал ошондой күнгө туш болот. Жаныңда бейгапар жүргөн жакыныңа жамандык кылба. Кээде күлкү да жүрөктү оорутат, кубанычтын аягы кайгы менен бүткөн күндөр да болот. Жинди деле сүйлөбөй турса акылдуу көрүнүшү мүмкүн. Акыл-эстүү адамдар коркунучту көрө билишет жана сактанышат, акылсыздар коркунучтун алдынан чыгып, жазасын алышат. Альберт Эйнштейнден эң күлкүлүү жети экмет Келесоо […]

Дилазык: Чоң азилкеч Хоу Баолиң

Юмор жанры сиаңшендин[1] чебери Хоу Баолиң белгилүү математик Хуа Логең менен жакшы мамиледе болуптур. Бул ынактар чайлашкыча же андан да күчтүүрөгүн ичкиче тез-тезден жолугуп турушчу экен. Ушундай жолугушуулардын биринде аңгемелешип отуруп, Хоу Баолиң досуна күтүүсүз суроо берет: — Кайсы учурда экиге үчтү кошкондо төрт болот? Хуа Логең алгач таң калды, анан суроонун түпкү максатына түшүнө албай ойлонуп калды. Ал көбүрөк буйдала түшкөндө Хоу Баолиң жардам берди: — Мен “кайсы учурда” дедим, ушул сөзгө көңүл бур. Бирок Хуа Логең эч кандай […]

Олжобай Шакир: Коомдогу рухий майыпчылык

“Күлүктү күнүндө, тулпарды тушунда” сүрөө керектигин байтактуу бабаларыбыз, көөнө көсөмдөрүбүз эбак айтып кеткени. Керээттүү кеби бар элдин келечеги байсал болор. А бизчи? Биздин сүрөгөнүбүз бүгүн кайсы күлүк, кайсы тулпар? Шайлоолордо саясий шылуундарга, рухий жакырчылыкта тотукуш таксырларга сүрөөнчү болуп алганыбызбы?! Кубаттаганыбыз ошолор. Кошоматыбыз да ошолорго. Караламан калк көңүлү ошолорго ток. Жапырт кол чаап капкайдагы ырчы-чоорчуларды көктөгү жылдызга теңейбиз да, куну балант чыныгы искусство каармандары жараткан көркөм туюм, көркөм образдардын баркын баалап, даңкын даңазалоого жок эл экенбиз. Дегеле базары кайнаган өнөрпоздор кимдер […]