«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу республика боюнча жарыяланган мектеп окуучулары арасындагы дилбаян сынагы жыйынтыкталып, аларга сыйлык тапшыруу аземи борбор калаабыздын «Шанс» Чыгыш казынасы китеп дүкөнүндө уюштурулду. Жеңүүчүлөргө диплом жана ардак грамоталар тапшырылып, акчалай байгелер менен сыйланышты.

О.э. аталган конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаев өспүрүмдөрдү парламент имаратында кабыл алып, ар бир окуучуну Роза Айтматованын «Тарыхтын актай барактары» жана «Кылычсыз Самурай» аттуу китептери менен сыйлады.

Төмөндө калыстар курамынын чечими менен жеңүүчү деп табылган окуучуларды тааныштырабыз:

1-орун (8000 сом). Аксы району, Кум айылы. №32 Орозбай Көчкөнов орто мектебинин 8-классынын окуучусу Жыргалбаева Айдай

2-орун (7000 сом). Алай районун Терек айылындагы К. Султанов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Жумабек кызы Перизат

3-орун (6000 сом). Нарын облусунун Нарын районунун Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Жолдошбек уулу Бектур

4-орун (5000 сом). Баткен областы, Баткен шаары, Кызыл-Жол орто мектебинин окуучусу 8-“А” класс. Бакытбек уулу Кутманбек

5-орун (4000 сом). Балыкчы шаарындагы №4 гимназия-мектеби, 11-“Б” классынын окуучусу Алтынбекова Бегайым

6-орун (3000 сом). Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы, А. Парпиев атындагы гимназия, 10-класс. Жусупова Риза

6-орун (3000 сом). Бишкек шаарындагы Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын 11-классынын окуучусу Асакеев Элхан Адилетович

6-орун (3000 сом). Балыкчы шаары, № 4 гимназия-мектеби, 8-“А” классы, Карагулов Акылбек Алтынбекович

7-орун (2000 сом). Балыкчы шаары, №4 гимназия-мектеби, 8-“А” классынын окуучусу Райымбек кызы Мээрим

8-орун (1000 сом). Балыкчы шаары, №4 гимназия-мектеби, 10-«А» класстын окуучусу Мирлан уулу Сыймык

8-орун (1000 сом). Ош обл., Алай району, № 35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Кадырбаева Нураида.

Калыстар курамынын өкүлдөрү:

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ – Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти.

Абдыкерим МУРАТОВ – жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору.

Дүйшөн ШАМАТОВ – Билим берүү илиминин доктору, Казакстандын Астана шаарындагы Назарбаев университетинин мугалими.

Жетиген АСАНБЕК – «РухЭш» сайтынын шеф-редактору, котормочу жана мугалим.

P.S. «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты келечек муундагы жаштардын ой өрүшүн, чыгармачылык жөндөмүн арттыруу максатында аталган конкурсту жыл сайын салттуу түрдө улантууну көздөгөн демилгеси жана демөөрчүлүккө алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаевге терең ыраазычылыгын билдирет! О.э. биз менен чыгармачылык өнөктөштүктө кызматташтык көрсөткөндүгү үчүн «Шанс» Чыгыш Казынасы китеп дүкөнүнө ыраазычылык…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.