ЖЕЛ

Шырп чыгарбай дабышын,
Шыдыр таштап арышын.
Жолдо катар өпкүлөп,
Жолуккандын барысын.
Жүкөн сымал энтеңдеп,
Жүгүрө берет жел тентек.

ДОС КҮТСӨҢ

Мындай санат козголду,
Бек кысышып кош колду.
Эшек, карга, торопой
Эзилишип дос болду.

Анан мындай басканда,
Учту карга асманга.
Эшек кетти күлүнө,
Торопой жер касканга.

Уккун Асан, Алашым,
Баарың эстүү баласың.
ушулардай дос күтсөң,
Уят болуп каласың.

СААТТЫН ЫРЫ

Таң эртеден чырылдап,
Тургандагы себебим:
Ушул биздин балдардан,
Уйкучу эле Белегим.
Сабагына кечикпей,
Эрте барсын дегеним.

ТООКТУН ЫРЫ

Жөжөлөрүм — жөлөгүм,
Жандан артык көрөмүн.
Кулаалыны көргөндө,
Кукулдаган себебим.
Кармалсаңар аз гана,
Илип кетет шап кана,
Жашынгыла дегеним!

ТОЛКУНДАР

Бири-бирин башка уруп,
Көмөлөнүп, кас туруп.
Карс урунуп, жээктен,
Кайра тартат аптыгып.

Тынбай жанын сабанып,
Өйдө-төмөн шар агып.
Ачууланса толкундар,
Калат экен агарып…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.