Лев Толстой: Карга жана анын балапандары

АҢГЕМЕ Карга аралга уя салган эле. Балапандары жумурткасын чегип чыккан соң ал жөжө -каргаларды аралдан жээктеги жерге ташып өтүүнү чечти. Адегенде  балапандарынын улуусун чеңгелдей кармап, аны деңиз үстү менен алып учту. Кексе карга суунун ортосуна жеткенде чарчады. Канатын элдир-селдир  каккылап баратып, мындай ойго чарпылды: “Азыр менин алдуу-күчтүү  чагым. Балапанда каруу жок. Деңиз аркылуу аны алып учуп өтөм. Ал чоңоюп, күчкө толгондо мен улгаям да, күчтөн таям. Ошондо балапаным менин мээнетимди эстейби да, алпар деген жагыма  жеткирет болду бекен?”  Ушинтип кыялданган […]

Сымбат Максүтова: Бир келген бул жашоомо каниетмин

Сымбат азыр изденүүнүн, өзүн-өзү табуунун таштак жолуна түшкөн кези. “Журналистика чыгармачылыктын, эргүүнүн душманы экен” дейт ал. Бирок көкүрөгүндө буулуктурган бир сезим баары бир тынч койбостугун сездим. “Мына ошол буулуккан сезимдердин жолун торобой, ачык кой, сага эмне баарынан кымбат сезилсе ошону жаз” дедим да жолумду уладым. Бул ырлар эски ырлар болсо да эски достой көзгө тааныш, жаштыкты, сирень гүлү төгүлгөн жазды эске салат, эргитет… Назгүл Осмонова ЭЛЕСИҢ КАРЕКТЕ Байкаба мейлиң, өтүп кет шашып жанымдан, Санаага салып, түпөйүл кылбай жүрөктү. Өткөндү кайра […]

Жетиген Асанбек: «Илбирс секириктин» арышы

(Өзүңөн көр, шайлоочу! 5-макала) Адамдын деградацияга учуроосунун дагы бир себеби – беленге көнүү. Совет доорундагы калыпка салынган белен саясий түзүм урагандан бери мамлекетибиз иш кылып көнбөгөн, эч нерсеге эп келбеген олдоксон колдор эбин таба албай кармалап аткандай эле абалда келет. Башаламандыкка учурап, өзүн өзү башкарууну үйрөнүүнүн үстүндө отузга чамалаган жылды жашап койдук. Кендирди кескен жагдай – өлүү дүйнөнүн (материалдык баалуулуктарды кыргыз эзелтен ушундай атап келген эмеспи) өкүлдөрү эпчилирээк келип, бийлик тизгинине биринчи жетип алып атышпайбы. Аларга тизгин тийди дегиче куурап […]

Коңфузы: Асыл адам аз сүйлөп, көп иштейт…

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” тарабынан “Ойлор жана маектер” жыйнагы жарык көрдү. Китеп — коңфузычылыктагы жана коңфузычылык илиминдеги маанилүү эмгектердин бири. Жыйнакта Коңфузынын жана анын шакирттеринин суроо-жооп түрүндөгү маектери, Устаттын адамгерчилик, изгилик, адилеттүүлүк, алтын ортолук, өлкөнү кантип башкаруу керектиги жөнүндөгү баалуу ойлору камтылган. Китепти Коңфузынын шакирттери түзгөн. Кытайчадан кыргызчага оодарган Алтынай Темиркан кызы, редактору Назгүл Осмонова. Мына ушул кагазы кургай элек жыйнактан алынган ойлор сиздерге рухий эш болор деген үмүттөбүз. ♦ ♦ ♦ Устат мындай деген: “Эгерде менин айткандарымды коом кабыл […]

Жусуп Абдрахманов – Сталин талкалаган тагдыр

Кадимки иш күндөрүнүн биринде Кочкордон чалып жатам деп бир аксакал коңгуроо кылды. Өзүн тааныштыргандан кийин: “Кызым, сен Жусуп Абдрахмановдун “Күндөлүктөрүн…” кыргызчалаган турбайсыңбы. “Вечерний Бишкек” гезитинин үстүбүздөгү жылдын 26-майындагы басылышына Жусуп тууралуу абдан кызыктуу макала жарык көрдү. Мына ошону качан кыргыз гезиттери которуп басат деп күтсөм, андай болбоду. Сенден сураныч, мына ошол макаланы кыргызчалап, элге тааныштырсаң” деген аксакалдын өтүнүчүн жумуштун көптүгүнөн арадан бир топ убакыт өткөрүп аткарып олтурам. Макала Александр Тузовдун калеминен чыгыптыр. “Вечерний Бишкек” гезити да кыргыздын кыраан уулунун тагдырына […]