“Чыгыш адабияты жана искусствосу” тарабынан “Ойлор жана маектер” жыйнагы жарык көрдү. Китеп — коңфузычылыктагы жана коңфузычылык илиминдеги маанилүү эмгектердин бири. Жыйнакта Коңфузынын жана анын шакирттеринин суроо-жооп түрүндөгү маектери, Устаттын адамгерчилик, изгилик, адилеттүүлүк, алтын ортолук, өлкөнү кантип башкаруу керектиги жөнүндөгү баалуу ойлору камтылган. Китепти Коңфузынын шакирттери түзгөн. Кытайчадан кыргызчага оодарган Алтынай Темиркан кызы, редактору Назгүл Осмонова. Мына ушул кагазы кургай элек жыйнактан алынган ойлор сиздерге рухий эш болор деген үмүттөбүз.

♦ ♦ ♦

Устат мындай деген: “Эгерде менин айткандарымды коом кабыл алып жана жашоосунда пайдаланса, анда бул кубаныч эмеспи? Мындай болбосо да, менин айткандарымды колдогон адам алыскы-алыскы өлкөлөрдөн келсе, бакыт эмеспи? Эгерде коом айткан ойлорун пайдаланбаса, эч ким түшүнбөсө, кыжырланбай, ачууланбай чындыкты кабыл алган адам, өзүн-өзү тарбиялаган асыл адам  эмеспи?”

♦ ♦ ♦

Зы Гоң устатынан асыл адам кандай экендигин сурады. Коңфузы: “Асыл адам оюндагыларын алгач ишке ашырат, андан соң гана элге айтат” деп жооп берди.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Кооз сүйлөп, жүзүңө карап күлүп, өңдү көрсө жүз тайдылык кылган адамда адамгерчилик болушу мүмкүн эмес”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Асыл адам ар-намыстуу болбосо, кадыр-баркка жетпейт. Ал өзүн илимге арнаса да, билими терең болбойт. Чынчыл, ак ниет болууга умтул, адамгерчиликсиз адамдан алыс жүр. Өзүңдүн катаңды байкасаң, оңдой бил”.

♦ ♦ ♦

Зың-зы мындай деген: “Ата-энеңди жерге берүүгө өтө кылдат мамиле кыл. Ата-бабаларыбызга курмандык чалуу, эстөө коомдун үрп-адатын түздөп, элдин кең пейилдигин, айкөлдүгүн арттырат”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Адам китеп окуп, бирок окугандары жөнүндө ой жүгүртпөсө, жөн гана убакыт коротот. Ой жүгүртүп, бирок китеп окубаса, ою чектелип калат”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Асыл адам тамак-аштын молдугуна, үй-жайдын чоңдугуна жана кооздугуна умтулбайт. Ишке так, сөзгө сак болот. Маданияттуу, билимдүү адамдарды жандап, өзүн тарбиялайт. Ушундай адамдарды билим алууну жакшы көрөт десек болот”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Эл сени түшүнбөйт деп тынчсызданба, сен элди түшүнбөгөнүң үчүн тынчсыздан”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Элди адептүүлүк, изгилик менен башкарсаң, топ жылдыздын ортосундагы Алтын казык жылдызы сыяктуу болосуң”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Элди мыйзам менен башкарып, жазалоо менен тартипке салсаң, эл кандай жол менен болсо да жазадан качууга аракет кылып, ар-намысын жоготот. Эгерде элди изгилик менен башкарып, каада менен тартипке салсаң, элдин аялуу сезими ойгонуп, чын дили менен баш ийип берет”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Мен 13 жашымда илимге кызыкчумун. 30 жашымда коомдо өз ордумду тапкам. 40 жашымда бардык нерселерге карата өзүмдүн оюм пайда болгон. 50 жашымда жаратылыш кубулуштарынын эрежесин түшүндүм. 60 жашымда акылмандык пайда болду, ошондуктан катуу сөз уксам артка чегинип, сабырдуулук кылам. 70 жашымда колумда барына ыраазы болуп, көңүлүм каалаган ишти кылып, бирок мыйзамды бузбай жашап жатам”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Мурда алган билимин жана тажрыйбасын кайталап, аны тереңдеткен, өркүндөткөн адам устат боло алат”.

♦ ♦ ♦

— Элди кандай жолдор менен сый-урматты билгендей, чын дили менен берилгендей, болгон күчү менен аракет жасагыдай кылуу керек? — деп Жи Каңзы  устаттан сурады.

— Элди кадыр-баркың менен башкарсаң сыйлап турат. Ата-энеңди урматтап, элиңе жумшак мамиле кылсаң элиң да сага чын дили менен берилет. Ак ниет адамдарды көтөрмөлөп, жөндөмсүздөрдү тарбияласаң, элиң аракетчил болот, — деди Коңфузы.

♦ ♦ ♦

Кимдир-бирөө Коңфузыдан: “Сиз эмнеге саясатка аралашпайсыз?” деп сураганда Коңфузы мындай деп жооп берди: “Тарых китебинде”: “Ата-энеңди урматтаганың, бир туугандарың менен ынак мамиледе болгонуң — бийликке таасир тийгизгениң” деп жазылган. Эмне үчүн аткаминер гана өлкөнү башкарат деп ойлойсуз?”

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Адамгерчиликтүү адамдар гана башка адамды сүйүп жана жек көрө алат”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Чын дили менен адамгерчиликке умтулган адам башкага кастык кылбайт”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Мен адамгерчиликти чындап сүйгөн адамды кезиктирген жокмун, ошондой эле адамгерчиликсиздикти чындап жек көргөн адамды да көргөн жокмун. Адамгерчиликти жакшы көргөн адамдан өткөн жакшы адам жок, ал эми адамгерчиликсиздикти жек көргөн адамдын максаты — адамгерчиликсиздерди өзүнөн алыстатуу. Бир күн бою өзүнүн акылын адамгерчилик жөнүндө ой жүгүртүүгө гана колдонгон адам барбы? Буга күчү жеткен адамды көргөн жокмун. Балким мындай адамдар бардыр, бирок мен андай адамды кезиктирген жокмун”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Туура жолду тааныгысы келип, бирок жөнөкөй кийиминен, жупуну тамагынан уялса, анда ал адам маек курууга татыксыз”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп иш кылган адам душманын көбөйтөт”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Кызматым жок деп убайым тартпа, кызматтык милдетиңди аткарганга адамдык сапатың жана жөндөмүң жетиштүүбү, ошону ойлон. Башка адамдар мени түшүнбөйт деп коркпо, башка адамдар мени түшүнгүдөй жөндөмүм жана адамгерчилигим барбы деп ойлон”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Акылман адамды көрсөң, ага теңелгенге аракет кыл, акылман эмес адамды көрсөң, өзүңдүн жасаган иштериңе, жүрүм-турумуңа талдоо жүргүз”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Байыркы адамдар оңой менен убада берген эмес, себеби убадасын аткара албай калуудан коркушкан.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Асыл адам аз сүйлөп, көп иштейт”.

♦ ♦ ♦

— Ян Хуи экөөңөрдүн кимиңер жөндөмдүүсүңөр? – деп Коңфузы Зы Гоңдон сурады.

— Мен өзүмдү кантип Ян Хуи менен салыштырам? Ал бир далилди билип, он иштин сырын ачат. Мен бир далилди билип, эки гана иштин сырын ачам, — деп жооп берди Зы Гоң.

Анда Коңфузы мындай деди: “Ооба, ага жетпейсиң, мен да, сен да ага жетпейбиз”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Эгерде адамдагы табигыйлык тарбиялуулуктан өйдө турса, анда бул өтө эле орой көрүнөт. Эгерде тарбиялуулук табигыйлыктан жогору болсо, анда бул чындыкка коошпойт. Талант менен адамдык сапат бири-бирин толуктап турса гана чыныгы асыл адам деген атка татыктуу”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы Чи мамлекетинде “Шао” музыкасын угуп жатып, көп убакытка чейин тамактанганды унутуп коюп мындай деген: “Музыка менен ушундай чекке жетүү мүмкүн экендигин билген эмесмин”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Асыл адамдын ички дүйнөсүндө тынчтык жана тазалык, ал эми пас адамдын жүрөгүндө коркунуч жана тынчсыздануу болот”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Элди баш ийүүгө мажбурлоо мүмкүн. Бирок анын эмне үчүн деген суроосун айттырбай коюуга мүмкүн эмес”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Кызматта эмессиңби, мамлекеттин иштери тууралуу баш катырба!”

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Йүени жемелей албаймын. Өзү жакшы тамак жебейт, бирок кудайларга курмандык чалганда ушунчалык мол даярдайт. Күнүмдүк жашоодогу кийими өтө жупуну, ал эми курмандык чалганда кийген салтанаттуу кийими абдан көркөм. Эски үйдө жашаса да, бардык күчү арык казууга кетет. Ооба! Йүени сындай албаймын”.

♦ ♦ ♦

Лао аттуу өспүрүм мындай деген: “Коңфузы бир убакта: “Менин окууларым убакыттын өтүшү менен колдонулбай калыш мүмкүн, ошондуктан башка көп өнөрлөрдү үйрөнүп алгыла” деп айткан.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Мен сулуулукту жакшы көргөндөй эле изгиликти жакшы көргөн адамды жолуктура элекмин”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Менин айткандарымды окуучуларымдын баары угат, бирок уккандан кийин жакшылап ой жүргүтүп, ишке ашырган бир гана Ян Хуи болсо керек!”

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Урук өнүп чыгып, бирок гүлдөбөгөнү бар! Гүлдөп, бирок мөмө бербегени да бар!”

♦ ♦ ♦

Коңфузы мындай деген: “Жаштар абдан тобокелчил, себеби алардын күчкө толуп гүлдөп турган убагы, алардын келечектеги боло турган ийгиликтери, азыркы адамдардыкына жетпейт деп кесе айтууга кантип болсун? Эгер адам 40-50 жашына чейин көрүнүктүү жумуш жасабаса, андан жаман нерсе болушу мүмкүн эмес”.

♦ ♦ ♦

Коңфузы кийиминин жакасын күңүрт-кызыл же күрөң кездеме менен жээктеп тиккен эмес. Үйгө кийген кийимин кызыл же кызгылт көк кездемеден тиктирген эмес.

Жайдын ысык күндөрүндө жука кездемеден кийим кийип, күндүн ысыгына карабастан анын ичинен ич көйнөк да кийип алган.

Кышында кара чапандын үстүнөн кара козунун терисинен тигилген тон, ак чапандын ичинен маралдын терисинен тигилген тон, ал эми сары кийимдин үстүнөн түлкүнүн терисинен тигилген тон кийген.

Үйгө кийчү чапанынын этеги узун тигилген, оң жеңи ыңгайлуулук үчүн кыскартылган.

Уйкуга кетерде атайын жатарда кийүүчү кийим кийип, анын узундугу денесинин жарымына чейин жаап турган.

Түлкүнүн жумшак жана калың териси жылуу болгондуктан, отурганда жаздык катары колдонгон.

Кытай тилинен которгон Алтынай ТЕМИРКАН кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.