АҢГЕМЕ

Карга аралга уя салган эле. Балапандары жумурткасын чегип чыккан соң ал жөжө -каргаларды аралдан жээктеги жерге ташып өтүүнү чечти. Адегенде  балапандарынын улуусун чеңгелдей кармап, аны деңиз үстү менен алып учту.

Кексе карга суунун ортосуна жеткенде чарчады. Канатын элдир-селдир  каккылап баратып, мындай ойго чарпылды: “Азыр менин алдуу-күчтүү  чагым. Балапанда каруу жок. Деңиз аркылуу аны алып учуп өтөм. Ал чоңоюп, күчкө толгондо мен улгаям да, күчтөн таям. Ошондо балапаным менин мээнетимди эстейби да, алпар деген жагыма  жеткирет болду бекен?”  Ушинтип кыялданган карт Карга  улуу балапанга суроо узатты:

— Мен күчтөн тайып, сен баралыңа жеткенде мени көтөрүп жүрө аласыңбы, мени багасыңбы? Мага ачыгын айтчы, садагам?!

Балапан атасын сууга таштап иет деп коркту да, баш ийкеди:

— Ооба.

Бирок, кексе Карга чоң уулуна ишенген жок. Чеңгелин ача коюп, балапанды коё берди. Баласы колдон жылмышып, түйдөк сыңары төмөн кулады да, сууга түшүп, деңизге чөгүп кетти. Улгайган Карга суу үстүндө жалгыз учуп, өз аралына кайра кайкыды. Бул ирет ал экинчи балапанды кучагына кыса, суу үстүнөн сызды.  Деңиздин ортосуна жеткенде кайра алсырап, чеңгелиндеги ортончу уулунан карыганда ары-бери көтөрүп, ташып-багат, карайт болду бекен, жок бекен, мына ошону билмек болду.

Сууга таштап ийбесе экен деп чочулаган балапаны:

-Албетте, багам,- деп жооп кайтарды.

Бирок, ата Карга бул ортончу уулунун да жообуна ынанган жок. Аны да мухитке таштап ийди. Ал артына бурулуп, аралга кайра учуп келгенде, уясында  үчүнчү бир балапаны калган болчу. Карт Карга эң кичүү ошол балапанын желкесине кондурду да, деңиз үстү менен учуп жөнөдү. Суунун ортосуна барганда чаалыгып, кичүү баласына да мурдагы көнгөн суроосун узатты:

— Мен карыганда багасыңбы, мени ар жакка көтөрүп барасыңбы?

Анда кенже балапаны шарт кесе жооп айтты:

— Жок, бакпайм.

Атасы:

— Эмне үчүн?- деди түшүнбөй.

— Анткени,  сен улгайганда мен жетилип,  чоң киши болом. Ал кезде мен өзүмө уя салам, балапандарым  ачып чыгат. Мен ошо балдарымды багып, көтөрүп чоңойтом да…

Ошондо улгайган Карга бул ирет: “Балапаным менин эмнеге мээнет тартып, аны деңиз үстүнөн  алып учуп өткөнүмдүн чындыгын айтты” – деп ойлонду.  Баштагы жоругунан баш тартып, кичүү баласын сууга таштаган жок. Кенже балапаны уя салып, балдарын чоңойтуусу үчүн  күчүнүн болушунча  канаттарын каккылап, аны жээкке алып өттү.

Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.