Сымбат азыр изденүүнүн, өзүн-өзү табуунун таштак жолуна түшкөн кези. “Журналистика чыгармачылыктын, эргүүнүн душманы экен” дейт ал. Бирок көкүрөгүндө буулуктурган бир сезим баары бир тынч койбостугун сездим. “Мына ошол буулуккан сезимдердин жолун торобой, ачык кой, сага эмне баарынан кымбат сезилсе ошону жаз” дедим да жолумду уладым. Бул ырлар эски ырлар болсо да эски достой көзгө тааныш, жаштыкты, сирень гүлү төгүлгөн жазды эске салат, эргитет…

Назгүл Осмонова

ЭЛЕСИҢ КАРЕКТЕ
Байкаба мейлиң, өтүп кет шашып жанымдан,
Санаага салып, түпөйүл кылбай жүрөктү.
Өткөндү кайра эстөөгө салып кайырган,
Ансыз да жымжырт ойлорум менен күн өттү.

Канаты сынып уча албай калган сыяктуу,
Элеске окшоп, ойлорум турат жете албай.
Толкундар жээкте айланган чардак сыяктуу,
Мен дагы сенин жээгиңде турам кете албай.

Жүз жолу алып, жүзүмдөн сени көрбөөгө,
Болбойт деп эми койсом да сүртүп, аарчынып.
Кол шилтеп салып, жумсам да көздү баары бир,
Каректе сенин элесиң турат тартылып.

МАХАБАТЫМ
Тоо жаңырткан шаркыратма үнүндөй,
Сенин үнүң сейил курат денемде.
Сиңип алган эски обон күүсүндөй,
Мен ушуга көнүп алган белем же.
Капыс атың селт эттирет укканда,
Олтурганда ой сандыктуу кемеде.

Кечир мени сүйгөнүмдү мынчалык,
Ушул сүйүү отун кечип алганга.
Бийик болуп даражада канчалык,
Турганыңды жашыра албайм жалганда.
Карегимде бүл-бүл жанат элесиң,
Өчпөс болуп окшоп кызыл шамдарга…

ЖАКШЫ КӨРӨМ ДЕБЕ, СУРАНАМ
Бак-дарактар катып үшүгөн,
Карды оронуп турат кыймыл жок.
Биз экөөбүз анын түбүндө,
Чечише албай, сезим күйөт чок.

“Жакшы көрөм” дейсиң тик карап,
Көздөрүңдү сулуу кадап маа.
Окубадым бирок чындыкты,
Көңүл улап жоодур караба.

Бак-дарактай катып кыймылсыз,
Калгым келбейт муздак жамынып.
Мээрим төкчү бир ууч чындыкты
Айталбайсың дитиң багынып.

Жакшы көрөм дейсиң сен мага…

ЖАЛГЫЗ АЙ
Коюу түн, жалгыз олтурам,
Ойлонуп, ойдон тажабай.
Жолдошум болду музыка,
Шыкаалап тиктейт жалгыз ай.

Шыкаалап тиктейт жалгыз ай,
Терезе туштан жоодурап.
Асылгым келет мойнуңа,
Бараткан сага жолду улап.

КҮТӨМ СЕНИ
Келчи менин сагынычым, сапарым,
Сени ойлонткон сары оорудан кородум.
Абайлабай күлкү ыроолоп эшик черт,
Көңүлүмдүн көк теңири коногум.

Күз айынын күлкү черткен кечтерин,
Жай айындай жаркып тосуп алалы.
Сүйүү түнүн экөөбүздүн өткөргөн,
Күбө болуп көрсүн, көрсүн таң дагы.

Калган кезде бир ой менен жапжалгыз,
Убайым жеп ичтен сызып күнү-түн.
Кыска бойлуу арыкчырай сары кыз,
Сени күтүп сагынаарын биле жүр…

КЕЧИККЕН КЕЗДЕШҮҮ
Неге мынча алоолонтот бул сүйүү?
Түбөлүгү болбой туруп артында.
Ойлондуруп, жүрөгүмдү ооруткан,
Ушул сезим жашай алмак канчага?

Жаркылдаган үй-бүлөң бар кашыңда,
Балдай таттуу жан балаңа атасың.
Жубайыңа жолдош болчу татыктуу,
Кеткен күндүн кечиришип катасын.

Кошкун эми, кеч кезиктик таарынба,
Кечигишкен сүйүү чачпайт нур жамал.
Мага окшош жүрөгү наз аялдын,
Баркын билип, бакытыңдай сыйлап ал.

А мен калам ачуу арман жамынып,
Сага арналган сүйүүм өчпөй жүрөктө.
Чексиз аалам тарып турат сен жокто,
Азап таштап кеткениңде күн өтсө.

АРЗУУ
Түйшөлтүп эчак өткөн ал бир кезек,
Түрүлүп түмөн ойдон эске келет.
Сааты жок сапырылган бурганактай,
Жаткансыйт мени ойлор келекелеп.

Жакындан дарегиңди билсем дагы,
Кумарым толкуп дале кана элекмин.
Жарыкта сен бар үчүн жашылданып,
Бир келген бул жашоомо каниетмин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.