(Өзүңөн көр, шайлоочу! 5-макала)

Адамдын деградацияга учуроосунун дагы бир себеби – беленге көнүү. Совет доорундагы калыпка салынган белен саясий түзүм урагандан бери мамлекетибиз иш кылып көнбөгөн, эч нерсеге эп келбеген олдоксон колдор эбин таба албай кармалап аткандай эле абалда келет. Башаламандыкка учурап, өзүн өзү башкарууну үйрөнүүнүн үстүндө отузга чамалаган жылды жашап койдук.

Кендирди кескен жагдай – өлүү дүйнөнүн (материалдык баалуулуктарды кыргыз эзелтен ушундай атап келген эмеспи) өкүлдөрү эпчилирээк келип, бийлик тизгинине биринчи жетип алып атышпайбы. Аларга тизгин тийди дегиче куурап атабыз. Акылдуу, жөндөмдүү, абийирдүү кадрларды жакындатпай төшкө тээп, башкарганга жеңил, уйт дегенде кыйт этип турар кошоматчылар менен курчалып алып, өз билген аталасын аралаштырып келатышат. Дегеним, парламентке – килейген бир мамлекеттин жогорку бийлик бутагына иш башкарууда, эл башкарууда эмгек өтөп, дасыккан, такшалган, тажрыйбага бай, акылга толгон адам келиши керек эле. Бизде ошол жогорку бийлик бутагына үйрөнчүк болуп келип, 1-2 мөөнөт депутат болуп анан такшалып, чыкканы чыгып, чыкпаганы калып атышат. Мамлекетибиз жаш дейли десек, биз менен жашташ айрым мамлекеттер талтөөндөй саясат жүргүзүп, улуттук да, мамлекеттик да баалуулуктарын аздектеп, чектерин кеңейтип, бизден кыйла алдыга озуп кетишти. Не кылат элек, барга каниет деп келатабыз.

Ооба, барга каниет кылсак, парламентке депутат болуп келгенинен беркисин санаганда 12 жылдык депутаттык тажрыйбасы бар Алтынбек Сулайманов азыр саясатта жылдызы жанып, карааны калдайып көрүнүп турган эл өкүлү. Ал негиздеген жана жетектеген “Бир бол” партиясы 2010-жылы катталса да (Спутник.кж. 26.08.2015) элдин калың катмарына 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо таанылды. Таанылды да, жарнамалык ураанында айтылгандай “илбирс секирик” жасап, парламенттеги 5-орунга жетип, 12 депутаттык мандатка ээ болду.

Ага чейин ишмердиги коомчулукта анчейин байкала бербеген партиянын бул ийгилигинин сыры эмнеде? Лидери Алтынбек Сулайманов кыргыздын майдаланып кеткен саясий элитасынын башкаларына салыштырмалуу кесипкерлик жактан да, саясий тажрыйба жагынан да “лөктөрүн” кантип топтой алды? Алсак, “Бир бол” партиясынын курамында көп жылдар бою күч органдарында жетекчилик кызматтарды аткарып келген экс-башпрокурор Мыктыбек Абдылдаев, “Адилет” укуктук клиникасынын директору, чыгаан юрист, бекем принциптүү Чолпон Жакупова, бир катар жогорку кызматтарды аркалап келген экс-министр Акылбек Жапаров ж.б. бар.

Алтынбек Сулаймановдун иш-аракетине баам салган адам анын потенциалдуу, компетенттүү адамдардын башын кошо ала турган жайын оңой эле баамдай алат. Анын эли үчүн күйгөн азамат экенин билдирген, оозго алынгыдай олуттуу иштеринин бири – Кыргыз тарыхынын жазылып, басылып чыгышын каржылаганы.

Уикипедиядан алынган маалымат:

2012-жылы А.Сулайманов кыргыз тарыхын жаңыча, калыс жана жатык тилде жазуу боюнча ачык коомдук сынак жарыялаган.

Бул сынактын мааниси тууралуу депутат А.Сулайманов мындайча маек курат:

«Биздин Кыргыз мамлекетибиз көз карандысыздык алгандан бери 20 жылдан ашык убакыт өттү. Бирок алигиче тарыхыбызды хронологиялык жактан ырааттуу тактап, китепке түшүрүп элге, дүйнөгө тарата элекпиз. «Кыргыздын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык тарыхы бар!» деп кыйкырабыз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгиледик, бирок ошол 2200 жылдыкты далилдеген илимий фактыларды ырааттуу далилдеп жазып, жайылткан жокпуз. Ошондой фактылар бар экенин билебиз, бирок аны илимпоздордун гана тар чөйрөсү жакшы билбесе жалпы коомчулук ошолордун оозунан гана угуп жүрөт. Ошол эле учурда кыргыздардын, айрыкча жаштардын арасында улуттук өзүн-өзү аңдап,таанып билүү процесси күч алды. Улуттук самоидентификация: биз кайдан келдик, кайда келдик, кайда барабыз деген суроолор көп кыргызды ойлонтуп-түйшөлтүүдө. Жаштар улуу эл экенибизди билет, аны менен сыймыктанышат бирок дискуссияларда аны илимий фактыларга таянып далилдеп берүүдө аксашат.

Анткени бизде ошону окуп үйрөнө турган тарыхый, илимий-популярдуу китептер жок. Менин максатым биз «Улуу элбиз!» деп эле кыйкыра бербей, ошону илимий фактылар менен таналгыс кылып далилдей ала турган күчтүү жаштарды тарбиялоо. Кайсы гана деңгээлде болбосун биздин жаштар кыргыз тарыхы боюнча олуттуу илимий фактыларга таянып талаша, тастыктай турган болуш керек. Ар бир кыргыз 2200 жылдык тарыхты так жана өзүнө керектүү деңгээлде жатка билиши керек. Тарыхыбызды дүйнөгө жайылтышыбыз керек. Кыргыздын тарыхын дүйнөгө кыргыз жайылтпаса анда ким жайылтат? Биздин карт тарыхыбызды канча киши билсе бизди ошончо киши сыйлайт. Ошондуктан биз кыргыз тарыхын орусча жана англисче да басып чыгаралы деп жатабыз. Жыйынтыктап айтканда, биринчиден биз тарыхыбызды өзүбүз терең билсек деген, экинчиден дүйнөгө таратсак деген зарылчылыктан улам ушундай ишке бел байладык». («Айкын саясат» гезити. 30.05.2012.)

Бул айтылгандарга сөз кыстаруу зарыл эмес, баарын айтып турат.

Сынакты Кыргыз тарых коомунун мүчөлөрү жеңген. Коомдун жетекчиси, белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин редакциялоосунда иш соңуна жакындап калганын билдик.

Мындай ишти элин сүйгөн, мамлекет деп чындап күйгөн, курулай мактаныч, көйрөңдүктөн алыс акыл-парасаттуу адам гана жасайт.

Азыр чуу болуп аткан, ири коррупциялык схемасы мамлекеттин тартип органдарына тизгин салдырбаган бажы кызматындагы башаламандыкты Сулайманов да 2017-жылы көтөрүп чыккан. Мамлекет бюджетинде дефицит маалында, планын толтура албай атышып, эмне себептен баары жаңы жыл астында жапырт өргүүгө чыгып, чет мамлекетке кеткенин, чет өлкөдө жаңы жыл тоскудай каражатты кайдан алып атышканын тизмектеп сурап зекиген.

Орчундуу маселелердин бири – мамлекеттик кызмат орундары тууралуу да эл өкүлү жүйөлүү маселе козгоп, олуттуу сунуш берип келет.

“Марал” радиосундагы интервьюсунда бул тууралуу: “Бизде мамлекеттик кызматкерлер көп. Бюджетибизди жеп эле отурабыз. Өнүгүүгө жумшалган эч нерсе жок, беш кишинин ордуна бир киши иштей турган түзүмдү ишке киргизиш керек эле. 14 министрлик бар, андан ылдыйкы тепкичтердеги кызматтар канча. Бири бирин эле туураган органдар көп. Мамлекеттен айлык алган 380 миң адам бар. 150 млрд бюджеттин 130у эле ошол айлыкка, командировкасына ж.б.у.с кетет. …Сырткы карызыбыз ИДПнын (ВВП) 60%ын түзүп калды. Бул мамлекет эртең карыздарын төлөй албай калышы мүмкүн деген кооптонууга коңгуроо кагылганы. Ошондуктан башкача иш жүргүзүшүбүз керек, бекерчилердин бардыгын айдашыбыз керек” – деген.

Майнап чыкпаса да, мындай иштер тууралуу үн салган адамга дүркүрөтө кол чаба турган жагдай болуп атпайбы азыр. Интервьюларынын биринде бийликтин оюндагысына жараша добуш берүүгө аргасыз болорун моюнга алган жайы бар. Ошондой болсо да саясаттагы, коомдогу чуулгандуу окуялар боюнча башкаларга салыштырмалуу көз карандысыз, жалтактоосуз калыс пикири менен айырмаланып келет.

Күчтүүнүн күчүн сезе билүү дагы адамкерчиликтеги көп адамдар жете бербеген жогорку бийиктик тура. Өмүрбек Текебаев деген ысымдын кыргыз саясатындагы бараандуу орду пейил-ниетке жараша көптөрдүн сыймыгы болуп келсе, көптөрдүн куйкасын куруштурат. Анын саясий айдыңдан оолак болушун азыркы бийлик эле эмес, бийликтин сыртындагы күчтөр да каалашаарын Алтынбек Сулайманов “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, ачык айтып кеткен. Ал Текебаевдин саясаттагы салмагын, ордун кырдаалга карабай, кайсы бир күчтөрдүн көз карашына көз карандысыз таанып, айтып келген саясатчылардын бири.

Мына ушул жагдайларга байкоо салсак, Сулаймановдун саясаттагы салыштырмалуу дөө-шааларды бир күчкө бириктире алганынын жөнү айкын болуп турат.

Лидерине жараша фракциясы деп “Бир бол” фракциясы тууралуу бекем эле айта алабыз.

Кеп нараактан болсун, ушу тапта коомчулукка чуу салган окуяга уу-дуу болуу адатка айланып, саясаттын ызы-чуу, чаң-будуңунда эле жашап келатабыз. Майнап чыкпаганы менен алардын парламентте талкууланганынын бир пайдасы ушул болуп – чыны кайсы, жалганы кайсы, эл өкүлдөрүнүн чынчылы ким да, жалганчы-жойпусу ким, көрчүлөр көрүп атат, жеңишке жетпесе да, чындык айтылып калууда. Бирок чындыктын жалганчалык марага шашылбаганынын, жутунбаганынын бир себеби – ал маранын түбөлкү ээси. Тырмышканы менен чындыктын ордун жалган эч убакта биротоло ээлеп кала албайт.

Шанаңдап-шадыраңдаганы утурумдук. Ушул түпкүлүгүнөн алганда жалган жалаа жабылып, түрмөгө түшүп, басынтылып, кордолуп, бирок чындыктан тайбагандар өздөрүнө туруктуу жеңиш камсыздап атышат. Бул – тарых чыгарган корутунду, мында жаңылыштык болбойт. Атамбаевдин азыркы абалы бүгүн мунун жаркын мисалы.

Чечүүчү күчкө ээ болгон добуш берүү жагынан башкалардан айырмаланбаса да, Мыктыбек Абдылдаев тиешелүү адамдарга тикелей берилчү суроолорду дал бутага жазбай тийгизе мээлеп берип жүрдү. Анын берген суроолору чала жан өкмөттүн чабал өкүлдөрүн чалкасынан кетире дендароо кылса, айрымдарын какатып-чакатып койгон учурлар көп. Анын жыйынтыгында чындык менен жалган кашкайып калып жатты.

Мисалы, Жээнбеков шайлоого аттанып, анын ордуна премьер-министрликке  Сапар Исаковду бекитүү талкууланган парламент жыйынында Абдылдаев Исаковдун интервьюсу боюнча суроо узатты. Интервью Сапар Исаковду терс мүнөздө сыпаттап интернетте тараган тасма тууралуу эле. Андагы Сапар Исаковдун жообун Абдылдаев суроо берердин алдында окуп берди:

– “Бул ыплас ушактардын артында президенттикке талапкерлердин бири турганын боолголоп билип турабыз. Баарын акча чечет деп ойлогон ал мындай наадандык жасоодон жийиркенбейт” дептирсиз. Ким бул? Эртең аны шайлап алып жүрбөйлү баарыбыз – эл өкүлү жумшак какшык менен суроо узатты.

– Мыктыбек Юсупович, убактысы келгенде айтам.

– Сиз так айтышыңыз керек, анткени мамлекеттеги биринчи үч орундун бирөөнө баратасыз, мамлекеттин тагдырын чечесиз. Бир адамдын бетине айта албасаңыз, мамлекеттин тагдырын кантип коргойсуз?

– Мыктыбек Юсупович, убактысы келгенде айтам, азыр айта албайм.

– Жо, анда мен ойлоп калдым, бул Жээнбеков же Бабанов деп. Башкаларында акча деле жок дейт. Мамлекетти башкарам деген адам тайманбай айтып, так жүрөт.

Ушундай мүнөздөгү, оркойгон каталарын таасын көрсөткөн бир нече суроо менен Сапар Исаковду мукактантканы менен, жогоруда айтканымдай Мыктыбек Абдылдаев добушу менен башкалардан айырмаланган жок. Атамбаев “тарбиялаган” премьер-министрди бекитип беришти (ошол “ак кызматтары” үчүн “чимкирик” атка конуп отурушпайбы). Бирок, Мыктыбек Абдылдаев чындыкты дааналап берди, ошонусуна да рахмат.

Аныгында Сапар Исаковдун премьер болушу эбак чечилген өңдүү эле. Эл көзүнө “жолун түзөп” коюу гана калган. Ошон үчүн тамтаңдап эң жөнөкөй суроолорго жооп бере албаса да, парламентке ишеничтүү келген. Анын чындыкты айта турган убагы качан келери али белгисиз.

Фракциянын дагы бир айжаркын өкүлү, чыгаан юрист, парламенттеги саналуу айымдардын бири Чолпон Жакупова тутунган принциптери, чыгарган чечимдери менен парламент депутаттарына анык “жигиттиктин” үлгүсүн көрсөттү.

Саясий чыңалуунун жарылышына алып келген, 2016-жылдагы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум талкууга алынып аткан убакта экс-депутат айым парламенттик угуудагы диалогду баяндап берген. Анда референдумдагы одоно алешемдикти бир суроо менен так, даана көрсөткөн: “Иса Шейшенкулович, Конституцияга канча өзгөртүү киргизилип жатат деп сурадым. Ал байкуш өзү деле билбейт экен, 10-15 дейт. Жок, туура эмес, сиз билбесеңиз мен айтып берейин дедим. Ар кайсы пунктунда бийлик бутактарынын балансын алмаштыра турган 30дан ашуун өзгөртүү бар. Ошол 30дан ашуун өзгөртүүгө силер “урматтаган” элден “ооба” же “жок” деген бир эле жоопту берүүнү сурап жатасыңар. Ошол боло береби? Элди сыйлаганыңар ушубу дедим. Эл ар бир өзгөртүүгө “ооба” же “жок” деп жооп бериши керек”.

«Конституцияга оңдоолор кабыл алына турган болсо, ыйгарым укуктарымды өткөрүп берем” деген эл өкүлү айткан сөзүн аткарды. Ага депутаттык кресло эмес, депутаттык касиет, мазмун маанилүү экенин, адамдык абийир, ар-намыс бийик экенин көрсөтүп, депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген. Сыягы, милдетин аткарууга жарабай турган парламентте депутат болуп отурууга абийири жол бербеди. Азчылык менен бирге чындыктын добушуна үн кошуп, парламентте күрөшсө да болот беле, бирок ал ушундай жолду тандады.

“Ата Мекендин” гана көк жалдары жана дагы бир нече саналуу депутаттар ооз ачышпаса, башкалары “куп болот” таризинде жүрүп, Атамбаевдин бийлиги колунан жылмышып, чеңгээли алсырагандан тарта парламентте “кан жүгүрө” баштабады беле. Ошол учурда фракциядагы дагы бир үлкөн – экс-министр Акылбек Жапаров жандангансыды. Неси болсо да, анын маанилүү билдирүүсү так ошол мезгилге туш келди. Мухамедкалый Абылгазиевди премьерликке бекитүү маселеси каралып аткан жыйында, ЖК трибунасында 2018-жылдын 20-апрелинде айткан сөзүн бир кезеңдеги Лениндин: “Алдыдагы кыйроо жана андан кутулуу” деген кайрылуусуна салыштырды. Ошончолук да бар эле билдирүүсүнүн мазмуну:

“Быйылкы жылдын башында карызыбыз 4,5 млрд доллардан ашты, тышкы карыз 4 млрд болсо, ички карыз жарым млрд доллар. Бул ички дүң продукциянын 58%ын түзүп калды. …Карыз жылдан жылга өсүүдө. “Бир бол” фракциясы эмне эле бул маселени кыйналып козгоп жатат, карызды азыркыга чейин төлөп келгенбиз, эмкисин деле төлөп салабыз деп ойлошу мүмкүн көпчүлүгү. Тилекке каршы андай эмес, азыркыга чейин биз кыйла аз төлөп жүргөнбүз. 2011-жылы болгону 56 млн доллар төлөгөнбүз, 2015-жылы 110 млн доллар төлөдүк. Ал эми быйыл, 2018-жылы 191 млн доллар накталай төлөп берип жатабыз. Беш жылдан кийин, 2020-жылы 320 млн долларды тышкы карызга гана төлөйбүз. …Анча акчаны кайдан табабыз? Экономикалык структура өзгөрүп, экспорт көбөйүп, импорт азайышы керек. Бизге карыз берген мамлекеттер же уюмдар шартыбызга карап, аз да болсо аяп, карыз төлөө мөөнөтүн узартып бериши мүмкүн. Бирок бир карыз абдан коркунучтуу болуп турат. Ал – бүгүнкү күндө карыздын 44%ын түзүп аткан Кытайдын карызы. Тактап айта турган болсок, 2010-жылда 2 гана %дын тегереги эле, 5 жылдын ичинде 44%га жеткизип алдык. Кытай өлкөсү биздин карызды кечип да койбойт, узартып да бербейт. Ал карызды төлөө биз үчүн татаал иш болот деген ой менде үстөмдүк кылып жатат. Себептери төмөнкүлөр:

  1. Силер бай өлкөсүңөр, кечип койгула деп айта албайбыз. Анткени экономикасы боюнча экинчи өлкө болгону менен, кирешени киши башына бөлгөндө орто эле мамлекеттердин катарына кирип калат.
  2. 2025–2019-жылдарда, беш жылдын ичинде 1,5 млрд доллар накталай акча төлөп беришибиз керек, ошонун 71%ы Кытай өлкөсүнө болуп атат.
  3. Кытайдын эксимбанкы келишим түзүп жатканда эле карыз кечип коюлбайт, мөөнөтү узартылбайт, Кыргызстан эгемендүү мамлекетинин суверенитетин колдонбойт, талаш-тартыштардын баары Кытайдын мыйзамы менен, Гонконгдо кытай тилинде чечилет деп биздин парламентке ратификация кылдырып алышкан.

Айта кетейин, соттошуп калсак Кытайдын мыйзамы менен болот дегенге мен убагында  2012-жылы каршы чыккам, ошондо финансы министри катары мени эмес, менин орун басарымды алпарып кол койдурушуп, андан кийин бизди отставкага кетирип ийишкен.

Кытай тилин, мыйзамдарын, Гонконгдогу эл аралык палатанын эрежелерин билген бир да адис жок бизде, бирок ошого карабай биз келишимге кол коюп алдык. Дегеле, Мухаммедкалый Дүйшекеевич, карыздарды алып атканда биздин бийликтин иштөө регламенти туура эмес болгон. Адегенде карыздарды төлөй турган орган – финансы министрлиги төлөй алабызбы, төлөй албайбызбы деп тактап туруп, андан кийин гана башка министрлер барып келишимдерге кол койчу. Ал убакта, мисалы ЖЭБге, жолго алганда энергетика министри барып макулдашып келген, андан кийин жол министри барып келген, аягында, ратификациянын алдында финансы министри кол коюп берип, 20 жылдык аз мөөнөткө, 2%дык үстөк менен карыздын баарын башыбызга үйүп алды. Эми ошол келишимдер боюнча Кытай каалаган сумманы каалаган мезгилде бизден талап кылууга толук акысы бар. Ошондуктан Тогуз-Тородогу болгон окуя экинчи такыр кайталанбашы керек. Кытай мамлекети болгон карызды төлөгүлө дегенге толук укуктуу кылып, биз ратификация жасап берип койгонбуз.

Кыргызстан биздин карызыбыз үчүн Ысык-Көлдү бизге бериши керек деп Жириновскийдин айтканы эсиңиздердеби, урматтуу коллегалар? Биз сыяктуу бизден көп суммада карыз алган Тажикстан 1000 м2 жерин Кытайга берип салды деп интернетте жүрөт. Такталган маалыматтар боюнча Кытайдан көп карыз алган Шри-Ланка портун Кытай 99 жылга ижарага алып алды, бир чоң портту куруп туруп. Пакистан ошондой эле портту Кытайга берүүгө мажбур болду. Биздин ЖЭБди – энергетика системабызды, жолдорду алып ала турган болсо, биздин өнүгүүбүздү, суверенитетибизди, территориялык бүтүндүгүбүздү кантип коргойбуз? …Бир киши менин эшегим өлсө, жерге чөп чыкпай койсо мейли деген экен. Биздин келишим макулдашкан атминерлерди дүйнөгө болгон көз карашы эшегинен ары алыстабагандардын катарына кошкум келбейт. Алардын деле элиме жакшылык кылайын деген ою болсо керек, бирок “Тозокко барчу жол да ак тилек менен жасалат” деген сөз бекеринен чыккан эмес. Чыныгы адистер эмес, чаласабат адамдар бизди мына ушундай кыйын абалга түртүп коюшту. Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, “Улугу жетик болбосо, убара болгон эл карып” деп биздин Калыгул олуябыз айткан. Кесипкөй адистердин сөзүн угуп, акылын тыңшап койбой, кадр саясатында көп кемчиликтер кетти. Молдо Кылычтын: “…Каргалардын арасында шумкар карып, качырлардын арасында тулпар карып…” деп айтканы бар.

Баарыңыздарды ынтымакка чакырып, кесипкөй адистерди колдоп, туура айткан сөздү кабыл алып, туура экономикалык саясат жүргүзүүгө мезгил жетти деп айтар элем. Топ-топ болуп бөлүнүп алып, бири бирибизди талкалап жатып, тышкы экономикалык жана саясий иштерде алдырып коюп жатабыз. Үйдө баатыр жоодо жок деген биз болдук. …Урматтуу болочоктогу премьер-министр, улам келген өкмөт башы оорулуу экономиканы дарылайм дейт. Көп жерлеринин баары гангрена болуп кетти. Сиз хирург сыяктуу кесип салып, экономиканы сактап кала турган кадамдарга барышыңыздар керек… ” – деп, дагы бир катар так сунуш-талаптарды айткан эле экс-министр. Бул билдирүү өтө олуттуу, салмактуу болгон. Түздөн-түз парламенттин милдетине кирген көзөмөл жана байкоо ишинин так мисалы ушул эмеспи. Башкача айтканда, бул парламентте Карамушкинанын Атамбаевге жактоочулук кылганынын же итке сөөк ыргытканчалык эмгек үчүн отличник наамын алуунун деңгээли эмес, чыныгы иш билгиликтин деңгээли.

Мына ушундай депутаттарды Жогорку Кенешке алып келе алган Алтынбек Сулаймановдун, “Бир бол” партиясынын шайлоочуларынын азыр жүздөрү жарык.

Тандаган талапкериңе, партияңа ыраазы болсоң да болот, шайлоочу. Салыштырмалуу туура тандапсың.

Ардактуу окурман, эми кептин азы бирок, сазы калды. Назарыбызда акыркы, бирок эң алдыңкы фракция – “Ата Мекен” фракциясы турат. Эч ийменбей алдыңкы дедим, эмнеге экенин тизмектеп айтып берүүгө аракет кылам, күтө туруңуз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.