Кадимки иш күндөрүнүн биринде Кочкордон чалып жатам деп бир аксакал коңгуроо кылды. Өзүн тааныштыргандан кийин: “Кызым, сен Жусуп Абдрахмановдун “Күндөлүктөрүн…” кыргызчалаган турбайсыңбы. “Вечерний Бишкек” гезитинин үстүбүздөгү жылдын 26-майындагы басылышына Жусуп тууралуу абдан кызыктуу макала жарык көрдү. Мына ошону качан кыргыз гезиттери которуп басат деп күтсөм, андай болбоду. Сенден сураныч, мына ошол макаланы кыргызчалап, элге тааныштырсаң” деген аксакалдын өтүнүчүн жумуштун көптүгүнөн арадан бир топ убакыт өткөрүп аткарып олтурам.

Макала Александр Тузовдун калеминен чыгыптыр. “Вечерний Бишкек” гезити да кыргыздын кыраан уулунун тагдырына байланышкан бул маалыматтарды окурманга жеткирүүгө шашыптыр. Анда кырчындай курагында “эл душманы” аталып, атууга кеткен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, убагында Кыргызстан Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы кызматында турган Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абрахманов даңктуу бабасы жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзөрүн, жакында эле бул боюнча чоң ачылыш жасаганы айтылыптыр. Калган сөз макалада болсун…

“КЫЛДАЙ МОЮН ЖОЛ БАШЧЫЛАР АР КОШКОН…”

Жусуптун күндөлүктөрү кандайча Сталин менен анын желдеттеринин колуна түшүп калды? Мунун тарыхы жөнөкөй жана абдан жанга батарлык. Күндөлүктөгү жазуулардын болжол менен жарымы Абрахмановдун сүйгөнү жана досу, жалындуу революционер Мария Яковлевна Натансонго (1900-1937) арналган. Албетте, күндөлүктө Кыргызстандын ошол жылдардагы саясий-экономикалык абалына да көп орун берилген.

Мына ушул интеллектуалдык жеке байлык болгон күндөлүктөрдү 1932-жылдары Жусуп сүйүүсүнүн далили катары Мариянын колуна карматкан. Ал эми Марияны, берилген троцкийчил-ленинчил катары, сталинчилер камакка алышат, камакка алуу учурундагы тинтүүдө табылган күндөлүктөрдү болсо керектүү жерге жеткиришет. Ананчы, күндөлүктөрдө “укмуштуу грузин Сталин” жамандалып жатпайбы!

Ошентип укмуштуу Сталин иш жүзүндө анын желдеттери тарабынан уурдалып алынган күндөлүктөрдүн эң алгачкы жана көңүл коюп окуган окурманы болуп калды.

Абийирсиз жолбашчы өзүнчө кагазга эч тартынбастан туруп, көк-жашыл өңдүү түстүү карандаш менен бүтүм чыгарды: “Кагановичке, Молотовго. Кыргызстан Эл комиссарлар Кеңешинин төрагасы Абдрахмановдун күндөлүктөрүн окуп чыгууга болот. Көрүнүп тургандай, авторду мырза Наумов (Наумчик) менен мырза Вуйвичтер катуу башын айлантышкан. Окуп бүткөндөн кийин кайтарылып берилсин. И. Сталин”. Кагаздын жогор жагында: “Саясий бюронун бардык мүчөлөрү таанышып чыксын” деген кошумча белги да бар.

Абдрахманов күндөлүктөрүндө жана андан кийин Сталин белгилеп өткөн Наумов менен Вуйчичтер – Сталин жек көргөн троцкийчил-ленинчилдерден болушкан.

Болжол менен ошол убактарда орустун дагы бир таланттуу акыны Осип Мандельштам жашыруун колдон колго өткөн «Бут алдыдан мекенди сезбей жашайбыз” деген ырын жазат:

“…Айланасында анын кыл моюн жолбашчылар,
Кызматын оюн көрөт пенделердин адам сымал.
Үшкүрүүлөр, мыйоолоо, ышкыруулар,
Колун кезеп, сөгүнөт бир гана ал.
Токтомдорду токуп уста така чапкандай,
Башка, көзгө ургулайт, кээде табарсыкка тиет дал”.

Бул “кыл моюн жол башчылар” Сталиндин Абдрахманов жөнүндө чыгарган бүтүмүнө жабалактап үн кошушат, көшөкөрлөнүп макулдугун билдиришет.

Ошол убактагы Сталиндин партиялаш орун басары Лазарь Каганович жөнөкөй карандаш менен минтип чийгилейт: “Анын өзүн да (Абдрахмановду) кыязы, шүмшүктөр “тарбиялашкандай”. Ошентип, ал да алар үчүн чирик материал болуп берди”.

СССР өкмөтүнүн башчысы (даражасы чоң болгону менен, иш жүзүндө – Сталиндин кол жоолугу) Вячеслав Молотов кызыл карандаш менен: “Өзүнө өзү маашырланган чирик адам” деп жазат.

Бүткүл Союздук староста, СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Михаил Калинин да алардан кем калышпай: “Аны ушунчалык өздөрүнө имерип алышкандыктан, дээрлик кайра оңолушуна үмүт жок. Абдрахмановдун эң башкы кырсыгы – анын марксист эместиги…” деп белгилейт. Калининдин мындай ашыкча жагымпоздугуна карабастан, Сталин көп өтпөй баары бир ал текеберленип кетпестиги үчүн анын жубайын концлагерге отургузат.

Ал эми Серго Орджоникидзе түрмөгө түшпөш үчүн гана өзүн өзү ататууга мажбур болот. Бирок өлөр алдында Абдрахманов жана анын күндөлүктөрү тууралуу: “Былжырак!” деп кол коюуга үлгүрөт.

Клим Ворошилов, Андрей Андреев жана Анастас Микояндар мынчалык жагымпоздонуп, көшөкөрлөнбөй эле Абрахмановго каршы жазылган кагазга кол коюп беришкен. Алар залимге канчалык көшөкөрлөнүп, бутун өбүшкөн күндө да, анын эч кимге ишенбей турганын билишкен.

Ал эми Абдрахманов үчүн Саясий бюродогулар анын күндөлүктөрү менен таанышып чыгуусу эң мүшкүлдүү иш болду. Дал ушул ачык-айрым жазылган күндөлүк үчүн Жусупту бир айдан кийин жумушунан алышты, партиядан чыгарышты жана 1937-жылы камакка алышты, ал жерде катаал кыйноолорго туш болду жана 1938-жылы атууга кетти.

Жазага тартылар алдында жана адилетсиз сот жараянында Абрахманов андан баш кесерлер күч менен айттырып алган көрсөтмөлөрүнөн таптакыр баш тартат.

— Бирок күндөлүктөрдү өз колуңуз менен жазгансыз да? – “Соттордун” бири ага кекээр аралаш суроо узатат. — Муну ачык жаздыңбы, демек өлүмгө татыктуусуң деп түшүнүүгө болот.

Ал мезгилде же унчукпай же Сталинге макул болуп гана жашоо керек болгон.

Калем менен жазылганды… же “Күндөлүк” күлгө айланбайт

Абдрахмановдун күндөлүгү ал атууга кеткенден кийин, атайын кызматтын жашыруун архивиндеги “абдрахмановдук иштин” соттук-тергөө кагаздарынын арасында сакталган.

Горбачев бийлигинин акыркы жылдарында Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын толук акталып чыгуусуна жетишкенде, анын Тынчтык чоң көчөсүндөгү карапайым батирине жаш жигит келет: “Ленина Юсуповна, сизге Жусуп Абдрахмановдун күндөлүктөрүн тапшырууну айтышты”.

Республиканын нукура казынасы болгон баа жеткис бул мурасты Ленина Жусуповна өмүрүнүн акырына чейин көзүнүн карегиндей бапестеп-сактаган. Азыр болсо, бул кара мукабалуу калың дептерди Жусуптун чөбөрөлөрүнүн улуусу, Астемир Абдрахманов сактап келет.

Астемир азырынча күндөлүктөгү жазуулардын болжол менен жарымын гана кылдаттык менен изилдеп келет. Ал казакстандык туугандары менен да тыгыз кызматташат. Ал жакта Жусуп Абдрахмановдун дагы бир кызы, Аида Жусуповна жашаган. Астанада дагы бир эң сонун абдрахмановчу, Маяковский, Лили Брик жана Осип Бриктердин чыгармачылыгы боюнча үлкөн адис Анатолий Валюженич жашайт.

Астемир жакында эле Россиянын социалдык-саясий тарых боюнча мамлекеттик архивинен (РГАСПИ) Сталиндин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн кол тамгаларынын көчүрмөсүн алганда, аны күндөлүктөгү чиймеленген жазуулар менен салыштырып чыккан.

Бүгүнкү күндө алынган жыйынтык – чындыкка дал келет жана абдан чоң кызыгууну жаратат. Эч кандай экспертизасыз эле айрыкча зыяндуу советтерге каршы жерлерди чиймелөө Сталин тарабынан ишке ашырылганы көрүнүп турат!

Албетте, Сталин күндөлүктөрдү ынтаа коюу менен окуп,  “укмуштуу грузин”, “Кагановичтин суук тумшуктары” жана ар кайсы көрүнүктүү троцкийчилдер эскерилген жерлерди карандаш менен белгилеп чыккан. Сталинди айрыкча, күнөөкөрү өзү болгон, Украинадагы жана миңдеген ачкадан өлүм алдында турган казактар Чүй дарыясын кечип өтүп Фрунзеге жана анын тегерегине агылышкан Казакстандагы 1932-жылдагы укмуштуудай ачарчылык жөнүндөгү ой жүгүртүүлөр кызыктырган.

Ал эми Абдрахмановду болсо 1933-жылы “пахта жеткирүүнү” үзгүлтүккө учуратканы” үчүн Кыргыз обком партиянын биринчи катчысы Александр Шахрай менен чогуу катуу жазалашкан. Жусупту  ачык жазылган күндөлүк үчүн гана эмес, ачкачылыкка кабылган миңдеген казактарга жардам берүүдөн баш тартпаганы үчүн да партиядан чыгарып иштен айдашкан.

Башка республикалардагы миллиондогон адамдардын өмүрүн алган ачкачылыктан кыргызстандыктарды сактап калуунун өзү эле КР тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калуу үчүн жетиштүү. Жусуп – СССРдин саясий элитасындагы сейрек кубулуш.

Жусуп күндөлүктөрүндө сталиндик шаардаштыруу-коллективдештирүү саясатынын айынан азап тарткан он миңдеген казактардын, мурдагы айыл чарбасы түп-тамыры менен кыйраган кыргызстандыктардын азап-тозоктору менен өлүмүн элестүү сүрөттөйт.

Жалпысынан алганда, кайталап кетүү керек, күндөлүк Жусуптун улуу махабаты, көрүнүктүү троцкийчил-ленинчил Мария Натансонго деген сүйүүсүнө арналган. Анан калса Жусуп күндөлүктөрүндө көптөгөн ишенимдүү сталинчилердин Мариянын тырмагына да арзыбай турганын жазат. Троцкий менен өчөгүшкөн кастыгы бар Сталин муну кечирмек эмес.

Жусуп Абдрахмановдун урук-тукумдары “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясына алардын чоң үй-бүлөсүн Жусуп камакка алынгандан кийин Фрунзеге куралдуу кароолдун көзөмөлүндө товар жүктөгөн вагондо алып келишкенин айтып беришкен. Алар Фрунзеге жеткенче аларды да – эки уул, үч кыз жана Жусуптун жубайы Гүлбахрам менен чоң энесин да камакка алышат деп сар-санаа болушкан. Же 1918-жылдагы падышанын үй-бүлөсү сыяктуу ит аткандай атып салышар бекен?

“Кичинекей абдрахмандардын” жолу болду: аларды камашкан да, атышкан да жок. Каалагандай жашай бергиле. Кийинчерээк Жусуптун иниси Токону камашып, катуу кыйноого алышып, атууга кетиришти.

Албетте, Жусуптун Кызыл Октябрь көчөсүндөгү жайлуу кызматтык батирин дароо эле башка адамдар ээлешти. Абдрахмановдор эми темир жол вокзалы тараптагы жер тактайлуу жепирейген алачыкта жашап калышты.

Чоң энеси согушта ачкалыктан каза болду. Улуу агасы Анварбек согушта майып болду, 1946-жылы алган жараатынан көз жумду. Ушунчалык жакыр жашоодон улам Ленинанын мектепке кийип барар кийими да жок эле. Жусуптун жубайы Гүлбахрам ВЛКСМ атындагы кийим тигүү фабрикасына үтүкчү болуп ишке кирди жана одуракай сокмо таардан Ленина кызына көйнөк тигип берди. Ленинанын жалгыз көйнөгүн цыгандар уурдап кетишкен эле. Бирок Гүлбахрам балдарына ал цыгандарга таарынбоосун буюрду: “Демек, ал көйнөк жана бизден уурдашкан башка буюмдар бизге караганда аларга зарылыраак болгон”.

— Окугула, балдар, ошондо силерде баары болот, — Гүлбахрам бул сөзүн улам-улам кайталай турган.

Ленина институтту Ташкенттен бүтүрүп, Фрунзедеги заводдордо иштеп жүрдү жана жакшы жигитке жолукту. Тилекке каршы, жолдошунун өмүрү кыска болду.

Ал эми улуу эжеси Аида окууну Алма-Атадан бүтүрүп, ал жакта жаш офицерге турмушка чыгат. Офицер 25 жылдан кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (КГБ) төрагасынын орун басары болуп дайындалат. Мына тагдыр: НКВД-КГБ жок кылган саясатчынын кызы генералдын жубайы болуп олтурат.

Астемир Абдрахманов изилдөөлөрүн улантууда. Бул кээде өтө эле кымбатка түшсө да, улуу ишмер Жусуп Абдрахманов ошого татыктуу.

Эмки макалабызда Жусуп Абдрахмановдун маскөөлүк достору, ыңкылапчыл акын В.Маяковский, анын сүйгөнү, кийин Жусупка ашык болгон Лиля Брик, Жусуптун махабаты Мария Натансондордун өз ара мамилелери жөнүндө кеп кылабыз.

Александар ТУЗОВ

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

АБДРАКМАНОВ Жусуп

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.