Индия эл жомогу: Кубулган эчки

Бул жомок Брахман[1] менен төрт амалкөй киши жөнүндө. Жамгыр мезгили башталганда кудайга курмандык чалуу убактысы да келет. Дагы бир брахман апапакай эчки сатып алып алыскы храмга барат да курмандыкка чалып, кудайга жалынмак болду. Анын храмга баратканын төрт амалкөй, төрт ачка киши көрүп калышты. Брахмандын апакай эчкисин алдап алып, сатып жиберип, абдан  тоюнуп алууну чечишти. Ошентип акырын айланып өтүп, бирөө брахмандын алдынан чыкты да  жакын келип сурап калды: – Кайда баратасың, касиеттүү атаке, жүгүңдү көтөрүп алып? Брахман сыймыктануу, мактаныч менен жооп […]

Самипашазаде Сезаи: Пантомима (конкурска №53)

АҢГЕМЕ Хасеки районунун чет жагындагы туюк көчөдө жалгыз турган үч бөлмөлүү бир там, мазарга айланып, алоосуз бир жымжыртка толгон эле. Эски жана караансыз калган үйлөрдөй көрүнөт. Чатырынан ажыраган тактайлар менен карапалар, дубалдарынан ураган таштар жылдап түшкөн жеринде калып келет. Анда-мында ырайы суук каарыган бир грек аялы жез-мастандарга тиешелүү корккон, абайыңкы турпаты менен эшикке чыгып, үйүндө керектүү болгон оокаттарын сатып алып, шашкан бойдон үйүнө кирип кетет. Ошо жалгыз үйдүн кичинекей бакчасында тамга жакын жалгыз дарак, июндун алоолонгон ысыгы Стамбулдун бул жактарын […]

Касым Каимов: Мектеп жолунда

АҢГЕМЕ Бекен менен Алик удаа бала. Бекен быйыл экинчи классты бүттү… Алик али мектептин эшигин аттай элек. Алик өзүнүн кичүүлүгүнө карабастан дайыма агасына атаандашып жүрөт. Кийимди бирдей киет, таттыны көрсө андан мурда озунат. Эгерде Бекендин колунан жаңы топ же бир оюнчук көрсө талашат. Бербесе ыйлап отуруп алып коёт. Бирок өзүнүн колуна Бекенде жок буюм тийсе ага «ичиң, ичиң күйдүбү» деп, бербей суктанта баштайт. Бекен биринчи класста окуган жылы Алик суктантканда кадиресе чычалап калучу. Сабакка кызыгып, мектеп турмушуна, жаңы коллективге үйүр […]

Саул Абрамзон: Кыргыздардын XIX кылымдагы кийим-кечелери

Орто Азиянын кыргыз калкынын кийим-кечеси өзүнүн өнүгүшүндө тарыхый ар кыл себептер: өндүргүч күчтөрдүн өсүшү, алмашуунун жана сооданын, коңшу элдер менен байланыштардын өнүгүшү ж.д.у.с. менен шартталган көп өзгөрүштөргө дуушар болгон. Материалдык маданияттын кээ бир башка жактарындагыдай эле, кыргыздын кийим-кечесинде өткөндө айрым урууларга мүнөздүү болгон бөтөнчөлүктөр ачык-даана көрүнүп турган. Кыргыздардын кийим-кечеси өзүнчө өзгөчөлүү, көчмөндөрдүн кийим-кечеси үчүн типтүү көп белгилер менен да мүнөздөлөт, бул көчмөндүк мал чарбачылыгына байланышкан жашоонун тарыхый калыптанган образы менен түшүндүрүлөт. Кыргыздарды кийим-кечесинин мүнөзүнө температурасы кескин өйдө-төмөн болуп туруучу, кээ […]