АҢГЕМЕ

Бекен менен Алик удаа бала. Бекен быйыл экинчи классты бүттү… Алик али мектептин эшигин аттай элек. Алик өзүнүн кичүүлүгүнө карабастан дайыма агасына атаандашып жүрөт. Кийимди бирдей киет, таттыны көрсө андан мурда озунат. Эгерде Бекендин колунан жаңы топ же бир оюнчук көрсө талашат. Бербесе ыйлап отуруп алып коёт. Бирок өзүнүн колуна Бекенде жок буюм тийсе ага «ичиң, ичиң күйдүбү» деп, бербей суктанта баштайт. Бекен биринчи класста окуган жылы Алик суктантканда кадиресе чычалап калучу. Сабакка кызыгып, мектеп турмушуна, жаңы коллективге үйүр болгон сайын Аликке чоңдорчо аёо жана сүйүү сезими менен мамиле кыла баштады. Бирок Алик тентек аны менен эрегишин токтоткон жок.

Жаңу окуу жылына Бекен жай ортосунан камынды. Магазинге барып, өзүнө керектүү окуу китептерди, дептерлерди, ар түрдүү калемдерди, альбом, сызгыч, сыя челек жана башка буюмдарды чогулта баштады. Мунун баары Аликттин көзүн кычыштырды. Алда Бекенден калбай магазинге кошо чуркап турду.

Быйыл Алик 1-класска кире тургандыктан, ата-энелери да аны жөнү менен коё беришти.

Бир күнү Алик көчөдө ойноп жүргөндө Бекен үйгө кирип жуунуп, таза кийимдерин кийип жаткан. Ал чоң күзгүнүн алдында туруп, жаңы эле галстугун байланып жатканда майка, турсычан болуп чаңга аралашкан Алик үйгө жүгүрүп кирди.

— Беке! Беке! Биздин короз менен Чононун корозу урушту. Биздин короз тепкенде, тиги-ии-и… – деди шашып, сөзүнүн аягына чыга албай…

— Анан эмне болду?

— Чононуп корозу кулап кетти.

Бекен:

— Ошондойбу? —деп көңүл кош жооп кайтарып, галстугу менен алагды боло берди.

— Чононун корозу жыгылган бойдон тура албай жатат,— деди Алик ага, чукул келип. Бекендин иреңинде таң калуунун белгиси жок болучу. Ал короздун урушунан да маанилүү ишке барчудай көрүндү. Алик агасынын жанына келип, жеңинен тартып, жүр демей болду эле, анын галстук байлап жатканын байкап, каякка барат деген ой менен таңыркап карап калды. Жайкы каникулга чыккандан бери Бекен бир жакка орчундуу иш үчүн барарында гана галстугун тагынчу.

— Бекен, каякка барасың?— Бекен жооп бергенче үстү-үстүнө суроо бере баштады. — Билдим, билдим, пионерлердин сборуна же китеп алуу үчүн Сарман агайга барасыңбы?

Бекен «жок» дегендей башын чайкады.

— Айтсаң, анан каякка барасың, ыя?

— Магазинге. Китеп сатып ала келем.

Китеп деген сөздү укканда:

— Мен да барам. Мен да барам,— деп Алик сүйүнгөнүнөн секире баштады.— Мен да китеп сатып келем.

— Сен короздордун урушканын көр. Сага китепти мен эле ала келейин.

— Аный, барам эле. Мени ээрчитпейсиңби, ыя?— деди Алик таарынгандай эрдин чормойтуп, көзүнүн кыйыгы менен карап.

— Мен сени короздун тамашасынан чыга албайт экен деп ойлодум элс. Андай болсо жүр.

Бекен таза жуунган, кийимдери да жаңы эле. Алик болсо майке-турсычан болуп, көчөдө ойноп жүрүп, үйгө жаңы гана келгендиктен, кийими да, денеси да. кир болучу.

— Беке, токтой турчу. Мен жаңы шымым менен апам тиккен көйнөктү кийип алайын.

— Анда кечигебиз. Кечиксек магазинчи бизге китеп бербей коёт.

— Магазинчи ачуулубу? — деген суроосуна ооба деп жооп уккандан кийин жоошуп, Алик аны ээрчип жөнөдү.

Аликтин ачуулуу кишиден жалккан жайы бар. Анын оюнча ачуу менен муруттун кандайдыр бир байланышы болууга тийиш. Анткени, бая күнү Алик балдар менен арыктын жанында ойноп жүрсө, бир муруттуу киши: «Суунун жыгаанын бузупсуңар»,— деп ачууланып, аларды кубалап жиберген. Кечээ эле бир муруттуу киши төө минип келе жатып: «Ээ бала, жолдон кач. Болбосо, төөгө тиштетем»,— деп коркуткан.

Алар магазинге киришти. Анда сатуучу аялдан башка эч ким жок эле. «Магазинчи кайда болду экен» дегенсип, Алик элеңдеп эки жагын карады.

— Мага 3-класстын эне тилин, арифметикасын бериңизчи?—деди Бекен сатуучу китептерди карай баштаганда, Алик:

— Магазинчи кайда?— деди Бекенге шыбырап.

—Магазинчи ушул киши.

Сатуучу айтылган китептерди балдардын алдына коюп, Аликти кызыккандай карап турду.

— Эй, кичинекей бала, сен эмнеге келдиң?

— Китеп сатып алууга,— деди Алик.

— Сага кандай китеп керек?

— Эне тили, арифметика…— деп ал быйтыйган манжаларын санай баштады.

Аял күлүп жиберди да:

— Кайсы класста окуйсуң?—деп кайрадан суроо берди.

— Биринчи класста.

«Магазинчи мени шылдыңдап жатат. Мага китеп бербейби? Биз кечигип деле келген жокпуз го»,— деп ойлоду Алик. Аңгыча сатуучу:

— Мына сага «Эне тили»,— деп «Алиппе» китебин сунду.

— Бул — «Алиппе». Мага «Эне тили» керек.

Магазинчи каткырып күлүп жиберди да, анын «Алиппени» кайдан биле турганын жана атын сурап калды.

Ошондон кийин дайыма Бекен магазинден китеп алганда, Алик да ээрчип келип жүрдү.

*      *      *

Бүгүнкү күн Алик үчүн өзгөчө шаңдуу туюлду. Ага эч ким мынчалык көңүл бурчу эмес эле. Аны күндөгүдөн эрте ойготушту. Сууга да Бекен экөө бирге барып жуунушту. Тамакты да бирге олтуруп ичишти. Баарыдан да кийимдеринин окшоштугун айтпайсыңбы?! Экөөнүн кийгени тең кара шым, ак көйнөк. Колдорунда портфель. Аликтин кемчилиги эле — галстугу жок. Ал галстукту апасына кечээ эле жасатып албаганына арманда болду. А мүмкүн даяры бардыр.

— Апа, мага галстук берчи?

— Сага галстук берилбейт. Себеби, пионерге өтө элексиң,— деди апасы.

— Мен эмне үчүн пионер боло албайм? Мен мектепке бара жатпаймынбы?

— Пионер болууга жашың толо элек.

— Жашым толгондо пионер боломбу?

— Жашың толгондо сөзсүз пионерге алышат,— деди апасы.

Бекен бир колуна портфелин, бир колуна букет алды.

Алар жолдо баратканда Семей, Анар, Айгүл жана Чоно кошулду. Чонону көргөндө Аликтин эсине короздордун урушканы келе калды. Бирок алдыда турган заңгыраган ак мектеп көзүнө ысык жана сонун көрүнүп, айтмакчы болгон сөздөрү унутулуп кетти. Ал балдардын арасында үнсүз мойтоңдоп келе жатты.

Татынакай кийинишкен балдар жана кыздар мектептин айланасында топтошуп, нары-бери басып жүрүшөт. Барынын жүзүндө кубаныч. Улам бири-бири менен учурашып, кандайдыр бир кызык сөздөрдү сүйлөшүп жатышкансыйт.

Бекен жана анын жолдоштору мектептин дарбазасына жакындаганда, орто бойлуу, сеңселген кара чачтуу жигит алардын бет алдынан чыйты. Ал — директор Сарман агай болучу. Алдында бараткан эки мугалим ага салам айтып, кол берип учурашты. Алик менен Бекен алдыда баратышкан. Бекен букетти сол колуна кармап агайлар менен биринчи болуп салют берип учурашты.

Алик салют берүүнү билчү эмес. Ошондуктан эмне кылаарын билбей, бир аз шашып:

— Саламатсыңбы?!— деп мугалимдерге быйтыйган колун сунду.

— Саламат! Кандай жигит, окууга келдиңби?— дешип, мугалимдер күлүп калышты.

— Ооба, биринчи класска келдим…

Дагы нарылап жүрүштү. Бекен быйыл 3-класстан окуйт. Бирок өзүнөн чоң балдар жана кыздар менен учурашып жүргөнүнөн улам, Алик аны баары таанышат экен деп ойлоду.

Мектептин эшигинин үстү жагында кызыл полотного жазылган чакырык илинип турат. Алик жазууну эжелеп окуй баштады.

— Же-а-ны-ы-ы…— деп жакшылап урунуштура албай жатканда, кимдир-бирөө «Жаңы окуу жылыңар куттуу болсун, балдар!»—деп шар окуп жиберди. Алик аны кылчайып карап, кай жерден көргөнүн тааный албай турганда, Бекен аны жетелеген бойдон залды аралай басты.

Мектептин ичи тышынан да кооз. Стеналарда жол башчылардын портреттери илинген. Тактайлар коңур түстөгү сыр менен тегиз сырдалгандыктан жана таза болгондуктан зымылдап турат. Чоң-чоң терезелери туптунук. Балдар нары-бери басышса же кобурап сүйлөшсө, кош жаңырык менен залдын ичи дүңгүрөйт.

Балдар залга заматта топтолушту.

«Сабак качан башталар экен? Окуу кандай болор экен?»— деп тынчы кеткен Алик окуучулардын бардыгы бир жерге эмне үчүн чогулушуп жатканын түшүнө албады.

Аңгыча Сарман агай баштаган мугалимдер президиумдун столуна келишкенде, балдар жым болуп, жай-жайларына отурушту. Директор ордунан туруп:

— Балдар! Бүгүн 1-сентябрь. Силерди жаңы окуу жылыңар менен куттуктаймын,— дегенде залдын ичи дүркүрөгөн кол чабуу менен жаңыра баштады. Директор жайкы дем алуунун сонун өткөндүгү жөнүндө, көп пионерлер лагерлерде, санаторийлерде жана курорттордо дем алгандыктары жөнүндө жана окуучулардын жайкы иштери жөнүндө кыскача айтып берди.

Мугалимдин айткан сөздөрүнүн көпчүлүгүн түшүнбөсө да Алик көңүлдүү олтурду. Ал түгүл жанындагы Бекендин качан туруп кеткенин да байкабады. Ал букетин мугалимине тапшырып жатканда гана оруну бош калганын көрдү.

Чогулуш бүтөрү менен коңгуроо кагылды.

Балдар өз класстарына кире баштады.

— Мен каякка барам?— деди Алик жанына келген Бекенге.

— Сен бул жакка барасың,— деп акжуумал кыз мойтойгон балдардын тобун көрсөттү. Алик Бекенди карабай, өз жолдошторун көздөй чуркады. Кулактары делдегей, эрди чормогой Чоно да ошолордун арасында эле. Ал алыстан тааныды. Ана, алар класска кире баштады.

Алик эшиктен аттады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.