Орто Азиянын кыргыз калкынын кийим-кечеси өзүнүн өнүгүшүндө тарыхый ар кыл себептер: өндүргүч күчтөрдүн өсүшү, алмашуунун жана сооданын, коңшу элдер менен байланыштардын өнүгүшү ж.д.у.с. менен шартталган көп өзгөрүштөргө дуушар болгон.

Материалдык маданияттын кээ бир башка жактарындагыдай эле, кыргыздын кийим-кечесинде өткөндө айрым урууларга мүнөздүү болгон бөтөнчөлүктөр ачык-даана көрүнүп турган.

Кыргыздардын кийим-кечеси өзүнчө өзгөчөлүү, көчмөндөрдүн кийим-кечеси үчүн типтүү көп белгилер менен да мүнөздөлөт, бул көчмөндүк мал чарбачылыгына байланышкан жашоонун тарыхый калыптанган образы менен түшүндүрүлөт. Кыргыздарды кийим-кечесинин мүнөзүнө температурасы кескин өйдө-төмөн болуп туруучу, кээ бир жерлерде кыйла катаал болуп кетүүчү бийик тоолуу климаты да белгилүү тагын калтырган. Мындай климат кээде жайкы сезондо да пайдаланылуучу жылуу кийим-кеченин ар кыл түрлөрүнө болгон керектөөнү пайда кылат. «Дайыма суук болуп турушу жана жылуу турак-жайдын жоктугу, — деп жазган Б. Л. Тагеев XIX кылымда памир кыргыздары жөнүндө, — көчмөндөрдү дайыма жылуу кийинип жүрүүгө мажбур кылат, кебез салынган же кой жүнүнөн калың токулган чапан алар үчүн мына ошондой жылуу кийим болуп кызмат кылат».

Өзүнүн негизинде натуралай алмашуу болгон кыргыз чарбачылыгынын мүнөзү революцияга чейинки өткөн мезгилде калктын негизги массасынын кийим-кечесине таасирин тийгизген. Дээрлик ар бир үй-бүлөдө өрмөктө токулган таардан, кийизден, үй жана жапайы жаныбарлардын терилеринен жасалган кийим-кече кеңири колдонулган. Анткени менен, XVIII—XIX кылымдарда эле кыргыздар кийим-кечесинин бир бөлүгүн Кашкардан жана Орто Азия хандыктарынан алып келинген кездемелерден жасашкан. Ошол эле жактардан аз-аздап даяр кийим кече жана бут кийимдерди, көркөм-жасалга буюмдарын алып келип турушкан. Түндүк Кыргызстанга XIX кылымдын орто ченинен Орусиядан орус өндүрүшүндө токулган кездемелер (чыт, камсып, болотнай ж. б.), ошондой эле кызыл булгаары түшө баштаган.

Кийим-кеченин негизги типтери жана анын тигилиши бардык жерге жайылган. Буга карабастан, өткөндө кыргыздын тышкы турпатын аныктап келген кийим-кеченин тигилиши менен эмнеден тигилгени ээсинин кайсы тапка таандык экендигин аныктап көрсөтчү. Кедей адам адатта тыш кийим катары одуракай таар чапан кийип, анын үстүнө, кээде аны жылаңач этине кийип жүрүүгө аргасыз болгон. Койчулар жана үй жумушундагы аялдар өзүлөрүнүн эмгеги үчүн бай же оокаттуу үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн бирөөнүн эски, кийилип калган кийим-кечегин алышкан.

XIX кылымдын экинчи жарымындагы байкоочулар кыргыздар кийим-кечесин өтө сейрек которуп кийишээрин белгилешкен, алар кийим-кечесинин тымтыракайы чыгып калганда гана кийим которушкан. 10 жашка чейинки балдар же жылаңач, же бир нерсени жонуна салып жүрө беришкен.

М. И. Венюков кыргыздардын тышкы турпаты жөнүндө айтып келип, «кээде көйнөк кийип жүрүшөт, бирок анысы деле ич кийим болгон эмес» деп белгилейт. Бул айтылгандардын баары сөзсүз калктын эң кедей бөлүгүнө тиешелүү болгон. Феодалдардын жана малдуу байлардын тыштан алып келинген кымбат баалуу кездемелерден тигилген кийим-кечеси болгон, мисалы, алардын тондору козулардын жакшы ийленип-өңдөлгөн терилеринен тигилген.

Жазы күмүш чаптырылып кооздолгон кемер курлар алардын кийим-кечесинин бөтөнчөлүгү болгон. Бут кийим, баш кийим жана жасалгаларында да мына ушундай айырмалар байкалган.

XVIII кылымга жана XIX кылымдын орто ченине таандык маалыматтар менен таанышканыбызда кыргыздардын кийим-кечесинин салттуу мүнөзү, ошондой эле ал дуушар болгон өзгөрүүлөр көзгө урунат. XVIII кылымдагы даректерде жол башчылары (уруу башчылары) менен карапайым элдин кийим-кечеси айырмаланып көрсөтүлөт. Ал даректерде мындай деп билдирилет: эгерде уруу башчылары парчадан тигилген кийим-кечени жана жээги кыюуланган кийиз калпактарды кийип, кызыл шайы курчанышып, бутуна кызыл булгаарыдан өтүк кийишсе, кедейлери башына жөнөкөй калпак, одуракай токулган таардан тигилген кийимин кендир менен курчанышып, кайыштан бут кийим кийишкен.

Бул сүрөттөөдөн ал кездеги кыргыздардын кийим-кечеси ачык жакалуу, эркектин жана аялдын кийим-кечесинин бычылышы аздыр-көптүр бирдей, кайрыма жакалуу болгон деп тыянак чыгарууга болот. Кийиз калпактар көрпө менен кыюуланып, төбөсү бийик жасалганы жөнүндөгү маалыматты — Тарых музейи (Фрунзе шаары) 1946-жылы сатып алган калпак ырастап турат, ал XVIII кылымдагы кыргыз жол башчыларынын биринин калпагы болгон. Анын төбөсү өтө шуңшугуй жасалган жана аталышына караганда, киштин териси менен кыюуланган. Мындан тышкары анын саймалап кооздолгонун айтышты. «Тан-Шу» династиялык хроникасы байыркы кыргыздар жөнүндө жазып «алардын жол башчылары кышкысын киш тумакчан, жайкысын алтын кыюуланган кырбысы кайрылган, шуңшугуй калпакчан, ал эми башкалары кийиз ак калпакчан жүрүшөөрүн» билдирет.

Ч. Ч. Валихановдун, П. М. Кошаровдун жана В. В. Радловдун байкоолорунун маалыматтары кыргыздын XIX кылымдын 50—60 жылдарындагы кийимкечесин элестетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде бардык кийим-кече жөнүндө сөз кылбай туруп, анын өзүнчө өзгөчөлүгү жана анда байыркы салттын сакталып калгандыгы жөнүндө гана эмес, ошондой эле Борбордук Азиянын кээ бир элдеринин кийим-кечеси менен шексиз байланыштары бар экендигин да айгинелеп турган белгилерин атап кетүүгө болот. В. В. Радловдун сөзүнө караганда кийизден жасалган жеңдүү тыш кийим (Радловдун айтуусу боюнча — «кибенек», азыркы кыргыздардын «кементайы»), эчкинин тыбытынан чабылган ак кийиз өтүк, ошондой эле казактарда сейрек учуроочу ак кийиз калпак кыргыздардын өзүнчө өзгөчөлүү кийим-кечесинин түрлөрүнүн биринен болгон, мына ушундан улам бул уруу (кыргыздар — С. А.) Ак калпак деп аталган.

Чынында эле кыргыз фольклорунда да «ак калпактуу кыргыздар» деген эпитет учурайт. Кыргыздардын кийиз калпактары, XVIII кылымдагы даректерде жазылганга караганда, будда монахтарынын Пилу орденинин баш кийимине окшош болгон.

Кыргыз аялдарынын белдемчисинин окшоштук белгилери да мына ушул багытта аныкталат. Мындай белдемчини турмушка чыккан аялдар тартынган. Мындай кийим (казак аялдарында да болгон), моңгол тилинде сүйлөгөн ту (монгорлор) элинде ушу кезде да учурайт. Алар аны майрам жана ырым-жырымдар өткөрүлгөн күндөрдө кийишет.

Көл кылаасында XIX кылымдын орто ченинде урунулган тик жакалуу, көкүрөгү ар кандай кооз боолор менен көркөмдөлгөн эркектердин жана аялдардын чапаны кыргыздардын чыгыш Түркстан калкы менен болгон тыкыс байланыштары жөнүндө айгинелеп турат. Мурда кыргыздарда сол өңүрү оң өңүрүнө кымтылуучу белдемчи бир аз тараганы жөнүндө маалыматтар бар, ал белдемчи моңгол элдери үчүн типтүү кийимге жакын болгон.

XIX кылымдын орто ченинде кыргыздардын кийим-кечесине аялдардын көкүрөктү кооздоочу сайма көйнөгү, же түстүү жиптер менен туташ саймалап, өзүнчө айрым кийилүүчү өңүр же жака, колукту кийүүчү (шөкүлө), көбүнчө териден же жүнсүз эчки-теке терисинен аңтара тигилген эркектердин (көбүнчө жибек жип менен кайылган) шымы (чалбары, кандагайы, жаргак шымы), кончу узун, таманы кыска, кууш тумшугу бир аз кайкайыңкы, бийик жыгач такалуу, милте коюп кызыл булгаарыдан ултарылган өтүктөр (аларды эркектер да кийишкен) өзүнчө өзгөчөлүк түрүн берген.

Кийим жана бут кийимдин бул түрлөрүнүн кээ бирөөлөрүнө окшоштору казактардын жана Орто Азиянын айрым элдеринин кийим-кечесинен учураган, бирок бүтүндөй алганда бул кийим үчүн өз алдынчалуу этнографиялык турпат мүнөздүү болгон. Кыргызстан Орусиянын курамына кошулгандан кийин, XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башында бир катар өзгөрүүлөр болот. Баарынан мурда орустардан сатып алынган кездемелер кеңири тарай баштаган. Рыноктук байланыштардын өнүгүшүнө, башка элдер (түндүгүндө — орустар, татарлар, түштүгүндө — өзбектер, тажиктер) менен карым-катыштын күчөшүнө, чарбалык турмуштагы жылыштарга байланыштуу кийим-кеченин кээ бир түрлөрү таптакыр жок болуп кеткен, башкаларынын тигилиши өзгөргөн, үчүнчүлөрү кескин кыскарган. Тыш кийимдерде элементтерин алмаштырган же сүрүп чыгарган жаңы, башка элдерден алынган белгилер кире баштаган.

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин кыргыз костюмун кайра түзүүдө айыл чарбасын коллективдештирүү жана мурдагы көчмөндөрдүн отурукташууга өтүшү, өлкөнү индустриялаштыруу жана шаардык турмуштун өнүгүшү сыяктуу факторлор чечүүчү роль ойногон. Сооданын өнүгүшү жана калктын турмуш жыргалчылыгынын жогорулашы аркасында жаңы, бөтөнчө шаардык маданияттын таасири менен жана улуттар аралык байланыштардын өнүгүшүнүн натыйжасында кыргыз костюму өзүнүн көрүнүшүн кыйла даражада өзгөрткөн. Ал үчүн кийим-кеченин тарыхый жактан калыптанган, өз кезегинде кээ бир өзгөрүштөргө дуушар болгон формаларынын жаңы, азыркы учурдагы орус костюму негиз болуп калган кийим-кеченин түрлөрү менен айкалышып кетиши эң мүнөздүү болуп калды. Муну менен бирге, бөтөнчө ар кыл курактагы топтордун арасында кийим-кече буюмдарынын кыйла туруктуу комплекси иштелип чыкты.

Шаардык типтеги кийим-кеченин айыл жерлерине кеңири тараганына карабастан, элет жерлеринде мурдагы кийим-кеченин көп түрлөрү өзүлөрүнүн орду жана салыштырма салмагы боюнча адам курагына жана өндүрүштүк иш-аракеттин мүнөзүнө байланыштуу али да туруктуу сакталып калууда. Бирок эскиче бычылып, анча-мынчалап сакталып келе жаткан кийим-кече, анын көрүнүшү калктын тиричилигине фабрикада токулган кездемелердин бекем киргенинин аркасында олуттуу түрдө өзгөрдү, мурда буларды жапырт сатып алуу кыргыз калкынын кедей-кембагал катмарларынын кеңири массасынын колунан келген эмес. Азыр элет калкынын бир аз бөлүгүнөн башкасы бардык кийим-кечесин фабрикада токулган кездемелерден тигип алышат.

Мындан 60—70 жыл мурдагыдай эле, кийим-кеченин эскиче бычылган кээ бир түрлөрү кайрадан иштелип чыгып, салттуу костюмдун жаңы талаптарына ылайык келбей калган айрым жерлери урунуудан тез чыга баштады, алар азыр улгайып калган адамдардын арасынан гана учурайт. Дегиси, улуттук бөтөнчөлүктөр улуу муундагылардын кийим-кечесинен көбүрөөк даана, сезондуу жайыттарда мал баккан колхозчулардын кийим-кечесинен кадимкидей таасын байкалат, бул кыйла даражада бийик тоолуу жердин климаттык шарттарына байланышкан.

Кыргыздын азыркы кездеги костюмун мүнөздөгөндө анын көп түрдүү экенин белгилебей кетүүгө болбойт, бул негизинен мурдагы уруулук кээ бир бөтөнчөлүктөрүнүн сакталып калып жатышынын, ошондой эле коңшу элдер менен карым-катыштын кеңейишинин натыйжасы болуп саналат. Баарынан мурда республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүндө жашаган кыргыздардын кийимдеринде белгилүү айырмалар болушу мүмкүн.

Түндүк Кыргызстанда жалпысынан кийим-кеченин аздыр-көптүр бирдиктүү тиби, ырас мында деле жергиликтүү кээ бир белгилер учураса да, үстөмдүк кылат. Мисалы, Борбордук Тянь-Шанда аялдар башка жерлердегиге караганда кийим-кечени узун кийишет, ал эми Талас өрөөнүндө аялдардын эски костюмунун салыштырмалуу көп элементтери, аны менен бирге, анын өзүнчө өзгөчөлүүлүгү да сакталып калган.

Өткөндө кийим-кеченин урууга жана урукка таандыгына байланышкан кээ бир бөтөнчөлүктөрү сакталып калган. Абдыкалык Чоробаевдин баалуу маалыматынын аркасында 1946-жылы түндүк кыргыздардын урук-уруулук кээ бир топторунун эркектеринин кийим-кечесине да XIX кылымда айырма болгондугун аныктоого жетиштик. Ал айырмаларды көрсөтүү үчүн бир таблицаны келтиремин, ага кийим-кеченин, баш кийимдердин жана бут кийимдердин түрлөрү боюнча тийиштүү маалыматтар киргизилген (кээ бир маалыматтар жок).

Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясынын талаа жумуштарынын жүрүшүнөн келтирилген маалыматтар 1953 —1955-жылдары Е. И. Махова тарабынан текшерилип, анча-мынчалап оңдолгон жана такталган, ошондой эле жаңы кеңири материалдар менен толукталган. Кыргыздардын кийим-кечесиндеги урук-уруулук айырмаларынын жергиликтүү бөтөнчөлүктөрү жана белгилери жөнүндө ал жыйнаган маалыматтардын анча-мынчасы жарыяланган. Алар К. И. Антипинанын китебинде да кеңири берилген. Аталган авторлордун эмгектеринде ар түрдүү (негизинен аялдардын) кооздуктар да чагылдырылган, биз мында аларга токтолбойбуз.

Кыргызстандын түштүгүндө кийим-кеченин үч комплекси даана байкалып турат. Ичкилик тобуна кирген уруулар жайгашкан Ош областынын түштүк-батыш райондорунда бүткүл Фергананын өзбек да, тажик да калкы үчүн мүнөздүү, бирок кийимдин жалпы кыргыздык бир катар элементтери менен айкалыштырылган кийим-кече учурайт. Өзүлөрүн адигине, муңгуш топторуна кошуп жүрүшкөн уруулар жайгашкан областтын чыгыш жана түштүк-чыгыш аймагындагы кыргыз кийими түндүк кыргыздардын кийим-кечесинин элементтеринин белгиленип өткөн түштүк-батыш варианттарын дагы бириктирип тургансыйт. Акырында, Ош облусунун түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүгүнүн аймагында түндүк кыргыздардын кийимине окшошкон кийим формалары басымдуулук кылат, бирок алар орустун шаардык костюмунун жана өзбектердин азыркы кездеги «Фергана» тибиндеги кийиминин элементтери менен айкалышып турат. Өзбекстан менен коңшу жайгашкан аймактарда өзбектердин таасири бөтөнчө сезилээрлик.

Башка көптөгөн элдердегидей эле, улуттук кийимдин көбүрөөк туруктуулугу аялдардан байкалат. Анткен менен келиндер, анан орто жаштагы аялдар, бөтөнчө кыздар улгайган аялдарга караганда кийим-кеченин салттык түрлөрүн өзгөртүшүп, анын жаңы түрлөрүн өздөштүрүшкөн. Бул аялдарды бардык жерде коомдук өндүрүшкө тартуунун, алардын коомдук турмушка катышуусунун түздөн-түз натыйжасы болуп саналат.

Улгайган аялдардын кийимдеринде салттуулуктун кыйла көп белгилери сакталып калууда. Аларда дагы түштүктүк жана түндүктүк аялдарга мүнөздүү айырмалар байкалат. Мурда күйөөлүү бардык аялдардын кийимдеринде элечек маанилүү роль ойногон, анын түрлөрү көп болгон, ага карап аялдын кайсы уруудан экендигин да билүүгө мүмкүн болгон. Азыр Кыргызстандын көпчүлүк райондорунда элечек оронгондор дээрлик жок болуп калды. Аялдын баш кийими кеп такыядан, чач кептен, баш кептен турган. Ага элечек, илеки, калак оролгон. Элечек үчүн жука ак кездеме пайдаланылган. Элечектин формасына, бийиктигине жана көлөмүнө жараша, ошондой эле кооздуктарына жараша аялдын баш кийиминин төрт түрү айырмаланган.

Терең өзгөрүүлөргө карабастан, аялдардын кийими көп аймакты бүтүндөй алганда өзүнүн улуттук көрүнүшүн сактап калууда, мында аларга мүнөздүү түстөрдүн көп түрдүүлүгү, ажарлуу колорити кыйла роль ойноп жатат. Аялдын кийим-кечесинен айырмаланып, эркектин кийим-кечесинде шаардын формаларынын алда канча сезилерлик таасири байкалат, бирок ал таасир курактык топтордо ар кандай. Анткен менен республиканын түштүгүндө улуттук костюмдун элементтерин көбүрөөк учуратууга болот.

Элет жерлериндеги орто жаштагы эркектер көбүнчө аралаш типтеги кийим-кече кийишет. Бирок республиканын түштүгүндө алар салттык негизде бычылган тыш кийимди кийип жүрүшөт. Улуттук кийим-кеченин көп түрлөрү улгайган жана картаң эркектердин кийиминде туруктуу сакталып келүүдө. Аялдардын костюмундагыдай эле анда да жергиликтүү көп варианттар учурайт.

Түндүк Кыргызстандагы чабандарда жана жылкычыларда тыш кийимдин эски түрлөрү: күрөң же ак кийизден жасалган, кенен бычылган, жаанга же карга жакшы байыллдуу кементай, анан — колдон токулган ноотудан жасалган, өтө кенен узун этектүү, жеңдери узун тигилген чепкен, чекмен урунуудан чыгып кала элек, аны башка тыш кийимдин үстүнөн кийишет. Чепкенди ичилик менен да, ичиликсиз да тигишет.

Тянь-Шанда жана Көл кылаасында кара кездеме тышталган кайырма көрпө жакалуу ичик кадимки кышкы тон, адаттагы кийимдин түрлөрү болуп саналат. Түндүктө жана Ош облусунун түндүк райондорунда бул тондорду чоң көрпө жакалуу кылып тигишет жана сары, ак же кара боёкко салышат. Кыргызстандын түштүгүндө постун деген тонду кээде жакасыз жасашат, чыгыш аймактарда аларды ак боёкко салышат, батыш жактарында этегин тилик кылып тигишет.

Тондун кооздолушу өтө ар түрдүү болот: өңүрүнө, этегине жана жакасына көрпө же кара кездеме кыюуланат, кездемеден ийиндерине, этегине, тиликтерине тилкелер жана үч бурчтуктар сайышат. Көрпө тумактар да көп түрдүүлүгү менен айырмаланат. Кийиз калпактардын бир нече түрү дээрлик бардык жерлерде учурайт, төбөсүнүн формасы, талааларында тиликтеринин бар же жок экендиги, тигиштеринин мүнөзү менен айырмаланат. Айтсак түштүктөгүлөрдүн калпагы түндүктөгүлөрдүкүнө караганда көбүрөөк бийигирээк келип, талааларында жазы тиликтери болот.

Талас өрөөнүнүн кээ бир жерлеринде калпактын кыры дээрлик келте, төбөсү туюк, талаалары жок. Көл кылаасында жана Чүй өрөөнүндө тегерек, тиликтери жок калпактар учурайт (Р. Д. Ходжаеванын билдиргенине караганда, уйгурлардын «малакайлары» туюк бышырылып этегине кара кездеме кармалып, тилинген эмес) ж. д. у. с. Кырына көп учурда кара баркыт кармалган, талаалары кошулган жерлер кара кездеме менен чырашталган же жылкынын кылы менен тигилген. Калпакка кээде кара жип менен оймо-чиймелер жасалган.

Кыргыздын салттуу кийим-кечеси башка көп элдердин кийим-кечеси сыяктуу эле, байыркы этностук-гендик жана маданий байланыштарды табуу үчүн баалуу булак болуп кызмат кылат. Кыргыздардын этностук тарыхынын көп маалыматтары көрсөтүп тургандай, бөтөнчө кеңири жана көп түрдүү. Бул байланыштарды карап чыгууга айрым аракеттер жасалды. Аларды кылдат изилдеп чыгуу жакынкы келечектин иши болууга тийиш. Ушу тапта бул байланыштар, албетте, элдердин чоң тобун камтып, кийим-кечени мүнөздөөчү белгилеринин, анан аларга тиешелүү көп терминдерди камтып турса да, алардын кээ бир багыттарын белгилөөгө гана болот.

Бизге замандаш түрк жана моңгол көчмөндөрүндө жакында эле урунулуп келген кийим-кечеге токтолуп өтүп, Л. П. Потапов алардын кийим-кечесинин бычылышы жана жасалган материалы, ошондой эле чач коюу-тарануу жана кээ бир кооздук буюмдары Борбордук Азиянын байыркы көчмөндөрүнүн тарыхый даректеринде сүрөттөлүп жазылган же көчмөндөрдүн мүрзөлөрүндө (б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы — б. з. 1-миң жылдыгындагы) сакталып, бизге жеткен ушундай буюмдар менен окшош экендигин туура белгилеген. Ал көрпөдөн жана жүндөн жасалган узун этек тыш кийим жана ичилиги кийиз, жумшак булгаарыдан ултарылган бут кийим көчмөндөр жашаган жерлердин климаттык шарттарында жана дайыма атчан жүрүү үчүн да табылгыс кийим экенине көңүл бурган.

О. И. Руденко өз убагында батыш тараптагы казактардын кийим-кечесин изилдеп чыгып, алардын тыш кийими, ар кандай түрдөгү күрмөлөрү жана тондору, белге тартылчу буюмдары, ыштандары жана шымдары байыртадан эле урунулуп келе жатканын, көчмөн малчылар үчүн типтүү көрүнүш экендигин жазган. Казактардын кийим-кечесин иликтеп-изилдөө жагында Казакстандын этнографтары тарабынан 1954—1963-жылдарда жүргүзүлгөн иштер, аларга ал кийим-кечени негиздүү сүрөттөп жазууга, ошондой эле аны Орто Азиянын, Волга боюнда, Сибирдин жана Борбордук Азиянын коңшу элдеринин кийим-кечеси менен салыштырып көрүүгө гана эмес, ошондой эле тарыхый-этнографиялык олуттуу экскурсия жасоого, ал үчүн байыркы

Урук-уруулук жана жергиликтүү топтор Тыш кийим (тон, ичик, чапан, чепкен). Көрпө тумактар Кийиз калпак Топу
1 2 3 4 5
Чекир саяк уруусу: чоро Тянь-Шандын Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондору, жарым жартылай Куланак району кулжыгач (Тянь-Шандын Жумгал району) Курманкожо (Тянь-Шандын Жумгал району) чоро тон: койдун бордолгон терисинен жасалат, жакасы, этеги, жең учу кара баркыт менен кобөлөнөт тебетей: төбөсү ак кездеме, түрүмү орточо, кара көрпө, чогу шайы мытаам тебетей: төбөсү ар түрдүү түстөгү чыттан жана баркыттан шырылган, чогу жок, түрүмү кара, кызыл, көк тустө, орточо чоңдукта, арт жагы түшүрүлөт. Ошондо эле тебетей: төбөсү кара же күңүрт түстөгү баркыт же трайке, бийик жана далдагай, чогу кичинекей тилик калпак, талалуу, төбөсү кара жип менен тигилген, чогу бар, талааларынын тилиги бар, кырлары кара же күңүрт баркыт же кездеме менен капталат Ак кездемеден жасалат, четтери саймалуу
айрымдары чоро тон, айрымдары ичик кийишкен Ошондо эле Ошондо эле. Ошондо эле — Кара көк, кээде кездемедежасалат, саймаланба
Черик уруусу (Тянь-Шандын Ат Башы району, Нарын районунун бир бөлүгү) Моңолдор уруусу (Тянь-Шандын Ат-Башы району, Нарын районунун Тон, койдун бордолгон терисинен жасалган, кара көрпө менен ичке көбөлөнөт Ошондо эле

 

бир бөлүгү)
1 2 3 4 5
Тынымсейит уруусу (Тянь-Шандын Нарын району) Сарбагыш уруусу: (Тянь-Шандын Нарын жана Кочкор райондору).

Солто уруусу (Чүй өрөөнү) Көл кылаасы: бугу, саяк уруулары, сары багыш уруусунун тынай бутагы Тянь-Шандын Тогуз-Торо району: басыз уруусу, саяк жана чекир саяк урууларынын бутактары жана башка топтор

Көпчүлүгү ичик (аялдары баркыт тышталган, эр кектери кара же күңүрт түстөгү трайке тышталган) кийишкен —  тон: койдун сары боёкко салынган терисинен жасалган, кара баркыт менен жасалгаланган же шырылган; чапанды жаргак шымга шымданышкан жазы жана узун жакалуу чепкен (кайырма) тилик калпак. төбөсү талаалуу, кара жип менен тигилген чоктуу, кырлары кесик, алдынан кара же күңүрт түстөгү баркыт же башка кездеме менен капталат. Ошондо эле калпак төбөсү талаадан турган ак жип менен тигилет, талаалары кесиксиз, саймаланбайт, кара түстө, чогу жок калпак. Төбөсү талаалуу, кара жип менен тигилген, талаалары кесиксиз, чоктуу. —  тебетей: төбөсү чакан, шырылган, (ак түстөгүдөн башка) ар кыл кездеме тышталган кызыл көрпөдөн малакай: түгү ичине каратылып туюк тигилген, четтерине кездеме кыюу салынган

даректерди тартууга да мүмкүнчүлүк берди. Түркмөн-нохурлилердин кийим-кечесин талдай келип Г. П. Васильева Орто Азиядагы байыркы жашагандарынын кийим-кечесинин бычылышын мүнөздөөчү археологиялык табылгаларды ушу кездеги элдердин кийим-кечесинин бычылыш формасынын туруктуу окшош келгендигинин буюмдук далили катары туура карап, мындай кылууда Кең-Кол көрүстөнүндө А. Н. Бернштам тарабынан жүргүзүлгөн казууларды мисалга келтирет. О. А. Сухареванын эмгеги бул жагынан алганда Орто Азиянын өткөндөгү көчмөн элдери жөнүндөгү маалыматтарды өзүндө камтып турган тарыхый-этнографиялык баалуу изилдөө болуп саналат.

Кыргыздардын кийим-кечесинин байыркы көчмөн түрктөрдүн кийим-кечеси менен тарыхый окшош экендиги баарынан мурда кыргыздар үчүн да баса көрсөтүлүшү керек. Бул абалды ырастоочу бир нече мисалды келтирелик. Батыш тараптагы казактар үчүн мүнөздүү, бөтөнчө андайлардын арасында кеңири тараган жылуу кийим-кечени — купуну белгилеп келип, С. И. Руденко «бул шекпен, бирок ал төөнүн чуудасы менен ичтелип, көбүрөөк кең-кесири жасалган.

Палеоэтнологиялык маалыматтардын негизинде бул чепкендерди түрктөрдүн кийим-кечесинин байыркы тиби катары кароо керек жана бул жупуну кийим казактардын жана алардын ата-бабаларынын бери эле дегенде эки миң жыл бою маданий байлыгы болуп келген деп ишенимдүү айтууга болот» деп жазган. Кыргыздарда ушундай эле «купу» деп аталган кийим-кече: 1) тайлактын терисинен жасалган тон, 2) жаанын огу өтпөс согуштук жумшак олпок (эпосто), 3) жүн салынган жаздык белгилүү. Кыргыз термининин бул маанилеринин баары бир даректен тараганы, генндик жактан казактын «күпүсү» менен байланыштуу экендиги таптакыр ачык-айкын. Буга ушул эле терминдин байланышынын башка бутагы ынандырып турат.

Изилдөөчүлөр билдиргендей, казак койчулары төөнүн жүнүнөн колдо согулган таар менен тышталган «шiдем күпi» кийип жүрүшкөн. Ал койлордун же төөлөрдүн түлөп түшкөн даакысы менен ичтелген жана узатасынан тигилип коюлган. Казактын бул кийимин кыргыздардын койчуларынын жүндөн колго согулган таар менен тышталган, кийиз менен ичтелген кийимине окшош деп эсептөөгө болот. Ал “чийдан” деп аталган. Жакында эле өткөн мезгилде жарым көчмөндүк турмушта жашаган өзбек карлуктарда кийим-кеченин аталып өткөн тибине окшош кийим-кече урунулган. Карлуктар (эркектер жана балдар) «гуппи» кебезден жасалган топчулама көйнөк жана «чайдам» — кийиз ичтелип, жүндөн жасалган чапан кийип жүрүшкөн. Бирок кеп казактардын шiдем күш, кыргыздардын чайдан, карлуктардын чайдам сыяктуу кийим-кечесинин толук окшош экендигинде эле эмес, К. Шаниязов карлуктардын аталып өткөн кийим-кечесинин типтери түрктөрдө XI кылымда урунулганын аныктоого жетишти.

Махмуд Кашгари аларды өзүнүн чыгармасында атап өтөт: ялмо же «гуппи» — көйнөк түрүндө кебезден жасалган топчулама кийим; «жайдам» — кийиз материалдан жасалган тыш кийим, бул кийим жаан-чачын күндөрдө кийилген (жууркан-төшөккө да кебездин ордуна жайдам салышкан). Кийим-кеченин башка тиби — кийизден жасалган жеңдүү чепкен чайдам менен түздөн-түз байланышы бар, кыргыз мал кармоочулары аны да кийип жүрүшкөн. Ал кийимди кементай дешкен, бирок В. В. Радлов анын «кибенек», «кебанак» деген башка аталыштарын келтирген. К. Шаниязов Шурчи районундагы карлуктар чайдамды «кебеняк» дешээрин жана кийимдин ушундай эле тиби ушул эле аталыш менен Ибн-Фадландын эмгегинде жолугаарын көрсөтөт. Ал ошондой эле бай адамдардын чайдамы бүт бойдон каралжын, бышык басылган кийизден жасалаарын, жеңи, жакасы, этеги кооз саймалар менен жасалгаланаарын белгилейт. Эгер ошол саймаларды алып таштасак, анда мындай чайдам, албетте, чынында эле кыргыздын кементайына (кебенегине) окшош.

Түрктөрдө, деп жазат В. П. Курылев, кийизден жасалган кенен-чонон «кепенек» сакталып келе жатат. Анын жеңи жок, алды жагы туташ ачык. Бул кийимдин материалы, көздөгөн максаты, анын аталышы кыргыздын жана карлуктун кийим-кечесинин тибине толук төп келет, бычылышы — таптакыр башка. Мына ошентип, эгерде карлуктардын гупписин эсептебей турган болсок, өзүнүн бычылышы боюнча айырмаланган, бирок жасалыш ыгы боюнча казактардын күписи менен окшош (топчулама кийим), казактардын, кыргыздардын жана карлуктардын кийим-кечесинин аталып өткөн бардык типтерин байыркы түрктөрдүн көчмөн мал кармоочулар үчүн мүнөздүү кийим-кечесинин үлгүлөрүнө барып такалуучу кийим-кече катары кароого болот. Терминдердин өзүнүн талашсыз окшош экендигин: гуппи (карлуктарда), күпи (казактарда) жана күпү (кыргыздарда) баса белгилей кетүү маанилүү.

Байыркы түрктөрдүн рун тексттеринде «тон» — кийим дегенди билдирет. Бул сөз кыргыз, тува, хакас, шор, алтай, ошондой эле башка кээ бир түрк тилдеринде мааниси кандай болсо, дал ошондой берилет, анын үстүнө кой терисинен жасалган кийимди ушундай, ал эми түштүк диалектисинде жалпы эле тыш кийимди (негизинен эркектердин кийимин) тон деп коюшат. Байыркы Енисей сөзү кеш (кур) кыргыздын кешенесинде сакталып калган. Байыркы түрктөр ар кандай илгичтер кадалган ичке кур курчанып, аларга оттук жана башка майда-бараттар, кайрак, бүлөө салынуучу баштыктарды тагынып жүрүшкөнү археологиялык маалыматтардын негизинде аныкталган.

Түрктөр үчүн мүнөздүү мындай курлардын жасалгалары, баштыктары Кыргызстанда да: Чүй өрөөнүндө жана Талас өрөөнүндө табылган. Азыркы кыргыздар үчүн тийиштүү маалыматтарды келтире кетели. Кээ бир жерлерде деп билдирет К. К. Юдахин, илгич деген ат менен тогоолуу (мурда кооздолуп жасалган) кайыш курлар тараган. Ф. В. Поярков өзүнүн күнүмдүк жазгандарында мындайча ырааттуу маалыматтарды келтирет: «Эркектин курунда оттук, шибеге, сакал тарагы жана башка буюмдары кыстарылчу. Мурда курчанышкан кисе-кур колдонуудан чыгып, өтө сейрек, карыган адамдарда гана кездешет… Кисе-кур эни 2ден 3 укумга жакын тилинген кайыштын жээктеринен көзөнөктөр чыгарылат, курдун оң кол жагына капкактуу кайыш баштыкча бекитилип, ичине таралган тарамыш, ээр токумга керектүү буюм-тайымдар салынат, ал эми сол жагына бычак жана башка жабдыктар кыстарылат экен. Мурда булардын баарысы күмүш, жез, калай жана темир менен кооздолуучу. Ушундай эле «Кисе» деген ат менен, художник П. М. Кошаров курга илинүүчү ок-дарылуу баштык менен оттук салынган булгаары сумкени сүрөттөгөн. Ушуга окшогон ат менен «кicекур» туурасында Ч. Валихановдун казактардын куралы жөнүндөгү эмгегинде баяндалып, сүрөтү тартылган.

Эзелки түрктөргө тиешелүү ташка түшүрүлгөн көптөгөн сүрөттөрдү көрүп чыгуунун өзү эле жакынкы өткөн мезгилде кыргыз менен казактарда пайдаланылуучу курлар менен аларга кыстарылуучу баштык менен башка буюм-тайымдар ошол даана тартылган таштагы сүрөттөргө, кээде майда-баратына чейин окшош экенине ишенүү үчүн жетиштүү.

Келин-кыздардын кийим-кечесинин, калыбы, байыркы дагы бир буюмуна токтоло кеткибиз келет, ал жөнүндө Ч. Валиханов: «Мурда кыздар кокузбек (корсет) деп аталганды (аны менен эмчек тарттырышкан) тагынып жүрүшчү эле дешет» деп жазат. Азыркы кыргыздарга бул аталыш белгисиз. Бирок Махмуд Кашкарлыктын эмгегинен биз «көкүрөк» деген мааниде колдонулган «кокуз» ) деген сөздү жолуктурабыз. Калыбы, Ч. Валиханов кыздын кийиминин ушул бөлүгү үчүн кыргыздарда сакталып калган байыркы түрк терминин белгилеп калууга үлгүрсө керек.

С. И. Вайнштейн менен М. В. Крюковдун жакында жарыяланган эмгегинде байыркы түрктөрдүн турум-турпаты жөнүндөгү маалыматтарды тактоочу жана толуктоочу баалуу материал бар. Алар этностук маанилүү белгилердин бирине: тыш кийимди бүчүлөө ыкмасына чоң көңүл бурушкан, түрк изилдөөчүлөрдүн арасында бул жөнүндө пикир келишпестиктер бар. Авторлор байыркы түрктөр үчүн кийимди оңдон солго (оң өңүрүнүн үстүнө чыгарып) бүчүлөө мүнөздүү көрүнүш болгондугун ынандырарлык далилдешет. Этнографтардын маалыматтарына караганда, азыркы кыргыздар кечээ жакынга чейин эле кийимди солдон оңго бүчүлөнүшкөн. Бирок мындан бир аз илгерирээк этнограф Т. Баялиева сөөк оролуучу кепин (анын бөлүктөрү тиричиликте кийилүүчү кийим-кеченин кээ бир түрлөрүнүн аталыштары менен аталат) тескерисинче, бүчүлөнөөрүн аныктай алган. Ага билдиришкендей, кепинди (маркумдун жынысына карабастан) оңдон солго, а тиричиликте кийилүүчү кийимди дайыма солдон оңго бүчүлөшөт. Бул көп элдин табыт коюусу үчүн мүнөздүү салт болушу да ыктымал, бирок кыргыздардын табыт коюу «кийиминде» кийимди бүчүлөөнүн байыркы ыкмасы «тирилгенсип» турганын жокко чыгарууга болбойт, анткени, мисалы, аялдардын кепининде «белдемчи» деп, б.а. күйөөгө чыккан аялдын кийиминин бирөөнүн (калыбы бул да байыртадан эле урунулуп келе жаткан буюмдур) аталышы кайрадан учурайт.

Кыргыздар менен алтайлыктардын кийим-кечесин салыштырып көргөндө кыйла кызык окшоштуктар билинет. Бул элдердин улуттук кийим-кечеси бүтүндөй алганда олуттуу айырмалары бар болсо да, кийим-кеченин айрым бөлүктөрүн жана анын терминологиясын кунт коюп иликтеп-изилдеп көргөндө жалпы көп нерселерди табууга болот. Алтайлыктардын эркектеринин кийим-кечесинин ичинен кыргыздардын кулундун же эликтин терисинен жасалган жайкы тыш кийимине өтө жакыны «дрьаргак», анан эликтин терисинен аңтара тигилип, тондун үстүнөн кийилүүчү «дьака» деген кийими. Кыргыздар да даакы кийип жүрүшкөн. Алар малдын (бөтөнчө тоо эчкинин жана эликтин) жүнү жыдытылып иштетилген терисин жаргак деп аташып, андан көбүнчө жаргак шым, кандагай тигишкен.

Түштүк алтайлыктар мергенчи келишкендиктен марал менен эчкинин терисинен шым кийишкен. Кыргыздардай эле алтайлар да (телеуттар) кышында койдун терисинен жасалган шым кийип жүрүшкөн. Шымдардын бычылышы, башка бөлүктөрүнөн айырмаланып, тигилерде да, буларда да бирдей болгон. Жеңдүү кементай кыргыздар үчүн мүнөздүү кийим болгон. Алтайлыктар да XIX кылымдын 60-жылдарында кийизден жасалган тыш кийим (чокпень) кийип жүрүшкөн. Теле уттардын кышкы «турпа берүгү» Ош областынын түштүк бөлүгүндөгү кыргыздар кийүүчү телпекке окшош: төбөсү 4 талаадан туруп, түрүмүнө ичке көрпө кармалган. Мына ушундай эле окшоштук кыргыздардын чылгый териден жасалган чокоюнан да табылышы мүмкүн, алтайлыктар анын кончун узун тигишет.

Кашкардык кыргыздардан биз тонду жува деп атаган терминди учураттык, ал алтайлыктардын жесир аялдарынын «чуба» деп аталган кийимине окшош. Телеут аялдарынын көйнөгүнүн көкүрөк жасалгалары «төштүгү» бычылышы жагынан кыргыз аялдарынын эски көйнөктөрүнүн көкүрөк жасалгаларына — саймаланган жакаларына же өңүрлөрүнө окшош. Акырында, телеут аялдарынын тону бычылышы жагынан кыргыз аялдарынын ичигине жакын.

Олуттуу бир катар окшоштуктар терминдеринде гана эмес, ошондой эле кийим-кечесине тийиштүү буюмдардын типтеринин өзүндө да, кыргыз-моңгол байланыштарынын багытында да байкалат. Моңголдордо мергенчилер бугунун жана багыштын терисинен жасалган булгаарыдан жасалган «бойтог» деген бут кийимди кийишкен, тянь-шандык кыргыздарда бойто деген аталыш менен булгаарыдан тигилген кепичтердин түрү белгилүү. Кыргыздардын «кандагайы» моңголдун «хандагасы» — багыш деген атка түздөн-түз байланышкан. Кыргыздар менен алтайлыктардын топчусу — «топчысы» башка түрк тилдеринде учурабайт, бирок моңгол тилинде «тобшо», «топчи» деген сөз ошол эле маанисинде колдонулат.

Кыргыздарда сөйкө деген аталыш менен көкүрөк жасалгасы белгилүү, ал жасалга-чынжыр — көп сандаган кооздуктар чиркелген конус түрүндөгү чоң сөйкө формасында болгон. Батыш тараптык моңгол аялдары сөйкөлөрдүн ордуна кулактарына узун илгичтерди — чынжырлар менен күмүш же металл кооздуктарын чиркештирип тагынышкан.

Орто кылымдардагы моңголдор сөйкөнү «зшке» деп аташкан. Моңголдордун баардык аялдары баркыт же кездеме чач бастыргычтарды тагынышкан. Кыргыз аялдарда да өрүлгөн чачтар салынчу баркыттан түтүкчө түрүндө жасалган тилкечелер урунулган. Аларга кооз күмүш каңылтырлар, топчулар, берметтер тагылган. Аларды чачпак же чачкап деп аташкан. Кыргыз аялдарынын кеп такыясына түштүктүк моңгол аялдарынын үзүмчүсүнүн жакын окшоштугу бар, андан түстүү таштар, күмүш же металл каңылтырлар тизилген чынжырлар саамай чачтарга тагылган. Батыш тараптагы моңголдор менен кыргыздардын бут жана баш кийимдеринде, аялдардын көйнөгүнүн көкүрөк саймаларында ж. д. у. сыяктууларында бөтөнчө көп окшоштуктар бар.

Тувалыктар менен кыргыздардын кийим-кечесинде да кээ бир байланыштарды байкоого болот. Буга бир гана далил келтирүү менен чектелебиз. Тувалардын бардык тыш кийимдери үчүн сфера түрүндөгү ичи көңдөй бир көздүү топчулар (жезден, күмүштөн жасалган) мүнөздүү. Пий-Хем районунда табылган ушундай типтеги сфера түрүндөгү коло топчуларды С. И. Вайнштейн түрк мезгилине таандык кылган (VIII—IX кылымдар). Мына ушундай типтеги топчуларды кыргыздардын кыздарынын жана балдарынын кийимдеринен жакында эле жолуктурууга мүмкүн болучу. Памирдик кыргыздардын аялдарынын баш кийимине буун, түймө, буйнак тигилчү же алтын жалаткан күмүш коңгуроолор сөзсүз аралаш тагылчу.

Кыргыздардын салттуу кийимдери менен казактардын жана Орто Азия элдеринин, бөтөнчө өзбектердин жана тажиктердин кийимдеринин кеңири байланышына токтолуп отуруунун зарылдыгы жок. Аларга Е. И. Махованын жана К. И. Антипинанын эске алынып өткөн изилдөөлөрүндө эле чоң көңүл бурулган болучу. Мисалы, кыргыздар менен тоолук тажиктердин бут кийим типтеринин (кыргызча меку, чарык, тажикне мукки, чорчък), аялдардын маңдай таңгычтарынын (кашкардык кыргыздарда чеке тацгыч; тажикче сарбанд же мандил) жана башка көп нерселердин төп келүүчүлүгү байкалат.

Кыргыздардын кийим-кечеси жана кооздуктары өзүнүн көп сандаган варианттары жагынан ар тараптуу байланыштарга мүнөздүү. Алар биздин көз алдыбызга Орто Азиянын жана Борбордук Азиянын маданий таасирлеринин көп кылымдык аралашуусунун өзүнчө, өзгөчөлүү жемиши катары тартылып, ошол эле убакта байыркы түрк-малчылардын жана аңчылардын кийим-кечесинин көп белгилерин сактап турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.