<<<<<< Баштагы каттары

Бешинчи кат

Мен сенин күндөн күнгө жакшы болсом деп талпынып, күжүрмөндүк менен аракет кылып жүргөнүңө кубанам, ал үчүн сен мактоого татыктуусуң. Мындан ары да ошол күжүрмөндүгүңдөн кайтпа, мен сени мактап эле тим болбойм, мен муну сенден суранам. Бир нерсени гана эскертип коёюн: чындап эле билим албай, эл көзүнө акылдуу болуп көрүнүш үчүн окумуш болуп жүргөндөрдүн жолуна түшпө, жана кийген кийимиң, жүргөн-турганың элден бөлүнүп көрүнбөгүдөй болсун.

Сакалыңды албай, же тегиздеп койбой саксайтып, чачың кулак-башыңды жаап өскөнчө коё берип элдин арасына барба, алтын-күмүштү жаман көрөрүңдү айтып мактанба, сыз жерге төшөк салып уктаба, – кыскасы, өзүңдүн бузулган суроо-талаптарыңды канаттандыруу үчүн миң алакетке түшүп убараланба.

Көпчүлүгү философия деген сөздү угушканда эле желкелери тырыша баштаганын билесиң, эгерде элден бөлүнүп, элдин тартибин сактабасак эмне болорубузду билесиңби? Мейли, ички дүйнөбүз алардыкынан башка болсун, бирок, сыртыбыздан алардан эч айырмаланбашыбыз керек. Кемселиң элдикинен башкача жаркырап да турбасын, – кара кокочо болуп, кир да болбосун; мейли, алтын-күмүш буюмдар биз үчүн болбой эле койсун, – бирок, алтын-күмүш тагынбай койсом эле ток пейил адам болуп калам деген да жаңылыштык.

Элден жакшы жашаганга бүт аракетибизди кылалы, бирок элден бөлүнүп өзгөчөлөнбөйлү, андай кылсак, өзүбүз оңдомокчу болгон элди оңколото түртүп, өзүбүздөн оолактатып алабыз. Биз кылгандын баарын дал биз кылгандай жасоо керек экен деп ойлоп алышып, биздин бир кылганыбызды да кылбай коюшуна гана жетишебиз.

Философиянын элге берери, – эң биринчи кезекте эл менен жашаганды, кайрымдуу болуп, эл менен сүйлөшө билүүнү үйрөтүү; элден өзгөчөлөнүп турсак ал убадабызды аткара албайбыз. Таң калтырам деп жатып, күлкүгө калбастын жана жек көрүндү болбостун айласын кылалы. Биздин жаратылыш менен жуурулушуп жашоодон башка максатыбыз жок. Бирок, жаратылышка өзүнүн денесин  алсыратуу, жеңил-желпи жасалгаларды тануу менен аны балиттике, арзаны аз келгенсип, даамсыз, киши жегиз тамак-ашка алмаштыруу жагымсыз нерсе. Кооздукка болгон ышкыбоздук кооз нерселерди саматат, –  акылы жоктук арзан, жалпыга жеткиликтүү нерселерден баш тарттырат.

Философия кыйноону эмес – аша чаппай, тизгинди тарта жүрүштү талап кылат; ал талап сөзсүз эле одоно болбош керек. Мына менин көңүлүмө төп келген талап: ылайым эле биздин жашообузда боорукерлик, ак көңүлдүк сапаттар көпчүлүккө тиешелүү касиеттер менен үндөшүп турсун, адамдар ага таң калышып, бирок аны кабыл алышсын. “Кантип? Эмне, биз деле тигилер кылганды кылабызбы, алардын кылганы менен биздин кылганыбыздын айырмасы жокпу?” – Болот, болгондо да чоң айырма болот. Бизге көңүл коюп караган адамдар, биз жалпы элден канчалык айырмаланарыбызды жакшылап билип алышсын.

Биздин үйгө баш баккан киши биздин казан-аягыбызга эмес, өзүбүзгө таң калсын. Чопо идишти күмүш идиштей кармап, пайдалганды билген адам улуу адам, ал эми күмүш идишти чопо идиштей пайдаланган адамдын улуулугу тигиникинен кем эмес. Байлыктын жетегинде калган адам, жан-дүйнөсү чабал адам. Эми мен бүгүн сени менен өзүмдүн кичинекей кирешемди бөлүшкүм келди: мен аны Гекатондон таптым, коркуудан кутулуу үчүн бардык каалоолоруңдан арылышың керек.

“Сен коркунучтан кутулам десең, – дейт ал, – бирөөдөн үмтөткөнүңдү кой”. Сен ар башка нерселерди кантип теңештирип жатасың? – деп жатсаң керек. Бирок, бардыгы дал ошондой, менин Луцилийим: чындыгында эле ар башка болгонсуп көрүнгөнү менен алар бири бири менен байланыштуу. Кароолчу менен туткун бир чынжырга байланган сыяктуу эле, бири-бирине такыр окшошпогон  коркунуч менен үмүт бирге: үмүттөн соң коркунуч келет.

Мен буга таң калбайм, бул эки сезим тең, өздөрүнө ишенбеген, келечекти тынсызданып күткөн алсыз адамдарга мүнөздүү. Үмүт менен коркунучтун негизги себеби – учурдагы турмушка ыкташа албай, кыялыбызда тээ алыстагы келечекте жүргөнүбүздө. Ошентип, адамга берилген эң мыкты сапаттын бири, келечекти көрө билүү касиети, бизге зыян алып келет. Айбанаттар коркунучту сезишкенде гана качышат, алыс узап алгандан кийин коркунучтарын унутуп калышат. А биз, келечекти да, өткөндү да ойлоп алып кыйнала беребиз.

Биздин кылгандарыбыздын көпчүлүгү бизге зыянын тийгизет: мисалы, эстелик — эскирген кайгыга кайырат, алдыга көрө билүү келечекте боло турган кыйноолордон кабар берет. Бирөө да бүгүнкү себептерден эле бактысыз болбойт. Ден-соолукта бол.

Алтынчы кат

Сенека Луцилийге салам айтат!

Луцилий, мен жакшы жактарым эле көбөйбөстөн, башка адамга айланып бара жатканымды билем. Менде эми өзгөрө турган эч нерсем калган жок деп айткым келбейт, андай болот деп үмүт да кылбайм. Кантип эле оңдогонго, азайтканга же көбөйткөнгө бир нерсе болбосун? Эгерде, жан-дүйнөң мурда билбеген өз кемчиликтерин көрүп-билип турса, бул анын жакшы жагына оогонунан кабар берет. Кээ бир оорулууларды өздөрүнүн оорусун сезишкендери менен куттукташ керек.

Мендеги тез жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн сенде да болушун каалар элем: мен ошондо биздин, үмүт, коркунуч жана өзүмчүлдүк деген немелер ажырата албаган, өмүр аяктагыча бүтпөгөн, ал үчүн өлүмгө да баруудан тайманбаган чыныгы достугубузга бекем ишенмекмин. Мен сага досторун эмес, достуктарын жоготкон көп адамдардын ысмын айтып бере алам. Мындай нерсе жандары бирге, чындыкка умтулган жандарда болушу мүмкүн эмес. Кантип башкача болсун? Алар бардык нерсени, айрыкча жамандыкты тең бөлүшөрүн билишет да. Сен менин күн санап өсүп бара жатканымды байкап жатканымды элестете да албайсың.

“Андай болсо, тажырыйба топтоп билип үйрөнгөндөрүң менен бөлүшпөйсүңбү!” –деп жаткандырсың. Ооба, мен сага билгендеримдин баарын айтып бергим келет, сага бир нерсе үйрөтө алсам мен чоң кубанычка батам. Эч кандай билим, мейли ал канчалык терең, канчалык бийик болбосун, бирөө менен бөлүшпөсөм жалгыз өзүмө канаттанууну алып келбейт. Эгерде мага кандайдыр бир акылмандуулукту бир шарт менен: эч ким менен бөлүшпөй жалгыз өзүң пайдалан деп берсе, мен андан ойлонбой туруп баш тартмакмын.

Кандай гана жыргалчылык болбосун, ал жалгыз адамга кубаныч тарттуулай албайт. Сага китептерди берип жиберейин, өзүңө пайдалуу нерселерди ар кай жерден издеп убара болуп, убактыңды коротпо, алдылары чийилген саптардан сен менин эмнени жактырып, эмнеге суктанарымды түшүнөсүң. Бирок, айтылган сөздөргө караганда акылмандардын өздөрүнүн үнүн угуп, аларга жанаша жашасаң көбүрөк пайдасы тиймек. Аларга барып, жанынан өз көзүң менен көрсөң жакшы болмок: биринчиден, адамдар кулактарына караганда көздөрүнө көбүрөөк ишенишет, экинчиден, үйрөнчү нерсеңди бирөөнүн кеңешин миң укканча, анын кылгандарын бир көргөндө тез өздөштүрөсүң.

Клеанф Зенондун айткандарын эле угуп тим болсо, ага окшошо алмак эмес. Ал аны менен чогуу жашап, ал өзү түзгөн эрежелери менен жашап жатабы деп байкап жүрбөдү беле. Платон да, Аристотель да жана бир топ акылмандар ар тарапка таркап кетерден мурда Сократтын сөздөрүнө караганда, анын жүрүм-турумунан көп үлгү алышкан. Метадор менен Гермархты жана Полненди Эпикурдун берген сабактары эмес, аны менен чогуу жашашкандары – шакирттерин улуу адамдарга айланткан. Бирок, сени менден ала турган эле эмес, мага бере турган пайдаң үчүн да чакырып жатам; экөөбүздүн бири-бирибизден үйрөнө турганыбыз көп. Баса, күндө бере турган белегимдин бири, бүгүн Гекатондун бул айтканы көңүлүмө төп келди: “Сен менден эмне жетишкендигиң бар?— деп сурадың, жооп берейин, – Өзүмө өзүм дос болдум!” Ал көп нерсеге жетишиптир, ал эми эч качан жалгыз калбайт. Билип ал, мындай адамдар бардыгына дос болушат. Аман бол.

Жетинчи кат

Сенека Луцилийге салам айтат!

Сен кандай нерселерден алыс болуш керек деп сурапсың? Мен топтошкон калың элден алыс бол демекмин. Ага коркунучсуз жакын баруу мүмкүн эмес! Бир кемчилдигимди моюнга алайын: эч качан чыккан кезимдегидей болуп кайтпайм. Тынчтандырып койсом кайра толкуп чыгат, өзүмдөн кубалап жиберген нерселер – кайра кайтып келет. Кудум, көпкө ооруп алы кеткен оорулуу бир жерин оорутуп алып сыртка чыга албай калган сыяктуу, бизде да көпкө сыркоолоп жатып ошол  абалга кабылып анан айыгабыз.

Өзүң аралашып жүргөн адамдар топтошуп алганда, андан жаман душман болбойт. Ар кимиси сага жакындап өз оорусун жугузкусу, жок дегенде булгап салгысы келет. Топтошкон элдин саны канчалык көп болсо, ошончолук коркунучтуу. Сырттан көңүл ачыш үчүн эле көз салып турган ак ниет адамга да андан зыяндуу нерсе жок: анткени, жаман адаттар адатта ырахаттанып жатканыңда бат жугат эмеспи. Сенин оюңча мен эмнени айтканы жатам?  Мен кайра эле сараң, атак-даңкты жакшы көрүп, кооз буюмдарга үзүлүп түшкөн, таш боор, адамга жакшылыгы жок адамдар тууралуу айтайын, анткени мен алардын арасында болдум.

Түш маалында болуп жаткан окуяга капыс жерден кабылдым, ал жердеги төгүлгөн адамдын каны жараткан курч сезимдер көңүлүмдү алагды кылып, эс алам го деп ойлоп карап туруп калдым. Кайдан! Мурдагы көрүп жүргөн уруштар, уруш эмей эле баланын оюну экен, ал эми азыр тамашалашмай жок, – накта кырчылдашкан кырылыш болуп жатты! Коргоно турган эч нерсеси жок, ачык денелерге көтөрүлгөн кылыч бир да  жолу бекер шилтенген жок. Топтошкон элге демейдегидей, күчтүү жоокерлердин жекеме-жеке чыккан уруштарынан, ушундай уруш жакшы окшойт! Анын эмнеси бар экен? Башында туулгасы, колунда калканы жок! Соот-шаймандын эмне кереги бар? Ыкманын зарылчылыгы барбы?

Ал өлүмдүн мөөнөтүн гана узартат. Эртең менен адамдар арстандар менен аюуларга жем болууга ташталса, түштө — аларды көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачууга курмандыкка чалышты. Мына, ошолор куралсыз адамды кылычтын астына жалтанбай бар деп кыйкырып сүрөп жатышат, а жеңүүчү аларга кийинки урушка чыгарыш үчүн эле керек. Урушка чыккан кишиге ажалдан башка жол жок. Арена бош калганча от менен темир ажалдын куралына айланат.

«Бирок, ал киши өлтүрүп жатпайбы». Бүгүн ал өлтүрсө, эртең аны өлтүрүшөт. Бирок, сен кайсы күнөөң үчүн аны карап турушуң керек, бечара?  «Сок, сой, куйкала! Кылычтын мизинен неге жалтанат? Эмне үчүн өлтүргөнгө шашпайт? Эмне үчүн өлгөндөн коркот?» Шапалак шартылдап, аны кылычка жылаңач төшүн тосконго мажбурлайт. Эмне оюнга танапис жарыялаштыбы? Ага чейин убакытты текке кетирбей чала жан жаткан адамдарды өлтүрө беришсин.

Жамандык кылса аны жасаган кишиге кайтып келерин эмнеге түшүнүшпөйт? Таш боордукту аны үйрөнүүгө жөндөмсүз адамдарга үйрөтүп жатканыңарга кудайга тобо кылгыла. Жан-дүйнөсү калыптана элек, жакшылык кылууну адат кылып ала элек мадыра баштар элге көп аралашпасын: мындайлар көпчүлүккө тез эле кошулуп кетишет. Ал эмес Сократ, Катои жана Лелийлер деле, жакшы тилектеринен чоочун элдин арасында баш тартышы мүмкүн эле, ал эми биз, канчалык жаратылышыбызды өстүрүп-өнүктүрбөйлү, тегерегибизден курчап алган кемчилдиктерге туруштук бере албайбыз.

Ысырапкорчулук же сараңдыктын бир эле мисалы көп зыян алып келет; эрке дос бизди дагы алсыз, назик жанга айлантат, бай кошуна ичи тардыкты козгойт, арамза жолдош таптаза, жупуну адамды да өзүнүн чириги менен булгайт. Сенин оюң боюнча, биздин жүрүш-турушубузга элдин баары каршы турса эмне болот?

Сөзсүз аларга аралашып, алар кылганды кыласың, же аны бүт дүйнөң менен жаман көрө баштайсың. Эми бул жерде тигинисине да, мунусуна да барганга болбойт: жамандар көп экен деп аларга аралашып кетпе, аларга окшошпойм деп көпчүлүктү жаман көрбө. Колдон келишинче өзүң менен өзүң бол; сени өстүрөм дегендерге кошул, өзүн өстүрө алам дегендерди жакындат.

Бул эки нерсе тең, эки жакка бирдей, адамдар бири-бирин окутуп жатып үйрөнүшөт. Демек, атак-даңк үчүн өзүңдүн таланттарыңды көргөзүп, аны менен мактанба, чогулган элдин алдына чыгып сүйлөштүн, үндү катуу чыгарып окуштун же бир нерсени алар менен талкуулаштын кажети жок; менимче, мындай нерсени сенин ишиң аларга жаккан убакта жасасаң болот, башка убактарда ага эч ким түшүнбөйт.

Балким арасында эки-үч адам табылып калар, бирок сени түшүнүшү үчүн да, аларды үйрөтүп окутушуң керек. “Бирок, эмне максат менен окудум дейсиңби? Коркпой-ак кой, эмгегиң талаалаган жок: сен өзүң үчүн окудуң. Бирок, бүгүн мен өзүм үчүн окуган жокмун да, мен сага ойчулдардын жакшы айтылган үч сөзүн кезикиргенимди, – алардын үчөө тең бир эле нерсе жөнүдө экенин айта кетейин. Биринчиси, карызымдын эсебинен, калган экөөнү келеркинин эсебинен деп бил. Демокрит мындай деп жазат: “Мен үчүн бир адам деле – бир элдей, ал эми бүткүл эл – бир кишидей.”  Анда-мында бирөөлөр түшүнгөн искусствого мынча эмнеге баш отуң менен кирип кызмат кыласың деген суроого ким болсо да минтип жакшы жооп берген экен: “Мага аз болобу, бирөө болобу, же такыр эле эч ким болбойбу — баары бир.” (Бул маселе боюнча да ар түрдүү пикирлер бар)

Үчүнчүсү, Эпикурга тиешелүү, ал чогуу иштешкен бир окумуштуу жолдошуна минтип жазган экен: “Мен муну элге эмес сага айтып жатам: анткени ар бирибиз башкалар үчүн, эл толтура олтурган театрдай эле барбыз да”. Мына ушундай менин Луцилийим, көпчүлүктүн мактоолорун капарыңа албай, жан дүйнөңдү таза сакта. Көпчүлүк сени колдошот. Эгерде көпчүлүккө түшүнүктүү болсоң, өзүңө ыраазы болууга себеп барбы? Башкаларга теңелбей, өзүңө кара! Аман бол.

Уландысы>>>>>>

Которгон  Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.